23.05.14 Алгандын бермейи кыстаганда көрөбүз
Кытай Кыргызстанга 80 млн. доллар грант бермей болду

Өткөн жума аягында Кытайга барган Президент Алмазбек Атамбаев 20-майда Шанхайдагы маалымат жыйынында Кытайга болгон иш сапар жемиштүү болгонун билдирди. Өлкө башчынын айтымында, Кытайдын Кыргызстанга жардам берүү чечимдерин тез арада кабыл алганы чоң олжо болду.

"Жалпысынан алганда бул иш сапардын алкагындагы маселелердин бардыгы чечилди. Бизге Кудай жардам берип жатат" дейт өлкө башчысы ал жыйында. Президенттин билдиришинче, иш сапарда эң татаал маселе Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун экинчи фазасына 300 млн. доллар жеңилдетилген кредит тартуу маселеси болгон. Кытай тарап бул маселени карап чыгууга убада берген. "Мындан сырткары, Кытай бийлиги менен Бишкектин жолдорун оңдоого 30 млн. доллардан ашык грантты алуу келишимине кол коюлду. Ушул эле багытта кыргыз тарап сугаттык долбоорлорго кредит берүүнү сурап, Пекин 50 млн. доллар грант берүүнү убада кылды" дейт өлкө башчы. Буга улай Президент Кытай өз территориясында Кыргызстандын айыл чарба продукциялары, анын ичинде кой, уй эти үчүн атайын базар ачууга макулдугун бергенин баса белгиледи. Ошондой эле бул иш сапар учурунда кыргыз-кытай газ куурун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча координациялык комитет түзүү меморандумуна кол коюлган. Эки тараптын теңтөрагалары башкарган комитет бажы, салык, долбоорлоо, жерди бөлүп берүү, чек аралык уруксаттарын каттоо, курулушту жүргүзүү, курулуш объектилерин баштоо, кабыл алуу маселелерин оперативдүү чечип берип турат. "Транс-Кыргыз Газ PIPELINE COMPANY LIMITED" компаниясы сала турган газ кууру Кыргызстандын аймагында 215 чакырымга созулуп, Түркмөнстандын газын Кытайга жеткирет. Бул меморандумга кол койгон Энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, аталган газ түтүгүнүн Кыргызстан аркылуу өтүшү алдыдагы отуз жылда 2,5 млрд. доллар пайда берет.
Жогоруда айтылгандардан сырткары Президенттин Кытайга болгон бу жолку иш сапарында Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча эки тараптуу кредиттик келишимге жана өкмөт, министрлик, мамлекеттик кызматтар ортосунда эки тараптуу бир нече келишим, меморандумдарга да кол коюлган. Ошондой эле кыргыз тарап Кытай жетекчилигине Кыргызстандын түндүгүнөн түштүгүнө кете турган темир жолго Кытай темир жолун кошуу сунушун келтирген.




