16.05.14 Курсан АСАНОВ:
"Баткендиктер губернатордун отставкасын талап кылып жатышат"
7-май күнү Тажикстандын жарандары Кыргызстандын Баткен районунун Орто-Боз жана Көк-Терек айылдарына басып киришип, жергиликтүү калкка тиешелүү үч контейнерди, эки КамАЗды чиркегичи менен, эки бөлмөлүү дүкөндү жана "Орунбай ажы" май куюучу бекетин атайылап өрттөп, талкалап салышкан. Кабарчыбыз КР Ички иштер министринин орунбасары, милициянын генерал-майору Курсан АСАНОВДУ жеринде кепке тартты.


- Курсан мырза, аталган фактылар туурасында коңшу өлкөнүн жетекчилиги кабардар бекен?
- Кантип билишпесин? 7-май күнү саат 19.20 чамасында Баткен районуна караштуу Жеке-Өрүк тилкесинде Кыргызстан жана Тажикстан жарандары өз ара чатакташа кетишкен. Буга Баткен - Исфана автожолу аркылуу бараткан кыргыз жаранынын автоунаасына тажиктер күтүүсүздөн кол салып, таш менен ургулаганы себеп болгон. Мунун кесепетинен эки тараптан заматта 1500 чакты киши чогулуп, түнкү саат 9дарда Төрт-Көчө деген аймакта тажиктер Бишкек - Исфана автожолун биротоло бууп таштаганга катуу аракет кылышкан. Бирок кыргызстандыктар буга мүмкүнчүлүк беришкен эмес.
Ошондон кийин, тактап айтканда саат 22.30дар чамасында Баткен районундагы Көк-Терек кыштагына тажиктер басып киришип, май куюучу бекетти, соода дүкөнүн жана эки жүк жүктөгөн автоунааны элдин көзүнчө өрттөп ийип атышпайбы.
8-майда таңга маал Кыргызстандын укук коргоо жана чек ара органдарынын аракети аркасында чыр-чатак ырбабастан жеринде кансыз басылды. Буга улай эки өлкөнүн чек арачылары жана укук коргоо органдары расмий түрдө бетме-бет жолугушуп, бирдиктүү аракеттенүүнүн планын түзүп, азыр ошону чогуу-чаран жүзөгө ашырып жатабыз.
- Өз ара чырдашуудан жапа чеккендер кантишти экен?
- Чатакташуу маалында тогуз мекендешибиз түрдүү даражада жабыркаган. Анын ичинен экөөнүн акыбалы дагы деле оор бойдон калууда. Баары Баткен аймактык ооруканасына жеткирилип, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат.
Ал эми эки тараптуу өз ара сүйлөшүүнүн жыйынтыгына ылайык, Тажикстандын укук коргоо органдары келтирилген зыяндарды бүт бойдон төлөттүрүп берүүнү бизге катуу убада кылышты. Мындан тышкары уурулук, каракчылык, бейбаштык, талап-тоноочулук жана чек араны бузгандык фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, буга түздөн-түз тиешелүү тажик жарандарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу жагын коңшулардан катуу талап этип жатабыз.
Ошол эле учурда Баткен районунун тургундары менен жолугушуп, чагымчыл күчтөргө азгырылбоосун абдан өтүнүп жатабыз. Кудай сактасын, мындай учурдан айрым сырткы арам ойлуу күчтөр пайдаланып, кыргыз-тажик ортосуна от жагып кагылыштыруусу толук ыктымал.
- Курсан мырза, чек ара тилкелериндеги мындай чыр-чатактар биринчиси эмес. Мындай чатактар деги качан токтошу мүмкүн?
- Баткен районунун Орто-Боз жана Көк-Терек айылдарынын тургундары өкмөткө бир катар орчундуу талаптарды коюшту. Алар Баткен облусуна Мамат Айбалаевди губернаторлукка токтоосуз дайындоону, Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык автожолунун курулушун тездетүүнү, делимитация жана демаркацияны толук бойдон бүтүрүүнү, 7-майда кыргыз аймагына басып киришкен Тажикстан жарандарына ок атуучу курал колдонбогон кыргыз чек арачыларын аеосуз жазалоону, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Раззаковдун токтоосуз түрдө отставкага кетүүсүн талап этишти. Биз бул маалыматтын бардыгын Ак үйгө жеткирдик. Алар кандай чечим кабыл алышат, албетте өздөрүнүн эрки.
А учурда Баткендин аталган айылдарында Кыргызстандын күч органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Алар бул сапар ээнбаштыктын дагы кайталанбасына жол беришпейт деп терең ишенем.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Баткен облусу, сүрөттөр автордуку





Жалал-Абад
Малак курттарды кол менен тергенден башка жол жок

Кыргызда "колдо бар алтындын баркы жок" деген макал бар. Муну айтканым, Кыргызстанда не деген керемет, саламаттыкка, экологияга, экономикага зор салым кошо турган токойлор бар. Алардын бири акын, жазуучуларыбыз чыгармаларында сүрөттөгөн керемет Арсланбап жаңгак токою. Кезинде АКШ президенти Гарри Трумэн СССР жол башчысы Иосиф Сталинге бекеринен "эгер Советтер Союзу Кыргызстандын жаңгак токойлорун 50 жылга убактылуу пайдаланууга берсе, АКШ СССРдин карыздарынын көбүн кечүүгө даяр" деп айтпаса керек. Мунун өзү эле Арсланбап жаңгак токоюнун канчалык баалуу, канчалык пайдалуу экенин айтып турат. Муну биле туруп бул жаңгак токоюн азыркыга чейин бир жагынан жергиликтүү эл кыйып келатса, экинчи жагынан аны малак курттар, кабык жегич коңуздар азайтып келет.


