presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
"Ата мекен"
Ата мекенди каякка алып барат?
Илгери Ленин десе партияны, партия десе Ленинди түшүнөбүз деген сөз бар эле. Анын сыңарындай азыр эл саясат, "Ата мекен" партиясы десе Өмүрбек Текебаевди, Текебаев десе саясат, "Ата мекен" партиясын түшүнөт. Өмүрбек Чиркешович өзү айтмакчы, саясат анын сүйүктүү иши жана 90-жылдардан тарта саясат менен гана алектенип жүрүп ал өзүнүн психологиялык, саясый системасына барымталанып калган. Үч президент менен тең иштешип, 24 жылдан бери саясат майданында келаткан бул адамды кыргыз мамлекетинин буга чейинки, азыркы саясый-экономикалык акыбалына байланыштырсак туура болор. Байланыштырсак дегеним, азыркы Конституциянын атасы аталган Ө.Текебаев өлкөбүздүн саясатын көп жылдан бери өзү каалаганындай калчап келгендиктен, мамлекеттин өйдө-ылдыйына түздөн-түз жоопкер.

Маңызы жок мамлекеттик башкаруу

Башкасын кое туруп мамлекеттик башкарууну алалы. 2010-жылы убактылуу өкмөт төрайымынын орунбасары Өмүрбек Текебаев 2005-жылдагы революцияга да, 7-апрель окуясына да президенттин элге каршы саясаты себепкер экенин айткан. "Өлкөнү конституциялык жол менен шайланган органдар эмес, криминалдар башкарып, саясый жана экономикалык атаандаштыкта криминалдык ыкмалар колдонулуп калгандыктан эл Бакиевди бийликтен кулатты" деген эле Текебаев. Болуптур, эки президент тең элге каршы саясат жүргүзүшүптүр, бирок 1993-жылкы Башмыйзамды Ө.Текебаев партиясы токуп ажого сунуштап, 2005-жылы Курманбек Бакиевдин бийликке келишине, анын мыйзамдуу президент болушуна да өзү зор салым кошподу беле? Ага удаа эле партиялык тизме менен шайлоо системасын киргизип, анын келечеги кең экенин, өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болорун айткан. Андан бери сегиз жыл өтүп, ал ортодо бийлик да алмашты. Алмашып эле тим болбой, өлкө парламенттик-президенттик башкарууга өттү. Мындай башкарууга өтүү да "Ата мекен" партиясынын демилгеси менен болгонун эч ким тана албайт. Элдин эсинде болсо, ошол кезде Өмүрбек Чиркешович мындай мамлекеттик башкаруу президенттик жеке бийликке бөгөт коюп, өлкөнүн саясый-экономикалык акыбалына жакшы шарт түзөрүн айткан. Тилекке каршы, азыр "Мамлекеттүүлүктү бекемдөө" коалициясына кирген фракция лидерлери мамлекеттик кызматтарды атасынан калган мурастай пайдаланып жатканы жашыруун эмес. Буга "Ар-намыс" фракциясына тийген Мамлекеттик каттоо кызматын, "Ата мекенге" тийген вице-премьер-министрликти, Социалдык өнүгүү министрлигин эле мисалга тартсак жетиштүү. Калган мамлекеттик майлуу кызматтар деле партияларга тийгени кыйратып оңолуп кеткен жок.
Так ошол парламенттик-президенттик башкаруу киргени криминалдык чөйрө активдешип, парламентке, жергиликтүү бийлик органдарына чейин аралашып кетти. Алардын аттары ачык эле айтылып жүрөт. Башкасын коюп, Текебаевдин партиясын алалы. "Ата мекен" партиясынын тизмесинде жетинчи турган Алтынбек Арзымбаев ИИМде уюшкан кылмыштуу топ мүчөсү (каймана аты "Джин") катары катталганы ачыкка чыккан. Кара-Көл шаардык кеңешине талапкерлигин койгон "ата мекенчи" "Джин" катардагы шайлоочуну токмоктоп, бычак менен коркутканы коомчулукка маалым. Айта берсек мындай мисалдар көп. Демек, Ө.Текебаев киргизген парламенттик-президенттик башкаруудан мамлекеттик башкаруу тазаланып, жакшырып кеткен жок. Парламенттик башкаруу мыйзамынан пайдаланып "Ата мекен" фракциясы үч жыл ичинде эки өкмөт башчысын жыга чапты. Экөө тең мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн садага чабылган жок. Болгону өкмөт башчылар "Ата мекен" фракциясынын лидери Ө.Текебаевге жакпай калды. А кокус экономикалык кризис, дестабилдүүлүк болуп калса парламенттеги 120 депутаттын бири да жоопкерчиликти албайт. Ошол эле мезгилде президент да, эски, жаңы премьер да эл алдында жооп бербейт. Муну билип туруп "Ата мекен" коалициядан кааласа чыгат, кааласа кирет. А мамлекеттик башкаруу системасы Акаев, Бакиев дооруна салыштырмалуу жакшы болуп кеткен жок. Ошол эле Конституция, парламент, кадр саясаты, экономика, коррупция менен күрөшүү, шайлоо системасында мамлекет жана элдин кызыкчылыгы үчүн көрүнөрлүк жылыш болбоду. Буга эмне дейсиз, Өмүрбек Чиркешович?!

