18.07.14 Нурбек ИСМАНАЛИЕВ, Калыс-Ордо жаңы конушунун имам-хатиби:
"Орозо кармаган адам ооруп калат деген ой болбош керек"
Ошентип күндүн эң узак мезгилине туш келген орозо айы да ортолоп калды. Күндүн ысыгына карабай учурда орозо кармагандар 17-18 саат наар татпай жүрүшөт. Орозого байланыштуу айрым элди кызыктырган суроолорубузду Бишкек казыятына караштуу
Калыс-Ордо жаңы конушунун
имам-хатиби Нурбек
ИСМАНАЛИЕВге
узаттык.

- Нурбек мырза, учурда өспүрүмдөр орозону жакшы түшүнбөй эле тутуп жатышат. Негизи канча жаштан орозо туткан оң?
- Алгач орозо тууралуу айтсак - бул кармануу. Тактап айтканда, ичип-жештен, аялга жакындык кылуудан, ушак, жалган, жаман сөз айтыштан таңдан күн батканга чейин тыйынуу. Негизи орозо балакатка жетип, аң-сезими калыптанып калган адамдарга парз. Эгер 9 жашка чыга элек кыздар, 12 жашка толо элек балдар орозо кармап алса күнөө эмес. Балакатка жете элек балдар орозо тутууну үйрөнүш үчүн орозонун башында үч күн, ортосунда үч күн, аягында үч күн кармап койсо болот. Бул 12 жаштан кийин орозону толук тутууга болгон даярдык болуп калат. Ал эми орозо кармоодогу келмелерге келсек, албетте алар араб тилинде. Бирок Жараткан адам баласын, ааламды жаратып жаткандан кийин кыргызчага да түшүнөт. Эң башкысы орозо кармоо үчүн жүрөктөн ниет кылып, өспүрүмдөр орозосун кабыл кылууну жараткандан кыргызча сураса деле болот.
- Илгери жарык көрүнбөсө болот деген ишенич менен жайкы орозодо боз үйдүн түндүгүн тартып коюп тамактанып алышчу экен. Азыр чыдабай тамактанып жибергендерге кечирим болобу?
- Кезинде андай адашуучулуктар болсо болгондур. Бирок азыр ким мусулман болсо ага диний маалыматтар жакшы эле жетип жатат. Ошондуктан үйдү караңгылатып коюп тамактануу таптакыр туура эмес. Эгер кимдир бирөө атайылап тамак жесе жазага кириптер болуп калат. Жаза болгондо да 60 күн катары менен орозо тутушу керек же 60 кембагалга тамак бериши керек. Азыр оозду шамда ачып, түнкү саат 3:20га чейин жаап калган туура.
- Ооз ачканда айрым адамдар тамеки чегип, насвай атып, бозо ичип алышат. Бул туурабы?
- Орозо убагында эле эмес башка убакта деле тамеки чегүү арам. Арам дегенибиз эле Кудайдын ден соолукка зыян кыла турган нерселерге тыюу салышы. Динге такабаганда деле дүйнөдөгү товарлардын ичинен бир гана тамекиде "тамеки чегүү ден соолугуңузга зыян" деген жарнама бар. Калган бир да товарда мындай тескери жарнама жок. Ошону биле туруп тамеки чегип жатабыз. Ооз ачкандан кийин адатка шылтап насвай атып, тамеки чегүү туура эмес. Бирок орозонун, намаздын шарапаты менен мындан арылса болот. Кыскасы, орозо убагында, андан кийин деле мусулман баласына тамеки чегип, насвай атканга болбойт.
- Айрым молдолор орозо убагында шилекейди такыр жутпаш керек десе, кээ бирлери аз-аздап жутса болот, оозго топтоп жутса гана күнөө дешет. Кимисине ишенебиз?
- Муну биз да угуп жүрөбүз. Жараткан шилекей безди оозду нымдап туруш үчүн жараткан соң шилекейди жутса эч нерсе болбойт. Бирок адам суусап кетип шилекейин топтоп, бир жутум кылып жутуп жиберсе ооз ачылбайт, бирок ал макүрөө эсептелип орозонун сообу азаят.
- Тарыхка кылчайсак, Ормон хандын тушунда жайында орозо кармаган эл хандан "ысыкта кыйналып атабыз, кандай кеңеш бересиз" деп сураган экен. Ошондо хан орозону токтоттуруп, кышкыга жылдыртып койгону бар. Элди кыйнабай азыр деле орозону салкын мезгилге жылдырып койсо болот беле?
- Кудайга шүгүр, Кыргызстан климаты сонун жер. Бизде ашып кетсе 40-45 градуска чейин күн ысышы мүмкүн. Албетте Ормон хан кыргыздын баатыры, улуу инсаны болгон. Бирок динде Мухаммед пайгамбар дагы кыйналсаңар оозуңарды ача бергиле деп айта алган эмес. Себеби бул Алла Таала тарабынан берилген буйрук. Куранда кандай айтылса ошондой аткарылышы керек. Эгер Ормон бабабыздын бул айтканы чын болсо ал катачылык болгон. Дин кыяматка чейин ушул тартипте гана кетет.
