presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Тил кесмей
Депутаттар журналисттердин оозун жапса эле жашоо майкөл-сүткөлгө айланат...
Ушул жуманын шаршембисинде парламентте ЖМК өкүлдөрүнө карата "кылмыш жасаган" деп жалган маалымат таратканы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Аны 80ден ашык депутат колдоп берди. Эгер бул мыйзам долбооруна Президент кол койсо, жалган маалымат тараткан журналисттер 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратылат же 100 миң сомдон 500 миң сомго чейин айып пул төлөйт.

Биринчиден, кылмышкерди кылмышкер деп сот гана чечим чыгара алат. Экинчиден, бул мыйзам боюнча журналисттер коррупционерди коррупционер деп айтып, карапайым калктын нааразычылыгынын негизинде кайсы бир чиновниктин мыйзамсыз аракеттерин коомчулукка алып чыкса ал жалган маалымат берген болуп калат. Үчүнчүдөн, кылмышынын бети ачылып түрмөдө жаткан чиновник да өзүн "кылмышкер" деп жазган журналистти "мени жалпы журтка кылмышкер деп жар салды" деп сотко берип каматып салса болот. Андыктан бул мыйзам долбоору сөз эркиндигин муунтуу эле болуп калбай, өлкөнү кайрадан хандык, феодалдык, кул ээлөөчүлүк доорго баштайт. Эгер аталган мыйзам кабыл алынса анда журналисттер Кыргызстанда жашоо жалаң гана майкөл-сүткөл экенин жазууга тийиш.
Март айынан баштап аталган мыйзам долбоору талкууга коюлары менен көз карандысыз уюмдар, жарандык коом өкүлдөрү, ММК тармагындагылар катуу сынга алып, мындай мыйзам долбоору басма сөз эркиндигине түздөн-түз доо кетирерин, колунда бийлиги бар тараптар коррупция, мыйзамсыздык менен күрөшкөн журналисттерди эркинен ажыратып, ал беренени саясый куралга айландырышарын айтып жатышкан. Тилекке каршы бул жума ортосунда ЖКнын сексенден ашык депутаты ошол айтылган пикирлерди уруп да ойнобой аталган мыйзам долбоорун колдоп беришти.
Коррупцияга каршы күрөштө ММКнын орду чоң экени айтпаса да түшүнүктүү. Керек болсо укук коргоо органдары журналисттердин бул тармак боюнча иликтеп-жиликтеген макалаларына таянып иш жүргүзүп, фактыны аныктаган учурлары болот. Ошол эле учурда эмне үчүн коррупционердин мыйзамсыз иштери коомчулуктан жашырылышы керек? Мындан улам сөз болуп жаткан мыйзам долбоору биринчи иретте артында калбыры барлардын кызыкчылыгын коргоо үчүн жазылган десек болот. Калбыры барлардын кызыкчылыгын коргогон мыйзамды ЖКдагы 120 депутаттын 85и колдоп жатканы эмнени түшүндүрөт? Демек, учурдагы парламенттин 80-90 пайызы мурдагы же азыркы коррупционер, кызылкулак, чоң муштум. Мындай жол менен ЖКнын азыркы депутаттары өздөрү үчүн даңгыр жол салып, кийинки шайлоодо элге таптаза, татынакай, тартиптүү көрүнүп, парламентке кайрадан келгилери бар. Ошондуктан ЖК депутаттары аталган мыйзам долбоору аркылуу өздөрүн, жалпы эле мамлекеттик чиновниктерди коргоп, ММКны тушап коюп коомчулуктун көзүн жазгыргылары келет окшойт.
Анан калса аталган мыйзам долбоору Башмыйзамга түздөн-түз каршы келет. Анын 30-статьясынын 5-пунктунда "Эч ким инсандын ар-намысы жана беделине доо кетирген жана басмырлаган маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбоого тийиш" деп жазылып турат. Ар-намысчы, аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси Э.Кочкарова, анын артында турган Б.Кадыров, М.Тиленчиева, Н.Мадалиев, Э.Иманкожоева, Г.Жамгырчиева, Э.Сакебаев, И.Карамушкина, А.Измалкова, М. Мадеминов, Т.Мадылбеков, Т.Бакир уул, А.Алтыбаева, Ч.Султанбекова ж.б. жана мыйзам долбоорун колдоп берген сексенден ашык депутат ачыктан ачык эле Башмыйзамды тебелеп-тепсеп, майкандоодо...
Айтор, депутаттардын абалы белгилүү болду. Эми бул мыйзам долбооруна Президент эмне дээр экен?





