25.04.14 Баш кесмек бар, тил кесмек жок
Жасаганды жашырып,
жазаны ишке ашыруубу?!
Кыргыз парламенти ушул жылдын 16-апрелинде "КР Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун үч окуудан өткөрүп, өлкө Президентинин кароосуна сунуштады. Бирок мыйзамга добуш берүү учурунда ага толук кандуу түшүндүрмө берилбей, коомчулуктун, адистердин сунуш-пикирлери эске алынбай өтө шашылыш түрдө, көпчүлүк депутаттарды шаштыруу менен добуш берүү жүргөндүгүн айрым депутаттар ошол замат билдирип чыгышты. Азыр бул мыйзамга добуш берген 11 депутат "адашып "макул" деп добуш бериптирбиз, кайра добуш берилсин" деп төрагага кат жолдошту.


Чын-чынына келгенде эл өкүлдөрү бул аракеттери менен өздөрүнүн адамдык кадыр-баркынан мурда буга чейинки жана мындан кийинки саясый, кызматтык карьерасындагы мыйзамсыз кадамдарынан коркуп, моралдык жоопкерчиликтен мурда материалдык байлыгынан кол жууп, качанкы бир жасаган мыйзамсыз иши үчүн темир тор артында телмирип отуруп калбоого аракет жасаганы айдан ачык эле иш болуп калды. Биринчиден, депутат Өмүрбек Текебаев сунуштаган "жогорку кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартууда кылмыштын мөөнөтүнө чек койбоо" маанисиндеги мыйзам долбоору кабыл алынып кетпедиби?! Демек, эми элдин эсебинен байып, мамлекеттик ишканаларды менчиктеп алгандардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, 15-20 жыл мурдагы калбырлары үчүн суракка чакырылышы толук мүмкүн. Ушундай маалда журналисттерге белгилүү болуп келген далай жашыруун-жабык иштердин ачыкка чыгып кетпөөсүнө жанталашып жаткандай картина жаралууда.
Экинчиден, эгер Президент кол коюп, бул ММКларды жазалоо ишке кире турган болсо, өлкөдөгү ар бир эки адам бирин-бири сотко сүйрөп, соттордун соодасын жүргүзүшү толук ыктымал.
Айталы, адам укуктарын коргоо боюнча жогорку институт болгон Акыйкатчы Бакыт Аманбаев да бул ММКлардагы жалган маалыматтарды таркаткандарды жоопко тартуу боюнча мыйзамды колдобой турганын билдирди, "Ар бир жаран эркин ой жүгүрткөнгө, сөздөрдү айтканга, кайсы бир өзү каалаган маалыматты издөөгө, мамлекеттин мыйзамдык түзүлүшүнө каршы келген мыйзамсыз иштерди ачыкка чыгарууга, мыйзам чегинде коомчулукка жеткирүүгө укугу бар. Андыктан сөз эркиндигин чектөөгө багытталган ар бир аракет антиконституциялык болуп эсептелет жана ал өткөн тоталитардык мезгилге кайтууга жатат" дейт ал. Ушундай эле позицияга токтогон ондогон бейөкмөт, коомдук уюмдар Президентке кат жолдоп, сөз эркиндигин сот менен кысымга алуучу мыйзамды колдобоого чакырып турушат. Эми мурдагы кландык режимдерде эркин сүйлөй албай, жыйырма жыл бою "Сөз эркиндиги" деген ураан менен жашаган Алмазбек Шаршенович кантээр экен, карап туралы.





