13.06.14 Кайрылуу
Президент Алмазбек АТАМБАЕВ:
"Ынтымак элдин өзүнөн башталыш керек"

Урматтуу мекендештер!

Каргашалуу күндөрдөн бери төрт жыл өттү. Төрт жыл мурда өлкөнүн бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин жарып, мамлекетибизди жок кылуу аракети орун алган. Ал күндөрдү эстегенде ар бирибиздин жүрөгүбүз сыздайт.
Акыркы 50 жылдын ичинде өлкөнүн түштүгүндө үч жолу кандуу окуялар кайталанды. Ынтымактын, биримдиктин жоктугу жүздөгөн жарандарыбыздын өмүрүн кыюуга, кыргыз мамлекеттүүлүгүн жоготуу коркунучуна алып келген.
Ошол оор күндөрдө карапайым элдин даанышмандыгы, сабырдуулугу өрттү өчүрүүгө себеп болду. Карапайым эл бири-бирин тыйып, кандуу кагылышка бөгөт койду. Кыргыздар өзбектерди, өзбектер кыргыздарды үйүнө катып, жүздөгөн өмүрлөр сакталды. Кыргыздар менен өзбектер аралаш жашаган көчөлөрдө, кварталдарда жаңжалдын жайылышына жол берилген жок. Демек, биз аралашып, биргелешип жашоодон башка жолубуз жок.
Ынтымак түштүккө, түндүккө, Ошко, Жалал-Абадга, Көлгө же Таласка асмандан түшпөйт. Ынтымак элдин өзүнөн башталыш керек - ар бир үйдөн, ар бир айылдан, ар бир көчөдөн. "Ырыс алды - ынтымак" - муну эстен чыгарбайлы.
Кыргызстан жок болсун, бөлүнсүн, жарылсын деп тургандар аз эмес. Аларга Кыргызстандын кереги жок. Элибиздин тагдыры бир тыйын. 2010-жылы ал күчтөр улутчулдарга, сепаратисттерге, реваншисттерге таянган.
Өз элин кайгыга батырып, каргашалуу окуялардан саясый упай топтогондорду да көрдүк. Бузукулардын айрымдары башканын мүлкүн басып алууга кызыкса, айрымдары каргашалуу окуяларды бийликке, чоң саясатка кайтып келүүгө пайдаланды. Азыр алар чындыкты бурмалап, өздөрүн көтөрмөлөп, элдин коргоочусу катары көрсөтүшүүдө. Бул жалган! Жеке кызыкчылыгын көздөгөн саясатчылар каргашалуу окуяларга өзүлөрү кызыкдар болгон. Бийлик, байлык үчүн боордош элдерибизди кагыштырып, Мекенине чыккынчылык жасашкан. Бүгүнкү күндө муну көпчүлүк түшүнүп калды.
2010-жылдын июнунда Кыргызстандын душмандары өлкөдөгү бийликтин чабалдыгын пайдаланып, жаңжалдын отун тутантты. Ошол күндөрү бүткүл элибиздин аракети башаламандыкты, зомбулукту токтотууга, жабыр тарткан аймактарга жардам берүүгө багытталды. Кыргызстандын ар бир жараны кайгыны өз башындагы түйшүк катары кабыл алып, колдон келген жардамын аяган жок. Күн сайын Бишкектен, Чүйдөн, Ысык-Көлдөн, Нарындан, Таластан түштүккө гуманитардык жүк жөнөп жатты.
Мамлекет тарабынан олуттуу чаралар көрүлдү. Эл аралык уюмдардан түшкөн 6 миллиард сомдон тышкары, республикалык бюджеттен кошумча 6 миллиард сом жапа чеккен аймактарга бөлүндү. Ал каражаттардын эсебинен жабыркаган үй-бүлөлөргө жөлөк пул катары жүз миллиондогон сом таратылды. Жүз миңдеген чарчы метр турак жайлар курулду. Миңдеген объектилер калыбына келтирилди. Ош жана Жалал-Абад шаарлары оңолуп, кыйла өзгөрдү. Бүт өлкө Ош менен Жалал-Абадга жардамга келди. Жалпы элибиздин жардамы түштүктө тынчтыкты орнотууга шарт түздү.
