presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Ташкент күчөттү,
а бизчи?
Соңку тапта расмий Ташкент жаңы демилге көтөрдү. Ага ылайык, эгер дүйнөлүк коомчулук бул жышаанды толук бойдон кубаттаса, "Хизб-ут тахрир" диний экстремистчил партиясы мындан ары террорчу уюм сыңары эсептелинип, анын мүчөлөрү токтоосуз түрдө катаал жазаларга чегерилмекчи.



"Хизб-ут тахрир" диний экстремистчил партиясы Борбор Азия жумурияттарын 1991-жылдан тарта Советтер Союзу кулагандан кийин байырлай баштаган. Өзгөчө көп улуттуу Фергана өрөөнүндө акыркы мезгилде бул уюм ачык эле үстөмдүк кыла баштагандыгын жашыруунун кажети жок. Кейиштүүсү, уюмдун тарапкерлеринин басымдуулугу жалаң ислам динин бекем тутунгандар. Соңку тапта Ош облустук Улуттук коопсуздук комитетинин жана ички иштер башкармалыгынын тынымсыз аракеттеринин натыйжасында "хизб-ут тахрирчилердин" аймактагы ири топтору туткундалып, учурда сурак берип жатышкан чагы. Айыпталуучулардын арасында жапжаш улан-кыздардын жүргөндүгү ичти ачыштырбай койбойт.
- Мен "Хизб-ут тахрирге" таптакыр кызыкпайт элем. Акем тынбай интернеттен видеосюжеттерди жана сүрөттөрдү байма-бай көрсөтүп, кулагыма күн сайын куя берип, акыры бул уюмга чын ыкластан киргенге көндүрдү. Терең сүрүштүрсөм, бул диний партиянын карапайым калкка жаманчылыгы деле жок экен. Бирок барып-барып бул уюмга кошулгандардын ою абдан арам экен. Жаңылып-жазгандыгым үчүн кечирип койгула, абактан аман бошосом, бул тетири жолго экинчи баспаймын, - дейт Азим аттуу жигит. Минтип түштөн кийин бармак тиштеп, акылына киргендер түштүк жергесинде толтура. Бирок булар арам жоруктарына эми гана өкүнүп, жаман жолго экинчи баспайбыз деп миң карганышканы менен баарыбир кепилдик жок. Биз билгенден мындайлардын далайы көнгөн адат боюнча түрмөдөн бошогондун эртеси эле эски адатын карманып кетип жатышат.
Айтмакчы, Кыргызстандын укук коргоо органдары минтип "хизб-ут тахрирчилерге" аеосуз согуш жарыялашса, расмий Өзбекстанда "Хизб-ут тахрир" диний экстремистчил партиясын кара тизмеге киргизүүгө катуу далалаттанып, аны террорчул уюм деп бүт дүйнөгө ачык жар салып отурат. Өзбек өкмөтүнүн ырасташынча, аталган партия кыйла жылдардан бери Фергана өрөөнүндө террорчул актыларды байма-бай уюштурган арам ниет адамдардын катмарын тарбиялап келатат. Булардын жалпы жонунан мындан башка ою жок. Ошон үчүн бул кара ниет уюмду түп тамырынан кыюу аркылуу гана Фергана өрөөнүндө туруктуу бейпилдикти орнотуу мүмкүнчүлүгү бар.

Мындай тыянакка укук коргоочу Равшан Гапиров кошулбайт.
- Дал ушундай кескин аракет коомубуздун эң активдүү мүчөлөрү "хизб-ут тахрирчилерди" куугунтуктоо катары сыпатталып, турукташып бараткан кырдаалды ого бетер курчутат. Ошон үчүн "Хизб-ут тахрир" диний экстремистчил партиясын кара тизмеге кошуу мүмкүн эмес. Мындай кадам тескерисинче уюмдун аброюн гана көтөрөт. Андан көрө улуттук менталитетибизге ылайык булар менен туруктуу күрөшүүнүн башка ийкемдүү жолдорун издегенибиз ийги. Антпесек артык кылабыз деп тыртык кылып алышыбыз мүмкүн, - дейт Равшан Гапиров.
Белгилүү юрист жана коомдук ишмер Юруслан Истанов дагы ушундай эле пикирди тутунуп келет. Ал аталган диний экстремистчил партия туурасында мынчалык жогорку деңгээлде сөз кылыштын кажети жок деп эсептейт.
- "Хизб-ут тахрир" диний экстремистчил партиясын террорчул уюмдардын катарына кошуу - жеткен акылсыздык. Биз ушинтип атып эле өзүбүзгө душман ашырып жатабыз. Мындай чечимибиз аталган диний экстремистчил партиянын калк арасындагы аброюн ого бетер көтөрүп, катарынын улам калыңдашына жол ачып жатпайбы. Мындан ким утат? Бийликтегилер муну түшүнүшпөйбү? - деп баса белгиледи Юруслан Истанов.
Анткен менен "хизб-ут тахрирчилердин" катары түштүк жергесинде улам калыңдап бараткандыгы элди санаага салып жаткан чагы. Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда төрт миңдей "хизб-ут тахрирчи" жансакташат. А иш жүзүндө булар элдин башын айландыруунун башка жолун (интернет, дисктерди таратуу, кинолорду жана видеосюжеттерди байма-бай көрсөтүү жана жарыялоо) тандап алышкандыктан, анча-мынчасы гана кармалып жоопкерчиликке тартылып жатышат. А калгандары душман көзүнө сотто болбогон өлчөмдө жаза айыбын гана төлөп, жоопкерчиликтен таптакыр кутулуп келатышат.
Кыскасы, карапайым калкты түйшүккө салган маселе - "Хизб-ут тахрир" диний экстремистчил партиясын биротоло ооздуктоо. Антпесек коом дагы бир социалдык жарылууга дуушарланчудай. Анда бул жаңжалды ким токтотот? Улуттук кооопсуздук комитетиби же Ички иштер министрлигиби? Бир беткей жооп азырынча айтуу кыйын.