ЖК кабыл алган "жалган билдирүүлөрдү тараткандарды жазалоо" жаатындагы мыйзам Кыргызстандагы ММКларды тизгиндөөгө кызмат кылабы?
Азамат Тынаев,
"Власть.kg" сайтынын негиздөөчүсү:
- Бул мыйзам ишке ашпай турган, жөн гана кайсы бир тараптарга сес көрсөтүп коюу үчүн ойлонуп табылган. Андан коркуунун деле кереги жок. Анткени Кылмыш кодексинин азыр колдонулуп жаткан редакциясында деле жалган публикациялар үчүн жоопкерчиликке тарттыра турган беренелер бар болчу. Ага карабай, эч кандай турмуштук реалийдеги фактыларды, мисалдарды көрсөтпөй туруп эле, бул долбоорду дүңүнөн өткөрүп кетишкени акылга сыйбай турган нерсе. Туура, ММКлардын баары эле 100 пайыз чындыкты жазат деп айтпайлы, бирок мен кайсы бир авторду кайсы бир макаласы үчүн эркиндигинен ажыратылышы керек деп айтууга мисал таба албай турам. Албетте, Кыргызстандын ММКсы мындан да оор мезгилдерди, басымдар менен кысымдарды башынан өткөргөн. Андыктан бул мыйзам менен эле сөз эркиндигин тизгиндеп алууга болот деп ишенгендер жаңылышат.

Өмүрбек Абдрахманов,
эркин депутат:
- Бизде "демократия" деп төш каккандар көп болгону менен алардын жасаган иши ураандарына төп келбеген учурлар арбын. Демократиянын, тең укуктуулуктун бирден бир рычагы бул сөз эркиндиги экендигине карабай, айрым кесиптештерим ушундай мыйзамды демилгелеп отурганы биздин саясатчылардын кандай кызыкчылык менен бул жерде отургандыгынан кабар берет. Ал мыйзамды депутаттарды "алдап" өткөрүп алышты. Добуш берүүдө Кылмыш кодексине өзгөртүү деп айтканы үчүн көп депутаттар адашып, колдоп коюшуптур. Мен 11 депутаттын колун койдуруп, ал мыйзамды "кайра добуш берүүгө кайтарылсын" деген кат менен кайрылдым. Эми ал катты этика комитетинде жакында карайт. Ошондон кийин анын тагдыры чечилет. Ал мыйзам Конституцияга таптакыр каршы келет.

Турат Бектенов, журналист:
- Негизи бул мыйзамдын келип чыгышына айрым журналисттердин бирөөнү далили жок каралаган, бирөөнүн беделине шек келтирген материалдарынын байма-бай жарыяланып турушу себеп болду деп айтсак болот. Учурда сөз эркиндигин туура эмес пайдаланууга жол берилип жаткандыгы өкүнүчтүү. Демократиялык коомдо сын пикир айтылып турушу абзел, бирок ошол эле учурда журналистикалык этиканын, башка адамдардын да укугу сакталышы керектигин унутпоо зарыл эмеспи. Ошондуктан маалымат айдыңындагы охлократияга жетелөөчү башаламандыктарды чектөөчү механизмдер керек экенин мезгил көрсөттү. Жалпысынан жалган маалымат тараткандыгы үчүн тартипке чакыруу мыйзамы керек деп ойлойм. Ал эми кандай деңгээлде жоопко тартуу керектиги бул башка кеп. Айтарым, журналисттер далилсиз ушак-айыңдарды тараткандыгы үчүн административдик гана жазага тартылыш керек. Башкача айтканда, акчалай айып салуу жетиштүү болот. Бирок кылмыш жоопкерчилигине тартууга мен түп тамырынан каршымын.

Айбек Султангазиев,
медиа эксперт:
- Бул мыйзам сөз эркиндигин чектей турган эле инструмент. Мунун артынан "бөрк ал десе, баш ал" дегендер пайда көрөт. Азыркы интернет өнүккөн заманда бул мыйзамдын иштеши деле күмөн туудурат. Анткени социалдык түйүндөр азыр аябай өнүгүп, маалыматтар ошол жактан чыгып, чоң күч алган мезгили. Каалайбы-каалабайбы, ушак болобу же божомол болобу баарыбир элге жетет. Анан ушундай мезгилде ММКларды бир мыйзам менен басып коркутуп-үркүтүү акылсыздык. Ушактан саясатчылар кутула албайт, бул болуп келген иш, мындан ары да боло берет. Саясатчылар менен мамлекеттик кызматкерлер "ушактар чыкпасын" десе таза иштеп, ошол эле ММКлар аркылуу ар кандай имиштерге оперативдүү реакция кылганды үйрөнүшү керек. Бул мыйзам Конституцияга да каршы экендиги көрүнүп турат.