Сот реформасынан соңу канакей?
2010-жылы Ө.Текебаев өлкөдөгү конституциялык реформаны аягына чыгарууга жоопкер - Конституциялык кеңешме төрагасы болуп дайындалган. 2012-жылы Президенттин буйругу менен Сот системасын реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу комиссиясын жетектеген. Ошондо Президент Роза Отунбаева "Нами была создана специальная комиссия, призванная урегулировать все спорные вопросы, найти консенсусное решение по ним. Комиссия должна плотно поработать над законодательной базой, устранить недоработки, внести дополнения и изменения с тем, чтобы старт судебной реформы был верным" деген болчу. Кийин "Кыргыз Ресупбликасынын сот системасынын негизги багыттары" диалогунда Текебаев "Сот реформасы дайындоолорго эле багытталбайт, бул жерде бийлик тууралуу сөз болуп жатат. Ошондуктан бул ишке ар кандай топтор кийлигишүүдө. Алардын максаты бийлик бутактарын талкалоо. Эгер биз сот реформасын создуктурсак, анда мамлекет да талкаланат" деп катуу кыйкырган. Андан бери канча убакыт өтсө да сот системасында эч кандай өзгөрүү болгон жок. Ортодо Сотторду тандоо кеңеши түзүлүп, андан да коррупциялык былыктар чыгып, сот реформасы ошентип ара жолдо турат. Текебаевдин айтымында, сот реформасы 6 жыл ичинде аяктайт. Сот реформасы башталганы эртеңкисинен күмөн санаган соттор коркпой-үркпөй эле чечим чыгарууну бизнеске айландырып алышканын айтышат сотко кайрылган жарандар. Башкача айтканда, сот реформасы сотторду ого бетер коррупцияга батырып койду. Буга акыркы эле Бакиевдер сотун, Камчыбек Ташиев, Равшан Сабиров, Акматбек Келдибеков, мародерлук боюнча сот иштерин мисалга тартсак жетиштүү болот.
Коомдук анализ институтунун директору Рита Карасартованын айтымында, Өмүрбек Текебаев баштаган сот реформасына ишенүүгө болбойт. "Текебаев сот курамын толук алмаштыргысы келген, бирок ал ара жолдо калды. Сот реформасына ишенүүдөн мурун Текебаевдин өзүн жазалаш керек. Сот реформасынын ишке ашпай калышынын негизги себеби бар. Ал жогорку бийликтин, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин реформаны реалдуу жүргүзүүнү каалабагандыгы. Бийлик өз кызыкчылыгы үчүн сотторго кысым көрсөтүүнү унутушу керек. Ошондо гана реформа болуп, жыйынтыгын көрөбүз. Тилекке каршы бийлик өз кызыкчылыгын аттап өтө албай жатат" дейт Рита Карасартова. А бийлик деген азыр ким? Албетте, биринчи кезекте 120 депутат. Анын ичинен "Мамлекеттүүлүктү бекемдөө" коалициясынын башында турган үч партия лидери. Анын бири сот системасын реформалоону көтөрүп чыккан "Ата мекен" лидери Өмүрбек Текебаев. Азыр ал айткан 6 жылдын үч жарым жылы бүттү. Сот системасы качан аягына чыгып, алкымы чоң соттор качан чыпкаланат, Өмүрбек Чиркешович?!

