presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Баш банкирдин
бап сөзү
Зина Асанкожоева:
"Оппоненттерге менин жообум - Улуттук банктын ишинин натыйжасы"

Улуттук банктын башчысы бизге берген интервьюсунда өзүнүн ийгиликтери жана бүтпөй калган иштери, ошондой эле кызматтан кетүүсүнүн себептери жөнүндө айтып берди.

- Сиз эмне себептен Улуттук банктын төрайымы кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетип жатасыз?
- Улуттук банктын башчысы кызматы - бул абдан зор көлөмдөгү иш жана ар бир кадамы жана ар бир сөзү үчүн жогору деңгээлдеги жоопкерчилик. Акыркы жылдары иштен башкасынын баары экинчи планда болуп калган эле. Азыркы учурда үй-бүлөдөгү түзүлгөн абалга байланыштуу мен үй-бүлөмө көбүрөөк көңүл буруум керек.
- Сизге башка кызмат сунушташтыбы?
- Ооба, сунуш болду. Мен бул вариантты караштырып жатам. Мамлекеттик кызматта ишимди улантам деп ойлойм.
- Кайсы өзгөртүүлөргө ыраазы болдуңуз?
- Мисалга, 2013-жылы акча-кредит саясатын жүргүзүүнүн негизи өзгөрдү. Убакыт бул иштин натыйжалуу экенин көрсөтөт деп мен ишенем.
Ошондой эле Улуттук банктын илимий изилдөө иштери күчөтүлдү. Инфляцияны жана башка макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү прогноздоо жана талдоонун сапатын жакшыртуу үчүн Экономикалык изилдөөлөр борбору уюштурулду.
Алтын-валюта резервдерин башкаруу боюнча орчундуу өзгөрүүлөр бар. Улуттук банк ички рынокто алтын сатып алууну кайрадан улантты жана эл аралык резервдердеги анын үлүшүн 8,6 пайызга чейин жеткирди. Азыркы мезгилде алтындын көлөмү 3,7 тонна, ал 2011-жылы болсо Улуттук банктын балансындагы алтындын көлөмү 1997-жылдан бери өзгөрбөй 2,58 тонна гана болгон.
АКШ долларынын, евронун, Россия рублинин жана Казакстан теңгесинин кыргыз сомуна карата расмий курстары күн сайын аныктала баштады. Бул болсо валюта рыногундагы кырдаалды өз убагында жана реалдуу көрсөтүүгө, чарба субъекттеринин чет элдик валютадагы эсептешүү мамилелерин жакшыртууга шарт түзөт.
- Эмнелерди жасаганга үлгүргөн жоксуз? Кайсы демилгелерди улантуу керек?
- Орто мөөнөттөгү жана узак мөөнөттөгү макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн дагы көп иштер зарыл. Каржылоо бардык жерге, бардык тармактарга жетиштүү болуп, пайыздык ставкалар төмөндөп, өндүрүштү өнүктүрүү үчүн узак мөөнөткө берилген кредиттерди көбөйтүү багытында жүргүзүлгөн иш-чараларды улантуу керек. Накта акчасыз эсептешүүлөрдү өнүктүрүү зарыл. Бул иштерди бардык мамлекеттик органдардын бирдиктүү аракеттери менен жасашыбыз керек.
Акча-кредит саясатынын жаңы негизин киргизүү боюнча иштер улануусун каалайт элем. Биз былтыр баштаган иштин натыйжасы убакыт өткөндө гана билинет. Ишенип коюңуздар, айырма орчундуу болот.
Банк системасынын туруктуулугун бекемдөө үчүн көзөмөлдү өнүктүрүүнү улантуу, эл аралык Базель стандарттарын киргизүүнү аяктоо, Банк кодексин кабыл алуу зарыл.
- Менин эсимде жыл башындагы доллардын курсунун кескин өзгөрүшү калды. Кырдаалды нормалдуу абалга келтирүү үчүн Улуттук банк реалдуу түрдө эмне иштерди жасады?
- Туура, 2014-жылдын башынан бери доллардын сомго болгон курсу 10,68 пайызга, же бир доллар үчүн 49,1 сомдон 54,4 сомго чейин жогорулады.
Тышкы факторлордон доллардын курсу дүйнөлүк валюта рынокторунда (анын ичинде Кыргыз Республикасынын соода шериктери болгон мамлекеттерде) жогорулаганын, казак теңгесинин 20 пайызга девальвация болгонун, Россия рублинин курсунун Украинадагы окуяларга байланыштуу төмөн түшкөнүн белгилеп кетсек болот.
Тышкы факторлордун таасирин биз Улуттук банктын колундагы бардык каражаттар менен азайтууга аракет жасадык. Мисалга бардык коммерция банктары үчүн ачык валюта позициясынын лимитин 15 пайыздан 7 пайызга чейин азайттык. Ашыкча ликвиддүүлүктү тазалаш үчүн нотторду сатуунун көлөмүн көбөйттүк. Ал биринчи кварталда 22 млрд. сомду түздү. 17-февралдан тартып жаңы инструмент - "овернайт" депозитин киргиздик.
Андан тышкары коммерция банктарынын валюта позицияларына, чет элдик валюталар менен акча алмашуу курстарына мониторинг жүргүзүлдү. Финансы рыногунун бардык объекттери текшерилди. Мыйзамды бузгандарга эскертүү берүүдөн баштап лицензиясын токтотуп коюу жана аны алып салуу сыяктуу бардык чаралар колдонулду.
Албетте интервенциялар да өткөрүлдү. Аларга биз алтын-валюта резервинин 5 пайызга жакынын пайдаландык. Кимдер айтпасын жана кандай сөздөр айтылбасын бул кадам туура жана өз убагында болду.
- Россияда азыр тездетилген темп менен улуттук төлөө системасын түзүү боюнча иштеп жатышат. Бизде бул жагдай кандай болуп жатат?
- Кыргызстанда төлөө карталары менен эсептешүүнүн "Элкарт" улуттук системасы бар. Төлөө карталарын иштетип турган Бирдиктүү банк аралык процессинг борбору иштеп жатат. Тиешелүү түрдө акчаны жиберген да, акчаны алган дагы республиканын аймагында болгондо бул маалыматты иштеп чыгуу жана сактоо чет өлкөдө эмес, биздин аймакта жайгашкан процессинг борборунда болууга тийиш.
Улуттук банктын демилгеси менен сунушталган "Кыргыз Республикасындагы төлөө системасы жөнүндө" мыйзамдын долбоору өлкөнүн финансы коопсуздугу боюнча тобокелдиктерди азайтууну карайт жана улуттук валютада процессингди биздин өлкөнүн аймагында жүргүзүү талабын коёт. Бул талапты бардык системалар аткара алышат. Парламент үч окууда кабыл алган редакциядагы бул мыйзам долбоорду ишке киргизүүнү тездетүү зарыл.
- Келечекте Улуттук банкка кайрылып келүү мүмкүнчүлүгүн караштырган жоксузбу?
- "Бир эле дарыяга эки жолу кирүүгө мүмкүн эмес" деп айтышат. Бирок менин карьерамда мындай нерсе болгон. Мен эмгек жолумду Улуттук банкта эсеп жана отчеттуулук башкармалыгында баштагам. Жылдар өткөндөй кийин мен кайрадан Улуттук банкка келдим, адегенде төраганын орун басары болуп, андан соң Улуттук банктын төрайымы болдум. Кайрадан бул кайталанабы? Минтип ойлобойм. Бирок турмуш өзү "Эч качан "эч качан деп айтпагын"деп үйрөтөт экен.
"Вечерний Бишкек" гезитинен которулду






Мааракелик көргөзмө
Академиянын 60 жылдыгы
Улуттук илимдер академиясынын 60 жылдыгына арналган "Илим жана билим - жаштардын келечеги" аттуу китеп көргөзмөсү Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде болуп өттү. Ага өлкөнүн окумуштуулары катышты.
Иш-чара аталган университеттин Чыңгыз Айтматов атындагы кампусунун коммуникация факультетинде эки тараптын демилгеси менен ишке ашты. Факультет секретары Өмүрзак Исаев китеп көргөзмөсү Улуттук илимдер академиясынын 60 жылдык мааракесине арналган жана анын максаты азыркы жаштардын илимге жана билимге умтулуусун арттыруу деп билдирди.
Көргөзмөгө Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев менен бирге окумуштуу илимпоздор жана "Манас" университетинин окутуучулары, студенттери катышты. Эки саатка созулган көргөзмөнүн жүрүшүндө 75 ар кандай тематикада китептер коюлду. Алардын арасында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиктери менен катар Жусуп Баласагындын "Куттуу билим", Махмуд Кашкаринин "Дивани-лугат-ат-түрк" китептеринин томдуктары орун алды. Мындан сырткары "Бабалардан калган сөз" жана "Кыштоо" кыска даректүү тасмалары көргөзүлдү.
Улуттук илимдер академиясынын президенти А.Эркебаев жыйынтыктоочу сөзүндө мындай көргөзмө алгачкы жолу өткөрүлгөндүгүн жана башка университеттерде да улана тургандыгын белгилеп, университеттин ректору Себахаттин Балжыга ыраазычылыгын билдирди. Эки тарап мындан ары дагы бирдиктүү кызматташтыкта боло турганын билдиришти.

