27.06.14 Алтын азгырыгы
Кен казабыз деп кендирибиз кесилбесе болду

Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле "Кумтөр" алтын кенинин айланасындагы чырлар Чубактын кунундай чубалжып бүтпөй келет. Азырынча бул казылып жаткан алтындан мамлекеттин канча пайда тапканын же зыян тартканын эч ким так аныктай элек. Бийликтегилер дайыма "Кумтөрдүн" Кыргызстандын экономикасын көтөрүп, казынасын кармап турганын айтканы менен оппозициялык тарап, коомчулук кендин бир ууч бийлик өкүлдөрү менен чет элдик чайкоочулардын эле чөнтөгүн толтурбаса, карапайым калкка анын дегеле жарыгы тийбегенин айтып келет. Ошол эле маалда жакынкы жылдардан бери "Кумтөр" кенинин казылышы менен Кыргызстандын экологиясы ордуна келгис зыянга учураганы, абанын, суунун булганганын мындай кой, түбөлүк турган суунун запасынан - мөңгүлөрдөн айрылып калгандыгы тууралуу кеңири маалыматтар айтыла баштады. Буга бийлик дагы үн кошконсуп, КР өкмөтүнө караштуу жаратылышты коргоо жана токой чарба агенттиги "Кумтөр Оперейтинг Компани" (КОК) компаниясын экологиялык зыянга учураткандыгы үчүн 15 млрд. сомдон ашык доо менен сотко берген. Бул жана башка "Кумтөр" кенинин айланасындагы экологиялык маселелер боюнча аталган агенттиктин директор орунбасары

Абдыкалык РУСТАМОВ буларга токтолот.

15 миллиард сом кайдан чыкты?
"Кумтөр" алтын кени казылып баштаганда эле экологиялык талаптар туура сакталбай, кен казуунун эл аралык экологиялык эрежелери бузулуп келгендигин көз карандысыз эксперттер деле далай жолу белгилешкен. Кеч болсо да мамлекеттин экологиялык абалына кам көрөлү деп биздин адистердин аракети менен иликтеп чыккан соң, ушул цифрага токтоп жатабыз. Айрым эксперттер экологиялык зыяндын көлөмүн мында да арбын деп жатышат. Андыктан мейли эл аралык соттон болсо да Кыргызстан жеке компанияны утуп алууга шарты бар. Биз адегенде компанияга кайрылып, сотсуз эле чыгымдарды төлөө боюнча макулдашалы десек, жооп кылышпады.
Эң башкысы, 2009-жылга чейин кен иштеткен канадалык компания чыгымдарды мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте эсептеген эмес. Ал жерде экологиялык чыгымдын орду деген эч кандай төлөмдөр болгон эмес. Мониторинг жүргүзүү үчүн грант жана башка деп эле жазышып, суммаларды төлөп жүрүшкөн. Бирок ал суммалар биздин эсепке дал келген жок. Кызыгы, экологиялык чыгымдарга деп 310 миң доллар төлөмдү киргизген жобо 2009-жылдагы келишимге киргизилгенинде болуп жатат. Бирок ал сумма кайсы тыянакка негизделгени белгисиз. Жөн эле 310 миң доллар деп турат. Биз 2003-жылдагынын баарын карап чыктык. "Айлана-чөйрөнү коргоо тууралуу" мыйзамдын 15-беренесине таянуу менен атайын эксперттик топту ишке салып эсептеп чыкканда экологиялык зыяндар негизинен 15 млрд. 4 млн. 297 миң 963 сом болду.
Ошол эле убакта "Жашылдар" партиясынын мүчөсү, көз карандысыз эксперт Динара Кутманова депутаттык, өкмөттүк комиссиянын курамындагы адис катары жеке менчик компаниянын чыгымын 450 млрд. АКШ доллары деп эсептегенин айта кетейин. Анын көз карашы боюнча бул цифрага негиз болуп, "Кумтөрдөгү" таштандылардын мөңгүнүн үстүнө төгүлүшү жана уу калдыктар сакталган жай эски суунун нугуна курулуп, уулуу заттардын сарыгып сууга кошулуп жатканы айтылууда.
Кыскасы, келишимдерде "Кумтөр Оперейтинг Компани" айлана чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарды сактайт деп турганына карабастан, булар мыйзамсыз иштеп келишкен. Ошондуктан биз сотко кайрылдык.
Мышык-чычкан оюну
Биз "Кумтөр Операйтинг Компанини" 2013-жылдын декабрь айында Бишкек шаардык райондор аралык сотко бергенбиз. Андан бери дээрлик бир жарым жылдан ашык убакыт өтсө да, биздин доо арызыбыз боюнча иш соттук териштирүүлөрдөн өтүп, жыйынтыгы чыкпай келет. Ортодо экинчи тарап өздөрүнө Кыргызстанда жайгашкан эл аралык юридикалык бир компанияны жалдашып, актоочулук озуйпаны беришкен. Алар аркылуу сот териштирүүлөрү башталганда эле ар кандай ходатайстволорду алып келип сот ишин токтоттурууга аракет жасашты. Бизге маалыматтык чабуул жасашып, сот иши мыйзамдан тыш козголгонун коомчулукка таркатуу аракеттери болду. Биздин доо арызыбыз боюнча жалпысынан 5-6 жолу сот отурумдары өткөнү менен тажрыйбалуу тигил актоочу компания улам бир нерсени чыгарып, аягында сот ишине төрагалык кылган судья Нурумбетовго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, ишти бир жактуу чечип жатат дегенге чейин барышты. Ошондой эле алардын арыздарынын негизи жоктугуна таянып, арызын канааттандыруудан баш тарткандыгы үчүн судьянын үстүнөн Бишкек шаардык сотуна да кайрылышты. Алар бул арызды кароодон баш тартканда, Жогорку сотко кайрылышты. Жогорку сот райондор аралык соттун, шаардык соттун чечимин күчүндө калтыргандыктан эми иш кайра кайтарылып келип, райондор аралык сотто башталганы турат. Тактап айтканда, биз койгон 15 млрд. сомдук зыян боюнча же так айтканда иштин негизги бөлүгү сотто териштириле элек. Эгер ал жагына жетсек, биздин агенттик 100 пайыз утуп чыгабыз. Ошону билгендиктен булар ишти создуктуруп отуруп, ал арада дагы бир башка амалдарды ойлоп таап, эптеп эле бул акыбалдан чыгып мамлекетке чыгым төлөөдөн кутулуу болуп тургандай. Буюрса ушул жай айлары менен иш кайра жандана баштайт деген үмүт менен турабыз.

