13.06.14 KYRGYZSPORT
Борборго кеттик
9-июнда Бразилиянын Сан-Паулусунда өткөн АФКнын кезсиз конгрессинде расмий түрдө борбордук зона аныкталып ага 6 мамлекет кирди. Кыргызстан буга чейин Борбордук жана Түштүк Азия футбол федерациясына кирсе, мындан ары Өзбекстан, Тажикистан, Түркмөнстан, Афганистан жана Иран менен биргеликте борбордук зонанын мүчөсү болушат. Азырынча бул борбордук зонанын башкы кеңсеси кайсы жерде жайгашары аныктала элек.

Булат чемпион!
Ошентип бир жыл бою созулган Кыргызстандын кичи футбол боюнча биринчилиги да жыйынтыкталды. Бишкектин "Булат" клубу чемпион аталып алтын медалдарды тагынышса, "Дордой" - вице-чемпион жана "Дордой Секьюрити" коло медалга татышты. Чынгыз Мустафаев эң мыкты калыс деп табылды. Мыктылардын башка номинациялары төмөнкүдөй тартипте ыйгарылды:
Эң мыкты дарбазачы - Николай Шамонин ("Булат")
Эң мыкты оюнчу - Максат Алимов ("Дордой")
Мыкты бомбардир - Рустам Аширов ("Дордой Секьюрити")
Мыкты менеджер - Оболбек уулу Айтбек ("Булат")

Ардагерлер:
1-орун - "Алга-НБ"
2-орун - "Азия-Данко"
3-орун - "Акжол"
Эң мыкты дарбазачы - Рауль Даулбаев ("Азия-Данко")
Эң мыкты оюнчу - Мирбек Султаналиев ("Акжол"), Темир Амандыков ("Азия-Данко")
Мыкты бомбардир - Жеңиш Маматов ("Алга-НБ")

Акыры кетти
Же "Дордой" менен кыйратпаган же курама команда менен эч нерсени жарытпаган Сергей Дворянков деген россиялык машыктыруучуну көпчүлүк кет эле кет деп жүрүп акыры кетирдик. ФФКР Дворянков менен андан ары келишим түзбөй, убактылуу башбапкердин милдетин аткаруучу катары жаштар курама командасынын башкы машыктыруучусу Мирлан Эшеновду алып келишти. Бир эле учурда жаштар курама командасы менен "Абдыш-Атаны" машыктырган Мирлан мырзадан үмүт чоң. Мирлан мырза кыргызстандык эмеспи, намыстанып иштесе керек деген ишенич бар.

Леша в порядке!
Былтыр бир тойдо сары кыргыз деген каймана аты бар мекендешибиз Алексей Федосеевди жинди суудан бастырып алган тентек балдардын тобу катуу сабап коюшкан. Ошондон бери чоң спорттон алыстап жүргөн Леша кайра рингге кайтты. Болгондо да WAKO-PRO версиясы боюнча дүйнө чемпиондугуна бразилиялык мушкер Эмерсон Фалькао менен мушташат. Беттеш 17-июнда Бишкекте өтүп, спортчулар 66,8 килограммдык салмакта дүйнөдө ким кыйын экенин аныкташат.

Билеги күчтүүлөр
Кыргызстандык эки спортчу Акжол Алымбек уулу менен Азамат Алымбек уулу 1-8-июнда Йоханнесбургда (ТАР) өткөн эл аралык турнирде алтын медаль утуп алып эл аралык класстагы спорт чебери деген наамга татыктуу болушту. Мындай наам же дүйнө чемпиону же коюлган нормативди аткарган учурда берилет. А биздин жигиттер өз салмактарында эки талапты тең аткарып салышты.

Айсулуу алтын жактырбайбы?
Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Германияда өткөн эл аралык турнирде 58 килограммдык салмак категориясында жарышка түшүп, күмүш медаль тагынганга жетишти. Чейрек финалда биздин кыз россиялык Анастасия Цыганкованы, жарым финалда Азербайжандын спортчусу Ирина Нетребаны 6:1 эсебинде жеңген. Финалда венгриялык Эмесе Барка менен чыгып 7:9 эсебинде утулуп калды. 53 кг салмакта дагы бир кыргызстандык балбан кыз күч сынашып, 1/8 финалда германиялык Пегги Кенден утулуп калган.

Жөө күлүктөр Бишкекте
Өткөн аптада Дөлөн Өмүрзаковдун стадионунда олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова атындагы эл аралык турнир болуп өттү. Турнирде 23 комплект медаль ойнотулуп, биздин күлүктөр 11 байгелүү орун алганга жетишти: 3 алтын, 5 күмүш, 3 коло.

10 000 метр:
Эркектер - Илья Тяпкин (Кыргызстан) - 31 минут 18.33 секунд.
Аялдар - Ирина Смольникова (Казакстан) - 36 минут 48.18 секунд.
100 метр:
Эркектер - Аббос Ташматов (Тажикстан) - 10.79 секунд.
Аялдар - Ольга Сафронова (Казакстан) - 11.23 секунд.
400 метр:
Эркектер - Александр Пронженко (Тажикстан) - 47.76 секунд.
Аялдар - Юлия Рахманова (Казакстан) - 52.91 секунд.
3000 метр:
Эркектер - Дмитрий Иванчуков (Казакстан) - 9 минут 44.52 секунд.
5000 метр:
Эркектер - Адилет Кыштакбеков (Кыргызстан) - 15 минут 06.19 секунд.
Аялдар - Гүлжанат Жанатбек (Казакстан) - 16 минут 36.93 секунд.