25.04.14 Замира САТЫБАЛДИЕВА
"Төлөмүш Океев шагымды сындырып койгон"

Учурда жаңы режиссерлор, жаш актерлордун саны көбөйгөн менен жаңыдан актриса катары тааныла баштаган улуу муундагы инсандар көп эмес. Алардын катарында көп кырдуу талант, буга чейин ырчыларга продюсер катары таанылган Замира Сатыбалдиева айым да бар. Бул ирет жаңыдан таенелик доорду сүрүп жаткан актриса эжекебиз менен маектештик.

- Замира эже, чыгармачыл чөйрөгө кантип келип калдыңыз?
- Биз үй-бүлөбүз менен чыгармачылыкка жакынбыз. Жолдошум сүрөтчү, уулум архитектор-дизайнер, кызым дагы дизайнер-конструктор. Мен кичинекей чагымдан эле музыкага жакын болчумун. Аккордеон менен ырдап, мектепте, жогорку окуу жайда майрамдарды көрккө бөлөгөн шайыр кыз болчумун. Бирок эч убакта актриса болом деп ойлогон эмесмин. Кийин Суворов аскер окуу жайында иштеп калдым. Ошол жерден театралдык чыгармаларды сахналаштырганда актердук өнөрүм бар экенин өзүм байкагам. Кийинчерээк Дзержинскийдин эс алуу багында сейилдеп жүрсөм кадимки Төлөмүш Океев мени көрүп калып татынакай кыз экенсиң, бизге кинопробага келип көрчү деп чакырып калды. Ал кезде акжуумал келген, чачы узун татынакай кыз болсом керек. Чакырган күндү унутуп калып шашкан бойдон даярданбай эле студияга жетип бардым. Мени видеопробадан тартпай туруп эле "сен татынакай көрүнгөнүң менен камерага начар түшөт экенсиң" деп шагымды сындырып койду. Менимче мени тартам деген ролго башка бирөөнү сүйлөшүп коюшкан окшойт. Ошол сөздөн кийин мен камерага начар түшөт турбаймынбы деп кайсы жерде камера болсо качмайды адат кылып алыптырмын. Камерасы жок жерде берилип ушунчалык сонун ырдайм, камера болсо эле үнүм чыкпай калгандай болуп кыйналып жүрдүм. Оюмдун баары камерага начар түшүп жатам деген менен алек. Ошончо жыл менде камерадан коркуу сезими жашап келген. 3-4 жыл мурун Нурлан Мамакеев "Караоке жылдызы" деген конкурс жарыялап, мен ал долбоордо байгелүү орунду ээлеп калдым. Ошондо Нурлан менин актердук талантым бар экенин байкап, тасмаларда роль жаратууну сунуш кылды. Алгач "Большие люди" скетч-шоусунда тартылып жүргөм. Кийин жарнамалык, социалдык роликтерде, клиптерге тартыла баштадым. Нурланга рахмат, мен тартынып жүргөн кезде мага дем-күч берип тасмада роль жарата алаарымды ынандырып ушул чөйрөгө алып келди.
- Ошол күндөн бери канча тасмага тартылдыңыз?
- Мени көбү "Большие люди" скетч-шоусу аркылуу жана "Общага" сериалындагы ролум аркылуу таанышы мүмкүн. Биздин балдар казактардын телеканалдарына сериалдарды, скетч-шоулорду тартышат, биз көбүнчө ошол жакка тартылган продукцияларга роль жаратып калдык. Ашып барса бир жылда эки тасмага тартылганга жетишесиң да. Мен чоң жоопкерчиликтен качып көп учурда экинчи пландагы ролдорду аткарып жүрдүм. Мисалы, "Кыргыз, казак бир тууган", "Жол. Эксклюзив" деген тасмаларга тартылдым. Учурда "20 жаштагы чал-кемпир" деген комедияда башкы каармандын ролун жараттым. Буюрса май айында бул тасма жарыкка чыгат. Андан кийин Эрнест Абдыжапаровдун жаңы тасмасына да тартылганы турабыз.
- Сизди актриса боло элек кезиңизде чыгармачыл чөйрө продюсер деп таанышчу. Продюсер катары кайсы ырчылар менен иштештиңиз?
- Менин алгачкы жана чоң долбоорум бул Курал Чокоев болду. Ал бала гран-прини алганга чейин жетишти. Кийин өз алдымча иштейм дегенде макул болдум. Андан сырткары Ислам Акматов, Дархан, Шерхандарга жардам берип колдоо көрсөтүп жүрдүм. Кызым төрөп, таене болгондон бери бул жумушума тыныгуу жарыялап жаш баланы карашканга жардамдашып жатам.
- Жакында маданияттын мыкты кызматкери деген наам алдыңыз. Бул наам жөн жеринен берилбесе керек?
