presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Сынбаган АСМАН,
мейкиндиктеги ӨМҮР

Азыркы белгилүү ырчылар Г.Сатылганова, Ж.Бобкова, Г.Калыков, Анжелика, Г.Тойгонбаева, М.Мураталиева, Ж.Муратова, М.Ибраев, А.Турдалиева жана башкалар композитор Райхан Бейшеналиеванын ырларын ырдашат. Г.Сатылганованын "Асман" деген атактуу ырын билбегендер аз болсо керек. Ушул тарыхы бар ыр да Райхан айымдын чыгармачылыгынан жаралган. Эскерте кетсек белгилүү аранжировщик, композитор маркум Эрик Кадырбаев Райхан Бейшеналиеванын жолдошу эле. Райхан айым жашоосун, чыгармачылык жолун айтып берди.

Бактылуу бала чак
- Атам Болот Бейшеналиев, апам Бурулкан Бейшеналиева экөө тең музыка сабагынан мугалим болгон. Мен кичинемден эле музыкалык мектепке окуп, чыгармачыл чөйрөдө аралашып өстүм. Атам союз учурунда Ленинграддан окууну бүтүп, Ошко жолдомо алган. Ал жакта алгач мугалимдерден болуп музыкалык окуу жайды ачкандардын бири. Мен 2-3-класста окуп жүргөндө атама бир ырдын музыкасын жазып угузуптурмун. Ал ырды жазганымды билем, бирок обону эсимде жок. Ошондо атам бул кызымдан бир нерсе чыгат, чымындары бар экен, болду-болбоду музыка жазат деп айтыптыр. Чынында эле кийин музыкалык окуу жайда окуп, искусство институтуна композиторлукка тапшыргам. Агезде окуу жайга өтүү үчүн конкурс абдан чоң болчу. Мен атама эгер бул окуу жайга өтпөй калсам, өзүм каалаган башка окуу жайга өтөм дечүмүн. Ошол кезде дизайнер-модельер болгум келчү. Өзүм кийим тиккенге кызыгып, сиңдилериме, атүгүл бир жолу атама да шым тигип бергеним эсимде. Бирок атам музыкага эле кетсе экен деген ойдо жүрүптүр. Мен музыкалык окуу жайга тапшырганда, кийин институтка тапшырууда да ушул талапты коюп, бирок өтүп кеттим. Ошентип менин бала чагым жалаң чыгармачыл адамдардын чөйрөсүндө өттү.

Эрик Кадырбаевдин талантына таазим
Кийин институтта окуп жүрүп болочоктогу жолдошум Эрик Кадырбаев менен таанышып калдым. Экөөбүз бир курста окучубуз. Ошол кезде Эрик менен турмуш куруп өмүр сүрөм деп ойлочу эмесмин. Аны катардагы жигиттердин бири эле карачумун. Азыр курсташтарым сен ошондо бой көтөргөн, эч кимди теңиңе албаган кыз болчусуң деп айтышат. Бирок мен андай деле бой көтөрчү эмесмин, башкаларга ошондой көрүнсөм керек. Ошол кезде Эрик сабактан түшүнбөй жатам, жардам берчи деп улам бир шылтоолорду айтып, көңүл бурдурууга аракет жасачу. Мен бир бөлмөдө жашаган кыздардан үйрөн деп койчумун. Ошентип Эрик биз жашаган бөлмөгө Гавхарга келип жүргөн. Гавхар болсо Эрик абдан сонун таланттуу жигит, сен билбейсиң деп мактап калчу. Ага деле көңүл бурчу эмесмин. Эрик мени өзүнө көңүлүн бурдуруу үчүн көп аракеттерди жасады. Чындап эле Эрик абдан жакшы адам болчу, аяр мамиле жасап, мени дайыма калкалап турчу. Акыры экөөбүз баш коштук. Аны менен жашагандан баштап Эриктин чыныгы талантын, анын жакшы жагын көрүп, талантына таазим этчүмүн. Ал мектепте окуп жүргөндө эле "Жаш кыял" деген музыкалык топ түзүптүр. Быякка келип кийинчерээк "Агым" деген музыкалык топту ачкан. Ошол кезде 1993-95-жылдары биздин музыкалык аренага "Агым" тобу менен жакшы чыгармаларды аткарып, таанымал боло баштаган. Бул да болсо Эриктин эмгеги эле.
Эрик Кыргызстандагы аранжировщиктердин эң биринчилеринен болгон. Клавиша инструменттеринин программасын мыкты өздөштүргөн. Ошол эле убакта 1999-2000-жылдардын башында Кыргызстандын ичиндеги ырлардын 90%ынын аранжировкасын Эрик жасаган. Анын чыгармачылыгындагы дагы бир эң көрүнүктүүсү "Махабат жылдызы" деген мюзикл. Кыргызстанда мюзикл деген жанр буга чейин болгон эмес, Эрик ушул жанрдын баштоочусу болгон. "Туңгуч" театрында ушул мюзикл абдан мыкты коюлган. Биздин музыкалык тарыхта ушул мюзикл алтын тамгалар менен жазылышы керек деп ойлойм. Ушул мюзикл үчүн ал Жаштар сыйлыгынын ээси болгон. Эрик эгер дагы жашаса көптөгөн чыгармаларды жазып, көптөгөн наамдарга жетмек. Бирок тагдырдын буйругу экен 39 жашында каза болуп калды.