Урматтуу мекендештер!
Кайгылуу окуяларды унутууга биздин акыбыз жок. Ал окуялар бардыгыбыз үчүн чоң сабак болууга тийиш. Каргашалуу окуялар мындан ары эч качан Кыргызстанда кайталанбасын! Ынтымакты, биримдикти көздүн карегиндей сактайлы! Мамлекетибиздин жаркын келечегин куралы! Кудай элибизди, жерибизди колдосун! Жараткан тилегибизди кабыл кылсын! Жолубузду ачып, ынтымак, береке берсин!




Кылымга тете төрт жыл
Мындан туура төрт жыл мурун кыргыз жергесин кылымдар бою чогуу байырлаган кыргыздар менен өзбектер өз ара араздашып, акыры чындап кырылышты. Мунун кесепетинен 442 мекендешибиздин өмүрү кыйылды. Дагы бир далайынын эмдигиче өлүү-тирүүсү белгисиз. Расмий бийлик кандуу коогалаңды сырткы чагымчыл күчтөр ички сепаратисттерге таянып уюштурган деп канкакшап келет. Ошентсе да эмдигиче чыныгы күнөөкөрлөрдүн ысымдары аталып, айыбына жараша мыйзам чегинде бири дагы жазалана элек.


2010- жылдын июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө жүз берген кандуу калабанын себептерин ар тараптуу иликтеген Улуттук комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Абдыганы Эркебаевдин баамында, ошогездеги өлкөбүздөгү башаламандыктан ашынган улутчулдар жана сепаратисттер куп пайдаланышкан.
- 2010-жылдын 7-апрелиндеги каргашалуу окуядан соң Кыргызстанды дестабилдештирүүчү күчтөр илгиртпей баш көтөрүшкөн. Алар мамлекетибиздеги коомдук-саясый акыбалдын курчтугунан улам жер-жерлерде башаламандыктарды уюштурушуп, бул арада кыргыздар менен өзбектердин ортосуна от жагууга үлгүрүшкөн. Дал ошол маалда өлкөбүздөгү арам ойлуу күчтөр жаңы бийликтин алсыздыгына көзү жетип, алардын алдына эч аткарылгыс талаптарды, маселен, өзбектерге автономия ыйгаруу маселесин дагы кабыргасынан коюуга батынышкан. Буга улай айрым өзбек лидерлери улутташтары менен Жалал-Абадда жана Ошто тез-тез жолугушуп, күтүлбөгөн кырдаалга дайым даяр турууга ачык үндөшкөн. А качкын президент Курманбек Бакиевдин кланы ошогезди ыңгайына жараша пайдаланып, бул тирешүүгө маңзат мафиясын жана кылмыш дүйнөсүн батыл аралаштырууга абдан катуу далбаса жасаган, - дейт академик Абдыганы Эркебаев.
Айтмакчы, 2010-жылы июнда Кыргызстандагы кырдаалдын чукул арада курчушуна жана чатак жагына айланышына чет элдик атайын кызматтардын катыштыгы бардыгы дагы даана байкалган.
- Кыргызстанда араздашкан эки тарапты белгисиз автоунаалардан кадимкидей алмак-салмак аткылашкан. Экс-президент Роза Отунбаева түзгөн Улуттук комиссиянын мүчөсү катары Ош жана Жалал-Абад жергесин кыдырганымда муну жергиликтүү калк өзү ачыктады. Демек, Борбор Азияга багытталган атайын долбоор менен иштеген чет элдик атайын кызматтар гана дал ушундай чагымчыл аракеттерди өздөрү деле жасашы толук ыктымал. Айрыкча Кыргызстандын өтө чукул арада парламенттик башкарууга өтүшү көбүнө жаккан эмес. Карапайым калк, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы кандуу кагылышуунун алдында Ошто жана Жалал-Абадда чет өлкөлүк жарандар жайнап кеткенин ырасташты, - дейт коомдук ишмер Жыпар Жекшеев.
