25.04.14 Дени сак энеден дени сак бала төрөлөт

Жаңы төрөлгөн баланы кантип туура тамактандыруу керек, жаман адаттан арыла албаган аялзатынан кандай бала төрөлөт, ушулар тууралуу Бишкек шаарындагы №4 ҮМБ (ЦСМ) дарыгери, врач-педиатр Зулайка АШЫРАЛИЕВА айтып берди.
- Акыркы кезде аялдар арасындагы эң чоң көйгөй алкоголизм менен тамеки чегүү. Жаш кыздардын ушундай жаман өнөкөтүнөн улам майып балдар көп төрөлүүдө. Айрыкча мурда тамеки чегип көнүп калган кош бойлуу аялдар мындай жаман адатын таштай албай курсактагы баласын да аяшпайт. Алар тамеки менен өзүнө жана курсактагы балага 40ка жакын ооруну чакырып жатат. Жүрөгү ооруп, кан тамыры жабыркап, кургак учук, өпкөнүн рак оорулары, 98% ашказандын жара оорусун алып келет. Тамеки чеккен аялдардын же күйөөсү чылым чексе да алардан төрөлгөн балдардан көбүнчө жырык эрин, нышан балдар төрөлүүдө. Буту-колу иштебеген шал, жүрөктүн кемтик оорусу, мээде шишиги бар төрөлгөн балдар көбөйдү. Биз баланы жаңы төрөлгөндөн кийин бир сыйра медициналык кароодон өткөрөбүз. Ошондо көпчүлүк балдардан сөзсүз бир дарт байкалат. УЗИден тартканда балдардын 90%нан неврологиялык оору чыгат. Кээсинин башында кан басымы көтөрүңкү. Чындыгында акыркы жылдары балдар арасында гипотрофия деген оору жоголду. Бул баланын салмагы өзүнүн жашына жетпей, арыктаткан, тамакка табитти жоготкон оору. Мурун жаш балдардын салмагы өзүнүн жашына жетпей калган учурлар көп болчу. Жашоо оңолуп баратабы же балдарга жакшыраак көңүл бурула баштадыбы, айтор бул оору жоголду. Андан тышкары паратрофия деген оору бар эле. Бул жаш баланын салмагынан ашып кеткен оору. Бул да акыркы жылдары азайып калды.
- Азыр жаш балдарда кайсы көйгөй басымдуулук кылып жатат?
- Негизи жаш баланы тамактандыруунун өзгөчөлүгү бар. Өзгөчө кичинекей балдарды туура эмес тамактандырып, алардын ашказанын бузуп жатышат. Акыркы мезгилде көпчүлүк жаш өспүрүм балдар тез даярдалган тамакты жегенден кекиртек, ашказан, кызыл өңгөчтөн жабыркагандар бар. Кээ бир балдар тамакты ысык жеп алышат. Бул да ден соолукка зыян. Туура эмес тамактануудан өтө семирип кетүү дартына кабылгандар бар. Ал эми өтө семиздик жаш балдарга кант диабетин да алып келет. Мен медицина тармагында 25 жылдан бери иштейм. Мурда деле кант диабети жаш балдарда кезигип калчу, ал эми акыркы кезде абдан көбөйүп баратат. Илгери бул дартка чалдыккан балдар 2-3%ды түзсө, азыр 20%га чукулдап калды. Негизи кант диабети тукум куучулук жана туура эмес тамактануудан пайда болот. Куурулган, майлуу тамактар, ар кандай боектор менен кооздолгон таттуу токочтор баланын ден соолугуна зыян. Баланын тамактануусун кичине кезинен эле караш керек. Жаңы төрөлгөн бала алты айга чейин эч кандай кошумча тамактан азыктанбай, энесинин сүтүн гана эмгени жакшы. Алты айдан бир жашка чейин мүнөздөлгөн кошумча тамактарды сунуштайбыз. Эненин эмчегин көп эмип чоңойгон баланын акыл-эси жакшы өсүп, ден соолугу мыкты, иммунитети да жогору болот. Иммунитети жогору болсо бала да оорубайт. Бир жашка чейинки балага кошумча тамак берүүдө аларга куурулган, майонез кошулган, таттуу, цитрус тамактарды бергенге болбойт. Апельсин, мандарин, анар аллергияны пайда кылат. Балдарга эң эле жагымдуу тамак кайнатылган майлуу эмес эт жана сүт азыктары, ботколор. Андан тышкары жашылчалардан жасалган пюре.
- Кээ бир ымыркайга куйруктун майынан буламык жасап беришет, мунун ден соолукка зыяны кандай?
- Албетте куйрук менен жасалган тамак жаш баланын ден соолугуна оор болуп калат. Анын жаңы өсүп келаткан организми өтө назик болгондуктан малдын майы боорго күч келтирет. Кээ бирөөлөр кичинекей балага куйрукту сордуруп коюшат, мен буга да каршымын. Алты айлык балага дароо эле чоңдор жеген тамакты бергенге болбойт. Балага кошумча тамакты биринчи бергенде 150 миллиграммдан башталат. Ал он аш кашык тамак болот. Аны да акырындап, эки-үч кашыктан баштап, анан онго жеткиребиз. Андан кийин 7-8 айында 180 миллиграмм берилет. Андан кийин 250 мгр өтөбүз. Ошентип улам тамактын граммын көбөйтө баштайбыз.
- Үй-бүлөнү пландоо боюнча эмнелерди айтасыз?
- Негизи удаа төрөлгөн балдардын үй-бүлөсү материалдык жактан көп кыйналышат. Жыл сайын төрөгөн эненин гемоглобини түшөт. Андан төрөлгөн баланын да каны аз болот. Гемоглобини төмөн болсо, организмде иммунитети төмөн, ар кандай ооруларды тез кабыл алат. Ошондуктан жаңы төрөгөн аялдарга үй-бүлөнү пландоо боюнча кеңештерди айтып турабыз. Кантип бойго бүтүрбөй сактаныш керектиги тууралуу да маалымат беребиз.
Дени сак аялдан дени сак бала төрөлөт. Чылым чегип, арак ичип, өздөрүн кыйын сезген кыздардан кийинчерээк майып балдар төрөлгөндө ээрдин кырчып, өкүнүшөт. Бирок өтө кеч болуп калат. Андыктан баламдын дени сак болсун десе өздөрүнүн ден соолугун жаштайынан таза кармаш керек.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА