02.05.14 Массалык маалымат каражаттары мамлекеттин өзөгү
Жылкы жылы элге жылкы кыялын көргөзүп кышында жылуу болуп, жазгысын карапайым элди жакшы эле кыйнады. Айрыкча журналист коомчулугуна бул жаз жагымсыз болду окшойт. Туруксуз аба ырайында жону жылыбай жаңылык топтоп чуркап жүргөн журналисттерге парламенттин Кылмыш кодексине киргизген өзгөртүүлөрү ого бетер ачуу тийди. Анткени өзгөртүүлөрдө "жалган маалымат тараткандыгы үчүн журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу" маселеси камтылган болчу. Өзгөртүүгө ылайык эгер жалган маалымат тараткандыгы сотто далилденсе, ким болбосун 50 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул төлөйт же бир жылдан беш жылга чейин соттолушу мүмкүн. Бул мыйзам долбоору 16-апрелде 85 депутаттын колдоосу менен үчүнчү окуудан өтүп, президентке сунушталган. Ошондон бери төртүнчү бийлик өкүлдөрү менен бейөкмөт уюмдарда тынчтык жок.


Комитет колдободу, комиссия кооптонот

Эске салсак, буга чейин да мындай өзгөртүүнү КСДП фракциясынын депутаты Галина Скрипкина сунуштап, коомчулуктун нааразычылыгынан улам ал мыйзам долбоорун артка кайтарып алган. Эми минтип быйыл "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Эристина Кочкарова баштаган депутаттар тарабынан Кылмыш кодекси менен Кылмыш-процессуалдык кодексине ММКларга тиешелүү айрым өзгөртүүлөр киргизилгени жатат. Мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылган соң айрым депутаттар документке түшүнбөй эле добуш берип алганын айтып, Өмүрбек Абдрахманов баштаган 10 депутат спикерден бул мыйзам долбоору боюнча кайра добуш берүүнү өтүнүшкөн. "Депутаттар, мен дагы эмнеге добуш бергенибизди түшүнбөй калдык. Бул мыйзамды кабыл албашыбыз керек эле. Анткени бул журналисттердин эле эмес жөнөкөй адамдын да укугун бузат жана Конституцияга каршы келет" дейт Ө.Абдрахманов. Бирок 29-апрелде ЖКнын регламент жана этика комитети мыйзам долбооруна кайра добуш берүүнү колдогон жок.
Андан бери коомдук уюмдар, саясый кыймылдар жана журналисттер тарабынан президентке багытталган ушундай маанидеги билдирүүлөр ММКларга байма-бай жарыяланып келет. Жакында эле ММКларга карата арыздар боюнча комиссиянын өкүлдөрү да президентти аталган мыйзам долбооруна кол койбоого чакырышты. Алардын айтымында, парламент кабыл алган өзгөртүүлөрдүн түпкү мааниси "заведемо ложный донос" сөзүн "заведомо ложное сообщение о совершении преступления" дегенге эле алмаштырып коюу. "Бирок сөздүктөр "донос" деген терминди бийлик өкүлүн жашыруун каралаган билдирүү катары, а "сообщение" деген терминди маалымат булактарынан байланыш каналдары аркылуу маалымат алуучуга бериле турган кабарлар топтому катары аныктап жатат. Эки терминдин маани-маңызы жагынан дал келбей жатышы мамлекеттик бийлик журналисттерди гана кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракетин көрүп жатат деген жыйынтык чыгарууга өбөлгө болууда" дешет комиссия өкүлдөрү.
"Өзгөртүүнүн журналисттерге эч кандай коркунучу жок"
Ошол эле мезгилде ММКлар менен мыйзамдык жактан тыгыз иштешип келаткан "Медиа полиси институту" аталган мыйзам долбоорунун журналисттерге эч кандай коркунучу жок экенин айтат. Аталган институттун өкүлү Акмат Алагушевдин айтымында, бул өзгөртүү төртүнчү бийлик чуу чыгара турган олуттуу өзгөртүү деле эмес. "Кылмыш кодексиндеги "атайылап таратылган жалган билдирүү" жөнүндөгү өзгөртүүнүн журналисттерге тиешеси жок. Бул мыйзам долбоору парламенттин мыйзамдуулук, укуктук тартип жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинде каралган соң бир кыйла өзгөрдү. Эми ал документ баштапкы вариантындагыдай журналисттерге коркунуч жарата албайт. Комитет парламентке сунуштаган вариантынан "соединенное с публичным обвинением лица в коррупции" деген сөз алынып салды. Мындан сырткары 151-статьянын 3-бөлүгү "заведомо ложный донос" сөзү "заведомо ложное сообщение" менен алмашканына ылайык келип жатат. Тактап айтканда, азыркы Кылмыш-процессуалдык кодексинин аталган статьясында "заявитель предупреждается об уголовной ответственности за заведомо ложный донос, о чем в протоколе делается отметка, которая удостоверяется подписью заявителя" деп айтылып жатат. Журналисттер кайсы бир макаланы жазардан мурун такталбаган кабарды таратпоого болбой тургандыгын, бул боюнча жарандык мыйзам эскертерин эске алуулары керек. Бирок Кылмыш кодексиндеги "атайылап таратылган жалган билдирүү" деген сөз журналисттерге эч кандай байланышы жок. Анткени Конституциянын 33-статьясында "Ар ким маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ. Эч ким адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыш жазасына тартылышы мүмкүн эмес" деп жазылган дейт А.Алагушев.

