п»ї
Агым
Бир
бүркүм…
Ошто газдын жок болгонуна 54 күн болду. "Республика" фракциясы өкмөттү элди алдаганы үчүн сотко берүүнү талап кылды.
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жолугушуусунда бирдиктүү телеканал ачуу маселеси каралды.
Кыргызстанда Азербайжандын инвестициялык фонду жана банкы ачылат.
Бишкекте атайын жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында 158 маршруттук такси санитардык жана техникалык жактан талаптарга жооп бербегендиги үчүн жумушунан четтетилди.
Кыргызстандыктар үчүн Улуу Британияга визаларды алуу жеңилдейт.
7-апрелге байланыштуу сот отурумунун кезектеги жыйыны 7-июлга жылдырылды.
Жаңы зеландиялык окумуштуу Дункан Стил Malaysia Airlines компаниясынын учагын Кыргызстандын тоолорунан изилдеш керек деп чыкты.
Түркия менен Кыргызстандын товар айлантуусу 1 млрд. долларга чейин көбөйүшү күтүлүүдө.
Июнь айында Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттайт дейт адистер.
Ошто дин кызматкерлери жакшылык, жамандыкта кетирилген ашыкча чыгымдарды азайтуу боюнча күрөш башташты.
"Ат-Башы" ГЭСин реконструкциялоо үчүн Швейцария 1 млрд. сомдон ашык каражат бөлүп берет. Реконструкция ойдогудай болсо "Ат-Башы" ГЭСи дагы 25-30 жыл кызмат кылып берет.
ИИМдин түштүк региону боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмү жыл башынан бери 77 кылмыштын бетин ачып, 18 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн камады.
Меккедеги курулуш иштерине байланыштуу быйыл Кыргызстанга былтыркыга караганда 900 адамга аз квота берилген. Былтыр 4500 адам ажылык сапарга барса, быйыл болгону 3600 адамдын барышы күтүлүүдө.
Алайдагы жол тоскондорго камактагы депутат Акматбек Келдибеков жолду ачуу боюнча өтүнүч катын жиберген. Бирок жол тоскондор Келдибековдун өтүнүчүн аткарышкан жок.
Нарында эл аралык инвестициялык форум болуп өттү.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 5-8 жашар балдардын катышуусунда ынтымак кечесин өткөрдү.
Кыргыз өкмөтү Барак эксклавына Өзбекстандан коридор сурап кайрылат.
Бакиев тушундагы окуяларды камтыган саясый детективди журналист Бермет Букашева китеп кылып чыгарды.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча кезектеги көп программанын бири бекитилди.
Жыл башынан бери өлкөдөгү өрт кырсыктары 41 адамдын өлүмүнө себепкер болду.

"Жаңы Агым" - пресс



а ­е¦Є.НҐй«