Чыгармачылыктагы чыйыр жол
Өзүмдүн чыгармачылыгыма кайрылсам, ар бир ырдын, чыгарманын тагдыры, баяны болот. Эң биринчи жазган ырым дипломдук ишимде акын Салтанат Орозобекованын сөзүнө жазылган "Коштошуу сонети" эле. Эмне үчүн ушул коштошууну жаздым, түшүнбөйм. Бул ырды Гүлнур Сатылганова ырдап чыккан. Агезде Гүлнур да окууну жаңы бүткөн чагы. Кийинчерээк ошол ырды Гүлнур "Коштошуу сонети" дебей башка ат менен кайра иштеп өзгөртүп берчи деди. Азыр "Коштошуу сонетин" кайра иштеп чыкканы жатабыз.
Бир жолу телевизордон ырчы Ирина Понаровская интервью берип жатыптыр, ал дайыма аялзатына арналган ырларды ырдачу. Аны көрүп эмне үчүн мен да аялзатына арнаган ыр жазбайм деп ойлондум. Ошондо "Асылзат" деген ырдын обонун жаздым. Гүлнара Тойгонбаева курбума айтып экөөбүз ал ырды оңдоп, кийинчерээк Кыялбек Урмамбетовго сөзүн жаздырды. Ошентип үчөөбүз чыгардык. Эрик аранжировкасын жасады. Мен ошол кезде ыр жазам деп ойлочу эмесмин. Себеби Эрик ыр жазат, бир үйдөн бирөө эле болот дечүмүн. Ошол убакта Гүлнур Сатылганова аткарган ырлардын 70%ы Эриктики эле. Мен симфониялык, камералык оркестрге, фортепьяно үчүн музыка жазчумун.
Бир жолу Эрик обон жазчы, мен ырыңдын багын ачайын дейт. Эмне болду десем, көрсө ал мени окуткан Сатылган Осмоновичке жолукса "Райхандын жакшынакай ырлары, симфониялык оркестр үчүн жараткан чыгармалары бар, эмне үчүн аларды чыгарбайсың, башкаларга эле жазып бере бересиң" деп намыстантыптыр. Ошондон кийин мага ырларыңды жаз, чыгарып берем деди. Мен болбой койдум. Кийинчерээк 2002-жылы мага да ырчылар ыр жазып бериңиз деп келе башташты. Ошол кезде Мээрим Мураталиевага ыр жазып бергем. Бирок Эрикке менин ырымды жазчы деп айтчу эмесмин. Кийинчерээк мен кош бойлуу болуп жүргөндө Эрик эгер кыз төрөп берсең сенин ырларыңдын багын ачып берем деп убада кылды. Ошентип анын тилеги орундалып кыздуу болдук. Эрик өзүнүн сөзүнө турду. 2003-жылы Гүлнур Сатылганованын концертинде менин ырларым басымдуу болуп калды. Ошентип бир учурда эле "Сени эстеп", "Жолукпай калсаң эгер", "Мен сага жолугушум керек эле", "Сагынган күндөр" жана башка бир нече ырларым чыкты.
Ошондон кийин эле Эрик ооруп калды. Адегенде Эриктин оорусуна анча деле маани бербей айыгып кетет дегенбиз... Бирок оорусу өтүшүп кетти. Эрик өзү доктурга барганды, ийне сайдырганды жаман көрчү. Үч жыл оорусу менен күрөштү. Бир жыл өтүп кетет деп доктурга көрүнбөй, моюн сунбай жүрдү, экинчи жыл ооруканадан чыкпай калды. Үчүнчү жылы ооруп жатканда да талыкпай иштеди. Эмнегедир анын аспаптык чыгармаларга кызыгуусу болду. Ошентип скрипка үчүн эки аспаптык чыгарма жазды. Анын экинчи чыгармасы "Мейкиндик" деп аталат. Эмне себептен ушундай ат койду, билбейм. Мен Эриктин чыгармачылык өмүрү тууралуу китеп жаздым. Ал китептин атын да ушуну менен айкалыштырып "Мейкиндикке айланган өмүр" деп атадым. Себеби өмүр бир эле келет, Эрик чоң нерседен мейкиндикти көрдү.