Ал эми Сауд Арабия королунун кеңешчиси Салих Ибн Салим Бахваний "Хизб-ут Тахрир" диний экстремистчил уюму Кыргызстандын түштүк жергесинде ашкере радикалдашкандыгын белгиледи.
- Ошогезде Кыргызстандагы интернет сайттар аркылуу жаштардын аң-сезимин ачык эле ууландырып турушкан. Бул аркылуу силердин өлкөңөрдө чукул арада халифат орнотууга, бийликти курал менен күчтөп кулатууга ачык эле үгүттөшкөн, - деди Салих Ибн Салим Бахваний. - Мына, Босния менен Герцеговинаны көрдүңүздөр го, Ооганстан деле оңбой калбадыбы. Дегинкиси, кыргыз боорлорум ушул өңдөнгөн трагедиялуу мисалдардан ачуу сабак алуусу кажет. Болбосо кийин минтип бармак тиштеп өкүнгөнүңөр түккө арзыбай калат.
А Палестинанын Худус шаарындагы Алакса мечитинин имамы шейх Али Аббас жергебиздин бейиш экендигине суктанып, бирок кыргызстандыктар президентин эч сыйлабагандыгына, ошондон улам жогорудагыдай кырсыктарга тушугуп жаткандыгына ичи ачышып тургандыгын жашырган жок.
- Мамлекет башчыңар Алмазбек Атамбаев ушул тапта калктын калың катмарынын тегиз жана толук кубаттоосуна абдан муктаж. Минтип ар-ар жерден көтөрүлүп падышаңарга каршы турганыңар туура эмес. Дал азыр бийликке, өкмөткө каршы көтөрүлгөндөр анык шайтандар, халифатты эңсегендер жана Кыргызстанга түк күйбөгөндөр! Анткени буларда дин деген таптакыр жок. Ошон үчүн силер Кыргызстанда ислам динин туруктуу кармангандар, Президент Алмазбек Атамбаевдин айланасына тегиз жана токтоосуз биригүүңөр абзел! Ансыз 2010-жылы июнда кыргыздар менен өзбектерди сырттан келишкен шайтандар, динсиздер, мындайча айтканда, каапырлар кандай чабыштырышса, азыр деле ошондой кагыштырышат. Мындан ким пайда табат? Эч ким. Азабын кайрадан эле өзүңөр тартасыңар. Ушуну жадыңардан чыгарбагыла, диндештерим, - деп үндөдү шейх Али Аббас.
Кыргызстандын түштүк ыптасында азыр деле коомдук-саясый акыбал абат эмес экендигин жергиликтүү серепчилер танышпайт.
- Дүйнөлүк улуу державалар жеке маселелерин чечүү иретинде динди дал ушул тапта ашкере саясатташтырып ийишти. Карасаңар, Европада туташ кризис. Көз тийбесин, Араб өлкөлөрү абдан тез байып кетишти. Ошон үчүн "Аль-Каида" өңдүү террорчул уюмдар аркылуу АКШнын борбордук чалгындоо башкармалыгы ислам дининдеги айрым агымдарды бири-бирине тукуруп, тыңдарын ашкере кутуртуп жатат. Кыргыз парламенти 42 мамлекетке визасыз режим киргизип таштабадыбы. Дал ушул жагдай айрым арам ойлуулардын Кыргызстанга ээн-эркин кирип чыгуусуна даңгыр жол ачты. Ошентип мунун акыры деле жакшылык менен бүтпөйт. Аман турсак көрөсүңөр го, мындай маанай массалык башаламандыкка сөзсүз түртөт. Анын чекесин мына жер-жерлерде көрүп атасыңар. А менин жеке баамымда, 2010-жылдын июнь айында кыргыздар менен өзбектерди сырткы арам ойлуу күчтөр атайылап чабыштырган. Ошондуктан бул маселе дагы кылдат жана ар тараптуу иликтенип, ага саясый дагы, юридикалык дагы баа сөзсүз берилип, накта күнөөкөрлөр чет өлкөдөн болсо дагы алып келинип, калк көзүнчө соттолууга жана жазаланууга тийиш! Бул ошондо гана башкаларга ачуу сабак болот, - деп белгиледи серепчи Шамшыбек Закиров.