18.04.14 "Газпром-Кыргызстан" жыргатабыз эле дейт
Мындан туура бир жума мурун 10-апрелде Орусиянын "Газпром" ААКсы "Кыргызгаз" ААКсын сатып алуу келишимине кол койгону баарыбызга маалым. Бул күнү Улуттук оппозициялык кыймылынын тынчтык митинги өтүп, демейде кыргыз газ тармагы башкаларга өтпөсүн деген оппозициячылдар негедир "Кыргызгаз" тууралуу ооз ачышпады. Президент Алмазбек Атамбаевге жолуккан "Газпром" башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер бул күнү атайын брифинг өткөзүп, Кыргызстан газтранспорттоочу компаниясы мындан ары "Газпром-Кыргызстан" деп аталарын билдирди. Тактап айтканда, кыргыз газ тармагы бул күнү толугу менен Орусиянын карамагына өттү.


Мындан ары газдын баасы, газ менен камсыз кылуу кандай болот деген суроо көгүлтүр от колдонуучулардын көкүрөгүндө турат. Эки тараптуу келишим боюнча Орусия тарап "Газпром-Кыргызстан" компаниясынын инфраструктурасын модернизациялоого инвестиция салууга кепилдик берди. Беш жыл ичинде жалпысынан 20 млрд. рубль инвестиция салынары убада кылынган. Ошондой эле Орусия сатып алган "Кыргызгаз" ААКсынын 40 млн. доллар карызын төлөөнү өз мойнуна алып отурат. "Газпром" Кыргызстанды көгүлтүр от менен үзгүлтүксүз камсыз кылып турууга милдеттенсе, Кыргызстан компаниянын өлкөгө газды импорттоо укугуна кепилдик берип, анын инвестициялары менен ага караштуу мекемелерди басып алуудан, улутташтыруудан сактаганга сөз берди. Эске салсак, 2013-жылы парламент бул макулдашууну "Газпром" газды республика боюнча өзүнө гана тиешелүү газтранспорттоо системасы менен импорттойт шарты менен колдоп берген. Депутттардын айтымында, бул түзөтүү келечекте Кыргызстанга газды өзү транспорттоого же башка инвесторлорду тартууга мүмкүнчүлүк берет. Азырынча кандай инвестор бар экени айтыла элек. Ал эми көгүлтүр оттун баасы "Кыргызгаз" жетекчилигинин билдиришинче май айында аныкталат. "Газпром" болсо кыргыз тарап бекиткен тарифтик саясатты сактоого макулдугун берген. Ал эми Орусия Мамдумасынын депутаты Леонид Слуцкийдин айтымында, Кыргызстан Бажы союзуна жана Эркин экономикалык аймакка кирип калса газдын миң кубу 140 долларга чейин арзандашы мүмкүн. Азыр Кыргызстанда газдын миң кубу 300 доллар турат. "Газпром" көгүлтүр оттун миң кубун буга чейин 160 доллардан берерин да билдирген. Эгер көгүлтүр от ушул баалар менен келсе кыргызстандыктар жыргагыдайбыз.
Белгилей кетсек, Орусия менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы бул келишим 25 жылга түзүлдү. Бул мөөнөт бүткөндө Кыргызстан Орусиядан өз активдерин сатып алса болот. Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, бул келишим менен өлкө газ көз карандуулугунан арылып, кышкысын көгүлтүр отсуз калуу коркунучу болбойт. Муну ишке ашыруу үчүн жакын арада "Газпром" жетекчилиги Кыргызстанга газ жеткирүүнү 6-7 жыл мурдагыдай көлөмгө жеткирерин билдирди. Тактап айтканда, Орусиянын газы бизге азыркы көлөмдөн эки эсе көп келе баштайт. Муну менен өлкөнүн социалдык-экономикалык шарты оңолорун айтышат эксперттер. Буга улай кол коюлган документтердин негизинде мамлекеттик органдардын жардамы менен Кыргызстанды газ менен туруктуу камсыз кылуу боюнча генералдык схема иштелип чыкмакчы. Бул үчүн алгач өлкөнүн магистралдык жана бөлүштүрүүчү газ жеткирүү системаларын модернизациялоо зарыл. Буга албетте ири инвестиция керек. Газ түтүктөр өзүнүн иштөө мөөнөтүн эбак өтөп бүтүп койгондуктан президент А.Атамбаев да өкмөткө өлкөнүн газтранспорттоо активдерин Орусия тарапка болушунча тезирээк өткөрүп берүүнү тапшырды. Ал эми кадрдык маселеге келгенде Алексей Миллер "Газпромдун" социалдык жооптуу компания экенин эске салып, инвестор кыргыз компаниясынын топ-менеджментин анчалык өзгөртпөй тургандыгын жана кыргыз жумушчуларына жакшы эмгек шартын түзүп берерин билдирди.
Кыргыз энергетика тармагынын адистеринин айтымында, суу тартыш болуп турганда "Газпромдун" кыргыз газ тармагын колуна алганы жакшы болгон. Бирок, компаниянын пайда көрүүнү көздөгөн, дүйнөлүк ири компания экенин эске алганда кооптонуулар бар. "Кыргызгазды" сатууга каршы чыккан депутаттардын бири Өмүрбек Абдрахмановдун оюнча өлкө стратегиялык ишканаларын сатпашы керек эле. "Анүстүнө "Кыргызгаздын" 2,4 млрд. сомдук карызы бар экен. Бул эмне болгон карыз экени такталбай, жабылып калганы турат" дейт ал. Ал эми Орусия Мамдумасынын депутаттарынын айтымында, "Газпромдун" бул кадамы геосаясый жактан маанилүү. "Кыргызстан биздин аскерий-деңиз күчтөрүбүздү башкаруу үчүн маанилүү. Бул аймакта Борбор Азияны суу менен камсыз кылуучу дарыялардын башаты да орун алган" дейт Мамдуманын депутаты Владимир Никитин. Депутаттын айтканын таразага салсак, Орусия бу жолу арканды узун таштаганын көрүүгө болот. Азырынча акыбал ушунакай.

