23.05.14 Түштөн кийин
Какшаганыбызга карабай кол койду

Ошентип 17-майда көптөн бери төртүнчү бийлик өкүлдөрүн чочулаткан мыйзам долбоорун Президент да жактырды. Тактап айтканда, ушул күнү өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү" мыйзамына кол койду. Чынында бул коомчулук үчүн күтүлбөгөн окуя болду. Анткени буга чейин бул мыйзам долбоору боюнча ММКларда, социалдык интернет булактарында көп талкуу болуп, Президентти бул мыйзам долбооруна кол койбоого чакыргандар жетишерлик эле болгон. Ошондон улам ММК өкүлдөрү, бийлик бутагындагылар, саясатчылар да бул мыйзамга ажо кол койбойт деген ишенимде болчу. Президент бул мыйзамга кол койгондон кийин анын маалымат кызматы бул мыйзам боюнча түшүндүрмө берди.

Маалымат кызматынын билдиришинче, бул мыйзам кылмыш кылгандыгы тууралуу такталбаган маалыматтарды тараткан адамдарга айрым учурларда кылмыш жоопкерчилигин колдонууну киргизген башка өлкөлөрдүн (АКШ, Германия, Бельгия, Австрия, Норвегия, Дания, Испания, Литва, Латвия, Польша, Швеция, Англия) тажрыйбасын эске алган. "Мыйзам чыгаруу органы "ушак" түшүнүгү менен "кылмыш кылуу боюнча айыптоо" түшүнүгүн бөлүүнү туура деп тапты. Анткени "адамдык ар-намыска, абийирге шек келтирген маалыматты таратууга" салыштырмалуу кайсы бир адамдын кылмыш кылгандыгы тууралуу маалыматты таратуу таптакыр башкача натыйжа берет. Ошол себептен Кылмыш кодексинин 329-статьясы өзгөртүлдү. Кылмыш процессуалдык кодексинин 151-статьясынын 3-бөлүмүндөгү юридикалык "атайылап таратылган жалган маалымат" деген термин "кылмыш кылуу тууралуу таратылган жалган маалымат" деген терминге алмаштырылды" деп жазылат Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүндө. Буга улай ажо маалымат кызматы бул өзгөртүү жарандардын эл алдында сүйлөгөн сөздөрүндөгү жана физикалык, юридикалык жактардын билдирүүлөрүндөгү кылмыш кылуу фактыларын кайсы бир деңгээлде укук коргоо органдарынын милдеттүү түрдө тактоосуна байланыштуу экенин кошумчалайт.
"Кайсы бир адамдардын кылмыш кылгандыгы тууралуу ачык айыптоолордун тастыкталбай калышы элдин мындай маалыматтарга болгон ишенбөөчүлүгүн жаратып, кылмыштуулук менен күрөшүүгө шыктанган мамлекеттик органдардын демин суутуп жатат. Бул өзгөртүүнүн ишке ашышы биринчи кезекте укук коргоо органдарынын укуктук тартипти камсыз кылуу жоопкерчилигин жана физикалык, юридикалык жактардын тараткан маалыматтарынын тактыгына, ишенимдүүлүгүнө болгон жоопкерчилигин жогорулатышы керек. Ушул эле статьядан коомдук жумуштар, чыгымды калыбына келтирүү менен коомчулук алдында ачык кечирим суроо, түзөтүү иштери сыяктуу айрым альтернативдик жазалоо түрлөрү алынып салынды" делет аталган билдирүүдө. Өлкө башчысынын маалымат кызматынын билдиришинче, бир статьяда бир нече жаза түрүнүн болушу көп учурда соттун каалаган жазасын чегерип коюусуна шарт түзөт. Бул мүмкүнчүлүктүн өзү коррупциялуу, ошондуктан буга жол берилбеши керек деп түшүндүрөт маалымат кызматы.
Ошондой эле аталган кызматтын билдирүүсүндө, "атайылап жалган билдирүү жасоо" түшүнүгүн өзгөртүү эл аралык, коомдук уюмдардын тынчсыздануусун жараткан. Кабыл алынган мыйзам Конституцияга каршы келет деген пикирлер да айтылган. Тактап айтканда, ар бир жарандын өз оюн эркин айтуу, сөз жана басма сөз эркиндигинин кепилдиги тууралуу, адамдын ар-намысына шек келтирген же басмырлаган маалымат тараткандыгы үчүн кылмыштык куугунтуктоого тыюу салуу жөнүндөгү статьялар бузулуп жатат деген ойлор айтылган. "Бирок кабыл алынган мыйзамдын мазмундук анализи анын эл аралык укук тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынып, киргизилген өзгөртүүлөр сөз эркиндигин чектебегендигин жана адамдык ар-намыска шек келтирген маалыматты тараткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну бекитпегенин көрсөтүп турат. Конституцияга да каршы келбейт" дейт Президенттин маалымат кызматы. Буга улай аталган маалымат кызматы жасалган кылмыш тууралуу алгачкы маалымат кылмыш процессинде кылмыш тууралуу билдирүү катары эсептелерин, экинчиден, мыйзамда сөз жөн гана жалган билдирүү жөнүндө эмес, а кылмыш тууралуу атайылап жасалган жалган билдирүү жөнүндө сөз болуп жатканын баса белгилеген.
"Жаңы өзгөртүү киргизилген соң "кылмыш тууралуу атайылап жасалган жалган билдирүүнү" далилдөөгө "атайылап жасалган жалган билдирүүнү" далилдегендей эле факты, процедуралар керек. Жалпысынан мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр укук коргоо органдарынын жана соттун туура, мыйзамдуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу мыйзамдарын өнүктүрүүгө багытталган" деп аяктайт Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсү.
Бир караган адамга бул ажонун журналисттер алдындагы актануусундай көрүнөт. Бирок бул билдирүүнүн айрым жерлеринде ММК өкүлдөрү моюнга ала турган, эске ала турган жагдайлар да бар. Албетте, Президенттин бул мыйзамга кол коюсун сөз эркиндигин кысымга алуу катары баалаган журналисттер көп. Бирок ошол эле мезгилде муну туура көргөн төртүнчү бийлик өкүлдөрү да жок эмес. Эң негизгиси бул мыйзамдын иштээр-иштебеси маанилүү. Жакшылап түшүнгөн журналистке бул мыйзамдын анчалык деле коркунучу жок. Анткени бул мыйзам баштапкы вариантынан биртоп өзгөртүлүп, ММКларга тиешелүү мурдагы мыйзамдарды эле кайталоо болуп калган.