Чочулабай эле койгула
Маматкалык АМАТОВ:
"Орусия газ тармагын жакшыртат"
Өзбекстандын "УзТранс" акционердик коому Кыргызстандын түштүк аймагына газ берүүсүн токтотту. Эми Орусиянын "Газпром" акционердик коому бул кенемтени толтуруп, түштүк жергесин көгүлтүр от менен туруктуу камсыз кылууга жараар бекен. Бул туурасында өз кабарчыбыз "Кыргызгаз" жоопкерчилиги чектелген коомунун "Ошгаз" филиалынын директору Маматкалык АМАТОВду кепке тартты.


- Маматкалык мырза, "Кыргызгазды", анын ичинде "Ошгаз" мамлекеттик ишканасын Орусиянын "Газпром" акционердик коомуна мынчалык шашылыш сатуунун кажети бар беле?
- Ооба. Биздин аймактагы газ куурлары өткөн кылымдын 1964-1965-жылдары тартылган. Алар кырк жылдан кийин керектен биротоло чыккан. Ошентсе да таптакыр алмаштырылган эмес. Адатта дүйнөлүк практикада ар 25 жылда газ куурлары жаңыланып туруусу кажет. Жашырып не, тилекке каршы Өзбекстан авариялык акыбалдагы бул тармакка таптакыр көңүл бурган эмес. Анткени коңшу мамлекетте газ куурларын жаңылоо абдан кымбатка, жок дегенде миллиардаган сомго турмак.
А орустар алдыдагы 5 жыл аралыгында бизге 20 миллиард рубль инвестиция тартат. Мынча каражаттын эсебинен Кочкор-Ата шаарчасындагы газ кампасы туруктуу ишке киргизилет. Ага улай Кочкор-Ата - Жалал-Абад - Өзгөн - Ош - Баткен газ куурлары тартылат. Ошентип аталган аймактарга жогорку басымдагы газ түтүктөрү орнотулат.
- А Өзбекстан анда неге ушул жылдын 14-апрелинен тарта түштүк жергесине газ берүүсүн күтүүсүздөн токтотуп таштады?
- Себеби "Кыргызгаз" (азыркы "Кыргызгазпром" жоопкерчилиги чектелген коому) менен коңшу мамлекеттин "УзТранс" ишканасынын ортосундагы келишимдин мөөнөтү дээрлик бүттү. Бирок Өзбекстан бизге бир ооз эскертпестен туруп газ берүүнү күтүүсүздөн токтотуп таштады. Ошондуктан "Кыргызгазпромдун" жетекчисинин орунбасары ушул тапта Москвада сапарлап жүрөт. Ал азыр ачык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселени чукул арада жайгаруунун камын жеп аткан чагы.
- Эмнеге газ тармагын дүңү-нөн бир рублге баалап таштады-ңыздар?
- Бир рубль, мындайча айтканда дүйнөлүк рынокко ылайык символикалуу эле коюлган баа. Мындан тышкары биздин ишкана Соцфондго жана салык кызматына 40 миллион доллар карыз эле. Анын баарын орустар өздөрү төлөп жатышпайбы.
- "Кыргызгазпромду" кийин Кыргызстанга кантип кайтарып аласыздар? Кокусунан эки тараптан тең президенттери алмашып кетсе, анда орустар бербей коюп ит кылышпайбы?
- Эки тараптуу келишимге ылайык түштүктөгү газ тармагын Кыргызстанга биротоло кайтаруу мүмкүнчүлүгү бар. Баса, мунун механизмдери мурда эле такташтырылган. Ошондуктан муну ашкере саясатташтыруунун кажети жок. "Кыргызгазпром" колубузга кайрадан толук бойдон тийгенче, система бүтүндөй жаңыланат. Транспорттоштуруу, көгүлтүр отту бөлүштүрүү механизмдери анда кадимкидей нукка түшкөн болот.
- Ошондо элдин жана ишкана-мекемелердин карызы да кошо кечирилеби?
- Жок. Ушул тапта керектөөчүлөр "Ошгаз" филиалына 14 млн. сом карыз. Мунун 13 млн. 700 миң сому элдики. Анын бир тыйыны дагы кечирилбейт. Баарын сөзсүз төлөшөт.
- Балким жанагы жараяндын шарапаты аркасында жетекчилик, ага кошо тармак кызматкерлери дагы жаңыланышы ыктымалбы?
- Биздин тармакта дээрлик 90 пайыз газчылар калат. Анча-мынча өзгөрүүлөр, айрыкча жетекчиликте сөзсүз күтүлөт.
- Кесипкөйлөрдү даярдоо жагын кантесиздер?
- Орусия бул сапар уул-кыздарыбызды өзүндө окутканга толук шарт түзөт. Болгондо да аларды бекер даярдашат. Ага улай абдан таңкыс кадрларды кайрадан белендегенге түздөн-түз жардамдашат.
- Маматкалык мырза, орус газы арзандайбы?
- Албетте. Азыр миң кубометр газды Өзбекстандан 290 доллардан аргасыздан алып атабыз. А орус туугандар көгүлтүр оттун миң кубун Кыргызстанга 160 доллардан, дээрлик эки эсе арзан сатат. Чынында оңолуп эле калабыз.

Бетти даярдаган
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Ош облусу,
сүрөттөр автордуку









??.??