Кайдыгерлик
Каза болгон милиция кызматкерлери
үчүн эч ким жооп бербейт

Эмнегедир өткөн жуманын акырында Ош - Бишкек жолунда автокырсыктан улам каза болгон эки милиция кызматкеринин чоо-жайы, алар үчүн ким жооп берери коомчулукка бүдөмүк боюнча калды. Болгону каза болгон жигиттер ИИМдин нааразылык акция болгон учурда коомдук тартипти сактоо үчүн ушул жылдын башында түзүлгөн атайын полкунда кызмат кылып келгени, алар Ошко митинг-пикеттерди кууп таратууда колдонулчу атайын каражаттарды жүктөп баратып кырсыкка учураганы гана айтылды.
Бул иш боюнча ЖК депутаты Бөдөш Мамырова жума башында парламентте талкуулоо сунушун айтып чыккан. "Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош - Бишкек жолунда сак болгула деп улам-улам телефондорго кабар жиберип жаткан. Милиция кызматкерлерин атайын техника жүктөп берип жолго кечинде чыгаргыдай кимдин кызыкчылыгы бар? Жыйынга Ички иштер министрин чакырып, маселени кеңири талкуулашыбыз керек" деген ал. Бирок бул сунуш колдоо тапкан жок.
Жогорудагы полк түзүлгөн учурда айрым укук коргоочулар жана оппозиция өкүлдөрү милиция нааразылык акцияларга чогулгандарды күч менен таратууга камынып жатат деп сындап чыккан. Кечээки кырсыктан улам каза болгон милиция кызматкерлеринин жакындары Ички иштер министрлигинин жетекчилерин коопсуздукка кайдыгер караган, атайын каражат алып бараткан унаанын жанында коштоочу болгон эмес, түндө жолго чыгарган деп айыптап чыгышты.
Чындап эле эки милиция кызмакерин кыш күрөөдө эч кандай коштоочусуз курал-жарак жүктөп берип жолго чыгаруу туурабы? Бүгүн бизде милиция жетекчилиги же мамлекет өз кызматкерлеринин коопсуздугуна ушинтип кайдыгер карайбы? Аларды түндө жолго чыгаруунун кандай зарылчылыгы болгон деген суроолор жоопсуз калды.




Биометрикалык паспорт
таза шайлоо кепилдигиби?
15-апрелде "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, анда 2015-жылы парламенттик шайлоону таза жана адилет өткөрүүгө даярдык каралды. Күн тартибинде экинчи маселе катары 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнун улуттук программасы талкууланмак. Бирок ал маселе кийинкиге жылдырылды.


