18.04.14 Чолпонбек АБЫКЕЕВ,
Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы:
"Биздикилер Сократты эмес сойкуну ээрчип калышты"

- Чолпонбек агай, Жазуучулар союзунун бүгүнкү абалы кандай? Угушубузга караганда, ижара акысын төлөө боюнча сот процесси жүрүп жаткандай болду эле?
- Жазуучулар союзунун абалы тууралуу айта берип тил тешилди. Союздун иш аппараты 2010-жылдан бери маяна албай бекер иштеп келатышат. Мынакей, бүгүнкү бийликтин чыгармачыл адамдарга жасаган мамилеси. Ушундай 80 жылдык тарыхы бар уюм жоюлуп кетпесин деп иштеп атабыз.
- Жазуучулар, булар кимдер? Негизи эле бүгүнкү коомго жазуучу керекпи?
- Жазуучулар каалайбы, каалабайбы мамлекеттин жаркын келечеги үчүн күрөшкөн идеологдор. Өз улутун, мамлекетин, мекенин жамандап жазган акын же жазуучу жөнүндө окудуң же уктуң беле? Маселен, мен андайды билбейм. Андыктан кайсы бир ырда айтылгандай мекен, абийир, намыс керек болсо жазуучулар да керек.
- Жазуучулар союзун өкмөттөн акча сурабай иштетсе болот беле? Мисалы, чет элдик уюмдар каржылай турган долбоорлорду жазып дегендей...
- Улуттук деген статусубуз бар болгондуктан чет элдик фонддор да жардам бербейт экен. Акаевдин, Бакиевдин учурунда жылыга жазуучуларга 3 миллиондон 5 миллионго чейин каражат бөлүнүп, ага журнал, гезит чыгарып, айлык алып бапырап турушчу экен. Убактылуу өкмөт келген күндөн баштап баарынан куржалак калдык. Ижара акысы боюнча төлөбөйт деп сотко беришкен экен, бул маселени Жазуучулар союзунун башкармалыгы чечет. Жазуучулар союзунун башкарма мүчөсүндө Президент А. Атамбаев да бар дедик. Сот эмне демек эле, төлөгүлө деп чечим чыгарды. Тапсак төлөйбүз дедик.
- Президент Атамбаев калемдештери Жазуучулар союзунун имаратына ижара акысын төлөй албай соттошуп жатканы боюнча кабардарбы?
- Президентке абалыбыз тууралуу бир эмес бир нече ирет кат жаздык. Жооп жок. Же ак дебейт, же көк дебейт. Алмазбек Атамбаевдин Жазуучулар союзунун мүчөсү экени, ал биринчи карьерасын ушул союздан баштаганы чындык.
- Эгер карыз төлөнбөсө Жазуучулар союзу дагы имаратсыз калабы? Өздөрү төлөй албайт, өкмөттөн жардам берилбейт шекилдүү. Эгер сиздерди көчөгө чыгарып салышса кандай кадамдарга барышыңыздар мүмкүн?
- Жазуучулар союзу чыгармачыл интеллигенциянын уюму эмеспи. Биз пикетке, митингге чыга албайт экенбиз. Кейпи, жалпы журтка кайрылуу жасайбыз го.
- ММКларда кезинде Жазуучулар союзуна 50 миллион рубль бөлүнгөнүн, аны өз маегинде Аскар Акаев Атамбаев жеген десе, экинчи жагы ошол акчаны Жакшылыков жеген деп чуулдатып ийди. Сиз бул боюнча эмне айта аласыз?
- 50 млн., 60 млн. рублди кимдир бирөөлөр жеген деген чуулуу сөздөрдү мен деле угуп жүрөм. Бирок колумда документ жок. Сөздөн башка так маалымат ала албадым. Ошондуктан эч нерсе айта албайм. "Арашан" баш болгон Жазуучулар союзунун бир катар имараттары, байлык мүлктөрү мурунку СССРдин аймагындагы мамлекеттерден биздин Кыргызстанда гана менчиктештирилген. Башка мамлекеттерде бүт байлык жазуучулардын өздөрүндө сакталып калып, азыр ошонун эсебинен эле жыргап жашап жатышат. Бир чети убагында жазуучулардын өздөрүнөн да күнөө кеткен, 3-4кө бөлүнүп. Көрсө кызыкдар болгондор атайылап бөлүп-жарышып, байлыгын ээлеп алган тура.