- Адам пендеси болгондон кийин орозо кармаган киши кошунасы, аялы, күйөөсү же балдары менен урушуп калышы мүмкүн. Бирөө менен урушуп калган адамдын орозосу жанып кетпейби?
- Аялбы, эркекпи орозо кармаган киши сабырдуу болуп, бир эле ичип-жештен тыйылбай уруш-талаштан, ушактан, жаман нерселерден сактанышы керек. Кокус бирөө келип жаман айта баштаса өзүн кармап орозо кармаганын эскертиши зарыл. Ошондо ким болбосун орозону сыйлап унчукпай калат. Себеби, Алла Таала анын жүрөгүнө дароо эле сабырдуулукту салып коет. Эгер орозо кармап алып оозуна ак ит кирип, кара ит чыга берсе орозонун пайдасы болбой калат. Ошондуктан ар ким сабырдуу болгону дурус.
- Учурда жайкысын курулушта иштегендер, ар кандай кара жумушта жүргөндөр да орозо кармап алып кыйналганын көрүп жатабыз. Өзүн-өзү ушинтип кыйноонун зарылчылыгы барбы?
- Мага курулушта иштейм, оор кызматым бар орозо кармабай койсом болобу деп келишет. Негизи орозо ысык болобу, суук болобу бир ай болгондуктан адам өзүн ошого алдын ала даярдашы керек. Мен кыйналсам орозо да кыйналат деген өңдүү шылтоолор болбошу керек. Орозону ооругандар, сапарга чыккандар, айызы келип калган аялдар, бала эмизгендер, кош бойлуулар кармабай койсо болот. Эске сала кетсек, Мухаммед пайгамбардын "Кайсы бир жетекчи орозонун урматы үчүн кол астындагыларга жеңилдиктерди берсе Алла Таала алардын күнөөсүн кечирип, тозоктун отунан азат кылат" деген хадиси бар. Ошондуктан ар кайсы тармактагы жетекчилерден орозонун урматы үчүн бир аз жеңилдиктерди берип, кызматкерлерин көп кыйнабаса деп өтүнөт элек.
- Орозо кармабаса да орозо кармагандарга ооз ачырып, тамак берип койсо чоң сооп болот деп калышат. Сооп ооз ачкан адамдардын санына жараша эсептелеби же кандай?
- Кыргызда "бата менен эр, жамгыр менен жер көгөрөт" деген сөз бар. Муну жакшылап карап көрсөк динибизден эле алынган экен. Түшүнгөн адамга орозо кармаган адамдан сооп алыш чоң бакыт. Мухаммед пайгамбар "Ким орозо маалында бирөөнүн оозун ачырса орозо кармаган адамдай эле сооп табат" деген. Ошондо сахабалар "пайгамбарым, баарыбыздын эле ооз ачырганга мүмкүнчүлүгүбүз жок да" дешкен экен. Ошондо пайгамбар "ооз ачырганда сөзсүз эле аларды тойгузуш максат эмес, бир ууртам суу, сүт же бир-эки курма болсо да берсеңер өтө чоң сооп болот" деген.
- Жашырганда эмне азыр күнөөсүнөн арылыш үчүн кылмышкер, сойку, ууру да орозо тутат. Бирок орозо айы бүткөн соң алар кайра көнгөн адатына барышы мүмкүн. Мындайлардын орозосу кабыл болобу?
- Пайгамбарыбыз өзүнүн хадистеринде ражап айы Аллахтын айы, шаабан айы (рамазандын алдындагы ай) менин айым, рамазан айы үммөттүн айы деген. Жалпак тил менен айтсак, эс алуу сезону, тойлор сезону дегенибиздей эле рамазан айы күнөөлөрдөн арылып, көп сооп жыйнай турган ай. Шариятта сүткорлук кылуу, адам өлтүрүү, сойкулук кылуу сыяктуу арам иштердин бардыгына тыюу салынган. Эгер бир сойку күнөөлөрүнөн арылыш үчүн Алла Таала буюргандай, Мухаммед пайгамбар көрсөткөндөй отуз күн орозо кармаса анын күнөөсү кечирилет. Бирок ал кийин кайра эле сойкулук ишин уланта берсе күнөөнүн үстүнө күнөө жазылып, кечирим берилбейт.
- Азыр бир үйдөн бир киши орозо кармаса, дагы бири ичимдик ичип жүрө берет. Мындайда орозонун пайдасы болобу?
- Акыры кыяматта атасы баласынан, баласы атасынан менден сооп сурайт деп качып калган күн болот экен. Башкача айтканда, орозо кармаган киши өз сообун алса, арак ичкен адам өз жазасын тартат. Куранда ким чаңчалык күнөө кылса ошонун азабын сөзсүз тартат, а чаңчалык эле сооп кылса ошонун үзүрүн көрөт деп айтылат. Ошондуктан колдон келишинче азыр сооп издешибиз керек. Азыр байлар казино, саунага акчасын чачкандан көрө ыйык Рамазан айында мечиттерде ооз ачырып койсо өтө чоң сооп табышмак. Акырында айтарым, Рамазан айында элимде аманчылык, ынтымак, ырашкерлик болуп, Кыргызстан биз сыймыктанган күчтүү мамлекет болушун тилейм. Туткан орозоңуздар кабыл болсун!
Мелис СОВЕТ уулу