18.07.14 Чек ара чечилгиче дагы канча адам өлүш керек?!

Июнь айында Президент Алмазбек Атамбаев "тынчтыкты кааласаң согушка даярдан" деген Рим тарыхчысы Корнелий Непоттун сөзүн айткан. Аны угуп ажобуз эми жанданып, чек ара маселесине билек түрө киришкени калды го деп үмүттөнгөн элек. Тилекке каршы кыргыз бийлиги кыймылдагыча 10-июлда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп, бир кыргыз чек арачысы жарадар болду. Учурда кыргыз-тажик чек арасына жакын жашаган тажикстандыктар Ак-Сай-Тамдык-Кишемиш айланма жолун курууну токтотууну талап кылып жатышса, кыргыз-тажик сүйлөшүүсүндө тажик тарап "Тамдык" кыргыз чек ара постун жана ал жердеги кыргыз чек арачыларын алууну талап кылды. Буга улай тажик бийлик өкүлдөрү пост алынбаса отуздай тажик жараны ал жерге чабуул жасарын жана Тажикстан бийлиги мунун жоопкерчилигин өз мойнуна албай тургандыгын айтып беттырмарлык кылып турушат.

"Кыргыз-тажик чагымын тажик бийлиги уюштуруп жатат"
Чек ара кызматынын билдиришинче, 10-июль күнү тажик жарандары чек арадагы талаш участокко чыгышкандыктан кыргыз чек арачылары эскертүү иретинде абага ок атышкан. Ушуну эле күтүп тургансып тажик чек арачылары "Тамдык" чек ара постун миномет, гранатомет менен аткылашып бир кыргыз жараны башынан жаракат алган. Окуя кандай болгонун, чатак эмне себептен чыкканын, учурда акыбал кандай экенин билүү максатында Ак-Сай айылынын тургуну Зайнидин Дубанаевге байланыштык. "Өзүңүздөр билгендей кыргыз жана тажик мамлекеттеринин вице-премьерлеринин көп жолку жолугушуусунан кийин Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолун куруу келишими түзүлгөн. Мындан сырткары келишимде Ворух анклавынын жашоочуларына Ак-Сай айылын айланып өтүүчү жол берүү макулдашылган. Келишимдин негизинде Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Бакай айылынын жогору жагынан биз Ворухка кирүүгө жол берип, тажиктер Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолун курууга тоскоолдук кылбаганга макул болушкан. 10-июль күнү жол курулушу башталмак. Ворух жашоочулары канча жылдан бери Кыргызстан чегинен таза суу түтүктөрүн тартып ала албай келишкен. Бул күнү райондук жетекчилердин тукуруусу менен тажиктер жол курулушунун башталышынан пайдаланып "Тамдык" чек ара постунун жогору жагынан таза суу түтүктөрүн тартып кетишмек болгон. Элүүдөй тажик жараны түтүктү тартуу ишин баштаганда кыргыз чек арачылары аларга бөгөт болушкан. Ошондо тажик жарандары кыргыз чек арачыларын ташбараңга алышып, куралдарын тартып алууга аракет кылышканда чек арачылар командири эскертүү иретинде асманга ок аткан. Ушуну күтүп турган тажик чек арачылары "Тамдык" чек ара постун миномет, гранатомет, автоматтар менен аткылап башташкан. Ок атуу түшкү саат экилерде башталып кечки саат алтыларга чейин тынган эмес. Ошол аралыкта биздин чек арачыларга жогору жактан өзүңөрдү коргоп, ок чыгаргыла деген буйрук болгон жок. Туш тараптан ок жаап туруп алганда кыргыз чек арачылары аргасыз ок атышууга барышты. Натыйжада тажик тараптан бир адам окко учуп, алты-жети карапайым адам менен эки чек арачы жарадар болду. Биз тараптан бир чек арачы жаракат алган. Ошондон кийин элдин коопсуздугу үчүн Ак-Сайда, Ворухта жолдор жабылган болчу. Эртеси окуяны иликтөө үчүн эки тараптын Аскердик прокуратурасы окуя болгон жерге барышты. Окуяны жеринде иликтеп кайра кайтып келатканда каза болгон тажиктин жакындары кыргыз тараптын машинелерин таш менен ургулап, айнектерин талкалашкан. Тажик аскерлеринин жардамы менен иликтөөгө баргандар ташбараңдан араң качып кутулушту. Ошондон бери азыр тынч. Эки тарап тең чек арага кошумча күчтөрдү тартып, аким, губернаторлордун, УКМК, Аскердик прокуратуранын, облус жетекчилеринин өтүнүчү менен жолдор ачылган. Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолу болсо 11-январдан бери башталбай токтоп турат. Биз тараптан жол башталса кокустук болуп кетиши мүмкүн деген кооптонуу менен эч ким жоопкерчиликти моюнга алгысы келбей жатат. Коңшу тажиктер менен сүйлөшкөнүбүздө алар 10-июлдагы окуядан соң тажиктер ичинде ажырым пайда болгонун айтышууда. Жарадар болгондордун, каза болгондордун жакындары Кыргызстан тараптан суу түтүгүн тартуу чагымын уюштургандарды жазалоону тажик бийлигинен талап кылып жатышыптыр. Чындап келгенде мындай чагымды Тажикстандын райондук, облустук деңгээлдеги жетекчилери атайын уюштуруп жатышат. Алардын максаты эптеп Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолун курдуртпай калуу. 1975-жылдары миңдеген гектар жерлерибизди тажиктерге бергенбиз. Азыр да алар күч менен биздин жерлерди басып алууга аракет кылып жатышат. Ошондуктан кыргыз бийлиги кандай болбосун чек ара маселесин эрте чечиши керек. Азыр ворухтуктар тажик бийлигинен Тамдык чек ара постун алуу жана таза суу түтүгүн кошууну талап кылып жатышат. Деги биздин бийлик качан кыймылдайт" дейт Зайнидин Дубанаев.

