18.04.14 сша украина россия выборы путин рф москва экономика ес история сирия кризис суд армия китай оппозиция нато политика грузия война президент кино закон санкции белоруссия терроризм театр конфликт иран выставка германия нефть турция крым газ израиль минобороны скандал сми франция медведев петербург фестиваль ирак реформа бюджет госдума правительство трамп оон газпром япония убийство власть поэзия теракт чечня литература донбасс опрос коррупция дума азербайджан образование протест ер великобритания рпц европа цены кпрф интернет афганистан бизнес молдавия авиация кндр киргизия обама польша общество калининград отставка порошенко рейтинг юбилей армения премия губернатор ссср казахстан ислам телевидение саммит премьера мигранты инвестиции мэр футбол космос музыка дети наука следствие индия оружие школа арест красноярск регионы книги мид религия энергетика переговоры флот взрыв учения минфин мвд олимпиада днр лукашенко снг безопасность спорт навальный египет лавров церковь законопроект пожар единая россия инфляция визит культура волгоград проза экология про италия парламент сочи приморье гонки экстремизм митинг туризм разведка партии Төө кыядан
өткөн соң…
Кечээ Башпрокурор Аида Салянова Жогорку Кеңеште отчет берди. Анын айтканына караганда, кылмыштуулук күндөн-күнгө өсүп баратат. Өзгөчө укук коргоо кызматкерлеринин жана аялдар арасында кылмыш жасоо абдан көбөйүп баратканын белгиледи Башпрокурор айым.
Эң эле кызыгы, өткөн жылы апрелдин башында Нарындын түрмөсүнөн түз эле жеке самолетко түшүп Кыргызстандан чыгып кеткен "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин иши боюнча бир жыл бою унчукпай келип, жакында жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кылмыш иши ачылганын айтты. Көрсө Батукаевдин эмгиче өлбөй тирүү жүргөнү ишти ачууга себеп болуптур. Биздин УКМК Россиядан Батукаевдин чек арадан өткөн-өтпөгөнү, билет сатып алган-албаганы тууралуу сураса, тигилер андай неме өткөн эмес деп жооп беришиптир. Бүтүндөй коомчулук, парламент канкакшап турганда баары мыйзам чегинде гана болгонун айтып турган Аида айымдын түштөн кийин калп эле кылыч булгалаганына ким ишенет? Батукаевди кайра алып келип камоо оозуңардан он эки айлансын, аны бошотууга катыштыгы бар делген албан үлкөндөр да жоопкерчилик тартаарына азыр эч ким ишенбейт. Жоопкерчилик тартмак турсун алар экинчи жолу министр болуп отурушпайбы! Аида айым отчет олуттуу болсун деп эле Батукаевди кошуп койгон окшойбу.


Мырзакматов коркуп жатабы?
Арстан, көкжалга теңеп жаткан Мелис Мырзакматов деген мекендешибизден акыркы кезде дайын жок. Кыргызстанга келсе эле кылмыш иши козголот экен, ошон үчүн Үрүмчүдө жатат деп билгендер чуулдатып жатышат. Өзү жок болгону менен ага тиешелүү делген ОшТВ телеканалы россиялык Максим Кротов дегенге сатылганы ар түрдүү божомолго жем таштап жатат. Башка бирөө аркылуу мурунку кожоюндар өз каналына ээ болду, Мелис ушундай кадамдары менен кийинки шайлоого даярданып жатат, эмне үчүн ал УОК катарынан көрүнбөйт деген сөздөр каңгып жүрөт. Чарбага тың неме саясаттан мүдүрүлүп калдыбы дегендер да жок эмес. Эмнеси болсо да Мырзакматов сыяктуу саясатчынын акыркы кезде такыр үн катпай койгону кызык болуп турат.

Кулматов азырынча дурус
Бишкек мэри Кубанычбек Кулматовдун акыркы кадамдары жаман эмес. Шаар аралап, шаардыктар кандай жашап жатканын өз көзү менен көрүп, ийкемдүү иштөөгө аракет кылганы азырынча жагып турат. Кыргызчылык аке-үкөдөн алыс, бардык ишти мыйзам чегинде алып барууга, эң башкысы шаарды жалгыз башкарган мэрияны монстр образдан арылтып, көптөгөн кызмат көрсөтүүлөр эффективдүү болсун үчүн аларды жеке тараптарга бергени жатканы дурус көрүнүш. Биздин да жаңы мэрге бир эле сурообуз бар: ондогон мэрлер шаарга таштандыны кайра иштетүүчү завод курабыз деп элге далай упчу эмизишкен. Азыркы мэр катары муну сөздөн ишке өткөрө аласызбы?

