п»ї
Агым
Бабырбек акыркы ак карга...

Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев электр энергиясына болгон бааны кымбаттатабыз дегенден бери коомчулуктун тынчы кетип, ансыз да араң жашап жаткан эл кулак түрүп турган кези. Бул боюнча Жоомарт Оторбаев деле, Алмазбек Атамбаев деле макул болгондой үн катпай турушат. Бирок ушундай маалда өкмөттүн короосунан Мамантимонополия агенттигинин башчысы Бабырбек Жээнбеков жападан жалгыз ак карга болуп чыкты. "Биздин эсептер боюнча электр энергиясын ашып кетсе 15-20 тыйын кошуп, болбой калды дегенде 1 сомго көтөрүүгө болот. Же болбосо Энергетика министрлигинин чыгашасын азайтып, жоготууларды кыскартуу менен бул абалдан чыгуу боюнча да сунуштарыбыз бар" деди ал парламенттеги өкмөттүн отчеттук жыйынында өктөм сүйлөп.
Эми аягы эмне болор экен, мындай "өздөн чыккан жаттар" өкмөттө көпкө турчу эмес эле... Бирок биз тескерисинче, эгер Жоомарт Кайыповичтин эрки жетсе "анда ошол эсептериңди ишке ашыр, энергетиканы көтөрө албасаң, эркек эмессиң!" деп туруп, энерготармакка министр кылып салса деп ойлойбуз. Сөз менен иш акыры айкалышы керек да...





Рустам Токтогуловдун денеси табылды

Кечээ 20-февралдан бери дайынсыз делинип жаткан милиция кызматкери Рустам Токтогуловдун денеси Жумгал районунун Беш-Терек айылынын Кара-Жээк аймагында суудан табылды. Эске салсак, ал өткөн жылы Жумгал районунун жашоочусу Айбек Мамбеталиевдин өлүмүнө шектүү делинип эки кесиптеши менен кармалган болчу. 2014-жылы 20-февралда Жумгал райондук сотунда үч милиция кызматкеринин соту болуп, каза болгон жигиттин жакындары, айылдаштары сот залында аларга бензин чачып өрттөшүп, Рустам Токтогуловду белгисиз жакка сүйрөп кетишкен. Кийин бул окуяга тиешеси бар делип 13 адам кармалып, алардын бешөө Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган. Буга чейин кармалгандар жана алардын жакындары Рустам тууралуу эч нерсе билбестигин айтып келишкен. Куткаруучулар 22-февралдан бери аны издешип, 8-майда издөө иштерин токтотушкан эле. Учурда соттук-медициналык экспертиза дененин сууда канча убакыттан бери жатканын аныкташууда. Токтогуловдун денеси сот процесси болгон жерден 4 чакырым алыс аймактан табылган.





а ­е¦Є.НҐй«