Мажүрөөлүк
Учурда бул боюнча Чек ара кызматы эмне иш кылып жатканына кызыгып көрдүк. Кызматтын басма сөз маалымат кызматына, жетекчилигине кайрылып талаш делген жерлердин картасын сурадык. "Илибой" суроого жооп даяр дешкен аталган кызмат билермандары акыры бизди өкмөт аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек арага жакын аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаровго түртө салышты. Албетте, иштин чоо-жайын Курбанбай Искандаров жакшы билет. Бирок Чек ара кызматы өлкөнүн коен жатагына чейин билип, мындай талаштуу маселелерде оперативдүү иштеши керек эмеспи. Тескерисинче, Чек ара кызматы качан болбосун "чек арада акыбал тынч, күчөтүлгөн режимде иштеп жатабыз, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү" деген шылтоолорду бетке кармап келишет. Ал ортодо тажик чек арачылары чечкиндүү кадамдарды коркпой-үркпөй эле жасап келатышат. Жыл ичинде ондогон адам өмүрүн алган чек ара окуялары болуп жатса да Коргоо кеңешинде бул маселе талкууланып, чара көрүлбөй келет. Тышкы иштер министри болсо "Душанбеге нота жөнөтсөк жооп бербей жатат" шылтоосун жыйырма жылдан бери айтып келатат. Демек кыргыз ТИМин тажик бийлиги каакымча да көрбөйт. ТИМ демекчи, Тышкы иштер министринин орунбасары Аскар Бешимов 3-июлдагы эки тараптуу сүйлөшүүдө 10-июлдан тарта Ак-Сай-Тамдык-Кишемиш жолун куруу боюнча протоколго кол коюлганын жана ушул күнү болгон чек ара окуясы тажиктердин бул келишимди бузууга болгон аракети экенин айтып чырылдап туру. Канткен менен мында да чындык бардай.
Өткөн жума аягында Президент Алмазбек Атамбаев Чек ара кызматынын жетекчиси Раимберди Дүйшембиевди кабыл алып "акыбалды турукташтыруу үчүн бардык чараларды көрүүнү буюруп, чек араны бекемдөө боюнча тапшырмаларды берди". Ачыгын айтыш керек, мындай тапшырмалар буга чейин канча жолу берилди. Жыйынтыгы кана?! Коопсуздук, укуктук тартип жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев болсо "10-июлдагы күнөөлүүлөрдү аныктайлы десек тажик тараптын версиясы биздикинен таптакыр башкача экен" деп алакан жаят. Кыргыз аткаминерлери анчалык эле алсыз экен чек ара маселесине Жамааттык коопсуздук келишим уюмун (ЖККУ) тартышпайбы. Балким ЖККУга кирген Россиядан бул ишке чечкиндүү өкүлдөр тартылса ыргылжың тарткан кыргыз өкмөт мүчөлөрүнүн көзүн ачып, чалчаңдаган тажиктерди бир заматта ордуна коймоктур. Өлкө башчыбыздын жок дегенде ушул жагын ойлонбогону таң калтырат.