Мелис СОВЕТ уулу




Өкмөт элди багабы же чөнтөгүн кагабы?
Учурдагы өкмөт ар качандан бир качан "биз дыйкандардын шартын жакшыртабыз", "аларды камкордукка алабыз", "арзан май, техника, үрөн, жер семирткич менен камсыз кылабыз", "арзан насыя берип жатабыз" деген сөздөрдү жадыбалдай жатка айтканды жакшы көрөт. Бирок айтылган сөз ошол залдан чыгып, айылдарды аралабай эле, сөз ишке өтпөгөн бойдон кала бергени турмуш чындыгы. Ал үчүн бизде мисалдар арбын. Айталы…



Быйылкы жылы өкмөт дыйкандар менен фермерлерге 10 пайыздык үстөк менен жалпысынан 5 млрд. сомду жеке менчик банктар аркылуу берерин тээ кычыраган кышта эле айткан болчу. Бирок бул насыяны күтүп, жүздөгөн айылдык дыйкандар жер-жерлердеги банктардын эшигин жыртып отуруп ушул кезге келишти. Бизге белгилүү болгондой, өкмөт банктарга канчалык талап койбосун, алардын кредиттик портфелдери чектелүү болгондуктан өкмөттүн насыясы эрте жаз менен элге жетпей калды. Сөз кургак болбосун, Ат-Башы районунда тээ февраль-март айларында тиешелүү документтерди банктарга тапшырган дыйкандардын теңи кечээ, май майрамдарынан кийин араң, айдап-себүү ортолоп, мал кымбаттап, жайлоого чыгып кеткенде насыяга жетишип, эми аны эмнеге колдонорун билбей, акчаны алаканга салып ойлонуп отурушат. Өкмөт менен банктын аны менен иши эмне, эртең эле дыйкандарды желкелеп, "насыяны үстөгү менен төлө!" деп үстөмөндөп турганы турган.
Ал ал болсун. Өкмөт быйылкы жылы да адаттагыдай эле Өзбекстандан 200 миң тоннага чукул жер семирткичтердин түрүн сатып алды. Бирок бул дыйкандарга керектүү минералдык заттар өкмөттөн дыйкандардын колуна жетпей, орто жерден ортомчулук кылган жеке менчик компанияларга да таркатылып, натыйжада кымбат баада сатылганын угуп жатабыз. Маселен, кечээ, Көлдүн Ак-Суу районунун эли менен ЖКнын депутаты Дамира Ниязалиеванын жолугушуусу учурунда өкмөттүн өзүмбилемдигине ичи күйгөн жергиликтүү эл "бул өкмөт элди ойлобойт окшойт. Болбосо Өзбекстандан келген жер семирткичтерди жок дегенде Бишкекке жеткирбей, Кара-Балтага түшүрүп койсо болот беле?! Темир жол деген кудайга шүгүр Кант, Кемин, Балыкчыга чейин жетет, ошол жактарга түшүрүп койсо, Чүй, Көл, Нарын аймактарынын дыйкандары оңой алат элек го?!" деп каңырыктары түтөп турду. Алардын айтымында, учурда Каракол шаарындагы жеке дүкөндөрдө ошол Өзбекстандын 15-17 сомдук жер семирткичтери 26-30 сомго чейин сатылып жатыптыр. Бул өкмөттүн элге кылган камкордугубу же кыянаттыгыбы?!
