27.06.14 Алмаштыруучу жүзүн жамынган алдамчылар
Өткөн жума аягында Бишкек мэриясына караштуу Мамлекеттик антимонополдук комиссиясынын, Жарнамалар департаментинин, "Тазалык" ишканасынын жана ИИМ, Жол кайгуул кызматы, Улуттук банктын өкүлдөрү Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларды текшеришти. Журналисттер коштогон текшерүүчү топ Москва, Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги, Дэн Сяопин көчөсүнүн жээгиндеги жана Аламүдүн базарындагы 22 акча алмаштыруучу жайды кыдырып, мыйзамсыз илинген 35 жарнамалык жарнак алынды. Текшерүү убагында болгону 2 административдик протокол түзүлдү. Улуттук банк өкүлдөрүнүн айтымдарында мындай текшерүүлөр буга чейин да мезгил-мезгили менен жүргүзүлүп келген.

УБнын Инспекциялоо башкармалыгынын жетекчиси Аида Карабаеванын айтымында, учурда айрым акча алмаштыруучулар Улуттук банктан эч кандай лицензия албай туруп ар кандай жарнамалык көрнөк-жарнактарды илип, элге мыйзамдуу иштеп жаткандай түр көрсөтүшөт. "Мындай объектилер шаар ичинде элүүгө жакын. Мэрия "Жарнамалар тууралуу" мыйзамынын негизинде аларга текшерүү болорун, мыйзамсыз илинген жарнактар алынышы керектиги тууралуу билдирүү жөнөткөн. Бүгүн андай жарнактар алынбаган болсо кардарлардын коопсуздугу үчүн аларды алабыз. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча Улуттук банктын лицензиясы менен мыйзамдуу иштеп жаткан 336 акча алмаштыруу жайлары бар. Жыл башынан бери биз Салык жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте акча алмаштыруу бюролорунда 704 текшерүү жүргүздүк. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам бузгандыгы үчүн 110 акча алмаштыруу жайына эскертүүлөр жөнөтүлүп, 85 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду. Ошондой эле 10 акча алмаштыруу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынды. Жогоруда айткандай, азыр өз алдынча акча алмаштыруу менен мыйзамсыз алектенген ишкерлер көп. Бул жылы андай ишкерлер да текшерүүгө алынып, 168 адамга административдик укук бузуу протоколдору түзүлдү. Булардын ичинен 108инин аты-жөнү аныкталып, Административдик кодекстин негизинде 86 адамга 132 миң 500 сом айып салынды. Акыркы жылдары биз мындай мыйзамсыз ишкерликти кыскартуу боюнча көп аракет кылдык. 2012-жылы Улуттук банк "Административдик жоопкерчилик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат комитетине сунуштап, комитет аны жактырган. Мыйзам долбоорунда лицензиясыз ишкерлик жүргүзгөн физикалык жактарга 20 миң сом (азыркы 1500 сомдун ордуна), юридикалык жактарга (жеке ишкерлерге дагы) 100 миң сом административдик айып салуу каралган эле. Комитет аны парламенттин биринчи окуусуна коюп, негедир ал колдоого алынбай калды. Быйыл ал мыйзам долбоорун биз кайрадан коомдук талкууга алып чыктык. Муну көтөрүп жатканыбыздын себеби, учурда 336 мыйзамдуу иштеген акча алмаштыруучу жайлар болсо, дагы ошончо санда мыйзамсыз иштеген акча алмаштыруу жайлары бар. Алар 1500 сомду оңой эле төлөп коюп кайрадан каалагандай иштеп жатышат" дейт Аида Карабаева.
Жогоруда кеп кылгандай, 21-июнь күнү журналисттер коштогон текшерүү тобу Москва, Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги акча алмаштыруучу жайларга келдик. Төрт журналист, Бишкек ШИИББинин бир кызматкери, Улуттук банктын Инспектирлөө башкармалыгынын башкы инспекторунун милдетин аткаруучу Данияр Жусубалиев, дагы бир инспектор Эрмек Асанжанов менен биргеликте алгач бир акча алмаштыруучу жайга келдик. Алдын ала бирөө эскерткенби, ал жерде эч бир акча алмаштыруучу жарнак, акча алмаштыруучу жок болуп чыкты. Кийинкисине бардык эле атын атагысы келбеген акча алмаштыруу күркө ээси анда лицензия жок экенин, бирок бүгүн-эртең аларын билдирди. УБнын өкүлү Данияр Жусубалиев акча алмаштыруу жарнактарын алып салуу боюнча билдирүү алган-албаганын сурады эле, күркө ээси албаганын айтты. УБ инспекторунун айтымында, буга чейин ага административдик протокол түзүлгөн, бирок ал дагы деле лицензиясыз иштеп жатыптыр. Акча алмаштыруучу жайдын кожоюну бул жерди май айынан бери ижарага алып иштетип жатканын, ар ай сайын ижарачылар алмаша берерин айтып актанып алды. Данияр Жусубалиев мындай акча алмаштыруучу жайлардын кожоюндары бир экенин, болгону кызматкерлер алмашып турарын айтты эле күркө кожоюну эми "субарендатор" боло калды. Жарнамалык жарнак мыйзамсыз илингени тууралуу эскертүү алган эмесмин деген кожоюнга мэриянын Жарнамалар департаментинин башкы адиси Кумар Асанбеков 4-июнда келгенин айтты эле күркө ээси жамандыкта болуп, уруксат документин алууга убакыт болбогонун бетке кармады. Текшерүүчү топту "мадырабаштар" атаган күркө ээси күркө кимге таандык экенин ачык айтпады. Кумар Асанбековдун айтымында, мындай мыйзамсыз ишкерлик кылгандар дайыма ушинтип аты-жөнүн жашырып, жок ЖЧКны документке жаздыртып коюшат экен. Баарынан кызыгы, күркөнүн ичинде "объект ИИМдин көзөмөлүндө" деген жазуу илинип турду. Күркө ээсинин мамлекетке кандай дооматы бар экенин сурадык эле ал уруксат алуу машакаты көп экенин, документтештирүү азыркыга чейин "детский вариантта" жүргүзүлөрүн айтып алды.
Улуттук банктын инспектору Эмир Жумаевдин айтымында, акча алмаштыруу лицензиясы 300 сом турат. Бирок рейд учурунда өзүн Тимур Карипов (кыргызда мындай фамилия жок) деп тааныштырган акча алмаштыруучу лицензия алууга 30-35 миң сом жумшаларын ортого салды. Акча алмаштыруучулар да аны коштоп, ар бир документке акча төлөнүп отуруп 35-40 миң сом кетерин айтышты. Бирок 35-40 миң сомду кимге берип жатышканын сурадык эле акча алмаштыруучулар кайсы бир структураны, адамды атай алышпады. Алардын базардык принцип менен чабуулга өтүп чындыкты айтып жаткандай түр көрсөтүшкөнү байкалып турду. Совет көчөсүндөгү "Тагай" акча алмаштыруучу жайынын кожоюну Жолдоштун айтымында, алар лицензияга бир ай мурун документ тапшырышкан. Бирок бир айдан бери лицензия берилбей ортодо айып пул төлөөгө туура келген. УБ өкүлдөрүнүн айтымында, "Тагай" акча алмаштыруучу жайында мурда да текшерүү болуп, ортодо нааразычылыктар болгон экен. "Улуттук банкка документтер толук тапшырылса лицензия бир айда берилет. А айрымдар бир-эки документти тапшырып коюп эле бизге лицензия бербей жатат деп даттана беришет. Лицензия 300 сом турат. Лицензия алыш үчүн жаран алгач ЖЧК түзүп, миллион сом капиталы бар экенин тастыктаган кайсы бир банктын аныктамасын көрсөтүшү керек" дейт УБнын Инспекциялоо башкармалыгынын жетектөөчү инспектору Махабат Татыбекова. Таң калганым, текшерүү убагында биз менен барган милиция менен Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери жогорудагылардын бардыгына кошкөңүл мамиле жасашты.
P.S. Биз бирге текшерген Совет көчөсүндөгү "Тагай" жана аталышы жок акча алмаштыруучу күркө үч күндөн соң эч нерсе болбогондой иштеп жатыптыр. Анын каршысындагы аталышы жазылбаган акча алмаштыруучу жайга кирип кагаз 200, темир 100 теңгени алмаштырууга бердим. Тилекке каршы тыйын жүз теңгени артка кайтарып беришти. УБ инспекторлорунун чырылдаганы бекер эмес экен деген ойго келдим.