Быйыл жаз аягы менен зыянкеч курттар, коңуздар Жалал-Абад облусунда кеңири жайылып, жаңгак токойлоруна катуу чабуул жасай башташты. Отуз гектардан ашык жердеги Арсланбап жаңгак токою кылымдардан бери жергиликтүү элди кирешелүү кылып, ар жылы миңдеген туристтерди кабыл алып келген.
Бирок быйыл аталган токой өтө кооптуу абалга кептелип отурат. Мамлекет жаңгак токойлорун кыюуга мораторий жарыялаган менен жаңгак уюлуна кызыккандар, отунга чыккандар жаңгак бактарын кыюуну токтотпой келатканы жашыруун эмес. Бул аз келгенсип учурда жаңгак бактарын зыянкеч курттар, коңуздар жеп жатышат. Токойду химиялык жол менен дарылоого жылына 15 млн. сом каражат талап кылынат. Биринчиден, мындай каражат өлкө бюджетинде жок болсо, экинчиден, ал экологияга терс таасирин тийгизип, жаңгакты сыртка чыгарууга кедергисин тийгизип коюшу ыктымал дешет адистер. А биологиялык дарылоого болсо көп каражат, атайын шарттар талап кылынат.
Арсланбап токой чарбачылыгынын билдиришинче, былтыр зыянкечтерге каршы күрөшүүгө немец фонду өз жардамын сунуштаган. "Буюрса жаңгак токойлорун коргоо боюнча долбоор жакында ишке кирет. Анын алкагында жаш жаңгак көчөттөрү отургузулуп, жүз жылдык жаңгактарды коргоо үчүн Арсланбап токоюнун айланасы тосулат. Долбоорду жүзөгө ашырууда жергиликтүү элге жумушчу орундарын түзүү каралган. Долбоор беш жылга эсептелинген" деп билдирет аталган токой чарба жетекчилиги. Эске салсак, өткөн жылы өкмөт тарабынан 8,5 миң гектар аянтты ээлеген корук түзүлгөн. Бир нече жыл бул жерге туристтер да, жергиликтүү эл да киргизилбейт.
Экологдордун билдиришинче, эгер кабык жегич коңуздар бир бактын өзөгүн айланта отурукташса бир-эки жумада ал бак толук куурайт. Эгер коңуздардын бакты оюп жешинин баштапкы стадиясында дарылоо жүргүзүлсө аны сактап калууга болот. Ошондо да зыянкеч коңуздан жүз пайыз арылтканга кепилдик болбойт. Кокус кайсы бир бакта коңуздардын узакка созулган жашоосу байкалса, аны сактап калуу мүмкүн эмес. Эң жакшысы ошол аймакта зыянкечтин очогу пайда болбос үчүн ал бакты кыйып таштоодон өтөрү жок. Ал эми чакан токойчолордо феромондук туткучтарды илүү менен күрөшүү мүмкүн эмес. Мындай туткучтарды ири токой массивдериндеги 30-40 даракка илип миң дарак үчүн аларды курмандыкка чалууга болот. Ошондой эле дарактарды дарылоодо каражаттар туура тандалып, дарылоо ыкмасы, өлчөмү, технологиясы, концентрациясы туура болбосо эч кандай жыйынтык болбойт.
Учурда малак курт кандай зыян кылып жатканын билүү максатында Жалал-Абад облусунун Кызыл-Үңкүр айылынын жашоочусу Рахманкул Исаков менен байланыштык. Анын айтымында, малак курттар күн ысыган мезгилде көбөйүп долоно, жаңгак жана башка мөмө-жемиш бактарын жеп башташат. "Негизи малак курттардын личинкасын көпөлөктөр таштайт. Жазында алар курт болуп чыгып жалбырактарды жейт. Былтыр биз кол менен терип кыйла азайтканбыз. Булар мурда долоно, алча сыяктуу бак-шактарды жешчү эле, эки-үч жылдан бери жаңгактарга түшө баштады. Азыр буларды кантип жок кылабыз, билбей турабыз. Учурда Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнө тиешелүү 4 миң гектардай жаңгак бар. Мамлекет ар бир үй-бүлөгө эки-беш гектардан ижарага берген. Союз доорунда самолет менен дары чачылчу эле, азыр андай дары жок. Ошондонбу мите курттар союз таркаганы көбөйдү. Бактарды алар кара шак кылып жеп, кууратып жиберип жатышат. Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүндө 6 айыл болсо алты айыл элинин негизги кирешеси эле жаңгак менен малдан түшөт. Мамлекетке, атайын адистерге кайрылсак, азыр мамлекеттин дарылоого чамасы жетпейт дешет. Токой чарба кызматкерлеринин айлыктары болсо 2-4 миң сом эле. Мамлекеттен бир гектар жер ижарага алсак, жылына миң сом ижара акы төлөйбүз. Беш-он жыл мурда жаңгактарды кыюулар болсо, 2010-жылдан бери эч кандай бак кыюу боло элек" дейт төрт гектар жаңгагы бар Рахманкул Исаков.
Арсланбаптагы "Ачы" токой чарбасынын директору Азимжан Досматовдун айтымында, былтыр ар бир чарба 300-400 килограмм малак курт личинкаларын теришкен. "Быйыл да Токой чарба департаментинин облустук башкармалыгынын буйругу менен малак курттун жумурткалаган уюктарын терип жатабыз. Азырынча кол менен терүүдөн башка мүмкүнчүлүк жок. Бирок элдин жардамы менен башка жылдарга салыштырмалуу малак куртту азайтып келатабыз. Арсланбап токойлору караштуу айыл өкмөттөрүнүн башка айылдары деле ушинтип күрөшүп жатабыз" дейт Азимжан Досматов.
Мелис СОВЕТ уулу