Эми кечээки өкмөт катуу пиар кылып, жер-сууга чейин жарнамаларды жайнатып жатып өткөргөн "Айыл-Агро-2014" аталышындагы айыл чарба жарманкесине келели. ММКлардан окуп, угуп, көрүп жаткандар дыйкандар менен фермерлер үчүн бул иш-чараны өкмөт өзү уюштуруп жатат деп түшүнүштү. Бирок биздин иликтешибизче андай эмес экен. Тагыраагын айтканда, биздин кагаз толтурганга эле жараган жармач өкмөтүбүз, аты улук, супурасы курук Айыл чарба министрлигибиз бир жарманкени өз колу менен уюштура албай, аны да орус акелердин бир айыл чарба техникаларын өндүрүүчү ишканасына тапшырыптыр. Балким бул көргөзмө аркылуу өздөрүнө пайда таап алуу үчүн орус компаниясы өкмөттөн өзү суранганбы деген да шектүү ой жаралып турат бизде. Себеби эл аралык деген аты болгону менен эл аралык деңгээли жок, эч кандай шарттары түзүлбөгөн бул көргөзмө дыйкан-фермерлер үчүн маалыматтык негизде пайдасы болгондур, бирок ошол дыйкандарга айыл чарба шаймандарын сунуштаган тараптар үчүн анчалык деле жыргатарлык болбоптур. Бул боюнча "Агро маркет" айыл чарба техникаларын сатуучу ишкананын Кыргызстандагы өкүлү Манас Саматов өзүнүн соцтармактагы барагына ачуу фактыларды ачык жазып чыкты. Анын маалыматына таянсак, өкмөттүн атын жамынган уюштуруучу орусиялык компания Бишкектин борбордук эски аянтындагы жарманкеге катышууга кызыкдар компаниялардан оңбогондой эле каражатты кагып алыптыр. "Биздин бийлик уюштуруучу катары орустардын бир компаниясын тандаптыр. 150 чарчы метр, үстү ачык, куру жерге 9000 АКШ долларын төлөп катыштык. Электр энергиясына туташтыруучу точкасы жок, чатыр, стол-стул дегенден кабар жок, өзүбүздүн кадимки эле асфальттанган таптакыр жылаңач жерибизге акча төлөттүрүп кыргыз өкмөтү көз көрүнөө орустардын колу менен бизди тоноду. Эл аралык жарманкелердей, элдерди бири-бири менен тааныштыра тургандай банкет, фуршет дегенден дайын да жок. Үч күн ичинде уюштуруучулардан бирөө жарым басып да келген жок. Келген кишилер үчүн түрмөнүн кириш-чыгышы сыяктуу режим орнотушуп, көргөзмөнүн айланасын түрмөгө окшотуп темир тор менен тосуп чыгышыптыр. СССР жыттанган жапайы көргөзмөнү өмүрүмдө биринчи жолу көрүшүм" дейт ал өз баракчасында.
Ошентип биздин өкмөт, анын ичинде айыл чарба тармагын тескеген Тайырбек Сарпашевдин күпүлдөгөн күчү сөз жүзүндө эле калып, анын адамды эргиткен таттуу убадаларынын таш-талканы чыгып жатканын ачык айтып коюуну абзел деп турабыз. Бизде баягыдай эле, өкмөт өз жолу менен, эл өз жолу менен оокат кылып, бирине-бири ишенбей, таянбай эле жашоо уланууда...

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