п»ї
Агым
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Жогорку Кеңештин "Ата журт" фракциясынын депутаты Акматбек Келдибековго карата кылмыш ишин кароону 27-июнга чейин узартты жана аны камакта калтырды.
Үстүбүздөгү жылдын 29-майынан 6-июнуна чейин катуу жааган нөшөрдөн улам айрым тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлөт.
Орусиялык "Газпром" компаниясы Ош шаарына газ берүү маселеси боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Түштүк Корея келечекте Кыргызстанга бейтапкана ачып, аны мыкты медициналык жабдыктар менен жабдууга кызыкдар.
Ош, Баткен облусунда 1000 аял медициналык текшерүүдөн өтүп, анын ичинен эки жүзү рак оорусуна кабылганы аныкталган.
Чек ара кызматкерлеринин айлык акысы төмөн болгондугунан улам учурда 300гө жакын жумуш орун бош турат.
Ош облусунун Кара-Суу районунун 1987-жылкы тургуну 5 айлык баласын 70 миң сомго баалап сатып ийген.
Кургак учук, рак ооруларынын башаты болгон кальян чегүүгө тыюу салынган мыйзам иштелип чыгат.
Менингит оорусуна кабылгандардын саны 116 адамга жетти.
Жети-Өгүз районунун тургуну мас абалында айылдашын бычак менен сайган. Бычак маркумдун денесине бир нече жолу матырылып, жыйынтыгында ооруканага жетпей көз жумган.
Абактарда жолугушчу бөлмөлөр сыналгы, аудио-видео техникалар менен жабдууланып, душ кабиналары коюлат.
Депутат К.Иманалиев Кеминдеги селден жабыркаган тургундарга 700 даана шифер, 12 тонна цементти жардам катары тапшырды. Эске салсак, ушул жылдын 7-8-майында Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылын сел каптап 240 үй жабыр тарткан.
"Учур" жаштар театры 2-6-июнда Нарын облусунда, Жумгал районунда Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдыгына карата "Ак Мөөр" спектаклин коюшат.
Россиянын Ростов-на-Дону шаарында түшкөн чагылгандан Кыргызстандын 23 жаштагы жараны каза болду. Анын жанындагы 28 жаштагы жолдошунун буту күйүп бейтапканага жеткирилген.
Меккеге сапар тарта тургандар менингит менен сасык тумоого каршы эмдөөнү 12-июндан тарта ала башташат.
2016-жылга чейин 1-4-класстын окуучуларына ысык тамак бериле баштайт. Бул иштин жалпы бюджети 11, 4 млн. долларды түзөт.
Нарында Бажы биримдигине киргенден кийин жашоо шартты кантип жакшыртуу керек деген темада форум өтөт. Форумга биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, ЖКнын айрым депутаттары жана Кытайдан келген инвесторлор катышат.
Жумгал районунун 1981-жылкы тургуну эркиндикке чыкканына 9 күн болгондон кийин экинчи топтогу майып кызды зордуктаган. Ал мурда да ушул берене менен сот жообуна тартылган.

"Жаңы Агым" - пресс



а ­е¦Є.НҐй«