25.04.14 Көл, келечек, камкордук…
"Башталат баары майдадан" демекчи, биздин өлкөдө жаш жеткинчектердин өнөр-шыгын, жөндөмүн, талантын өстүрүүгө эми гана көңүл бөлүнүп, камкордукка алына баштады. Болбосо бир кездери дүйнө жүзүнө таанымал болгон бийчилер бизден деле чыкпады беле! Андыктан таланттуу жеткинчектердин бий өнөрүнө болгон кызыгуусун колдоого алып, аларды маданияттын бир бөлүгү болгон бул жанрда татыктуу тарбиялоо азыркы муундун парзы. Ушул өңүттөн алган "Кумтөр" компаниясынын Балыкчы шаарындагы демөөрчүлүк иши кимди болбосун кубандырары бышык.

Балыкчы бийчилирдин шаары болот!

Тактап айтканда, Балыкчы шаарын-дагы балдардын билим берүү борбору көп жылдардан бери иштеп келе жатканы менен материалдык-техникалык жактан көп эмес маселелерге тушугуп, чече албай келишкен. Анын бири дал ушул бий өнөрүнө кызыккан балдарды машыктыруучу залдын шартынын жоктугу эле. "Бизде азыр бийге шыктуу балдар-кыздар абдан көп. Өзүбүзгө тиешелүү имараттын жоктугунан улам, ар кайсы жерде көчүп жүрдүк. Бул имаратка өткөн жылы көчүп келгенде эч кандай шарттар жок болчу. Ошондон улам биз зарыл деп эсептеген бий үйрөнүүчү залды толук капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жалпы баасы 290 миң сомдук долбоор жазып, "Кумтөр" компаниясына кайрылганбыз. Андан соң компаниянын маалыматтык борборунун кызматкерлери бизге келип залдын абалы менен таанышып чыккан соң, жергиликтүү курулушчуларды ишке тартып, бий залыбызды толугу менен жаңыртып, керектүү жабдыктарды алып беришти. Буга биздеги балдардын ата-энелери да, биз да ыраазы болуп, иштерине ийгилик каалап отурабыз" дейт билим берүү борборунун жетекчиси Махабат Бейшеева.

Кажы-Сайдагы кенже балдардын күлкүсү...
Ошентип сапарыбызды андан ары улантып, бир кездери уран өндүрүүчүлөрдүн шаарчасы катары союзга таанымал Кажы-Сай шаарчасынын бүгүнкү абалынан кабар алганы бардык. Эгин эгип, түшүм жыйноочу сугат жери жок же күтүрөтүп мал күтүүгө жайыты жок кажы-сайлыктарды кажыбас кайраттуу эл дебеске чара жок. Көп жылы өкүм сүргөн жумушсуздук, өндүрүштүн токтоп калышы Кажы-Сайды каржалтканы менен демилгелүү жаштардын астейдил аракеттери шаарчанын жаңыча жашоосуна жол чаап жаткандай. Анүстүнө Кыргызстандагы эң ири алтын өндүрүүчү ишканасы акыркы жылдары Кажы-Сайдын элине камкордук көрүп жатыптыр.
Кажы-Сай шаарчасындагы активдүү жаштардын бири, шаарчанын жаштар комитетинин башчысы Рустам Омуров акыркы кездердеги алгылыктуу демилгелерди ишке ашырып жаткан "Кумтөр" компаниясы тууралуу кеп салып, көрсө көз кубана турган жайлар менен бизди тааныштырып жатты. "Мына, мобул жер шаарчанын жогорку зонасынан агындылар агып келүүчү каралбай калган жер эле. Ээн калып, таштандыга толуп, түтүктөрдөн чыккан кир-коктун жагымсыз жыты буруксуп турчу. Анан ушул жерге жакын жашаган эки көчөнүн эли сүйлөшүп, ушул ээн жерди балдар ойноочу аянтчага айландырууну баштадык. Эл өз салымын кошуп, 30 миң сомдой чогулду эле, ал ошол сынган түтүктөрдү жамап, жерди түздөгөнгө да жеткен жок. Анан биз демөөрчү издеп, анын ичинде "Кумтөр" компаниясынын жетекчилерине кайрылдык. Алар биздин суранычыбызды аткарып, 150 миң сом каражат бөлүп берди. Биз ал каражатка бул жерди толук түздөп, иретке келтирип, эски түтүктөрдү улап, балдар ойноочу ар кандай селкинчектерди, отургучтарды, айланма, жылмышма оюнчуктарды жасадык. Аны менен эле чектелбей, компания эми бул аянтчаны жашылдандырууга жардам берип, 30 даана балаты көчөттөрүн сатып бергени жатат. Балдарыбыз азыр ушул аянттан чыкпай жыргап эле калышты. Эгер "Кумтөр" компаниясы жардам бербегенде, бул аянтчанын курулушу дагы көп жылдарга созулмак" дейт Рустам Омуров.
Ошентип балдар аянтчасы менен таанышкан соң шаарчанын жаштары "мынча болду, биз көрсөтө турган дагы эки объектибиз бар" деп төмөн жакка ээрчитип жөнөштү. Ал жакта эки кабаттуу заңкайган №25 балдар бакчасы бар экен. Бакчанын артындагы күнөс жерге баягы эле элдин жашоо-турмушуна көз салып турган компания 250 миң сом жумшап, жардам иретинде бакчада тарбияланып жаткан жеткинчектер үчүн оюн аянтчасын куруп бериптир. "Биздин 150 балага ылайыкташкан балдар бакчабыздын оюн аянтчасы илгерки бойдон жаңыртылбай, кээ бир ойноочу жайлар иштен чыгып, аянтча тардык кылып келген эле. Анан биздин активдүү жаштар демилге көтөрүп, оюн аянтчасын куруп берели дешти эле, ага алтын өндүрүүчү ишканасы демөөрчү болуп, ушул аянтты куруп беришти. Азыр бул жерге 2-3 группадагы балдар чыгып ойносо да кенен жетип, ата-энелер да, балдар да кубанып калышты. Балдардын мыкты шартта тарбиялануусу алардын келечегине жакшы жардам эмеспи" дейт бала бакчанын башчысы Клара Абдыкеримова.
Мындан соң биз ошол эле Кажы-Сайдагы "Хадича" үй-бүлөлүк балдар кабыл алуу үйүнө башбактык. Бул жер мурда шаардык билим берүү башкармалыгынын балансында турган экен, кийинчэрээк менчикке чыгарылып берилиптир. Учурда багар-көрөрү жок тоголок жетим же эне-атасы таштап кеткен үй-жайы жок 38 бала тарбияланып, мектептен билим алып, андан ары ЖОЖдордон окуп же иштеп өз турмушуна аралашып кетишет экен. Имаратка келгенде эле көзүбүзгө түтүн чыккан мештин бийик темир кернейи урунду. Мурда бул керней имараттын тең жарымынан эле токтоп, дубалдын баарын кара көө каптап, чатырчасына чейин ыштын изи байкалып турду. "Бул "Хадича" жатак балдар үйүнүн ашканасын оңдоп-түзөө үчүн көп жерлерге кайрылып, даректүү жооп ала албай келгенбиз. Былтыркы жылдын аягында Көл өрөөнүнө биртоп жакшы салым кылып жаткан ишкана биздин өтүнүчүбүздү орундатып, 400 миң сом каражат бөлүп берди. Муну менен биз жатак үйдүн ашканасын толугу менен ремонттон өткөрүп, эшик-терезелерине чейин жаңырттык, шыпты, полду, дубалдын бетин толугу менен алмаштырдык, электр энергиясын үнөмдөө максатында үч көздүү очок салдыртып, түтүн чыгуучу морду да чатырдан ашыра тургуздук. Идиш-аяктар, ашканага керектүү буюм-тайымдардын баары сатылып келинди. Бул үчүн бизде тарбияланып жаткан 40ка чукул бала "Кумтөргө" ырахматын айтышууда. Негизинен эле бул компания бизге ар дайым көңүл буруп турат, буга чейин да майрамдык белектерди, айрым учурларда коммуналдык кызмат акыларын төлөп беришчү" деди жатак мектептин тарбиячысы Бактыгүл Шабданбекова.

Балтабайдагы
балбан иш...
Ал ортодо ошол жердеги жаштардын бири Жети-Өгүз районуна караштуу Балтабай айылынын жаштары үчүн "Кумтөр" компаниясы тренажердук жана күрөш залын жабдып бергенин угуп, буюрса Балтабайдан да балбандар чыгат турбайбы деп сүйүнүп жөнөп калдык...
Бул жакшы саамалыктын тек жайын билүү үчүн биз аталган айылдын жаштар кеңешинин төрагасы Казыбек уулу Алмаз менен байланышканыбызда ал бизге төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Балтабай айылында мектептин спорт залынан башка спорттук жай жокко эсе эле. Анан биз демилге көтөрүп, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтү менен биргеликте айылга спорттук зал ачууну баштадык. Мамлекеттен да, жеке тараптардан да көмөк сурадык. Анын ичинен бараандуу салымды "Кумтөр" компаниясы кошуп, жалпы 300 миң сомдук жардам берди. Тактап айтканда, бул каражатка 60 чарчы метрлик күрөш маттарын, спорттук килем менен жана үч комплекти сапаттуу, заманбап тренажердук столдорду, ошондой эле гиралардын комплектисин белек катары алып отурабыз. Азыр айыл боюнча 60 бала машыгуудан өтүп жатат. Мектеп окуучулары эки нөөмөт менен, кечкисин айыл жаштары машыгуудан өтүп, ден соолуктарын чыңашууда. Алар "Кумтөрдөн" белекке келген бул буюмдарга чекесин тийгизип кубанышууда, эл дагы компаниянын кызматкерлерин алкап жатышат" дейт айылдык жаштардын төрагасы.
Андан кийин байланыштын аркы учунан спорттук залдын машыктыруучусу, кыргыз күрөшү, грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери Керезбек Сансыбаев үн катып, балтабайлык жаштардын спортко ынтызарлыгы күчөгөнүн кошумчалады. "Спорт залда кыргыз күрөшү, грек-рим күрөшү боюнча жаштар үзүрлүү машыгып жатышат. Облустук, райондук мелдештерге катышып, алдыңкы орундарга да илиндик. Райондук мелдеште командалык эсепте 3-орунду камсыздадык. Ачылганы жарым жылга жете элек болсо да бул биздин зал үчүн мыкты көрсөткүч. Биздей машыктыруучуларды иш менен, жаштарды спорт менен камсыз кылгандыгы үчүн "Кумтөргө" ырахмат айтып кетейин" деди Керезбек Сансыбаев.
Ошентип бул заманбап спортзалдан эртең бука моюн буура сан, алышканды алып урган, качырганды кармап жерге чапкан кайраттуу балбандар чыкса, жалпы кыргыз эли сыймыктанарына шек жок эмеспи. Ошондо да бул иштин башкы демөөрчүсү болгон Кыргызстандагы эң ири ишкана, мамлекеттин казынасын толуктап турган, карапайым элдин турмушун өзгөртүүгө биртоп салым кошуп жаткан "Кумтөр" компаниясына алкоолор айтылып тураар...

Тынчтык Алтымышев,
сүрөттөр Влад УШАКОВдуку