presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Мына сага!
Акчанын көбүн Акүйдөгү депутаттар жейт тура
Ар бир депутатка ар ай сайын маяна, сыйлык акчасынан сырткары бюджеттен 40 миң сом бөлүнүп турат. Бул маалыматты кечээ "24.kg" маалымат агенттиги 2013-жылы 14-февралда парламенттин токтому менен бекитилген депутат фондулары тууралуу жобосунан алып жарыялады.
О
шондо бир депутат бир жылда маяна, сыйлык акчаларынан сырткары 480 миң сом бюджеттен жесе, 120 депутатка бир жылда 58 млн. сомдон ашык акча казынанын эсебинен кетет. Мындан сырткары фракциялар менен депутаттык топтордун да өзүнчө фондулары бар. Алардын мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларына да олчойгон сумма сарпталат. Алсак, мындай иш-чаралар үчүн бир фракцияга 93 миң сом туура келсе, бир жылда 1 млн. 116 миң сом кетет. Ошентип беш фракцияга бир жылда 5 млн. 580 миң сом акча жумшалат. Мындан сырткары комитет фондулары деген бар. Ошондой эле депутаттар кайсы бир мыйзам долбоорун өткөрүү, өкмөт курамын бекитүү сыяктуу маселелерде кнопка басканы үчүн куру кол калбасы ачык эле айтылып жүрөт. Анан алар оозду чойбогондо ким чоет, эй!






Бишкек качан оңолот?
Кечээ борбордун шааркеңешинин депутаттары жыйын өткөрүп, ага шаар мэр Кубанычбек Кулматов да катышты. Эмнеге бизди аферист дейсиң, керек болсо мындан ары ишеним көрсөтпөй коебуз, шаарды өнүктүрүү программаңды кабыл албайбыз деген депутаттар менен мэр биртопко чейин кайым айтышты. Депутаттар мэр сунуш кылган шаарды өнүктүрүү программасын "12 орундук" деген белгилүү чыгармадагы айтылуу комбинатордун кылык-жоруктарына да салыштырып жиберишти.

Мэр Кулматов депутаттар менен жакшы эле бирге иштешели дегендей болуп жатат, бирок тигилер көнчүдөй түрү жок. Кулматовдун мэр болуп отурганына жарым жыл болду, бирок ушу кезге чейин шаарды өнүктүрүү программасы эмес, шаар мэриясынын структурасын жөнгө салалбай келатат. А эшикте жаз бүтүп жай келди. Шаардагы мурдагы гүлдөрдүн орду боз топурак болуп турат. Таштандылар, бомба түшкөнсүгөн жолдор илгерки эле таз кейпинде. Сыягы, ушу кыйын иштейт деп Президент баш, КСДП кол-бут болуп отургузган Кубанычбек мырзанын иштерине кубанчу күндү жакында көрбөйт окшойбуз.
22-майда шааркеңеш депутаттары кезектеги сессияны өткөрүп, мэрдин ушу кезге чейин эмне иш бүтүргөнүнүн отчетун алабыз, ошондо аны биротоло такалайбыз деп тарап кетишти.
"Жаңы Агым" - пресс











??.??