11.07.14 Акыйкатчы Бактыбек АМАНБАЕВ:
"Батукаевдин "Кыргызстанга "алып келинишине "ишенбейм"

- Бактыбек Абдилашимович, кызматка жаңы отурганда Акыйкатчы институтун жаңы деңгээлге көтөрөм дедиңиз эле, 8 жарым ай ичинде кандай өзгөртүүлөрдү жасай алдыңыз?
- Дүйнөлүк стандарт боюнча кайсы бир мекемени, институтту же мамлекетти реформалоо үчүн алгач ага дыкаттык менен функционалдык, структуралык анализ жасалат. Тактап айтканда, ошол мекеменин түзүмүнө, ар бир бөлүмдүн, алтургай ар бир кызматкердин кандай иштеп жатканына анализ жүргүзүлөт. Биз адегенде башка өлкөлөрдөгү эң жакшы иштеп жаткан институттарга салыштырып ушундай анализ жүргүздүк. Экинчиден, биздин максат адам укуктарын жогорку деңгээлде коргоого жетишүү болгондуктан ички ресурстардын кандай колдонулуп жатканына маани берүүбүз керек. Ошону эске алып өзүбүздүн мыйзамдарды, укуктарыбызды канчалык деңгээлде колдонуп жатканыбызга, аппараттын толук мүмкүнчүлүгүнө, өнөктөштөрүбүз болгон жарандык коом, эл аралык, дүйнөлүк эл аралык уюмдар жана бийлик менен кандай иштешип жаткандыгыбызды талдадык. Ошондой эле ички нормативдик-укуктук актыларга анализ жүргүзүп, институт көңүл сыртында калтырган маселелерди аныктадык. Мисалы, бизде мигранттардын, аскер адамдарынын жана ишкерлердин укугун коргоо боюнча буга чейин кандайдыр бир иштер аткарылбаптыр, алар боюнча бөлүмдөр да жок экен. Ишкерлер жарандарга жумуш да, маяна да берет, бирок укуктук жактан абдан жабыр тартышат. Ушунун баарын аныктап туруп, жаңы структураны иштеп чыктык. Мунун баарына өзүм, эл аралык эксперттер жана жергиликтүү эксперттер катыштык. Институттагы реформанын биринчи этабы соңуна чыкты. Азыр ошол жаңы структураны өндүрүшкө киргизүү алдында турабыз. Ал киргизилери менен жаңы бөлүмдөр пайда болуп, ар бир кызматкер аттестациядан өткөрүлөт. Аттестациянын курамына бейөкмөт, эл аралык уюм өкүлдөрү, аттестацияга катышууга кызыккан жарандар кирген топ жүргүзөт. Андан кийин аттестациядан өткөн кызматкерлерди эл аралык уюмдардын колдоосу менен окутабыз. Окуп бүткөн соң институтту техникалык жактан жабдуу маселеси калат. Ошентип буюрса институттун ишин толук жакшыртууга жетишебиз.
- Реформа жасайм деген аракетиңиз жакшы экен, бирок сиз жетекчиликке келгени конкреттүү эмне иштер жасалды?