Алия НАЗЫМОВА,
сүрөттөр автордуку




Ким угат?
"Өлүк шаар" Балыкчыдагы өлөсөл өмүр
Балыкчы - Ысык-Көлдөгү белгилүү шаарлардын бири. Бир кезде Ысык-Көл менен Нарынды бириктирген тогуз жолдун тоомундагы бул шаардын жашоо-тиричилигине кызыгып көрдүк.

Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдүн босогосунда жайгашкан Балыкчы шаарын азыр жансыз шаар деп коюшат. Мунун да жүйөөсү бар. Жайкы сезонду эске албаганда кайнаган жашоонун деми сезилбейт. Совет кезиндеги аты алыска угулган ун, карандаш чыгаруучу ишканалар азыр бош калган кароосуз имараттар. 1954-жылы Балыкчыга Кыргызстандын түндүк аймагын туташтырган темир жол жетип, ошол эле жылы шаар макамына ээ болгон. Балыкчы шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Кубатбек Мусаевдин айтканына караганда, темир жол курулган соң Ысык-Көл мамлекетик "Кемечилик" мекемеси ачылып, ал жерде оор жүк, мал ташуу иштери аткарылчу.
Учурда Балыкчыда мамлекеттик ишканалардан темир жол менен "Кемечилик" мекемеси гана иштеп, ал жерде шаардын саналуу тургуну гана иштейт. Балыкчылыктардын айтымында, бул жерде жашоо азыр өтө кыйын. "Илгери бул жерди жетим-жесирлердин шаары деп койчу. Анткени жетим-жесирлер келип завод-фабрикаларга кирип иштеп, оңой үй алып жашап кетишчү. Азыр илгеркидей заман жок, жашоо кыйын. Жер иштетели десек жер жок. "Өлүк шаарда" өз жаныбызды тырмалаңдап багып жатабыз" дейт шаар тургуну Оксана Бейшекеева. Жан сактоонун оордугунан шаардыктарды саясый турмуш анчалык деле кызыктырбайт, жергиликтүү бийликке деле өзгөчө ишеним жок.
Убактылуу мэр Кубатбек Мусаев болсо элдин жашоосун оңдоп, калктын санын 90 миңге жеткирүүнү максат кылып жатканын айтат. "Калк айтса калп айтпайт" дегендей, жумушчу орундары жетишсиз экендиги анык. Жумуш орундарын түзүүгө салыктардын ийкемдүү болбогону, салык көлөмүнүн өтө аз экендиги да себепкер болууда" дейт шаар жетекчиси.
Балыкчы шаарынын калкынын саны 90-жылдары 50 миңден ашык болсо азыр 43 миңге жетпейт. Мамлекеттик кызматтарда, билим берүү, социалдык тармактарда иштегендерден тышкары, эркектердин күчкө жарамдуу катмары менчик автоунаалары менен эл ташып, ар кыл чарбачылык иштер менен алектенсе, аялдары шаардагы эки базарда соода-сатык кылышат. "Бул жакта жумуш жок. Төрт балам бар, алардын баары Бишкекте. Үйдө байбичем экөөбүз элебиз. Айла жок ушинтип күнүмдүк наныбызды табабыз. Күнүнө 200 сом тапсам сүйүнөм. Анткени нанга акча таппай күнүнө бир-эки килограмм темир казып, эптеп күн көрүп жүргөндөр да бар" дейт такси айдаган Темирбек Кайназаров.

Алтынкыз КӨЛБАЕВА,
Балыкчы шаары









??.??