10,5пайыз "өскөнүн" өзүнөн башка адам байкабаган Оторбаев

Шаршембиде премьер-министр Жоомарт Оторбаев парламентте өкмөттүн 2013-жылдагы ишмердиги боюнча отчет берип, өткөн жылы өлкө ИДПсы 30 млрд. долларды түзүп, экономикалык өсүш 10,5 пайыз болду деп оозду ачырды. Премьердин айтымында, бул көрсөткүч КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги алдыңкы көрсөткүч жана өсүштөр негизинен өндүрүш, кызмат көрсөтүү, айыл чарба жана курулуш тармактарында байкалган. Депутаттар анын айтканына ишенишпей, өткөн жылы өсүш болсо быйыл жыл ортолобой жатып неге казынабызда олчойгон тартыштык бар деп жарга такашты.
Жоомарт Оторбаев мырзага ишенсек, 2013-жылы энергетикалык, инфраструктуралык долбоорлорго жалпысынан 5 млрд. доллар инвестиция тартылган. Алардын негизгилери Жогорку Нарын ГЭСтер каскады, түндүк-түштүк альтернативдик жолу, Датка-Кемин электр чубалгыларын тартуу болгон. Буга улай премьер-министр өткөн жылы инфляция 4 гана пайыз болуп, өкмөт капиталдык курулуштар үчүн ири суммаларды бөлүп, дыйкан-фермерлерге 3 млрд. сомдон ашык кредит бергенин айтат. Премьердин айткандарына ишенбеген ЖК депутаты Урмат Аманбаева былтыр экономикалык өсүш болсо неге быйыл төрт ай ичинде 1,5 млрд. сомдук салык чогулбай калганына кызыкты. Өкмөт башчы төрт айда өлкө казынасынын киреше бөлүгүндө 2 млрд. сом дефицит болуп жатканын айтып, депутаттын суроосуна так жооп бере алган жок. Оңой кутулайын дедиби бул дефицитти жоюуга Бажы, Салык кызматына тапшырма берилгенин айтып буйтап өттү. Буга улай премьер бюджет тартыш болгону менен өкмөт социалдык төлөмдөрдү убагында төлөп жатканын бетке кармады. Баарынан да өкмөттүн казына бөксө болсо да 2014-жылы экономикалык өсүш 10 болбосо да 5 пайыз болот деген оптимисттик билдирүүсү кызык болду.
Кечээ парламент депутаттары өкмөт башчынын отчетунун уландысын угушуп, Жоомарт Кайыповичти жакшы эле каарып алышты. Депутаттардын бири Кыргызстандын тышкы карызы учурда канча экенине кызыкты эле, өкмөт башчы карыздардын жалпы көлөмү мурда бир топ жогору болгондугун баса белгилеп өттү. "Биз тышкы карыздарды ИДПнын жалпы көлөмүнүн 50 пайызы деңгээлинде кармашыбыз керек. Бул өлкөнү өзүн кармап туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Учурда тышкы карыз ИДПнын 45 пайызын түзөт. Бул нормалдуу цифра. Айрым депутаттар алынган кредит, гранттардын жарымы уурдалып жатат дешет. Алардын баары жол курууга, энергетика тармагына кетип жатат" деп актанып алды Ж.Оторбаев. Депутаттардын айрымдары учурдагы чек ара, көгүлтүр от, көмүскө экономика сыяктуу маселелердин чечилбей жатышы боюнча өкмөт башчысын коколоп, айрымдары премьерди отставкага кетирүү демилгесин да көтөрүп жиберишти. Берилген суроолорго жылмалап, айлантып жооп берген өкмөт башчы "депутаттардын сындоолору демократиянын өнүккөндүгү" демиш болуп суудан кургак чыкты.
Ушу тапта 40 күндөн бери газы жок жашоо өткөрүп жаткан Ош шаарында газ качан болоору тууралуу маселеге өкмөт башчы "Өзбекстандын бийлиги бизди укпай атат, телефон чалсак албай жатат" деп жаш балача актанды. Депутаттар коңшу өлкөгө суу берүү-бербөө рычагын колдонбойсузбу дешти эле, премьер эч нерсе дебеди.
Биртоп талаш-тартыштан соң депутаттар 69 добуш (73 депутаттан) менен премьер-министрдин 2013-жылга карата отчетун канааттандырарлык деп табышты. Жоомарт Оторбаев депутаттардын баасына ыраазычылыгын билдирип, мындан ары сессияда айтылгандар эске алынып, чечилерин убада кылды. Убакыт келсе эми аны да көрө жатарбыз.

Мелис СОВЕТ уулу





Бир бүркүм…
"Ар-намыс" фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев электр энергиясына болгон бааны жогорулатуудан бөлөк пайда түшчү булактарды издөөнү сунуш кылды.
24-май күнү белгиленчү акыркы коңгуроо майрамында балдардын коопсуздугун кайтарууга 800 милиция кызматкери бекитилди.
ЖК спикери Асылбек Жээнбеков түштүк жергесинде көгүлтүр от жок болуп жаткан кезде электр энергиясын да өчүрүп жаткандары акылга сыйбай турган иш экенин билдирди.
Жумгал районунда Түгөл-Сай менен Таш-Дөбө айылынын ортосундагы 3 чакырымга жеткен жолду оңдоо иштери башталды.
2014-жылда акыркы төрт айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган 284 факт катталды.
Бишкекте 22-майдан тарта балдардын кол өнөрчүлүк көргөзмөсү ачылды.
"Ата журтчу" депутат Жылдызкан Жолдошева ЖКнын кезектеги отурумунда өкмөттүн курамы иштей албаса бийликтен кетиши керектигин билдирди. "Ошто көгүлтүр от же электр энергиясы жок. Адамдар эмне үчүн мынчалык кыйналыш керек?" деди.
Ош шаарында айдоочу ойноп жүргөн баланы сүзүп албоо ниетинде буйтап, унаасы менен арыктын ичине кирип кеткен.
Тоолуу райондордо кар түшкөнүнөн улам Төө-Ашууда жол тайгак болуп, кыймыл оорлоп, автотыгын пайда болууда.
Алай районунун Үч-Төбө айылында чоң суунун боюна белгисиз адамдар жыйырма эшектин терисин сыйрып таштап кетишкен.
Мектептеги башталгыч класстын эки окуучусу класс жетекчисинин капчыгынан 4,5 миң сом уурдап милициянын колуна түшүп, ата-энелеринин коштоосунда сурак беришти.
Бишкек мэриясы шаардагы веложолдордун картасын даярдап, жалпысынан узундугу 60 чакырым тротуарларды даярдап, эл экологиялык жана арзан транспорт колдонушарын кабарлады.
Бишкек шаарындагы №26 жаза аткаруу мекемесинин жооптуу кызматкерлерине карата абактагы адамды түрмөдөн мыйзамсыз чыгарып, ал кара жумушчу катары 8 ай иштеген соң качып кеткендигине байланыштуу кылмыш иши козголду.
"Паспорт королу" атыккан Дмитрий Цойдун адвокаты ага карата каралоо кампаниясы башталганын жарыя кылды.

"Жаңы Агым"- пресс