Акмат аман эле болсун
СИЗОдо жаткан "ата журтчу" депутат Акматбек Келдибековдун ден соолугу чындап эле начар дешет. Батукаевге келгенде марттыгын көргөзгөн бийлик Келдибековго келгенде эле көк желкеси неге тырышып калганына түшүнүү кыйын. Жоопко тартабыз деп атып жок кылып албасаңар экен, эмнеси болсо да абайлагылачы.

Жантөрө кетсе
Тайыр бар!
Аскияга айланган "галдирбайдын" автору Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттөн шыпырылганы менен, анын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов Көк үйдөн "куулган" жок. Ал учурда башбакандын 1-орунбасары Тайырбек Сарпашевдин оң колуна айланып, маалымат айдыңын көзөмөлдөөдө. Ал эми премьер Жоомарт Оторбаев алигиче оюндагыдай пресс-катчы таба албай шайы ооп турган кези. Көрсө, Жоомарт Кайыпович англис, орус тилдеринде буудай кууруган катчылуу болуу ниетинде экен. Андай катчы табылаар бекен?

Акыры кетиришет…
Пекене бойлуу Камила Талиеванын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тууруна конушу коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. Камила Абдразаковна өзү болсо кинотеатрларга байма-бай барарын мактана айтып, бул тармакты ичинен билем, көйгөйлөрдүн баарын чечем деди. Канчалык тырышпасын жакында аны кайра эле ээрден эңип түшүшчүдөй. Себеби Ак үйдөгү таасирдүү топ Талиеваны тез арада министрлик кызматтан алууну жүзөгө ашырууга шымалана киришкенин билермандар айтышууда. Бу топ далай дөө-шаалардын башын "жутканын" эске алсак, Камила айым сындуулар көпкө туруштук бере албасы аштан бышык эмеспи…

Мандатыңды саначы, аброюңду билейин!
13-апрелде өткөн Токтогул шаардык кеңешинин шайлоосунун жыйынтыгы Кетмен-Төбөнүн кыйындарынын дараметин көрсөттү. Маселен, 1-вице-премьер Тайырбек Сарпашев, Энергетика министрлигин мыкчыган Осмонбек Артыкбаев жана өкмөттүн аппаратын жетектеген Нурханбек Момуналиев турганына карабастан, КСДП шаардык кеңештеги 21 орундун араң дегенде төртөөнү ээледи. Буларга салыштырмалуу абактагы Акматбек Келдибековдун өкүл баласы Осмон Турдумамбетовдун Токтогулда аброю жогору экен, ал жаңыдан түптөгөн "Бирге" партиясы да төрт мандат алганга үлгүрдү.

Курсандын үмүтү өчөлек
Мындан эки күн мурда Мурадыл Мадеминов, Акылбек Султанов баштаган депутаттар жашыруун чогулушту. Мадеминовдун кабинетинде болгон "мини жыйынга" Ички иштер министринин орунбасары Курсан Асанов да катышыптыр. Анда негизинен Курсан мырзаны ИИМ жетекчилигине отургузуу маселеси талкууланганы чынбы? Бу жигит көптөн бери башкы милиционер болсом дегенде "эки көзү төрт" болуп жүргөнүн укканбыз. Минтип депутаттардан бери жабыла камдана баштаганына караганда, максатына жетүүнү көздөгөндөй. Бирок анын оппоненттери да жөн туруп калбас. К.Асановдун 2010-жылдагы июнь коогалаңындагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу чуулгандуу материалдарды жайнатып гезиттерге жарыялатышпас бекен, ыя? "Кызыл шапкечендер" маалымат айдыңында кырчылдашса, даана кызык башталат го…

Елисеев кимге чалды?
Максим Бакиевдин жан-жөкөрлөрүнүн бири Алексей Елисеев бозгунда жүргөнү маалым. Ал жакында эле ЖоКеде отурган депутаттардын бирине коңгуроо кагып, ири көлөмдөгү карызын доолаганы тар чөйрөдө кызуу талкууланууда. Эгер карызымды бербесең өлбөгөн жерде калышам дегендей опузалаганга чейин барды дейт. А.Елисеевдин "жашылбайларын" кайтарбай жүргөн депутат ким болду экен? Бул жагын табышмактанта туралы, жакшылап ой жүгүрткөн адамга жандырмагы дароо чечилет…

"Жаңы Агым" - пресс