18.04.14
Кагынган кайнене, ишенимсиз эркек жана истеричка аял
Азыр заман оорлоду. Ар кандай көйгөйлөргө чалынасың. Бул көйгөйлөр үй-бүлөлүк ар кандай чыр-чатактын жаралышына, психологиялык ар кандай абалдарга тушуктурат. Үй-бүлөдөгү жана адам мүнөзүндөгү ар кандай психологиялык суроолорго жогорку категориядагы невролог жана психолог, Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин психология кафедрасынын доценти, медицина илиминин кандидаты Венера КЕМЕЛОВА жооп берди.

- Өз колдору менен ымыркайларын таштаган, өлтүргөн энелер бар. Өз кыздарын зордуктаган педофилдер чыкты. Күн сайын үрөй учурган кылмыштар көбөйдү. Адамдардын психикасы өзгөрдүбү? Кандай анализ бересиз?
- Бүгүнкү биздин социалдык-экономикалык абалыбыз адамдардын психикасына түздөн-түз таасир этип, өнөкөт стресс оорусуна кабылтып жатат. Кылмыштардын көбөйүүсүнө себепкер болду. Бул көйгөй мурун эле пайда болгон. Суроого майдалап жооп берүүгө аракеттенейин. Ата-энелердин өз балдарына болгон зомбулугу дүйнө жүзүндөгү, көп башка өлкөлөрдөгү курч жана жан кейиткен көйгөйлөрдүн бири. Көпчүлүк адамдар ар кандай мүнөздө, ар кандай шартта жашашат. Кедейчилик, бактысыздык жанына баткандар бар. Бала кезинен жакшылык көрбөгөндөр бар. Мүмкүн ушул себепкердир. Кээде ичкиликтин азабы, кээде өтө тереңдеп кеткен депрессияга тушуккан абал биринчи ымыркайына анан өзүнө-өзү кол салууга себепкер болот. Жаңы төрөлгөн ымыркайларды энелердин таштаганы кош бойлуу кезиндеги гормондук бузулуулар, материалдык жетишпеген абал жана күйөөсү жок, үй-бүлөсү жок, күтүлбөгөн кош бойлуулуктан келип чыгат. Тирүүлүккө, жашоого болгон муңдуу көз караш, жактырган адамына жетпей калуу - булардын баарынан өч алуу акыры эч нерседен коргоно албаган алсыз ымыркайга жумшалат. Өзүнүн аброюн сакташ үчүн, айлана-чөйрөсүндөгү көздөрдөн, сөздөрдөн, жакындарынын жазасынан корккон үчүн ымыркайдан тезирээк кутулгулары келип, таштандыга ташташат же өлтүрүшөт. Мындай учурда ымыркайды сактап калуу үчүн Европа мамлекеттеринде, Россияда бэби-боксы үкөкчөсү коюлат. Ал үкөкчө ымыркайды убагында сактап калат.
- Кээ бир адамдар адамдын жакшы сапатын көрүп, билип баалай билет. Кээ бирлер жалаң кара нерсени, башкача айтканда кемчиликти гана көрүп, аны баса белгилеп айта бергенден тажабайт. Мындай адамдарга кандай мүнөздөмө берсек болот?
- Эгер адамдар башкалардын кемчилигин гана көрө билип, аларды сынга алуудан, алардын жетишпестиктерин баса белгилөөдөн ырахат алса, бул жол менен өзүн бийик сезүүнүн, өзүн-өзү сыйлоонун жана сыйлатуунун жолун таап алгандар. Анын мүнөзүндө өзүн-өзү сүйүү, өзүнө болгон ишенимдүүлүк, башкалардан шектенүү, башкалардын кемчилигин айтуу менен кандайдыр бир деңгээлде өзүнө ырахат алуу мүнөзү курч.
- Азыр заманга жараша аялзаты ийкемдүүрөөк келип, көп эле үй-бүлөдө аялдар оор жүк көтөргөндөй. Аялдар көбүрөөк иштейт, көбүрөөк акча табат. Анан иш таппай үйдө отурган күйөөсүн көбүрөөк жемеге алышат. Бул учурда күйөөсүнүн канчалык күнөөсү бар?
- Ооба, азыр көпчүлүк үй-бүлөлөрдө аялзаты көбүрөөк эмгектенет, көбүрөөк акча табат. Эгер күйөөсү ылайыктуу жумуш таппай кыйналып турса, ал эми жубайы иштеп турса бул демейдегидей эле көрүнүш. Эгер аялы күйөөсү экөө келишип алып кимиси акча көбүрөөк тапкан жумуш ээси болсо ал иштеп, акча азыраак тапканы үй-оокатты, балдарды кароо менен алектенсе бул да ойдогудай көрүнүш. Эгер экөө тең муну туура көрүшсө, анда эч ким айыпсыз. А эгер күйөөсү жумуш издебесе, иштегиси келбесе, үй оокаттары менен алектенгиси келбесе, ал жан бакма күйөөсүнүн минтип үйдө отурганын аялы туура көрбөсө, анда ал күйөө (иждивенец). (Иждивенец деп ар убак материалдык жардамга муктаж, мисалы, коляскада отурган майып адамды айтсак болот)


"Мен кайненемди жакшы эле сыйлайын дейм, бирок..."
- Мен кайненемди жакшы эле сыйлайын дейм. Көңүлүн оорутпаганга аракет кылам. Бирок кылган ишимден кемчилик таап, аны баса белгилеп айта бергенде кыжырлана баштайм. Канчалык карманганым менен мен да мүнөзүмдү көрсөтөм. Мындай абалды, деги эле башка адамдарга болгон кыжырланууну кантип жеңсе болот?