"Кумтөр" артындагы куулук
Буга чейин анча маани бербеген Өмүрбек Текебаев "Кумтөр" маселесин быйыл катуу чуулдатты. Экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев менен Темир Сариевди чыккынчы дегенге чейин барган Текебаев "алтын кен биздики жана биз башкарышыбыз керек. Биздин үлүш минимум 67 пайыз болушу зарыл. Болбосо кенди улутташтырганыбыз оң" деп опурулуп турду. Албетте, кайсы мамлекет, кайсы жаран болбосун өз кызыкчылыгы үчүн аракет кылат. Бул жагынан караганда анын аракети мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок ал негедир аягында өкмөткө ыктап, "Ата мекен" фракциясы "Центерра Голд Инк" компаниясы менен өкмөттүн 50%га 50% макулдашуусун колдоп берди. Үзөңгүлөш депутаттардын айтымында, Өмүрбек Чиркешович "Кумтөргө" Атамбаев, Сатыбалдиевдер менен сүйлөшүп алган соң каршы чыгымыш түр көрсөткөн. Болбосо "эгер өкмөт биздин үлүшүбүздү көбөйтпөсө 2009-жылдагы келишим шарттарын жокко чыгарабыз" деген "Ата мекен" фракциясы "Кумтөр" боюнча макулдашууну денонсациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун парламентте кароодон неге баш тартты? "Республика", "Ата журт" фракциялары 10 миң колдун негизинде аталган мыйзам долбоорун парламентке салууну колдогон кезде Текебаев аларды колдобой койгон. "Мен бул мыйзам долбоорун карабайм. Бирок "Кумтөр" маселесин кароодо өкмөттүн позициясына каршы чыгам" дегени көпчүлүк депутаттарга күдүк ой жараткан. Анткени Өмүрбек Текебаев дал ушул "Кумтөр" маселесин чечкендей Үзөңгү-Кууштун тагдыры чечилчү акыркы мүнөттөрдө Боромбаева экөө кирип кворум түзүп бергенин Азимбек Бекназаров айтып чыкты. Азимбек Бекназаров демекчи, ал "Жаңы ордо" гезитине берген маегинде "Кумтөр" маселеси каралып жатканда Текебаев эшикти тарс жаап кеткенде жигиттик кылмак. Эки революциянын тең талаптарынын бири "Кумтөр" болгон" деп агынан жарылды. Баса, "Кумтөр" маселеси боюнча Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаровдор камалып жатканда "Ата мекен" фракциясынын үлкөнү неге бир ооз үн каткан эмес?!
Эң кызыгы 6-февралда "Ата мекен" лидери "Вечерний Бишкекке" "надеюсь, парламент осознает свою ошибку и поставит на переголосование вопрос "Кумтора", потому что данное решение антинародное. Жогорку Кенеш вновь принял решение, противоречащее интересам страны. Наша фракция против данного решения и намерена настаивать на переголосовании. Мы будем всячески стараться, чтоб отменили такое решение" деген болчу. Бирок "Кумтөр" маселеси чечилейин деп калганда мант берип, "Ата мекен" фракциясы "антинародный решениеге" макул болгонун кандай түшүнөбүз, Өмүрбек Чиркешович?!

Мелис СОВЕТ уулу









??.??