- Жакшы суроо. Биз негизинен эки багытта: реактивдүү жана проактивдүү компоненттер деп аталган багыттар боюнча иш алып барабыз. Реактивдүү компонентте жалаң бизге келип түшкөн арыз, даттануулар менен иштейбиз. Ар бир түшкөн арызды дыкаттык менен териштирип биздин ишибиз ал адамдын укугун калыбына келтирүү менен аяктайт. Проактивдүү компонентте өзүбүздүн демилге менен мониторинг, текшерүү жүргүзүп, ошонун негизинде укук бузууларды аныктап, андай укук бузуулардын чыныгы себебине жетип, андан соң аны калыбына келтирүүгө аракет жасалат. Жарым жыл ичинде биз биртоп алгылыктуу иштерди аткардык. Тагыраак айтканда, эң маанилүү төрт маселе боюнча иликтөө жүргүзүп, атайын баяндама даярдадык. Эгерде биз даярдаган атайын баяндамаларды парламент өз убагында угуп, талкуулап, тиешелүү чечимдерди кабыл алып берсе, өлкөдө ондогон адамдардын укугу калыбына келтирилет. Маселен, андай атайын баяндамалардын бири өлкөдөгү кыйноо фактылары боюнча. Кыйноо фактылары эмне үчүн болуп жаткандыгы, анын негизги себептери, алдын алуунун жолдору, кайсы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу терең анализ жасалып, ал баяндама түрүндө мамлекеттик жана расмий тилде даярдалып парламенттин комитетине жөнөтүлдү. Эми ал Жогорку Кеңештин адам укугу, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде каралып, анан палатада каралат. Экинчи маселе, күнөөсүздүктүн ыктымалдуулугу (презумпция невиновности) деген бар. Конституциянын 26-беренеси адамды сот чечими чыкканда гана кылмышкер деп айтууга жол берет. Бирок Кыргызстанда Конституциянын бул беренеси көп бузулуп жатат. Бул боюнча да атайын баяндама даярдадык. Үчүнчүсү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар боюнча баяндама. Азыр коомдук жайларда, коомдук транспортто, кызматта майыптардын укугу көп бузулуп жатат. Төртүнчүсү, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча маселени иликтеп, атайын баяндама Жогорку Кеңешке бердик. Кыскасы, Акыйкатчы институтун өтө акыйкат, ачык, нейтралдуу, саясатташпаган, бардык жарандарга жеткиликтүү институтка айландырууга көзүм жетет.
- Саясатташпаган институтка айлантам деп жатасыз, бирок сизди айрым депутаттар саясатчы болуп алды деп жатышпайбы?
- Мен буга макул эмесмин. Себеби, менин ишимди факты менен анализдеп көрсөк, эч качан кайсы бир партиянын жасаган иштерин, идеологиясын мактап же сүйлөгөн жокмун. Эч бир саясый топту колдобойм. Мен Акыйкатчы тууралуу мыйзамдын чегинде гана иштеп жатам. Тагыраак айтканда, кайсы жерде укук бузуу же мыйзам бузулуп жатса, ал жерге барып ыйгарым укугумдун алкагында, чегинде гана иш алып баруудамын. Зарыл болгон учурда карапайым атуулдардын маселесин жалпы коомчулукка коркпой-үркпөй жеткирип жатам. Өзүңүз деле калыстык үчүн айтыңызчы, мен кайсы партиянын камчысын чаап жатканымды байкадыңыз?
- Белгилүү дарыгер Жамалбек Тургунбаев менен "республикачыл" депутат Нурбек Мурашевдин маселесинде сиз депутаттын укугун коргогондой таасир калтырдыңыз. Бул бир тууган эжеңиз Урмат Аманбаева мүчөсү болгон "Республика" партиясына жан тарткандык эмеспи?
- Окуя болгон күнү мен дароо дарыгерге, андан соң депутатка, анын жардамчысына жолугуп, сүйлөштүм. Белгилей кетүүчү нерсе, бул жерде эки тарап тең жабырланды. Биринчиси, каза болуп калган келиндин туугандары, экинчиси, башкы дарыгер Жамалбек Тургунбаев. Дарыгерди каза болуп калган келиндин туугандары "биздин тууганыбызды сиз туура эмес дарылаганыңыздан улам каза болуп калды" деп айыпташты. Ошондуктан мен бардык тарап менен сүйлөшүп туруп дароо Башкы прокуратурага депутаттын дарыгерди урган-урбаганын иликтеп, урса ага кылмыш ишин козгогула деп кайрылдым. Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасына бул окуя боюнча көз карандысыз комиссия түзүп, дарыгердин күнөөсү бары-жогун аныктайлы деп кайрылдым. Себеби, дарыгерлердин туура эмес аракетинен улам 2013-жылы 5-6 адам каза болду. Бир жагынан мен ушул маселеге да чекит койгум келди. Кыскасы, мен бул жерде эки тарапка бипбирдей мамиле кылдым деп айтсам болот.
- Башкы прокуратура, парламенттик комиссия бир тыянак чыгаргыча эки тарап өз ара жарашып алышты. Мунун өзү сиздин аракетиңиздин маанилүүлүгүн жоготуп койгон жокпу?
- Эң башкысы мен окуя болгондон кийин ыйгарым укугумдун чегинде маселени чечүүгө чечкиндүү аракет көрдүм. Кийин эки тарап жарашып алышты, ага мен кийлигише албайм.