Азыр маалымат булагы парламент эмеспи
Журналисттер арасында кооптонууну жараткан мыйзам долбоорунун демилгечиси Эристина Кочкарованын айтымында, кылмыш жасагандыгы тууралуу жалган маалымат таратылганда ММКлар эле эмес, маалымат булагы да жоопкерчиликке тартылат. "Андыктан бул мыйзам долбоору Конституцияга каршы келбейт жана сөз эркиндигин чектебейт" дейт ал. Бирок бул жерде да көп талаш маселе бар. Анткени ушуга чейин жалган маалымат тараткан мамлекеттик чиновник же мамлекеттик органдар эч кандай кылмыш жоопкерчилигине тартылганын көрө элекпиз. Ошол эле мамчиновниктер, мамлекеттик структуралар интернет булактарына же теле, радио аркылуу официалдуу билдирүүлөрдү таратып, кээде кайра аны төгүндөгөн учурлары көп кездешет. Кабарлар төгүндөлгөнчө ошол маалыматтарга шилтеме кылган ММКлар көп учурда жоопкерчиликке тартылып калышууда. Анүстүнө азыркы саясатчылар эмеле айтканын 5-10 мүнөттөн кийин карандай эле танып кетүүгө маш экенин коомчулук жакшы билип калды. Ушул өңүттөн алганда Эристина айымдын жүйөсү суу кечпей калат. Ошондой эле Кыргызстандын саясатында, экономикасында алгачкы маалымат булактары саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер, ошол эле депутаттар. Буга чейин алар трибунадан бири-бирин коррупционер, ууру, криминал деп аташып, далилдерин келтиришкен. Депутаттар анчалык эле чындыкка жеткилери келсе алар өздөрү буга чейин ММКларга берген маалыматтарын тастыктап берүүлөрү керек.
Албетте, кыргыз журналистикасы аппак эмес. Калпты чындай кылып жиберген кесиптештер да бар. Бирок саясатчылар ушак деген маалыматтардын 60 пайызы акыры барып чындык болуп чыгып жатканын ким танат? Чет өлкөлөрдө эл алдында абийири ашмалтай болгон чиновниктер өз өлкөсүнөн кетип калышса, бизде беттырмарлык кылып журналисттерди айыптаган аткаминерлер толтура. Муну биле туруп Эристина айымдын кайталанма мыйзам долбоорун колдогон 85 депутаттын иши "заведомо ложный" болуп жаткан жокпу деген суроо туулат.