Мелис СОВЕТ уулу




Сактансаң сактайм
Безгектен абайлагыла
Учурда чымын-чиркейлердин көбөйүүсү менен бирге ар кандай жугуштуу оорулар чыгып, көпчүлүккө жайылууда. Оорунун алдын алуу ар бир адамдын өз колунда. Эң негизгиси ден соолугубузга кам көрүп, кээ бир илдеттердин алдын алуу жолдорун биле жүрүүбүз зарыл.

Чиркейлер күн ысып баштагандан тарта чыга баштайт. Алар адамдарга кечке маал, күн уясына батканда же таң атканда жортуул жасашат. Чиркейлер көбүнчө жаш балдарды, көп тердеген адамдарды чагышат. Ал эми токойлуу жана саздак жерлерде аларды бардык учурда кезиктирүүгө болот.
Чиркейдин чакканын болбогон нерсе катары тоготпой коюу туура эмес. Чиркейлер аркылуу вирустук оорулар жугуп, бир нече күндөн кийин калтырамага, мээнин сезгенүүсүнө алып келиши мүмкүн. Чаккандан кийин ал жерди кан акканча тырмап салууга болбойт. Инфекция кирип ириңдеп кетүүгө жана аллергияга туш кылуусу мүмкүн. Эгер чиркейдин соргон каны безгек менен ооруган адамдын каны болсо, анда ал чиркей ооруну таратуучу болуп калат. Ал безгек, сары калтыратма, менингит, энцефалит ооруларын жугузуучу болуп эсептелет. Чиркейдин шилекейинде күчтүү аллерген бар.
Дүйнөдө чиркейдин 500дөй түрү жашайт. Алардын ичинен анофелес түрүндөгү чиркейдин ургаачылары безгек оорусун жугузат. Алар жумурткаларын жетилтиш үчүн кечкисин жана эрте менен адамдын канын сорушат. Жумуртка таштаар учурунда көлмөлөрдү, саздарды, суулуу жерлерди издеп таап, жетилген жумурткаларын ташташат. Ушул учурда адамды чакса кан аркылуу безгек мителери адамдын организмине кирип, бул оорунун андан ары өрчүп кетишине шарт түзүлөт.
Безгек оорусу тээ илгертен эле белгилүү болгон оорулардын бири. Анын пайда болгон жери деп Африка эсептелинет. Бул оору бир өлкөдөн экинчисине мигранттар, соодагерлер, ишкерлер, туристтер тарабынан таралат. Безгекке абдан маани берүү керек. Анткени ал ооруга чалдыккандар көбүнчө майыптыкка учурашат. Безгек оорусу абдан оор өтүүчү, көпкө созулган, ал гана эмес өлүмгө чейин алып барган илдет. Адам чиркей чаккандан 10-14 күн өткөндөн кийин ооруга чалдыгат. Бирок оорунун белгиси жаз айында гана билинет. Оору жугуп калгандагы алгачкы белгилери 3 же андан көп күн дене табынын көтөрүлүүсү, алсыроо, чыйрыгуу, себепсиз аз кандуулук, боор жана көкбоордун чоңоюусу, эстен тануу жана талма кармоо. Бул белгилер байкалар менен дароо дарыгерге кайрылуу оң. Безгек болду деген оорулуу инфекциялык стационарга жаткырылып, дароо канын текшертүүсү зарыл. Анын натыйжасына карата гана дарылоо башталышы керек. Кайдыгерлик жана өз алдынча дарылануу дайыма эле жакшы натыйжа бере бербейт. Ооруну болтурбоо үчүн үйдөбү же сырттабы чиркейден сактануу керек. Эң жакшысы, саздак жерге баруудан, көлчүктөргө түшүүдөн качып, табиятка эс алууга чыкканда доктурдун кеңеши менен денеге сыйпоочу клиникалык майларды ала жүрүү керек. Ошондой эле чиркейден коргонуу үчүн үйдүн терезе, эшигин пластмасса, темир тор же даки менен калкалап, чиркейден коргоочу атайын торлорду кийип, чымын-чиркейлерди качыруучу заттарды пайдалануу сунуш кылынат. Чарбалык мааниси бар сууларда болсо чиркейлердин личинкасын жок кылуу үчүн аларды жей турган гамбузия балыгын кое берүү пайдалуу.

Бегимай ХАЛМАТ кызы,
Кыргыз-Түрк "Манас" университети, практикант