п»ї
Агым
230 вагон күйүүчү май камакта

Россиядан Кыргызстанга келе жаткан 230 вагон-цистерна күйүүчү май Казакстандын Луговая темир жол станциясында кармалып турат. Кыргызстандагы казак элчилигинин кабарлашынча, вагондорду кармоого товарга тиешелүү документтердин туура эмес экендиги себеп болгон.
Күйүүчү май жеткирүү келишими Россия менен Казакстан резиденттеринин ортосунда түзүлгөнүнө карабай, кыргыз-казак өнөктөштөрүнүн макулдашуусу менен ал түз Кыргызстанга жөнөтүлмөк экен. Бул Бажы союзунун мыйзамына карама-каршы келет. Анткени Бажы мыйзамы боюнча бензин, солярка Казакстандан сыртка чыгарылбаш керек. Анүстүнө Россиядан Казакстанга солярка чыгарууга тыюу салынган. "Учурда бардык чектөөлөрдү эске алуу менен товарды кармоонун туура же туура эместиги такталып жатат" деп билдирет казак элчилиги.







а ­е¦Є.НҐй«