"Таза шайлоолор - өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн негизи" аталган талкуу Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгында өтүп, жыйынга өкмөт курамы, парламенттеги фракция лидерлери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө шайлоону таза өткөрүү аскердик коопсуздуктай эле маанилүү экенин айтып, 2005-жылдагы март жана 2010-жылдагы апрель окуяларынын башкы себептеринин бири шайлоолордун ыплас өткөнү болгонун эске салды.
Ал эми Президенттин аппарат жетекчиси, шайлоо системасын өнүктүрүү тобунун башчысы Данияр Нарымбаев аталган жыйында байкабай өлкөдө болуп өткөн акыркы шайлоолор да өтө ыплас жолдор менен өткөнүн расмий түрдө жар салып ийди. Анын айтканына караганда, жакында болгон шайлоолордо 5 млн. калкы бар Кыргызстанда 6 млн. киши шайлоого катыштырылган. Көрсө ошол учурда карапайым калкка, көз карандысыз ММК өкүлдөрүнө көрүнүп калган ал кемчиликтер Нарымбаевге таптакыр байкалган эмес экен. Ал өз сөзүндө шайлоочулардын тизмеси Кыргызстандагы шайлоо процессиндеги негизги көйгөйлөрдүн бири болуп саналарын айтып, айрым адамдарда экиден паспорт болсо, шайлоо тизмесинде өлгөн адамдардын аттары да табылганын белгиледи. "2011-жылы Борбордук шайлоо комитети менен ЮСАИД иш алып барып, шайлоочулардын бирдиктүү тизмесин түзүү колго алынган. Азыркы тапта "бир шайлоочу - бир добуш" принцибин өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз" деди ал. Муну менен бирге биометрикалык паспортторду ишке киргизүү шайлоонун таза өтүшүнө кепилдик берерин айтып, бул процессти тездетүү керектигин кошумчалады.
Президент Атамбаев да шайлоо өткөрүүнүн электрондук жолун колдоп, таза шайлоо өткөрүү үчүн биометрикалык паспортко өтүү маанилүү экенин айтты. Ошондой эле ажылыкка баруу үчүн да биометрикалык паспорт керектелерин белгиледи. Өкмөттүн берген маалыматы боюнча 5 млн. доллар кете турган мындай паспорттор 2017-жылга чейин даяр болмок экен. Себеби жогорудагы каражат быйылкы жылдын бюджетине кирбей калган. Президент мындай маалымат берген вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди тартиби жок окуучудай кагып, Жоомарт Оторбаев баш болгон жаңы өкмөт буга чейин да өкмөттө иштегенин, аталган маселе боюнча жакшы тааныш экенин, бул ишти билип туруп создуктурушканын сындады. Мамлекет башчысы өкмөт мындай паспортту 2017-жылга эмес 2015-жылдагы парламенттик шайлоого чейин жасап бүтүшү керек деп тапшырма берди. Бул жагдайда Атамбаев бизге караганда территориясы кенен Монголия жана 60 млн. калкы бар Индия өз элин беш-алты айдын ичинде биометрикалык паспорт менен камсыз кылганын мисал кылды.
БШК башчысы Туйгуналы Абдраимов биопаспорттон сырткары "бир адам бир добуш" принцибинин алкагында шайлоо өткөрүүнүн жаңы системасы Токтогул районундагы жергиликтүү кеңештин депуттарын шайлоодо пайдаланылганын айтып, анын бет ачарын өткөрдү. "Ата мекен" фракциясынын лидери Ө.Текебаевдин шайлоо өткөрүү боюнча жаңы сунуштала турган моделдерге карата саясый партиялар кубаттанып же алсызданышы мүмкүн экенин айтып, партиялар тизме түзүүдө региондордун өкүлүн камтуу кажет деди. Кыскасы, Текебаевдин пикиринде депутаты жок район болбош керек. Буга байланыштуу укук коргоочу Динара Ошуракунова Кыргызстан жети облустан турган федералдык эмес унитардык мамлекет экенине басым жасады.
Биометрикалык паспорттун кадимки паспорттон айырмасы, ал паспортко ээсинин сүрөтү, жеке маалыматтарын камтыган атайын микросхема киргизилет. Стандарттар микросхемада атайын биометрикалык маалыматтарды сактоо мүмкүнчүлүгүн карайт. Мисалы, паспорт ээсинин сүрөтүндөгү көздөрүндө кубулуп турма өзгөчөлүк, бармактын тагы, бет түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү жайгашат. Бул паспорт менен кылмыштуулукка да бөгөт коюлат. Мындай паспортту жасатып алууга такыр мүмкүн эмес. Учурда дүйнө жүзүндөгү 180ден ашык мамлекеттин жүздөн ашыгы биометрикалык паспортко өткөн.
Бирок биопаспорттун шайлоого канчалык деңгээлде зарылчылыгы тууралуу так, бир беткей пикир жок. БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков бул маселе боюнча "биометрикалык паспорт аркылуу добуш берүү менен акыйкат шайлоо өткөрүүгө болбойт. Компьютер шайлоочунун бармак изи аркылуу бюллетень алды деп белгилегени менен, компьютерден эмне чыкканын эч ким айтпайт" деген пикирин билдирип келет. "Ата журт" фракциясынын лидери Жылдыз Жолдошеванын пикири боюнча да калкты 2015-жылга чейин биометрикалык паспорт менен камсыз кылуу - бул жомок. Ошол эле учурда анын айтканына караганда, АКШ, Европа, Германия кезинде электрондук шайлоо системасына өтүп, учурда андан баш тартууда.
Бетти даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ











??.??