- Кезинде сиз "Кумтөрдөн" акча доолагандарды коргоп чыктыңыз эле. Азыр алардын экөө 15 жылдан эркинен ажыратылды. Мыйзамсыз жол тоскондордун укугун коргоо мыйзамдуулукка жатабы?
- "Кумтөр" өзү чоң маселе. Саруу айылында болсо 15 миңдин тегерегиндеги эл жашайт. Акыйкатчы катары саруулуктар мага "биз изоляцияда калдык, биздин балдар тияк-быякка чыкса эле кармап кетип уруп жатышат, укугубузду коргоп бериңиз" деп кайрылышты. Мен Сарууга барып эки күн жүрүп, эл, аксакалдар, кырдаал менен тааныштым. Жаштар, аялдар, облус жетекчилери, жергиликтүү прокуратура, милиция кызматкерлери менен аңгемелешип, кырдаалды иликтеп чыктым. Жолугушуу, сүйлөшүүлөрдүн баарын тасмага түшүрдүк. Айыл эли мага баланча деген балабызды сабап, чөбүбүздү өрттөп кетишти, ушул жердеги кырдаалды коомчулукка жеткирип бере аласыңбы деген маселени коюшту. Мен Акыйкатчы катары жеткире алам деп убада берип, борборго келип элдин өтүнүчүн коомчулукка, бийликке жеткирдим. Анын баары менин сөзүм эмес, элдин сөзү. Аны жеткирбесем болбойт эле. Ошондуктан менин эл алдында жүзүм ак.
- Депутат Өмүрбек Текебаев парламенттик жыйында бир депутат Акыйкатчылыкка талапкерден бир эмес эки добуш үчүн акча алган деген. Буга кандай дейсиз?
- Шайлоонун биринчи турунда, жумшак рейтингде мага Өмүрбек Чиркешович өзү да добуш берген. Демек, мен ага да акча бериптирминби? Мени парламент депутаттары 54 талапкердин ичинен өздөрү тандап алышты. Шайлоо эки турдан өттү. Натыйжада шайлоонун экинчи туруна мен Асия Сасыкбаева менен чыгып калдым. Экинчи турда көпчүлүк депутаттар тикесинен тик турушуп, эсептөө комиссиясынын аракеттерин көз алдыларында текшеришип, менин талапкердигимди колдоп беришти. 120 депутатка акча берүүгө мүмкүн эмес деп ойлойм. Кандайдыр бир күмөн саноолор болсо конкреттүү фактылар менен айтылышы керек. Эгер андай факты айтылбаса жалпы палатанын дарегине шек келиши ыктымал.
- Сиздин Акыйкатчы болушуңузга тууганыңыз Урмат Аманбаеванын түздөн-түз катыштыгы бар деп жүрүшөт...
- Менин эжем депутат катары бир добуш берсе бергендир. Мындай добушту талапкер болуп катышып жаткан Асия Сасыкбаева, Турсунбай Бакир уулу деле өздөрүнө өздөрү беришти. Менин Акыйкатчы болушум көпчүлүк добуш менен эле чечилди. Бир добуш эч нерсени чечпейт.
- Акыйкатчылыкка талапкерлердин бири Акылбек Сариев Акыйкатчыны шайлоо мыйзамсыз экенин, буга 120 депутатка 6 миң бюллетендин даярдалышы далил экенин айтты эле...
- Мен ал кишини сыйлайм жана анын дооматы боюнча териштирүүчү атайын органдар бар. Муну алар тактап мыйзам качан, ким тарабынан бузулганын аныкташ керек. Ал кишинин айтканы боюнча бир нерсе деп айтсам туура эмес болуп калат.
- Мурдагы Акыйкатчы Турсунбек Акун Азиз Батукаевдин качырылышы аныкталмайын кызматыман кетпейм деп чыккан. Эми ал Москвада кармалып, алып келебиз деп жатышат. Мунун жыйынтыгы кандай болушу мүмкүн?
- Батукаев боюнча буга чейин өз пикиримди айткам. Бул маселе парламентте үч күн бою талкууланып, анын качырылышына кимдер күнөөлүү экени аты-жөнүнөн бери айтылган. Алар жазаланып, түрмөгө камалышы зарыл. Ал эми Батукаевдин Кыргызстанга алынып келишине мен ишенбейм.
Мелис СОВЕТ уулу