Мөңгү мыйзамы керек
Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, Президент тарабынан вето коюлган "КР Мөңгүлөр тууралуу" мыйзам долбоору негизинен колдоого ала турган, жаратылышты сактоо жаатындагы иш-аракеттерге жол ачкан мыйзам экени талашсыз. Бирок бул мыйзамда бири-бирине каршы келген эки берененин камтылышы анын артка кайтышына себепчи болду. Ал беренелердин бирине келсек, мөңгүлөр жаткан аймактарда чарбалык иштерин жүргүзүүгө чектөө киргизилиши керек деп турат. Ал эми экинчи беренеде болсо андай аймактарда ишмердик жүргүзүүгө таптакыр тыюу салыныптыр. Буга кошумча, бул жердеги беренелер толугу менен Суу кодексине жана "Суу тууралуу" мыйзамга шайкеш келтирилиши керек эле. Албетте, мөңгүлөрдү сакташыбыз керек, бирок экинчи жагынан алганда биздин тоо-кен тармагыбыздын өнүгүүсү токтоп, экономикалык абалыбыз жапа чегиши мүмкүн. Анткени биздин баалуу кендер жаткан жерлердин дээрлик көпчүлүгү мөңгүлүү аймактарда жайгашкан. Ошого байланыштуу биз бул мыйзамдын кайрадан иштелип чыгышына өз сунуштарыбызды берели деп жатабыз.