Айзуура, 29 жашта
П.: - Кайненени өзгөртүүгө болбойт. Ага болгон мамилени өзгөртүү керек. Ар убак аны менен оппозицияда боло бербей абалды үч көз караш менен сырттан кароо керек. Кайненеңдин, өзүңдүн жана ортодогу калыс адамдын. Эгер сенин көз карашың туурадай сезиле берсе бул көйгөйдү чечүүгө кимдир бирөөдөн кеңеш сура. Кайнене улуу адам. Ал башынан башкача турмуш жолду кечирди. Башкача шарт, жагдайда жашап өттү. Келин анын айткандарын туура көрө бербесе да сабырдуу болушу керек. Сабырдуулук баарын жеңет. Мүмкүн ал туура нерсени айтып жаткандыр. Кыжырланууга мүмкүн башка нерсе себепкердир. Чарчап-чалыгуу же жашоодогу башка нерселер. Кыжырландым деп эле улуу кишини күнөөлөй бербей, адам өзү же психолог менен бирге иштешип эмоционалдуу жүрүш-турушту оңдоо керек.


"Аялым истерика
болуп жаткандай туюлат"
- Бир үй-бүлө болгондон кийин казан-аяк кагышпай койбойт экен. Анда-санда жубайым экөөбүз чатакташа кетебиз. Анын кетирген кемчилигин баса белгилеп айтып, кээ бир жакпаган сапаттарын айта баштаганда эле долулана баштайт. Же жүрөгүм деп эсин жоготот. Энесин көрүп балдарым чурулдап ыйлашат. Таптакыр унчукпай коюуга да мүмкүн эмес. Мага жөн гана аялым истерика болуп жаткандай туюлат. Эмне кыларымды да билбей калдым.
Азат, 41 жашта
П.: - Күйөөсү менен аялынын казан-аяк кагышканына, уруш-талаштуу мамилесине балдардын күбө болуусу кейиштүү көрүнүш. Мунун баары жашоого канааттанбагандыктан жаралат. Эмоционалдык жарылууга жеткиче жүрө бербестен башка жай убакта жакшы сөз менен түшүндүрүп көрүү керек. Мүмкүн өз ара мамилелери ойдогудай болбой жаткандыр. Мүмкүн күткөн нерсеси аткарылбай ушундай абалга тушуккандыр. Түгөйлөр балдарынын көзүнчө мындай чыр-чатак тез-тез кайталанып турушун каалашпаса, экөө тең психологго кайрылып кеңеш алуулары зарыл.


"Өзүңө болгон ишенимсиздикти
кантип жеңсе болот?"
- Бүкүрдү көр гана түздөйт дегендей, мен бала кезден өзүмө болгон ишенимсиздикти жеңе албай келем. Кээде өзүн-өзү жогору сезген, каалаган адамына каалаган сөзүн айткан адамдарга суктанам. А мен анте албайм...

Турар, 25 жашта
П.: - Ишенимсиздик деген эмне? Бул жеке өзүңүзгө жана өз мүмкүнчүлүктөрүңүзгө жетишерлик деңгээлде ишенбөөчүлүк. Ишенимдүү болуу үчүн биринчи кезекте өзүңүздү сүйүүгө, баалоого тийишсиз. Ар кимдин кемчилиги бар жана аны акырындык менен жоюуга болот. Бирок адам мүнөзүндөгү кемчиликтен көбүрөөк артыкчылыктар бар. Дал ушул фактыны түшүнүүнүн өзү ийгиликке болгон биринчи кадам.


Истерика оорусун изилдегенде
Истерия оорусунун аталышы гректин "жаалданган жатын" деген сөзүнөн келип чыккан. Медицинанын атасы делген Гиппократ бейжайлык, албууттанып кыйкыруу, колу-буту калчылдап эстен тануу жатындагы кайсы бир өзгөрүүлөрдөн пайда болот деп болжолдогон. Бирок орто кылымдарда эркектер да долулуктан жабыркай турганы белгилүү болгондо гана анын башкы себеби жатында эмес, баш мээде экендиги аныкталган. Алгач муну "истерикалык невроз" термини менен аташса , азыр "невротикалык даражанын пайда болушу" деп өзгөртүлгөн. Жынысына, жаш курагына жана социалдык абалына карабай бардык адамдар оорушат.
Истерия кандай аталса да кайсы бир оорунун башаты болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан бул ооруну кайсы бир адамга мээлеп колдонуудан алыс болгон оң.
***
Истерика долулануу, эстен танып кулап калуу, кыйкыруу, ыйлоо, оюна келген сөздөрдү айта берүү, кийип турган кийимдерин айруу, чачын жулуу сыяктуу кыймылдар менен коштолот. Көп учурда көрүүчүлөр үчүн "ойнолот". Мындай адамдар көпчүлүктүн көңүл борборунда болуу үчүн болгон күчүн жумшайт. Ошондуктанбы, алар көбүнчө жетекчилик жумушка умтулушат. Кандай гана терс мүнөзгө ээ болбосун мындай адамдар көбүнчө чыгармачылыктан өз ордун табышат. Булардан акын, сүрөтчү, актерлор көп чыгат. Айрым адистер долу адамдар гана улуу артист боло алышат деп эсептешет.