Маалымат үчүн
"Кыргызгазга" буга чейин 700 чакырым магистралдык, 2300 чакырым бөлүштүрүүчү газ түтүктөрү жана 266 газ бөлүштүрүүчү пункттар тиешелүү болгон. Ал эми Кыргызстандагы чалгындалган газ запастары 6 млрд. метр куб болсо, өлкөнүн өзү өндүргөн газынын көлөмү жылына 20 млн. метр кубду түзөт. А республиканын көгүлтүр отко болгон бир жылдык муктаждыгы 300 млн. метр куб болсо, анын 90 пайызы коңшу Өзбекстан, Казакстандан импорттолот экен. Учурда Кыргызстандын 25 пайызы гана газдаштырылган.

Мелис СОВЕТ уулу




Аялдар айтканын кылат
Жерибизде болбой ыңкылап, элибизде болсун ынтымак!
Жыл сайын жай жакындаганда эле Ысык-Көл облусуна келе турган туристтерди чочутуп митинг, пикет сыяктуу акциялардын өтүшү карапайым элди абдан тажаткандай. Туристтик сезон учурунда бир жылдык үй-бүлөлүк кирешени, бюджетти камдап алган көлдүктөр Кыргызстанда болуп жаткан митингдерге каршы антимитинг өткөрүштү. Көлдүк айымдардын тынчтык митинги көпчүлүккө үлгү болчудай.