- УОКтун 10-апрелиндеги митингинде сиз да жүрдүңүз. Ал жакка эмне максат менен бардыңыз эле?
- Чыгармачыл адам колунан келсе окуяларга өзү күбө болушу керек. 10-апрелдеги митингге чыгармачылык кызыкчылык үчүн бардым. 24-марттагыга (2005-жыл) өзүм катышсам, 7-апрелде (2010-жыл) аянтка баргам. Балдарым, жанымдагылар "сиздин боюңуз узун, сизди оңой атат, кетели" дегендерине болбой ичтен кан өтүп ошол жерде жүргөм. Аянттын жанындагы Мамлекеттик архивде бир жума бою кетпей күнү-түнү түнөп, ошол тегеректеги мамлекеттик ишкана, мекемелерден жалгыз архивден бир калемсап да тонотпой сактап калгам. Жаныбызда тонолбогон башка бир да имарат калган эмес. Генпрокуратура өрттөлгөнүн билесиздер. Буга бүт архивде иштегендер күбө.
- Учурда Москвага жөнөп жаткан экенсиз, бүгүнкү күндө Улуттук жазуучулар союзунун эл аралык мамилелери кандай болуп жатат?
- Москвада Эл аралык жазуучулар уюмунун курултайын анан исполкомун өткөргөнү жатат. Ошого баратам. Эл аралык союздар менен мамилебиз такыр эле үзүлгөн экен, кайра формалдуу болсо да байланыш түзүп алдык. Формалдуу дегеним чыныгы чыгармачылык байланыштарды жүргүзүү деңгээлине жеткире албай жатабыз. Кейпи, учурдагы кырдаал ушундай болуп жатат окшойт.
- Өткөндө жаңы өкмөттү түзүү учурунда Маданият министрлигин ЖКда эч ким алгысы келген жок. Негизи эле мамлекет жетекчилеринин маданият тармагы боюнча жүргүзүп жаткан саясаты тууралуу оюңуз кандай?
- Мен жазып жүрөм го, экономиканы эмес руханий байлыкты жаратууну биринчи орунга коелу. Биз жаңылып экономиканы көтөрөбүз дегенди биринчи орунга коюп алдык. Жыйынтыгында 20 жылдан бери эч нерсеге жетишкен жокпуз. Мына ошонун жыйынтыгы. Маданияттын терең маанисин түшүнүүдөн улам алыстап баратабыз. Маңкурт болуш оңой, ал эми маданияттуу болуу жылдарды талап кылган чоң түйшүк. Сократ окуучулары менен баратса астынан сойку чыгып, "эй акылман сөрөй, ушуларыңды канча жылдан бери окутуп келатасың?" дептир. Сократ "10 жылдан бери" дейт. "Мелдешесиңби, мен бул окуучуларыңды 10 мүнөттө артыман ээрчитип кетем" десе, Сократ "мелдеше албайм, сен ээрчитип кетериң чын. Мен буларды күн сайын түйшүккө салып шаты менен өйдө чык деп кыйнап келатам. Сен болсо азыр эле жыргалга баткыла, төмөн түшкүлө дейсиң. Адамдар астыдагы эртеңки ийгиликке караганда азыркы боло турганга бат азгырылат" деген экен. Биздегилер Сократты эмес сойкуну ээрчип калышты.
- Бүгүн эмнеге кыргыз эли чачырап, бөлүнүп турат? Сизди кейиткен негизги маселелер кайсылар?
