presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Бир бүркүм…
Түштүк кореялыктар Таластагы "Манас Ордо" комплексинде "Манас. Семетей. Сейтек" трилогиясынын негизинде документалдык тасма тартышат.
???
Нарын районунун Кара-Чий айылында жердин астынан чыккан суудан үйлөргө жарака кетип, алды урап жатат.
???
Баткен районунун Жаңы-Жер айылында катуу жааган мөндүр селге айланып, жыйынтыгында биртоп гектар айдалган жер жараксыз болуп калды.
???
Кечээтен бери Ысык-Көлдө урологдордун II эл аралык форуму өтүүдө. Ага башка өлкөлөрдөн 200гө жакын уролог катышууда.
???
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы СПИД илдетинен жабыркагандарга бекер дары-дармек алынып келинди.
???
Кечээ Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери жолугуп, кыргыз-тажик чек ара маселесин жана Көкташ - Ак-Сай - Тамдык - Кишемиш жолун куруу боюнча сүйлөшүү болду.
???
Кыргызстандын Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна Азербайжандан он миң тонна кумшекер сатылып келинет.
???
Эсеп палатасы кайсы министрликтерде финансылык каражаттарды колдонууда мыйзам бузуулар болуп жатканын жар салды. Алар Билим берүү жана илим министрлиги, Мамлекеттик Бажы кызматы, Транспорт жана коммуникация министрлиги.
???
Ысык-Ата районунан "Хаммер" үлгүсүндөгү машинени уурдап кетишкен. Шектүү деп кармалган үч жаран унаанын ээси кыз экенине карабай аны эсинен тангыча сабап, көрүстөнгө таштап кетишкен.
???
Кыргызстанда ар бир он баланын төртөө аз кандуулуктан жабыркайт.
???
Кыргызстанда айымдарды сойкулукка тарткандар 8 жылга чейин эркинен ажыратыла турган мыйзамга Президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
???
18-июнда Ош шаардык бийлиги "Мэрге кат" акциясынын алкагында июнь окуясында жабыркагандардын балдарынын жана балдар үйлөрүндө тарбияланган 80 өспүрүмдүн каалоосу орундалып, сураган буюмдарын алышты.
???
27-майдан бери Ош - Эркечтам жолу тосулуп, түштүк аймагынын экономикасына терс таасирлерин тийгизе баштады. "Перити-Коал" көмүр казуучу ишканасы өндүрүштү токтотуп, анын салык боюнча карызы 4,5 млн. сомду түздү. Андан башка ЖЧК, заводдор токтоо коркунучунда турат.
???
Кыргызстанда жүрөк, дем алуу органдарынын оорусунан кийин эле бөйрөк дартынан каза тапкан адамдардын саны көбөйүп жатканы тууралуу республиканын башкы урологу Акылбек Усупбаев коңгуроо какты.
???
Быйыл 2-ноябрда Кыргызстандын милициясынын уюшулганына 90 жыл толот. Бул мааракеге карата Ички иштер министринин орунбасары, генерал-майор Бактыбек Жусубалиев ММК өкүлдөрү үчүн сынак жарыяланганын билдирди.
???
18-июндан 21-июнга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүп, дарыялардагы суулардын деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
???
Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков Акматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылып Алайдан келгендерди кабыл алмай болду.
???
Кечээ Президент Ошко барып, Навои көчөсүндөгү көпүрөнү көрүп аны бүтүрүүгө убада берди. Андан кийин Аксыдагы Иринжит каналынын ишин көрүп келет.
???
Ошко газ келбей калганына байланыштуу Кыргызстандын Өзбекстан менен мамилеси начарлап кетти же азыркыдан да татаалдап калды деген сөз негизсиз деп билдирди Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев.
???
БУУнун Качкындар боюнча өкүлү Кыргызстанда 761 качкын жашаарын айтты. Алар Ооганстан, Сирия, Өзбекстан жана башка аймактардан келгендер экен.
"Жаңы Агым" - пресс











??.??