Өткөн жуманын 10-апрелинде Бишкекте оппозиция уюштурган митингге улай эле 11-апрелде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл райондук администрациясы жана Ысык-Көл райондук аялдар кеңеши уюштурган тынчтык форуму болуп өттү. Бул форум "Аял - эне, аял - ишкер, аял - жар, аялзатсыз бул дүйнөнүн баары тар" деген лозунгдун алдында болду. Элди ынтымакка, тынчтыкты сактоого үндөө, туристтик сезондун алдында жол тосууларга, башаламандыктарга жол бербөө максатында өткөрүлгөн тынчтык форумуна ЖК депутаттары Абдыманап Кутушев, Эркингүл Иманкожоева, Гүлнара Жамгырчиева, Данияр Тербишалиев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев, облустук "Ынтымак ордо" коомунун жооптуу катчысы Досубек Касмалиев, ар бир райондун акиминин орунбасарлары, аялдар кеңешинин төрайымдары, 13 айыл өкмөттүн башчылары, депутаттар, аксакалдар, жаштар кеңешинин өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жалпы жамаат катышты. "Чолпон" кинотеатрынын алдына кыргыздын улуттук музыкасы жаңырып, кызыл-тазыл кийинген мектеп окуучуларынан тартып чоң адамдарга чейин майрамдык маанайды тартуулашты. Кинотеатрдын ичинде көргөзмө- жарманке уюштурулуп, ага аялдардын колунан жасалган түрдүү буюмдар, кийимдер, тамак-аштар коюлду. Өзгөчө SOS балдар айылынын, №85 кесиптик окуу лицейинин, райондук корук музейинин буюмдары, тамак-аштары мактоого татыды.
Ысык-Көл райондук аялдар кеңеши уюштурган бул жыйында аялдар элибизди ынтымакка чакыруу, балдарыбызга туура тарбия берүү менен жерибизди гүлдөтүп өстүрүүгө, тынчтыкты көздүн карегиндей сактоого үндөштү. Бул чакырык бардык Кыргызстан аялдарына багытталды. Президенттин быйылкы жылды "Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы" деп жарыялаганына байланыштуу бул ишти энелер баштады. Экинчи чоң максат - туристтик сезондун алдында элибизди сабырдуулукка, ынтымакка, кол кармашкан биримдикке, аң-сезимдүүлүккө чакырышты. "Айыл, шаар, тууган арасындагы ички ынтымакты бекемдөө жаш муундардын келечеги үчүн кам көргөндүк, жалпы өсүп-өнүгүүгө баш койгондук. Кылымдан кылымга элибизди эл кылып сактап келген улуу нарк - ынтымак, анын башаты жамаат ичиндеги ынтымак. Ынтымактын белгиси - өз ара жардамдашуу. Бири-бирибизге кам көрүп, чарбалык же турмуштук маселелерди биргелешип кеңешип чечип, улуубузду урматтап, кичүүбүздү ызааттайлы. Ата-бабаларыбыздан калган каада-салттарды, көөнөрбөс мурастарды урматтап сактап, жакшы жөрөлгөлөрдү өркүндөтөлү, арабызда жагымсыз көрүнүштөрдөн арылалы,тазаланалы!" деген кайрылууну аялдар жалпы кабыл алышты.
"Беш манжа бөлөк, билек бир. Беш адам бөлөк, тилек бир" дегендей, ой-максатыбыздын баарын мамлекетибизди чыңдоого, аны өнүктүрүүгө, көздүн карегиндей сактоого жумшап, жапатырмак атуулдук милдетибизди аткаралы деген райондук аялдар кеңешинин активдүү мүчөлөрү мындай саамалыкты дагы улантуу үчүн кийинки тынчтык форумун өткөрүүнү эстафета катары Түп райондук аялдар кеңешине узатышты.
"Жерибизде болбой ыңкылап, элибизде болсун ынтымак" дегендей, ынтымакты жар салуудан эч качан талыбашыбыз керек. Ынтымак турган жерде ырыс, бакыт, өнүгүп өсүү да болот деген сөздөр айтылды.
Жыйындын аягында Ысык-Көл районунун мектеп окуучулары жана таланттары концерт беришип, жакында боло турган туристтик сезонду майрамдык маанайда тосуп алалы деп тарашты.
Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Максат Чакиев быйыл Ысык-Көлдөгү пансионаттарга эс алуунун баасын арзандатуу маселеси каралып жатканын билдирди. Анын айтымында, учурда Ысык-Көлдөгү эс алуу субъектилеринин салыктары тууралуу маселе өкмөттө каралып жатат. Тейлөө баасы кымбат болгон пансионаттар ошончолук салыкты көп төлөшмөкчү. Чиновниктин пикиринде бул баалардын төмөндөшүнө алып келет.
"Ошондой эле учурда пансионаттардын көбүн санаторий кылуу тенденциясы да байкалып жатат. Санаторийлер жыл бою иштеп каражат табат. Пансионаттар 1,5 айлык сезондо көп каражат таап калууга аракет кылганы үчүн алардын тейлөө баасы дагы жогору болууда. Жакынкы 2-3 жылда тейлөө бааларынын төмөндөшү күтүлөт" дейт М.Чакиев.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА