02.05.14 Банк баалуулугу
Кыргыз тыйындары аукционго коюлат
Улуттук банк (УБ) быйыл да адаттагыдай эгемендүүлүк күнүнө карата коллекциялык үч башка аталыштагы 3 күмүш жана 2 жез-никель тыйындарын чыгарат. Бул тууралуу УБнын нак акчалар башкармалыгынын эксперттик бөлүмүнүн башчысы Алексей Фалеев жума башында билдирди.


Анын айтымында, ал тыйындар "Кыргызстан кызыл китеби" сериясынан үкүнүн сүрөтү менен, "Кыргызстан тарыхый эстелиги" сериясынан Манастын күмбөзү менен жана "Кыргызстан тарыхый инсандары" сериясынан Барсбектин сүрөтү менен чыгат. Ошондой эле УБ 2015-жылы мындай тыйындардын үч түрүн чыгарууну пландаштырып жатыптыр. Аларга "Кыргызстан кызыл китеби" сериясынан тоодактын сүрөтү менен, "Кыргызстан тарыхый эстеликтери" сериясынан "Тамга Таш" комплексинин сүрөтү менен жана Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган тыйындар кирет.
"Кыргызстандын коллекциялык тыйындары УБ тарабынан жарыяланган ачык тендерди утуп алган белгилүү тыйын чыгаруучу сарайларда жасалат. Алардын катарына Литва, Казакстан, Англия, Польша, Словакия сыяктуу өлкөлөрдүн тыйын жасоочу сарайлары кирет. А тыйындардын өздүк наркы эл аралык биржалардагы алтын, күмүштүн баасына жараша жана тыйын чыгарууга кеткен бардык чыгымдарды эсептөө менен коюлат. Эң негизгиси коллекциялык тыйындарды келечекке салынган инвестиция катары карасак болот. Анткени мындай тыйындар чектелүү санда гана чыгып, УБнын кассасында түгөнгөн күндөн тарта эки-үч эсеге кымбаттайт. Мисалы, 1995-жылы чыккан "Манас 1000" тыйыны ошол кезде 3 миң сом болсо, азыр 800 доллар турат. Тактап айтканда, он эсеге кымбаттады. Бизди кубантканы, кыргыз коллекциялык тыйындары чет өлкөлөрдө да бааланып, акырындык менен биздин коллекциялык тыйын рыногубуз да өнүгө баштады. Айрым кыргызстандык коллекционерлер мен бул тыйындарды өзүмө, балдарыма эмес, неберелериме чогултуп жатам дешет. Мунун өзү коллекциялык алтын, күмүш тыйындар узак жылдарда түшүмүн бере турган инвестиция экенин айтып турат" дейт А.Фалеев.
Экспертке улай Улуттук банктын нак акчалар башкармалыгынын кассалык операциялар бөлүмүнүн башкы экономисти Салтанат Аубакирова 7-май күнү Бишкекте алтын, күмүш коллекциялык тыйындарынын аукциону өтөрүн кабарлады. "Улуттук банк улуттук валюта киргизилген жылдан тарта ар жылы май айында коллекциялык нумизматикалык тыйындар аукционун өткөрүп келе жатат. Тыйындар чыгарылганда банк башкармалыгы алардын тиешелүү бөлүгүн банк резервине калтырып, 80 пайызга жакынын сатыкка чыгарат. Быйыл да Улуттук банкта мурда сатылган, бирок учурда банк кассасында жок тыйындардын аукционун өткөргөнү жатат. Аукцион улуттук Г.Айтиев атындагы сүрөт искусствосу музейинде өтөт. Ага юридикалык жана жеке адамдардын бардыгы күрөө койбой эле катыша алышат. Сатыкка 10 аталыштагы Улуттук банктын кассасында жок бир алтын, калганы күмүш тыйындар коюлат. Жалпысынан 25 даана тыйын аукционго коюлмакчы. Бул тыйындардын баалуулугу алардын бетинде кыргыз тарыхы, маданияты, тарыхый улуу инсандары жана кыргыз акчасынын, эгемендүүлүгүнүн белгилери түбөлүккө сакталып калгандыгы" дейт Улуттук банк өкүлү Салтанат Аубакирова.
Мелис СОВЕТ уулу




Жакшы жөрөлгө
Келечек үчүн инвестиция
26-27-апрелде борбор калаабызда "Терең билим - кенен келечек" деген чакырык менен "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду уюштурган билим фестивалы экинчи ирет болуп өттү.
Экинчи билим фестивалы техникалык кесиптерге кызыгууну кайрадан жаратууга, ошондой эле балдардын илимий-техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жана салтка айланган экологиялык билимдерди жайылтууга багытталган.


Өсүп келаткан муунга өзгөчө көңүл буруп, өз максатын турмушка ашыруу, билимдерге, ийгиликке, ачылыштарга жана инновацияларга, сергек жашоого умтулуу маданиятын каныктыруу менен, бул иш-чара өлкөбүздөгү билим берүүнүн өнүгүшүнө өз салымын кошооруна күмөнүбүз жок.
Эки күн бою мектеп окуучулары табигый илимдердин таң калычтуу дүйнөсүнө бөлөнүүгө, кызыктуу илимий экскурсияларга, экология боюнча мастер-класстар жана тренингдерге, эксперименттерге, оюндарга катышууга, позитивдүү эмоцияларды алууга кеңири мүмкүнчүлүк болду.
Фестиваль бир эле учурда эски аянттын, Эмен паркы галереясынын, мамлекеттик тарых музейинин жана "Сейтек" улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунун аймагында өттү.
Бул жолку фестивалда да Билим берүү тармагынын көргөзмө-жарманкеси "Чеберлер шаары", "Китеп жыйыны", "Гүл жарманкеси", илимий-техникалык шоу көргөзмөсү, күн көргөзмөсү, мобилдик планетарий, "Атам, апам, мен - техникалык үй-бүлө" сынактары болуп өттү. Ошондой эле авиамоделдөө жана пескография боюнча мастер-класстар, самын көбүктөрүнүн шоусу жана химиялык шоулар өткөрүлүп, өспүрүмдөрдү башка дүйнөгө жетеледи.
Мамлекеттик тарых музейинде күнү бою Кристенсен фонду тарабынан колдоого алынган салттык экологиялык билимди жайылтуу боюнча иш алып барган ар кыл уюмдар тарабынан көргөзмөлөр, кинотасмалар, спектаклдер жана мастер-класстар уюштурулду.
"Атам, апам, мен - техникалык үй-бүлөбүз"
Бул конкурс "Алтын түйүн" республикалык балдар инженердик-техникалык академиясынын салтка айланган майрамы.
Анын баалуулугу ата-энелер жана балдар эмгектенүү процессинде баарлашуу, өздөрүнүн чыгармачылыгын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугунда турат. Жыл сайын жаңы тема тандалып алынат, бирок ал сөзсүз түрдө техникалык чыгармачылык менен байланышта болууга тийиш. Өткөн жылы үй-бүлөлөр келечектеги үй-бүлөнүн үйүн курган, ал эми быйылкы жылы катышуучулардын алдында "Космос сити" долбоорун түзүү милдети турду.
Өз иштерин конкурсанттар көмөкчү материалдардан жасайт, бирок мында чыгармачылыгын, ойлоп табуучулугун, ой чабыттарын көрсөтөт жана кыска убакыттын ичинде кызыктуу долбоорлорду берет.
Бөбөктөргө жомок
Бир жыл мурда Бишкекте "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун демилгеси менен эң сыйкырдуу - "Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт" долбоору старт алган. Бул долбоор 3 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн түзүлгөн. Ар кыл муундардын аздектеген адамдары эң кичинекей окурманга жомок окуп беришет. Чоң жана таптакыр колу бошобогон улуулар компьютер - өтө пайдалуу нерсе экенин, бирок ал ооздон чыккан сөздү эч качан алмаштыра албастыгын жакшы түшүнүшөт.
"Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт" долбоору - чоң залдардагы массалык оюн-зоок эмес, ал балдар менен театрдын жана телекөрсөтүүнүн, саясаттын, бизнестин жылдыздарынын ортосундагы түз баарлашуу. Мыкты сөздөрдү кичинекейлер белгилүү чоңдордон угушат. Дал ошолордун колунан, балким, өзүнүн өмүрүндөгү биринчи китепти алат. Бул өмүр бою эстен кетпей турган жакшы көрүнүш.
Бул жолку фестивалда да Эмен багынын жанына кошумча боз үй тигилип, "Жылдыздар жомок айтышат" иш-чарасы абдан кызыктуу уланып, Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова, эстрада жылдызы Анжелика, "Тамашоунун" түптөөчүсү Эрмек Нурбаев жана башкалар бөбөктөргө кызыктуу жомокторду окуп берип, эсте каларлык кызыктуу күн тартуулашты.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА, сүрөттөр автордуку