п»ї
Агым
Мына сага!
Бүбүмариямдын "Айкөл Манасы" бүтпөптүр
Элдин эсинде болсо буга чейин Бүбүмариям Муса кызынын "Айкөл Манас" чыгармасынын алгачкы томдуктары жарык көрүп, кыргыз адабиятчылары, окумуштуулары томдуктарды, автору Бүбүмариямды жана анын жактоочуларын катуу сынга алышып, он томдуктун калганын чыгарууну токтотушкан болчу. Бирок аны айрым кыргыздын аттуу-баштуулары колдоп да чыгышкан эле. Кечээ "Кыргызстан жаңы адабияты" электрондук китепканасынын башкы редактору Олег Бондаренко "Айкөл Манас" поэмасынын он томдугу өзбек тилинде жарыкка чыкканын CA-news маалымат агенттигине билдирди. 3,5 миң беттен турган китепке "Кылым көчү" коомдук бирикмеси демөөрчүлүк кылган. Китептин редактору, акын Жумадин Кадыровдун айтымында, чыгарманы оштук акын Рахим Карим которгон. Баарынан кызыгы, айрым адабиятчылар бул он томдукту Гиннес рекорддор китебине киргизсе болорун да айтып жиберишиптир. Демөөрчүлөрдүн айтымында, китепти өзбек тилинде чыгаруу Орто Азия, Фергана өрөөнүндөгү элдерди жана өзбек, кыргыз элин жакындаштыруу максатында болгон имиш. Бул томдуктун мазмунун эске алсак ал Орто Азия элин жакындаштырбай эле, Орто Азия элине, өзбек элине кыргызды шерменде кылары турган иш. Эми буга бийлик, парламент эмне дейт болду экен?!


Баягынын аягы
Ортомчуларсыз оокат кылгыла
Апрель айынан бери казак-кыргыз жана казак-орус чек арасында Россиядан Кыргызстанга келаткан миңге жакын вагон күйүүчү май кармалып турат. Нефтетрейдерлердин айтымында, Казакстан Бажы комитети Россия бажычылары жөнөткөн вагондор кармалбасын деген документтерди эске албай, моюн толгоп жатыптыр. Ошол эле мезгилде Шымкент бажычылары ушундай эле документтер менен күйүүчү майы бар вагондорду Тажикстан, Афганистанга жана Кыргызстандын түштүгүнө өткөрүп жатышканы айтылат. Кыргыз Бажы кызматы болсо кыргызстандык нефтетрейдерлер россиялык нефти иштетүүчү заводдор менен келишимди казак ортомчулары аркылуу түзүшкөндүктөн аларга кылмыш иши козголгонун билдирет. Буга улай Бажы кызматы эгер нефтетрейдерлер экспорттук пошлинаны төлөсө териштирүү аягына чыкканча товарды Кыргызстанга алып кете аларын кошумчалайт.


Какаганга муштаган
"Макмалалтын" фабрикасы токтоду
Кечээ Тоо-кен металлургия профсоюзунун башчысы Элдар Тажибаев "Макмалалтын" комбинатынын алтын чыгаруучу фабрикасы 3-4 айга токтогонун билдирди. Фабриканын убактылуу токтотулушуна алтын бөлүп алчу кендин жоктугу себепкер экен. Элдар Тажибаевдин билдиришинче, буга чейин геологиялык чалгындоо иштерине жетиштүү каражат бөлүнбөгөндүктөн алтынга бай участоктор да иштетүүгө алдын ала даярдалган эмес. "Мамлекеттик органдардын макулдашылган позициясы болбогондуктан "Макмалалтын" комбинаты иштете турган Кылдоо, Терек, Тереккан жана Перевальное алтын кендеринин маселеси чечилбей жатат. Өкмөт менен тиешелүү министрликтер кыска аралыкта бул маселелерди чечүүлөрү керек. Өндүрүш ишканалары үзгүлтүксүз иштебесе экономикалык өсүү болбойт" дейт Элдар Тажибаев.





а ­е¦Є.НҐй«