09.05.14 Токсон үчүнчү жаз
"Жаңы күндөр келет, бирок эч бири бүгүнкүгө окшобойт"
Кыргыз эл акыны, согуштун ардагери Сүйүнбай Эралиев азыркы учурда элибиздин нарктуу аксакалдарынын бири. Мына быйыл 93-жазынын чайын ичип отурган кез. 9-май Жеңиш күнүнө карата Сүйүнбай ата сүйлөп бербесе да өзү эскерип жазган өмүр ирмемдерин сунуштады.

1921-жылы 15-октябрда Тегерек деп аталган бийик чокулуу өрөөндө жарыкка келипмин, анда бозүйдө отурчу экенбиз. Айылдын аты Үч-Эмчек, Талас району. Айылдын күн батыш жагында анын көркүнө көрк кошуп, кадимки кур курчагансып, кийин мен ырларымда ырдаган өзүнчө бир кооз Кур-Таш бөксө тоосу турат. Апам Разия өтө адептүү, башкага эмес, өз балдарына өйдө карабаган мүнөзү жумшак, алпейим киши эле. Атам Эралы дагы ошондой эле жөнөкөй колхозчу, бирин-эки жылкысы, уй-кою бар, өз оокатына камкор болчу. Негизги кесиби - саяпкерлик. Күлүк аттарды таптап, чоң мелдештерге байгеден чыгарып, ошол чөлкөмдө биртоп кадыр барктуу эле.

Согуш чыккан күн жана Тбилиси
Согуш чыккан күн. Күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. Баары чакчелекей түштү. Аскерге жарактуунун баарына чакыруу келе баштады. Биздин мугалимдердин, жогорку класстагылардын биртобу фронтко кетип, мектеп жабылды. Ошо бойдон окубай калдык. Мен бекер жүрбөй "Сталиндик жеңиш" деген райгезитте корректор болуп иштеп калдым. Анан "баары кетип жатса биз бул жерде жүрө бербей Мекенди коргошубуз керек" деп санаалаш жигиттер военкоматка бара бердик. Акыры бир күнү чакыруу келди.
1941-жылдын июнь айында бизди Кара-Балта шаарчасына жакын жерде жаңыдан уюшулган кыргыз атчан аскерлерди даярдоочу полкко жөнөттү. Ар бирибизге бакканга бирден ат беришти. Биринчиден, ошол аттарды багып, анан атчан ­согушууга, ат үстүндө кылыч чаап, душманга чабуул коюуга, ар кандай согуштук ыкмаларга үйрөтүп жатты.
Алты айдан соң, 1941-жылдын декабрь айында бизди Фрунзе станциясынан поезд менен фронтко жөнөттү. Түз эле Москвага апкелди. Тек Москвага жетип-жетпей немецтер биздин поездди бомбалап, согуш деген эмне экенинин четин ошол жерден эле көрө баштадык. Ал жерде бизди бөлүктөргө бөлүштүрүп, мен мурда даярдалгандай атчан аскерлерге эмес, жөө аскерлер бөлүгүнө туш келдим. 8-гвардиялык дивизияда 747-аткычтар полкунда мен сержант наам менен командир отделения болуп, согуштун бардык азап-тозогун көрүп, өрт аралап, кан кечип үч жыл жүрдүм. Үч жолу катуу жарадар болуп, эң акыркысында Тбилиси госпиталында жаткандан кийин, 1944-жылдын февраль айында согушка жараксыз катары медсестра коштоп апкелди. Жарааттарым көпкө айыкпай, 2-3 жылдан кийин гана балдаксыз басып калдым. Тактап айтсам, ошол жарааттардан жана контузиядан өмүр бою азап чегип келем...
Тбилиси госпиталында жатканыма баш-аягы кырк жылдай убакыт болгондо Тбилисинин көчөлөрүндө кайрадан басып жүрдүм. Бул сапар соомун. Грузин достордун, жазуучулардын чакыруусу менен адабий кеңешмеге келгем. Фрунзеден аттанып чыккандан тартып, оюмда өзүмдү бир кезде өлүмдөн алып калып, айылыма аман жөнөткөн госпиталымды кайра бир көрүү тилеги делебемди козгоп, тынчымды ала баштаган. Кеңешменин бүтүшүнө араң чыдап отурдум, бүтөр замат госпиталды издеп жөнөдүм. Тилекке жараша, бизди алып жүргөн шофер да согуш убагында дал ошол мен жаткан госпиталда дарыланган эски жоокер экен. Дароо эле алып келди. Мен анда үчүнчү кабаттагы палатада, күн батыш жактагы чоң терезенин түбүндө жатчумун. Терезенин нак тушунда адыр бар эле. Ошол адырга фуникулер (зымда жылган вагондор) чыгып, кайра түшүп келип турганын көрүп жатчумун. Ошондо бир бөлмөнүн эшигин ачар менен: "Менин палатам ушул болчу!" деп кыйкырып ийдим. Баягы фуникулер кудум ошондогудай болуп өйдө-ылдый жүрүп турган экен. Аянычтанбы же сүйүнүчтөнбү көзгө жаш тегеренди. Менин алдымда палата эмес эле бир кезекте аябай жакшылыгы тийген, өз өмүрүм үчүн мен ага милдеттүү болгон бир боорукер, жарык жүздүү, кең пейил адам тургансыды. Жок, мээрман эне тургансыды. Андагы сезимди айтып берүү мүмкүн эмес...

Деңиз жээгинде отурам...
Деңиз жээгинде отурам. Артымда бүт Сицилия аралы. Аңгыча болбой арал кораблге айланып, мени алган боюнча аягы жок, башы жок, таканчыктаар жери жок мезгилде, адамзат мезгилинде сүзүп бараткан окшоду. Артындагы чиркешкени - өткөн мезгил. Эмне үчүндүр мындай ой келди. Мага чейин бул дүйнөдө баары эле болгон, мен гана боло элек болчумун. Башкалар сыяктуу мен да бир ирет жаралдым. Бүгүнкү күн да бир ирет келген, батты бүттү, экинчи кайрылбайт. Жаңы күндөр келет, бирок эч бири бүгүнкүгө окшобойт. Мен да ошондой. "Андай болсо кел, Күнүм, тирүү кезде бир кол кармашып деңиз сапарына чыгып калалы!" дейм.

Ал эми мен кантип акын болуп калдым?
Бул суроону мага окурмандар көп беришет. Кабарчы менен болгон кайсы бир маегимде мен бул суроого мындайча жооп бергеним эске түшөт: "Кайсы бир күнү кебелбес тоолор менен лепилдеп соккон шамалдын алым сабагын кулагым чалып калгандай болду. Ошол бир керемет кепке кызыгып кулак тоскуча, адырдан алкынып түшкөн дайранын толкуну аны алыска алып жөнөдү. Оро-пара кулагым чалып, жүрөктөн орун алган ошол Табият сырын алда кимдер менен бөлүшкүм келген. Анан ошого үндөш касиеттүү сөз ыргагын өмүр бою издеп келем. Бирок акындык кереметтүү тагдырдын табышмактуу сыры көп го...
Жүз жылдар мындан кийин да
Жүз жылдар мындан кийин да
Бул тоолор минтип турушат.
Анда да бизче адамдар
Карыбас үчүн тырышат.
Жүз жылдар мындан кийин да
Сүйүүлөр болот ушундай.
Үшүнтүп жерге жаз келип,
Үшүнтүп чыгат ушул ай.
Жүз жылдар мындан кийин да
Дарактар желге ыргала
Шуудурап турат үшүнтүп…
Биз жокпуз аттиң бир гана.




Аттиң дүйнө...
Ата мекендик согушта алган жарлары курман болуп, оорукта жесир калган аялдар тагдырдын башка салганын, турмуштун кыйынчылыктарын мойнуна көтөргөн кайраттуу, сабырдуу, туруктуу чыныгы каармандар. Ошол жесир аялдардын көпчүлүгү жар кумарына, бала кумарына канбай, махабат лаззатына канбай, көроокат менен алпурушуп, түйшүктө жүрүп дүйнөдөн өтүп кетишкен.

Алиман Жангорозованын армандуу каттары
Ошондой азапты баатырдык менен көтөргөн каарман аялдардын бири, белгилүү актриса Алиман Жангорозова. Алган жары Шарше Жунушов согушка кетип баратып, карыган атасын, энесин, Адис, Конис деген эки баласын Кудайга аманат кылып Алимандын колуна таштаган. Алиман Жангорозованын өздүк архивинен табылган, өз колу менен жазган каттарынын арасынан бир нече ырлар чыккан. Ал каттардын биринде мындай деп жазган:
"Өмүрлүк шерим каралдым,
Өлбөдүм тарттым санааңды,
Өлбөсөм багып алаармын,
Калтырган эки балаңды.
Өзүң жокто узаттым,
Ак сүтүн берген апаңды.
Караан тутуп жүрөмүн
Кагылайын атаңды".
Согуштун каары, андагы жоготуулар, ый-муң, трагедиялуу окуялар, күйүттөн чыккан ыргактар Алиманды ыр жаратууга түрткөн. Кала берсе согуш маалындагы эпистолярдык жанрда ыр менен жазылган каттарга ыр менен жооп жазууга аргасыз кылган. Баш кошкон жубайы Шарше Жунушов майдандан:
"Күүгүм талаш мунарыкта,
Жолго чыккан арабам.
Карегиме кан толгуча,
Карааныңды карагам.
Эбелектеп эки колуң,
Калдың эле садагам" деп сагынычын, кусалыгын билдирип кат жазган соң Алиман да айылдагы жаңылыктарды, жалгыздыгын, арманын айтып жооп жазып турган.
"Ат жайлоо жериң чалкыган,
Ата мекен, эл үчүн,
Аттанып кеттиң калкымдан.
Арбагыңда сездиңби,
Адисиң кетти артыңдан" деген Алимандын жоктоо ыры кат менен жөнөтүлгөн. Согушта курман болгон күйөөсүнүн өлүмүн угузганда күйүткө чыдабай кайненеси каза болгон, артынан тун баласы Адис чарчаган. Мына ошондой кайгы-муңду жүрөккө көтөрүп, Алиман Жангорозова эл кызматын аркалап, ар дайым гастролдо жүргөн.
Эл жазуучусу Эрнис Турсунов залкарларды эскерген "Триумф жана трагедия" китебинде "Алиман эже кайгыга жеңдирбеген, капага алдырбаган, канаты кайрылса да кабагым-кашым дебеген, ачык- айрым, меймандос жан эле. Бош кезинде биз сыяктуу жаштарды үйүнө чакырып, этти казанга салып, иче турганды алып, өткөн-кеткен окуяларынан кеп салып берчү" дейт.
Шарше Жунушов майдандан жубайына жазган катында: "Балким тоолорго тил бүтсө, согуш мезгилиндеги биз жүргөн жерлерди, биз тарткан азап-тозокторду, сагыныч-кусаларды жаңырык салып айтып берер беле" деп жазган. 1943-жылы 13-январда кудуреттин күчтүү таасиринен "Түшүмдө" деген ыр жаралган.