Мына сага, чындык
Өкмөттөгүлөр өңгөчү үзүлгөнчө "тажиктер күнөөлүү, алар биздин чек арачыларды ташбараңга алышкан" деп кыйкырып, Бишкекте отуруп алып жер сабап жатышат. Алардын кыйкырганын чымынча көрбөгөн Тажикстан ТИМи чырды кыргыз чек арачылары баштаганын, тажиктер суу алып жаткан жер "Ворух" кооперативдик чарбасына тиешелүү экенин дүйнөгө жар салып чыкты. Ошондой эле бул маалыматта кыргыз чек арачылары карапайым тажик жарандарын жөнү жок кордоп, тажик чек арачыларын биринчилерден болуп атканы айтылат. "Баса белгилей кетсек, тажик чек арачылары бир да ок чыгарган эмес. Болуп өткөн окуяга байланыштуу тажик тарап макулдашылбаган территориялар боюнча келишимдерди Кыргызстандын айрым мамлекеттик органдары бузуп жатканына кабатыр" деп жыйынтыкталат тажик ТИМинин билдирүүсү. Буга ишенсек, жогорудагы Ак-Сай айылынын мекенчил тургуну Зайнидин Дубанаевдин айткандарынын баары жалган болуп чыгат. Таразалап келгенде, дүйнө коомчулугу чырылдаган чындыкты айткан Зайнидин агадай баткендик, оштук туугандарыбызга эмес, Душанбенин "официалдуу" билдирүүсүнө ишенет. Анткени жыйырма жылдан берки чек ара чатактарында кыргыз төбөлдөрү өз элин, чек арачыларын материалдык да, маалыматтык да жактан ынанымдуу коргой алган жок. "Алсыз акыретке, алдуу акырекке коет болуп" кыргыз бийлигинин кайдыгерлигин көргөн тажик бийлиги эми чек ара постуңду ал, чек арачыларыңды алып кет, жолду салба деп буйрук бере баштады. Баса, эл менен жолукканы кетишкен депутаттар кайда азыр?
Өкмөт башчыбыз Жоомарт Оторбаев болсо ажонун аракетин утурлай жыйын өткөрүп, "чыңалууну азайтуу, болуп кетиши мүмкүн делген чек ара чатактарын алдын алуу чечимдерин" кабыл алды. Ал чечимдер алыс узабай эле Ак үйдө калары бештен белгилүү. Кыскасы, өкмөт азыр "каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем байкушсуң" кейпинде турат. А чек арага жакын жайгашкан айыл эли болсо мүнөт, саат, күн санап өкмөттөн жардам күтүп
отурат. "Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" болуп бир күнү чек арадан чындап согуш чыкпаса болду.

Мелис СОВЕТ уулу