Жаңы планын көрсөтө элек...
Жакында эле "Кумтөр" компаниясы 2014-жылдагы тоо-кен өндүрүштүк иш планын өкмөт бекитпей жатканын айтып, өндүрүштү токтотоорун кулак кагыш кылбадыбы. Бирок алар эмне үчүн иш планы макулдук ала албай жаткан себебин ачыкташкан эмес. Ооба, биз дагы айта алабыз, "Кумтөрдүн" тоо-кен өндүрүү иш планы экологиялык экспертизадан өткөн эмес. Анткени алардын иш планы түздөн-түз Суу кодексине каршы келет. Ачыгын айтканда, азыр бул компания тоо-кен казуу иштерин жүргүзүү үчүн мөңгүнүн запасы жаткан жер бөлүгүнө өтүү максатында мөңгүлөрдү сурап жатат. Ансыз да ал жердеги Давыдов мөңгүсү зыянга учурап, эрип жок болуп бара жатканда башка мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн биз кайдыгерликке барбашыбыз керек. Өкмөттүн тапшырмасына ылайык бул маселени чечүү үчүн азыр "Кумтөр" компаниясынан жаңы план күтүп жатабыз.

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ




Бармын, жокмун...
Чупакабра жолбун ит экенине кочкорлуктар ишенбейт
24-июнда Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын малды көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Марат АБДЫРАЕВ
Кочкор районунун элин чочулаткан кансоргуч чупакабра кадимки эле жолбун ит экенин билдирди.

Эскерте кетсек, Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары өздөрү жашаган аймакта белгисиз бир жандык пайда болуп, малдын канын соруп жатканын билдиришкен эле. Кансоргуч 39 кой-эчкинин, 39 тооктун жана 12 коендун канын соруп өлтүргөнү тууралуу маалымат бар. Абдыраевдин айтымында, 19-июнда жолбун иттер атылган. Жолбун иттерди атуу акыркы жолу белгисиз жаныбар козуну жеп кеткен аймакта жүргүзүлгөн дейт ал. Мал доктур ошондой эле атылган итте кутурма жана чума оорусу бар-жогун аныктоо үчүн Кочкордогу лабораторияга жеткирилип, анын ашказанынан козунун эти табылганын айтты. Чупакабраны издөө боюнча штаб тарабынан 156 ит атылган.
"Шибегени капка жашыра албайсың" демекчи, кансоргуч чупакабра боюнча кандай гана маалыматтар айтылбасын, кочкорлуктар мунун жолбун иттер экенинен күмөн санашууда. Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну Жалил Сапаралиевдин короосунан да алты тоогунун канын соруп кетиптир. Анын короосуна кирген кансоргуч дубалдын алдын тешип, кайра эле ошол жерден чыгып кеткен. "Жолбун иттер бизде буга чейин деле болуп келген, азыр деле бар. Бирок алар мүрзөдө жашап, түнкүсүн вампирлерге окшоп жылуу кан издебейт. Элди тынчтандыруу максатында жолбун ит деп биздин канчалаган Актөштөрүбүздү кырышты. Бирок эч бир жыйынтык чыккан жок. Жолбун иттердин ашказанынан козунун эти чыкты дейт. Ал балким чупакабра соруп кеткен козунун этин жегендир. Буга чейин мүрзөнүн жанына эчкини байлап, түн ортосунда чупакабраны аңдыган мергенчилер болду. Чындыгында эле жылуу кандын жытына түн ортосунда төрт-бешөө чыгыптыр. Биздин мергенчилер аларды аткылап, эч кимисин өлтүрө алышпаганы өкүнүчтүү. Себеби алар ушунчалык тез ылдамдыкта чуркашат экен. Бирөөсүн жарадар кылыптыр, бирок анысы деле колго түшүп бербептир. Андан тышкары эски мүрзөлөрдү казып, андагы адамдын сөөктөрүн алып чыгып салыптыр деген каңшаар да уктук. Элди биротоло дүрбөтпөсүн деп кимдин туугандарынын мүрзөсү казылган болсо аларга айтып, кайра көмдүрүп жатат дейт. Эми бул жөн эле жолбун ит деп жооткотпой бул көйгөйгө олуттуу көңүл бурушса болот эле. Себеби мурда Кочкор районунун Теңдик айылынан чыгып жатса, эми башка айылдарга да жылып, көбөйө баштаганы коркунучтуу. Түнкүсүн эшикке чыккандан да чочулап калдык" дейт Жалил Сапаралиев.
Албетте, кочкорлуктарды коркуткан кансоргучтун бар же жок экени азырынча чын эле белгисиз. Бирок ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт дегендей, кийин өтө көбөйүп кетип, чоң кырсыктын үстүнөн чыкпасак эле болгону. Ылайым эле ал чупакабра эмес, жолбун иттердин жоругу болуп калсын дейличи...

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА