presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Оп, майда
Баткенде нан таратуу кыскарып, арак сатуу тыйылды
"Каада-салттардагы ыксыз чыгымдарды кыскартууда дин ишмерлеринин ролу" деген темада Баткен районунда тегерек үстөл болуп өттү. Аталган иш-чарага райондун башкы имам-хатиби Н.Мамасабиров, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Г.Калыкова жана жергиликтүү жашоочулар катышкан. Г.Калыкованын айтуусунда, азыр райондун аймагында ашыкча каада-салттарга жана чыгымдарга жол бербөө боюнча жобо иштелип чыгып, ал өз натыйжасын берүүдө. Ал эми райондун имамы ыксыз чыгымдарды жоюуда дин ишмерлеринин жүргүзүп жаткан иштерине токтолду. Миң-Өрүк айылынын башчысы А.Тагаев учурда аш-тойлордо нан таратуу кыскарып, арак сатуу тыйылгандыгын билдирди.

Токмоктон тамеки тартсаң токмок жейсиң
Токмок шаарында мэрия алдындагы транспорт бөлүмүнүн кызматкерлери коомдук жүргүнчү ташуучу унаалардын айдоочуларына "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин таасиринен коргоо жөнүндө" мыйзам тууралуу айтып беришти. Анда шаардык, шаар аралык автобустардын, маршруттук таксилердин салондорунда тамеки тартууга тыюу салына тургандыгы айтылган. Жүргүнчү ташуучу унаалардын айдоочуларына тамеки тарткан учурда Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жооп бере тургандыгы боюнча эскертүү берилди. Бул мыйзамды өлкөнүн бардык аймагындагы коомдук транспорт айдаган айдоочуларга колдонсо да ашыктык болбойт эле...

Милициянын басма сөзүнө 30 жыл толду
18-апрелде КР Ички иштер органдарынын басма сөз кызматынын уюшулгандыгына 30 жыл толот. Бишкек шаардык милициясынын (ШИИББ) басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов массалык маалымат каражаттары менен тартип сакчыларынын өз ара байланышы коомдогу жат көрүнүштөрдү алдын алууга жана коомчулукка милициянын ишмердүүлүгүн чагылдырууга чоң өбөлгө түзөрүн айтат. "ЖМК менен Бишкек ШИИББнын ортосундагы мамиленин жакшырып бараткандыгын цифралар да көрсөтүп турат. Алсак, 2014- жылдын биринчи кварталында телеканалдарга 334 сюжет жана репортаждар, видеороликтер, радиого 212, гезиттерге 534 , интернет сайттарга 1254 маалымат жарыяланып, олуттуу кылмыш окуялары боюнча пресс-конференция, брифингдер өткөрүлгөн" дейт Бишкек ШИИББнын башчысы Мелис Турганбаев.

Сузакта бир күмбөз үч ирет өрттөлдү
Сузактагы Зухридин эшен мечитине коюлган сөөк башка жакка көчүрүлбөсө, кайрадан чыр-чатак чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Жалал-Абадда "КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат концепциясынын" долбоорун талкулоо учурунда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк бөлүмүнүн башчысы Курбаналы Узаков билдирүү таратты. Сузак районунун борборундагы көчөлөрдүн биринде Зухридин эшендин мечити бар. Ал жер менчик болуп, бул жердин ээси өзүнүн каражатына мечит салып, өлгөндөн кийин сөөгүн ошол мечитке коюуну уулдарына мурас кылып кеткен. Зухридин эшен өлгөндөн кийин анын сөөгү аталган мечиттин кыбыла тарабына коюлган. Мусулмандарда сөөктү мазарга коюп келгендиктен, мындай окуяга нааразы болгон адамдар аталган мечиттеги Зухридин эшендин күмбөзүн үч жолу өрттөшкөн. "Кыргызстандын муфтияты мечитке сөөктү коюуга болобу же болбойбу деген маселени тез арада чечип бербесе, жакын арада дагы чыр-чатактар чыгышы мүмкүн" дейт Курбаналы Узаков.


Сойку кыздардын көпчүлүгү балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү
Сойкулук менен алектенген 74 кыз балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү болуп чыкты. Бул тууралуу бүгүн "Биздин добуш" коомдук фондунун жетекчиси Айнура Ормонова кабар берген. Маалыматка караганда, Кыргызстанда жылына балдар үйлөрүнөн 500гө чукул бүтүрүүчү аяктайт. 2012-жылы 485 бала бүткөн. Анын ичинен 7%ы кесиптик лицейлерге кирип, булардан төрт эле бала ЖОЖго өткөн. Ал эми калгандары жумуш издеп, бара турган жери жок, турак жайы жок жүрүшөт. Ачык айтканда эч кимге кереги жок эле көчөдө калып атат. Сойкулук менен алектенген 118 кыз менен сүйлөшүп көрүшкөндө, алардын ичинен 74ү балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү болуп чыккан.


Кореяда 6 кыргызстандык балага операция жасалды
Түштүк Кореяда тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн 6 кыргызстандык балага операция жасалган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилүү болгондой, тубаса жүрөк кемтиги менен ооруган балдарга Инчхон шаарындагы "Гиль" бейтапканасында 2 жаштан 6 жашка чейинки 6 балага акысыз операция жасалган. Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов балдар менен жолугушуп келген. Учурда алардын бешөө Кыргызстанга кайткан. Бир бала операциядан кийин дарыланууда.


Казак акыны каяша кылды
Казактардын Зинат Зайытов деген акыны кайсы бир интернет сайтына маек берип, кыргыз айтышы казак айтышынын жанында жаш баланын оюну дептир. Ал казак төкмө акындары кыргыз төкмө акындарын 20-30 жылга артка таштап койгонун айтып, кыргыз төкмө акындары эки сүйлөөрүн кошумчалаган. Ошондой эле ал төкмө акын эл жок жерде эмес, айтышта жообун айтышы керектигин баса белгилеген. Буга улай казак акыны казактар кааласа 11, 10, 7-8 муун менен да айтышарын, а кыргыз акындары 7-8 муун менен эле кайталанма уйкаштыкты кубалап айтыша берерин билдириптир. Жыгылган күрөшкө тойбойт дегендей, казак акынынын бул беттырмарлыгына кези келгенде кыргыз төкмө акындары да жооп беришер.


Токтогулдагы сууну токтоткула!
Токтогул суу сактагычында жалпы көлөмү 8,5 млрд. метр куб эле суу калды. Муну кечээ парламент депутаттары козгоп, Өзбекстанга суу берүүнү азайтпасак кышында Кыргызстан электр энергиясынан азап тартарын айтып чыгышты. Депутаттар кийинки жыйынга шашылыш түрдө Энергетика жана Айыл чарба министрин чакырып, бул боюнча алардын отчетун угуу керектигин билдиришти. Орусиянын газына ишенип суунун баарын кое берип, оңкобуздан түшпөсөк эле болду.


Түз байланышта - Башпрокурор Аида САЛЯНОВА

22- апрелде саат 11.00дөн 13.00гө чейин "Вечерний Бишкек" интернет редакциясында КР Башкы прокурору Аида Салянова менен түз байланыш болот. Суроолорду алдын ала uraliev.vb.kg@mail.com электрондук дарегине жибериңиздер. Түз байланыш болгон күнү (0312) 29-90-18 номуруна чалып суроолорго жооп алсаңыздар болот.




Оюндан от чыкчу эле...
Баткен облусунун жашоочулары жайлоодогу 15 сарайдын өрттөлүшүнө Тажикстандын жарандарын күнөөлөп жатышат. Бул облустун Ак-Сай айылынын жашоочулары милицияга Ворух анклавынан бир нече чакырым аймактагы жайлоодо сарайлардын өрттөнүп кеткендигин кабарлаган. Бирок жергиликтүү аймакка мыйзам боюнча эч кандай курулуш салынбашы керек болчу. Бул окуяга байланыштуу ИИБ, чек ара жана өрт коопсуздугуна каршы кызматы өрттөлгөн аймакка барган. Ал жер калк жашаган аймактан биртоп алыс болгон. Каза болгондор жок жана өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат. ИИБ жетекчиси Анарбай Алимов чек арадагы жашоочулар бири-бирин айыптоого көнүп калышкан дейт.


Журналисттер партиядан чыкты
Белгилүү тележурналисттер Шайырбек Абдырахман менен Эрнис Кыязов өз каалоолору менен "Замандаш" партиясынын катарынан чыгышты. Учурда Москвада Дипломатиялык академияда окуп жаткан Шайырбек Абдырахмандан биз аталган партиядан чыгуу себебин сураганыбызда ал мындан кийинки сапарын өз жолу менен улоону чечкенин айтты.

"Тазалык" булгап, "Зеленстрой" кыйып...
Шаршембиде Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекциясы "Тазалык" муниципалдык ишканасы экологияга 4 млн. 80 миң сом чыгым келтиргенин ачыктады. Инспекциянын билдиришинче, "Тазалык" өз алдынча 30 гектар жерге таштандыларды төгүп салган. Ошондой эле шаарга караштуу "Зеленстрой" муниципалдык мекемеси да өз алдынча Жаштар паркындагы 42 бакты кыйып, 958 миң сом экологиялык чыгым келтирген. Учурда "Тазалык", "Зеленстройдун" бул иштери боюнча материалдар прокуратура, ИИМге тапшырылганын билдирет аталган маминспекция. Эске салсак, шаардык таштанды боюнча материалдар буга чейин Башкы прокуратурага, тиешелүү органдарга жыл сайын эле жөнөтүлүп, жыйынтык чыкпай келген.

Барымтага алгандын балакетин аласыңарбы
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи 13-апрелде дайынсыз жоголгон 20 жаштагы жигитти табышты. Көрсө аны ошол күнү кечки саат алтыларда белгисиз бирөөлөр машинеге салып кетишип, анын апасынан телефон аркылуу 70 миң сом талап кылышкан экен. Октябрь РИИБинин оперативдүү тобунун кызматкерлери жигиттин тууганы катары байланышка чыгышып, болжолдонгон жерден 4 жаңы конуш тургундарын колго түшүрүштү. Колго түшкөн эргулдар Кочкор районунун кулундары экени аныкталды. Алар күндүзү жигитти машинеде көзүн таңып салып жүрүшүп, түнкүсүн жертөлөдө кармап турушкан.

"Жаңы Агым" - пресс









??.??