06.06.14 Түркияда Чыңгыз Айтматовдун үй музейи ачылды

Түркиянын маданий борбору Эскишехир шаарында мындан сегиз ай мурун кыргыздын уулу, дүйнөлүк алп жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун үй музейи жана кыргыз үйү ачылган экен. Кыргызстандан, Казакстандан Түркияга иш сапарга барган журналисттер тобу Чыңгыз Айтматовдун үй музейин жана кыргыз үйүн көрүп келүүгө аттандык. Бул кыргыз үйүн ачуу үчүн Кыргызстандан эки бозүй жасатышыптыр. Бирок бир бозүй бажыдан өтпөй, экинчисин өткөрүп, Эскишехир шаарындагы өзүнчө тарыхы бар, эски үйлөр жайгашкан жерге орнотулуптур.

Жакында, 10-июнда Чыңгыз Айтматовдун үй музейинин расмий ачылышы болот деп даярдыктар жүрүп жаткан кези экен. Расмий ачылышка жазуучунун уулу Аскар Айтматов менен Мухтар Шаханов келүүсү күтүлүп жатканын айтышты.
Жазуучунун үй музейине Ч.Айтматовдун кийип жүргөн бир сыйра кийимдерин алып келип тарых катары илип коюшарын айтты музейдин жооптуу кызматкери Хакан Турхан. Анын кийимдерин Кыргызстандан уулу Аскар Айтматов алып келерин убада кылыптыр. Чыңгыз агабыздын бөлмөсү жаңы ачылгандыктан ичиндеги китеп текчесинде анын түркчө которулган китептеринен башка эч нерсе жок, дубалда жаш кезиндеги сүрөтү илинип турат. Ал эми музейдин сыртындагы капталында Ч.Айтматовдун эстелиги, дубалдын боорунда жазуучунун чыгармаларындагы каармандардын сүрөттөрү илинген. Бул сүрөттөрдөн жазуучунун "Жамийла", "Ак кеме", "Кылым карытар бир күн", "Биринчи мугалим", "Гүлсарат" жана башка чыгармаларындагы каармандардын келбетин көрүүгө болот.
Жазуучунун үй музейинин жанындагы эл эс алуучу борбордо анын кинолорун көргөзүп, чыгармалары менен таанышууга болот дейт уюштуруучулар.
Түркиянын маданий борбору болгон шаарга кыргыз үйүнүн жана Чыңгыз Айтматовдун үй музейин ачуу демилгеси кимге таандык экени журналисттерди кызыктырбай койгон жок. Көрсө, бул демилгени түрк жараны Кыргызстан - Түркия аба каттамдарындагы "Түрк аба жолдорунун" учкучу Орал Бүйүлсары көтөрүп чыгыптыр. Тилекке каршы Орал Бүйүлсары мырза менен жолугуша алган жокпуз. Бирок музейдин жооптуу кызматкери Хакан Турхандын айтымында, Орал Бүйүлсары Кыргызстандын керемет жерине, элине, дилине кызыгып, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун талантына таазим этип, аны урматтагандыктан ушул ишти жасаган экен. Өзүнүн каражатына Кыргызстандан эки бозүйдү жасалгасы менен кооздотуп жасатып, Түркияга алып келүү ниети болуптур.
Бозүйдү жазуучунун үй музейинин эшигинин алдына тигип, ичи оймо-чиймелүү кооздолуп, кыргыздын колорити менен жасалганы көрүүчүлөрдү таң калтырганын айтты. Бирок азырынча бозүйдүн ичинде кыргыздын бир да улуттук буюмдары жок. Учурда жазуучунун үй музейиндеги бөлмөгө катарлаш кыргыз үйү менен жана бозүйгө улуттук буюмдарды коюу планда бар экен. Ошондуктан Кыргызстандан Түркияга келген коноктор, эс алуучулар кыргыз үйүн жана жазуучунун үй музейине улуттук буюм-тайымдар, сувенирлерди алып келсе ашыктык болбос эле дейт. Биз жазуучубуздун үй-музейине куру барбай кыргыздын шөкүлө кийген кыргыз куурчагы менен катар кичинекей бозүй, комуз алып барсак абдан кубанып кабыл алышып, бул буюмдарды атайын айнекке салып, көздүн карегиндей сактайбыз дешти. Жазуучунун үй музейине келгендер андагы чоң китепчеге кол тамга калтырып, каалоо-тилектерин жазып кетишет экен. Мен бул китепчеге алтынчы болуп кол тамгамды койдум.
Ал эми Түркияда жыйырма жылдан ашуун жашап жаткан жердешибиз Гүлзура Жумакунова бул жердеги кыргыздар жыл сайын Изниктеги илгерки кыргыздардын күмбөзүнө барып зыярат кылышарын айтты. Жыл сайын илгерки кыргыздардын күмбөзүнө май айынын биринчи жекшембисинде барып куран окуп турушат экен. Эгер бул жердеги кыргыз үйү жана жазуучунун үй музейи ачылса Түркияда жашаган кыргыздар да зыярат кылуу үчүн келип турушарына ишенет.
Кыргыз журналисттери менен кошо барган казактар да ошол жерден Түркияга казак үйүн ачууга неге болбосун деген демилгени көтөрүп чыгышты. Алар дароо эле Түркияда жашаган казак боордошторуна кабарлап, казак үйүн ачабыз деген атаандашуу пайда болду.
Кыргыздар деле намыскөй калк болот эмеспизби. Ошол жерден биздин бул үйдүн ичин толтурууга Түркияга барган жарандарыбыз жардамга келет деген ишенимде болдук. Антпесе казактар биз мындай үйдү тез эле кооздоп, толтуруп коебуз деп өпкө кагышты.
Андыктан кыргызды сыйлап, жазуучубузга таазим этип ушул демилгени өз каражаты менен көтөргөн түрк жараны Орал Бүйүлсарыга ыраазычылык билдирип, Кыргызстандан Түркияга каттаган мекендештер желбиреген кызыл байрагыбызды баш кылып, бөтөн элдин бүйүрүн кызыткан кооз буюмдарыбызды алып барат деген ишенимде кайттык.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, сүрөттөр автордуку