Айрылуу, сынбаган асман...
Акыркы жарым жылда Насыр Давлесов да катуу ооруп жаткан. Ошондо Эрик мен кичүү эмесминби деп агайдын көңүлү үчүн анын чыгармасы "Аста секин колуктуну" кайра иштеп чыкты. Аны мурда да 1999-жылы иштеп чыгышкан. 2009-жылы он жылдан кийин ошол чыгарманы кайра коюшту. Ушунун премьерасы болгондон бир жумадан кийин Эрик көз жумду. Ал жашоосунун акыркы күндөрү ушул чыгарманы төшөктө жатып иштеди. Жаз келип, чымчыктар сайрап, гүлдөр бүрдөп калганда эшикти карап өлбөгөн жанга жаз келди деген эле. Мен антип сүйлөбө десем ичер суум аз калды окшойт деген. Эрик каза болгондон кийин эки ай туралбай жаттым. Эч нерсеге көңүлүм чаппай, эч нерсе жасай албай, белимди көтөрө албай калдым. Ушунчалык жаман болдум. Мен кантип жашайм, кантип балдарымды бутуна тургузам, эмне деген жашоо болот дедим. Көз алдымда Эриксиз жашоом өтпөчүдөй сезилген. Бирок өлбөгөн адамдын жашоосу өтө берет экен... Мен ошол кезде Эрик жок ырларды жазбайм деп чыгармачылыкты таштап салгам. Дагы жакшы, жанымда жакшы курбуларым болду. Гүлнур Сатылганова Эрик экөөбүзгө абдан көп жакшылыктарды жасады. Чындыгында адамдын ким экени башына кыйынчылык түшкөндө билинет экен, Гүлнара Тойгонбаева менен Гүлнур Сатылганова экөө көп жардам беришти. Гүлнур өзүнө бир кой сойсо жарым этин бизге алып келип, акчалай да жардам берип турду. Ошол кезде мен да иштебейм, Эрик да үйдө ооруп калды. Кызым кичинекей, балам окуп жатат. Албетте, агезде туугандар деле жардам берип жүрдү, бирок жоро-жолдоштордон ушундай жардам көрсөң абдан ыраазы болот экенсиң. Мен Гүлнурга абдан ыраазымын, ал өзүнүн курбулугун аныктады. Эрик көз жумганда курбуларым келип, өзүңдү кара, балдарыңды ойло дешти. Себеби мен өзүмдү таштап салгам. Бирок жашоо өзүнүн нугу менен агып кете берет экен.
Анан... ошол асман... Мелтиреп тура берет, ал өзгөрбөйт, сынбайт, бузулбайт, адамдын тагдыры ошол асмандын астында... Асман... Ушул ыр ушундай абалда турганда жаралган. Көрсө жашоо өтө берет турбайбы дедим. Бир келген жашоодо таарынычтын, жаман көрүүнүн, көңүл оорутуунун эмне кереги бар...
Эрик каза болгондон кийин бир жыл бою экөөбүздүн баскан жолубуз көз алдыман кетпей жаздыкты суулап таң атканча ыйлап чыкчумун. Менин ошондой абалымды көргөн курбуларым иште, алаксыйсың дешти. Маданият министрлигинде иштеп калдым. Күн сайын эртең менен турганда экөөбүз баскан жолдо жалгыз өтөм, экөөбүз өзгөчө күндөрдө кафеге отурганыбыз көзүмдөн учат... Күн сайын жаздык жаштан суу. Андан бери беш жыл өтүп кетти. Кызым атасын жакшы билет. Кызым атам болсо мындай болмок ээ деп айта берет. Ал менден атам муну жакшы көрчү беле деп сурайт, ооба десем мен атама окшоп калган турбаймбы деп өзүн атасына окшоштургусу, байланыштыргысы келет. Кызым атасы экөө бири-бирин абдан жакшы көрчү. Уулум агезде студент болчу. Эрик өлөрдө уулун чакырып, окууңду жакшы окуп бүтүр деп убадасын алган. Уулум Нурсултан окуусун кызыл диплом менен аяктады.
Эрик экөөбүз чыгармачылык менен алектенип жүрүп үйлүү болууга мүмкүнчүлүк болбоду. Биздин жашообуз кайра куруу учурунда башталып, коомдогу башаламандыкка туш келди. Азыр чынын айтсам квартиранын акчасын төлөп, балдарымды багайын деп үч жерде иштейм. Биздин мамлекетте тилекке каршы маданият кызматкелерин колдогон атайын программа жок. Биздин маянабыз менен үй алууга мүмкүн эмес. Азыр канчалаган эл артистттер, наамдары бар атактуулар үй-жайы жок жатаканаларда жашап жүрүшөт. Эрик да байлыкка жутунган эмес. Мен да башка аялдардай жулунбай, тигини жасабайсың, муну алып келбейсиң дечү эмесмин. Ал камсанаба, баары жакшы болот деп койчу. Чыгармачыл адам болгондон кийин көңүлүбүз чыгармачылык болуп кетти. Барга көппөй, жокко чөкпөй деген девиз менен жашадык. Аз болсо да Эрик экөөбүз унутулгус өмүр кечирдик...

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, сүрөттөр үй-бүлөлүк архивден алынды









??.??