presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


ЗНАКОМСТВА

Агым
Орозо оомат, ажылык абийир алып келсин!
Ары-бери кылчайгыча жыл алмашып кайра эле кезектеги орозо айы келип, аны коштой ажылыкка баруу жакындап калды. Быйыл Кыргызстанга 3 миң 685 орун бөлүнүп (былтыркыдан 900гө аз), бир айга созулган каттоо мезгилинде 8 миңден ашык адам катталган. Бу жолу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында бир орунга 3-4 адамдан туура келсе, Нарын облусунда жалпы квотанын 25 пайызына, Ысык-Көл облусунда 60 пайызына гана арыз түшкөн.


Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы (КМДБ) ажылыкты уюштуруудагы коррупцияны жоюу максатында быйыл орундарды чүчүкулак кармоо жолу менен өткөрүүнү чечкен. 14-июндан 5-июлга чейин белгиленген чүчүкулак кармоо айнек урнадагы лотереяларды алуу аркылуу жүргүзүлмөк. Жакында Чүй облусунда чүчүкулак кармоо атайын компьютердик программа менен жүргүзүлүп, аны муфтияттын иш башкармалыгынын башчысы Бакыт Нурдинов сындап чыкты. Анын айтымында, эч кимге белгисиз Random программасы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиевдин көрсөтмөсү менен киргизилген жана ал өлкөнүн түштүгүндөгү зыяратчылар арасында нааразычылыкты жаратышы мүмкүн. Ал эми Орозбек Молдалиевдин айтымында, мындай электрондук тандоо системасын курамына УКМК, ИИМ, муфтият, Салык жана Чек ара кызматынын өкүлдөрү кирген ажылыкты уюштуруучу ведомстволор аралык комиссиясы тандап алган. "Бул система толук иштелип бүтө элек, бирок Президент ажылык кезегин автоматташтыруу жана кезекти онлайн-режиминде көзөмөлдөө үчүн сервер коюуну убада кылды. Ал эми айнек урнага жасалма билеттерди салып жиберишпейт деп эч ким кепилдик бере албайт" дейт О.Молдалиев. Эске салсак, быйыл ажылыкка баруу акысы 2 миң 300 долларды түзүп, 2012-жылга салыштырмалуу 50 долларга кымбаттаган. Зыяратчыларды "КыргызТрансАвиа" компаниясы ташымакчы. Зыяратчылардын алды 17-сентябрда кетип, кайра 3-октябрда кайтып келишет.
Орозо айы 27-июнь түнү башталып 28-июлга чейин созулат. Албетте, жайдын ысыгында орозо кармоо өтө чоң сабырдуулукту, чыдамкайлыкты талап кылат. Андыктан жалпы кыргызстандыктар бул айда сабырдуу болуп, бири-бирибизди кечиришип, митинг, жол тосуулардан кандай пайда-зыян тарткандыгыбызды таразалашыбыз керек.

Мелис СОВЕТ уулу



а ­е¦Є.НҐй«