Эрнис Кыязов, тележурналист:
- Жалган жазбаган, сөзүнө жооп бералган журналист үчүн анысы деле, мунусу деле баарыбир. Кеп ошол мыйзамды демилгелеп жаткан тараптын коркок-билиштигинде болуп жатат менимче. Ушу азыркы мыйзам менен деле далили жок дөөдүрөгөн журналисттерди теске салып коюуга болот болчу. Мына ушул тейден караганда, мыйзамды көтөрүп чыккан демилгечи депутаттардын өзүнүн, анын артында тургандардын корко турган, чочуй турган жөнү барбы деген ой келет. Мисалы, мен ОшТВда иштеп турганда УКМК биздин телекомпанияга "элди түндүк-түштүккө бөлдү..." деген күнөө тагып кылмыш ишин ачты. А мен кыйкырып эле келе жатам, андай кылганым жок, каеринде түндүк-түштүккө бөлүп жибериптирбиз деп. ММК жөнүндө азыркы мыйзамына деле, жаңы кабыл алам деп жаткан мыйзамына деле даярмын. Кеп эптеп эле бийликтин быкыйын ашкере жазып, көргөзүп, уктуруп жаткан журналист журтун коркутуп коюуда болуп жатат. Акылы болсо анттирип отурбай эле тим койсо болмок. Жыйырма жылда саясатчылардын да, журналисттердин да күнгөй-тескейин көрүп алчы-таасын жеп калган эл эмне ак, эмне кара, кимиси жалган, кимиси чын экенин билип деле калбадыбы. Ачыгын айтайын, бул мыйзам бүгүнкү бийлик үчүн чоң минус.

Турат Акимов, "Деньги и власть" гезитинин башредактору:
- Мен атайын ушул демилгелеп, кабыл алып жаткан мыйзамды изилдеп чыктым. Бул мыйзамды депутаттар коомчулукту алдап, чыккынчылык жол менен, көмүскө жол менен кабыл алып, өздөрүнүн артындагы калбырларын коомчулукка билгизбей жымырып калуунун аракетин көрүп жатышат. Дегеле, ушул мыйзамды кабыл алуу менен биздин эл өкүлдөрүбүз өздөрүнүн келесоо экендигин, билиминин тайкы экендигин дагы далилдеп коюшкандай болду. Себеби "жалган маалымат" деген түшүнүк юридикалык термин эмес, мындай сөз биздеги Кылмыш-жаза кодексте да, Кылмыш-процессуалдык кодексте да жок. Демек, бул "жалган маалымат" деген сөздүн өзүн азырынча Кыргызстандагы бир дагы сот чечмелеп бере албайт. Муну менен депутаттар "Айгүлдү Нургүл деп атагыла" деп догурунуп жаткандай эле маанини берип турат. Бул боюнча айтсаң эле "болгону "донос" деген сөздү "жалган маалымат" дегенге алмаштырып койдук" деп кулагын жапырышууда. Ал эми "донос" деген сөз бул атайын жасалган кылмышка карата алдына ала берилген маалымат болуп эсептелет. Бул жерде маалымат деген түшүнүк таптакыр башкача да. Кыскасын айтканда, бүтүндөй коомчулукту көз көрүнөө алдап туруп бул мыйзамды өткөрүп алып, анан каалаган ММКга кылмыш ишин ачып, кысып туруунун жолун таап алышты.

Даярдаган
Тынчтык Алтымышев