18.07.14 Нуртай БОРБИЕВ, Кыргыз эл артисти, кинооператор:
"Эмне үчүн?"
(Башы 13-бетте)
Жүз миңдеген адамдардын алдында ырдап жүргөн Дин Рид ушул көрүнүшкө эч таң калбастан биздин ыңгайсыз абалда калганыбызды байкай койду көрүнөт:
- Бир адам олтурса да ырдап берем! - деп колуна гитарасын алды да он чакты ырды созолонтуп, залда олтурган азганакай адамдардын жарпын жазды. Берген суроолоруна толук жооп берип атты. Киночулар Үйүн көрккө бөлөдү. Адамдар аны неге аңыз кеп кылышарын ошондо түшүндүм. Анын адамдык сапатына, өтө жөнөкөйлүгүнө, боорукерлигине жогору баамды бердим. Эртеси кайрадан Гюнтер экөөнү узатып "Манас" аэропортуна чейин бардык. Арадан бир жыл өткөндөн кийин 1986-жылдын 13-июнунда Берлиндеги өзү жашаган үйүнүн жанындагы көлмөдөн сөөгү табылганын угуп катуу кейидик. Анын саясый көз караштарына ичтери тарыган АКШнын атайын кызматтары өлтүрүп коюштубу, ким билет?! Ошентип адамзатты боорукерликке үндөп, тынчтыкка чакырган арген үндүү бир адам дүйнөдөн учуп кетти.
Сезимди сергиткен, жашоого шыктанткан элес
Эзели көкүрөгүндө ыйык сезим өнбөгөн, арзуу сезимине кабылбаган кай бир адамдарды көрүп алып таңданам. Жашым жетимиштин жетисине келсе да бир канча мезгилден бери жүрөгүмдөн өчпөй улам сулуу, улам көркөм элес болуп көз алдыма тартылган менин да алдейлеп жүргөн аялуу дүйнөм бар. Ошого каниет кылам. Ушул күнгө дейре жан адамга айтпай жашырып келген ашыглыктын илеби мага канчалык азап-тозокту тартууласа да өзүмдү ошол азап, ошол тозок аркылуу өтө бактылуу сезип келдим.
Анда мен шаардагы №5 мектепке жаңы эле келгем. Жашым он бешке караган жылы Теңир мага чоң бакытты тартуулады. Кыялдарым сабалап учуп, жүрөгүм бир башкача опкоолжучу болду. Алдыңкы партада олтурган жароокер Айнагүлдү көргөндө жүрөгүм дүкүлдөп бир башкача согот. Караанын көргөнгө эле көңүлүм тое түшөт. Аптыгып сүрдөйм. Окуу деген калды. Оюмдун баары жалгыз гана Айнагүлдө. Ошентип жүрүп аялуу сезимимди айтпай жашырып мектепти да аяктадык. Айнагүл кеминдик кыз эле. Интернатта жатат. Ар күнү Кызыл-Аскерден чыгып алып кечкурун бир көрүп калсам деп интернатты акмалайм. Велосипед менен жол арбытып келип караанын бир көрүп алам да кайрадан үйгө жөнөйм. Ашып-ташкан чырайлуулардын катарына кирбесе да мен үчүн Айнагүлдөн өткөн сулуу, андан өткөн жамалы жанган кыз жоктой. Качан акыркы экзаменди тапшырган күнү эки жылдан берки каткан сезимим атылып чыгып, Айнагүлдүн алдында турдум:
- Мен сени чын дилимден жакшы көрөм. Эгер макул болсоң, сени менен бирге турмуш куруп, бактылуу болгум келет! - деп айтканга араң жарадым. Капкара каректери жерге кадалды да унчукпай биртопко туруп, анан:
- Кечирип кой! Менин сүйлөшкөн жигитим бар! - деди. Эсим эңгиреп, жер астын-үстүн боло түштү. Ызага уугуп чыктым. Көзүмдөн жаш куюлганы араң турдум. Үйгө кантип жеткенимди билбейм. Корообузда калың алма бак бар эле. Алма бактын ичиндеги керебетке бүк түшүп алып, түн бир оокумга дейре телмирип көктү тиктеп жата бердим. Каректерим түнгө өзгөчө көрк кошуп, асманда жымыңдаган кол жеткис жылдыздарга кадалат.
Мектепти аяктагандан көп өтпөй атам экөөбүз шаардагы базарга жөнөп калдык. Капыстан алдымдан Айнагүл бет келип калбаспы. Учурашканга араң жарадым. Ооз учунан араң сүйлөмүш болдум. Жүрөгүм оозума кептеле түштү. Менин өңүм өзгөрүлө түшкөнүн астымда бараткан атам байкадыбы-жокпу, билбейм.
Мындан эки жыл илгери шаарыбыздагы ооруканалардын бирине барып калдым. Далис аралап баратып бет маңдайымдан ушунча жыл көкүрөгүмдөн өчпөй кыйнаган, ай-асманга алып учкан аруу дүйнөмө кайрадан кабылдым. Оо, илгерки бир убакта атам мага кийим-кече алып берем деп базарга бараткандагы көрүнүштөй жүрөгүм алеп-желеп болуп, көөдөнүмө жебе кадалган сыңары бир башкача абалда болдум. Амандаштык. Ортодон 56 жыл өткөн соң кезигип, бирок узун сөзгө кирбестен ал-абалыбызды кыска гана сурадык да кайрадан өз сапарларыбызды улап кеттик. Ичимден караанын бир көргөнгө гана ыраазы болуп, Жаратканга шүгүр дедим.
Мына, азыр да арадан канчалаган жылдар өтсө да ар күнү көз алдыга көркөмдүктү тартуулап, жүрөгүмдү уйгу-туйгу ойлорго салган, канча мезгил өтсө да карыбаган аруу махабатка таазим кылам. Алдыга карай дем-күч берип, мага чыгармачылык шык ойготкон ушул сезим, ушул аруу дүйнө болду. Сезимдеги ушул элес өмүр бою мени коштоп, таң менен кошо атып, күн нуру менен бирге батат...
Данияр ИСАНОВ