Демократиялык өлкөлөрдө ММКларга мамиле кандай?
Демократиялык өлкөлөрдө ММК мыйзам менен көзөмөлдөлүп, ошол эле мезгилде ММКлардын эркиндигине кепилдик берет. Мунун өзү адамдардын маалымат алуу укугун кеңейтип, коомчулуктагы сүйлөө эркиндигин, ММКлардын коомчулук алдындагы жоопкерчилигин күчөтөт. Мыйзамдык система жүздөгөн жылдар бою калыптангандыктан ММКнын коомдогу орду, ролу да өзгөрүп турган. Азыр ММК коомчулуктун маалымат алуу куралы эле эмес, бийликти көзөмөлдөө функциясын да аткарат. Ошол себептен демократиялык өлкөлөрдө бийлик ММКларды башкарып, өз кызыкчылыгына колдоно албайт. Ошентсе да мамлекетте ММК чөйрөсүндөгү процесстерди жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү бар. Жөнгө салуу, көзөмөлдөө мыйзамдык система жана атайын өкмөттүк программалар аркылуу жүргүзүлөт. Алсак, Адам укугу боюнча Европа соту коомдук тартипти сактоодо ММК эркиндиги негизги ролду ойноорун белгилеп, ал өзгөчө коргоого алыныш керек деген токтом кабыл алган. Австрия, Канада, Германия, Нидерланды, Норвегия, АКШ, Франция сөз эркиндигин конституцияда жазуу түрүндө бекиткен. Англия менен Австралияда мыйзам чыгаруучулар сөз эркиндигине алардын жазылбаган башмыйзамы кепилдик берерин айтышат. Германия, Испанияда болсо пресса өкүлдөрү башкаларга салыштырмалуу маалыматты чогултуу, таркатуу жагынан өтө чоң укукка ээ деп эсептелет. Мындай укук ММКнын коомдук пикир жаратуусуна жана коомго кызмат кылуусуна жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берген. Нидерланды, Швецияда өкмөткө ММК эркиндигин Конституция чегинде колдоо милдети жүктөлсө, Франция, Германияда соттор тарабынан коргоо милдеттендирилген. Ушул эле Австралия, Канада, Нидерланды, Норвегия, Испания, Великобритания, АКШ өлкөлөрүндө басылмаларга атайы арналган, өзгөчөлөнгөн мыйзамдар дээрлик жокко эсе. Германия, Швецияда прессага маалымат таркатуу укугун кеңири бергендиктен ушак-айыңга байланышкан сот иштеринде доогерлерге репутациясын коргоодо артыкчылык берилбейт. Демократиялык өлкөлөрдө ММКны бийликтин эмес, коомдун институту катары эсептешет. ММКлар бийликке эмес, коомчулукка кызмат кылуусу керектигин, ММК аркылуу коом бийликке баа берип, ал аркылуу мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу жогоруларын бийлик дайыма моюндап келет.
Баарынан кызыгы, өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө ММКлар коомдук-пайдалуу миссиясын аткарыш үчүн аларга ыңгайлуу шарт түзүп берүүчү экономикалык ыкмалар бекитилген. Маанилүү коомдук маалыматты таратуу үчүн чет өлкөлөрдө ММКларга салыктык, бажы жана башка жеңилдиктер каралган. Мисалы, Франция мыйзамы мезгилдүү чыккан басылмаларга салык, бажы салыктарынан жеңилдиктерди берет. Чет өлкөлөрдө ММКларга киреше салыгы, кошумча баа салыгы, бажы, почта, телеграф кызматтарынан биртоп жеңилдиктер каралган. Францияда күнүгө чыга турган гезиттер рекламадан жакшы каражат таба албаса мамлекет субсидияларды берет.
А Кыргызстанда болсо депутат Турсунбай Бакир уулундай "журналисттердин 90 пайызы акчага сатылган, гезит, телеканалдардын артында бай адамдар турат. Сөз эркиндигинде дайыма дисциплина болуш керек" деп бакылдаган мамчиновниктер көп. Мамлекет субсидия, жеңилдик бермек түгүл эптеп өз каражаты менен элге кызмат кылып жаткан ММКларды муунтуп, жок кылууга ашыгат.

Мелис СОВЕТ уулу