- 2012, 2013-жылдары Жылдын мыкты продюсери деген наамдарга татыдым. Менин идеям менен тартылган клиптер жылдын мыкты клиби деп табылды. Курал Чокоевдин "Дүрүдүм" деген ырга тартылган клиби менен Ильяз Андаштын "Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар" деген клиптери бизге таандык. Андан сырткары биз тээ 2007-жылдары алгачкылардан болуп фонограмманы жоюу боюнча демилге көтөрүп чыкканбыз. Ошол кездеги Маданият министри колдоп чыкканы менен ага каршылардын саны көп болгондуктан бул демилге токтоп калган. Ушундай кадамдарыбызды эске алып мага жогоруда айтылган наамды беришти окшойт.
- Продюсер болуп жүрдүңүз, бир нече тасмага тартылдыңыз, өзүңүздүн жеке тасмаңызды тарта турган мезгил деле келип калса керек?
- Ачыгын айтсам, мен ар бир адам өз ишин аткарса деп санагандарданмын. Режиссер режиссерлугун жасасын, оператор операторлугун. Ошондо сапат болот. Эч кандай билими жок киришип алгандар көпкө барбайт. Мен ушундай принципте болгон үчүн сахнада ырдай алгандар болсун деп фонограммага каршы чыкканмын. Ошол сыңары режиссер болом деп кызыкпайм, өз ишин билген адистерди сыйлайм.
- Анда сиздин актердук билимиңиз жок туруп роль аткарганыңыз кандай болуп калат?
- Бул такыр башка нерсе. Режиссерлуктун эрежеси бар. Техника менен дос болуп, эл аралык стандартка жооп бериш керек. Ал эми актерлор бул белгилүү бир адамдын өмүрүн жашап берет. Ошону көрсөтүп бериши керек. Ал үчүн көп билимдин деле кереги жок. Кээ бир адамдар 5 жыл окуп деле актер боло алышпайт. Себеби дээринен мындай жөндөм болбосо кыйын экен. Мисалы, жеке мен үчүн роль жаратуу такыр кыйынчылык жараткан жок. Өзгөчө жаңы тартылган "20 жаштагы чал-кемпир" тасмасында эки адамдын жашоосун бир тасмада чагылдырдым. Бул тасма 60 жаштагы кемпир кокусунан 20 жаштагы кыз менен денеси алмашып кеткени тууралуу болот. Биз жаш болуш үчүн бир ай жаштар менен чогуу жашап, алардын адаттарына, "жаргондоруна" үйрөндүк. Жадагалса хип-хоп стилинде бийлөөнү бир ай бизге үйрөтүштү. Менимче бул комедия элге жагат деп ойлойм, себеби тасманын эпизоддорун аткарып жатып чыгармачыл топ өзүбүз каткырган бойдон кулап калып жаттык.
- Бул тасмада сизден башка башкы ролдорду кимдер жаратышты?
- Чалдын ролун "Миллиондук мелдеш" тасмасындагы таз баш криминалдын ролун аткарган Дамир Абдураимов жаратты. Ал эми жаштарды "Көк салкын" тасмасы аркылуу таанылган Бакыт Тынайбеков менен белгилүү журналист, акын Жедигер Саалаевдин кызы Элзат аткарды. Аябай таланттуу, келечектен көптү үмүттөндүргөн кыз. Кастингге келип өз күчү менен 100 кыздын ичинен тандалыптыр. Жедигер классташымдын кызы экенин кийин тасмага тартылуу учурунда ата-энеси жөнүндө сурап жатып билдик.
- Тасма кайсы жакта тартылды?
- Бир бөлүгү Бишкекте, бир бөлүгү Сокулуктун Асылбаш айылында тартылды. Ушул жерден баса белгилей кетчү нерсе, айылда жашоо, турмуш сонун экен. Өзүбүздү коммунизмде жашап келгендей сездик. Айыл элинин пейилинин кенендиги, меймандостугу жакты. Айыл өкмөтү биздин айылда кино тартылып жатыптыр деп сыймыктанып коюн союп сыйлап, айыл тургундары тасманын тартылуу иштерине жардам беришип, жүдөп кеттиңер деп бизге мончосун жагып беришип колго кол, бутка бут болуп жардамдашып жүрүштү. Эки жума телевизор көрбөй эс алып келгендей болдук. Көрсө, саясат, ызы-чуу жөнүндөгү жаңылыктар адамды чарчатып коет тура.
- Кыргызстандагы эң чоң жарнамалык щитте сиздин сүрөтүңүз турат. Бул жарнакка кантип тартылып калдыңыз эле?
- "Медиастар" студиясы ушундай бир банктын роликтерин тартып жатабыз, роль аткарып бериңиз деп кайрылышкан. Мен ал роликке тартылып кеткен болчумун. Кийин Тынчтык проспекти менен Горький көчөсүнүн кесилишиндеги эң чоң мегабордго менин мөмө-жемиш сатып жаткан сүрөтүмдү илип коюшуптур. Азыр элдин баары соодагер эже деп сөөмөйү менен көрсөтүп калышат.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