- Туруктуу мамлекеттик идеология жок. Бизде бүгүн экономикалык кризистен да коркунучтуу руханий кризис коомубузга улам тереңдеп кирип баратат. Экономикалык кризистен 2-3 жылда чыгып кетүүгө болот. Ал эми руханий кризистен чыгыш үчүн ондогон жылдар талап кылынат. Мунун себеби мамлекеттик системанын туура эместигинен болууда. Маданият өзү негизги эки катмардан турат. Биринчиси, маданиятты жаратуучу жаратмандар. Жазуучулар, акындар, композиторлор сыяктуу. Экинчиси, маданиятты таратып жайылтуучулар. Буларга китепканалар, театрлар, клубдар, актер, аткаруучулар, маданият кызматкерлери. Эми кызыгы, мамлекет эгемендүүлүккө чыккандан бери жаратмандарды унутка калтырды да жайылтуучуларды багышууда. Ал эми жайылтуучулар болсо, эски кампадагы продукцияны 20 жылдан бери пайдаланып келатышат. Жыйынтыгында китепканалардын фонду жаңыртылып жаңы китептер түшпөй, эскилери болсо моралдык да, материалдык да жактан жараксыз абалга жетип, окурмандар китепканаларга каттабай калды. Театрларда жаңы пьесалар жазылбай, театр кризиси башталды. Опералардын репертуарлары жаңырбай, операны эл унута баштады. Адамга руханий азык берип, адамгерчиликке, ыйманга, чынчылдыкка, мекенчилдикке тарбиялаган чыгармалар элге жайылтылып окулбай калгандыктан, коомдо кыргыз тили келегей тилге айланып, ушинтип бири-бирин улаган чынжырчадан коомдук руханий кризис күчөй баштады. Жыйынтыгында "Пейжерим бар, пейжерим бар...", "Тракторум бар, тракторум бар...", "Сүйгөн кызым мерседестей..." деген ырлардын деңгээлине түштүк. Кыргыз кыргыз болгону руханий жактан мынчалык төмөн кулабаса керек. "Сүйгөн кызым кер жоргомдой..." же "жер айдаган буурусун, анан өгүзүм бар..." деген ырды уктуң беле? Эмне деген шумдук! Дагы каякка чейин кулайбыз? Бир кудай билбесе, азырынча арты белгисиз.
- Жаштар китеп окубай калды дешет, сиздин оюңузча кандай?
- Кайсы китепти кайдан таап окушат?! Эгер жазуучулардын, акындардын китептери чыкпай турса. Чыкса да аз нускада чыгып, окурмандарга жетпесе. Мамлекет жок дегенде мамлекеттик китепканалар үчүн эки-үчтөн нуска сатып алып, китепканаларга таратып турганда жаштарыбыздан эмнеге китеп окубайсыңар деп сурай алат элек.
- Жаз келди, чыгармачыл адам катары быйылкы жаз сизге кандай таасир этти? Кандай чыгармаларыңыз жазылып жатат?
- Өткөн 24 жылыбызды чагылдырган "Жашоо табышмагы" деген роман баштадым. Ичинде мародеру да бар, кылмышкери да бар, саясатчысы да бар. Өткөн жылдар өтө даталуу жылдар болду. Коомдук формация оңой өзгөрөт экен. Бирок адамдардын психологиясы, жашоого болгон мамилеси оңой өзгөрбөйт тура. Ал өзгөрүш үчүн көптөгөн жылдар талап кылынат экен. Коомубузда бүгүн деле коммунисттерче ойлонгондор, советтик жашоо образынан чыга албагандар толтура. Ошол эле маалда эптеп байлыкка жетиш үчүн мекенин, ата-энесин ойлонбой туруп сатып баса берүүчүлөр да чыкты. Маселен, Кумтөрдү бир эле адам саткан жок да. Уюшкан чоң топтун өкүлдөрү сатты. Ошолор кыргыз элинин келечегин, мамлекетибиздин келечегин ойлошкон жок. Эгер мамлекет бай болсо биз деле чоң айлык алып, эл менен бирге бай жашайбыз да деп ойлошкон жок. Ачкөздүк жеңип кетти. Жыргаштыбы? Менимче жыргашкан жок. Элдин каргышы деле оңой эмес да. Мына ушуларды бүт көркөм чыгарма кылып жазайын деп жатам.
- Жакшы экен. Буюрса ал китеп өткөөл доорду чагылдырган биринчи чыгарма болот. Сизге негизи эле бүгүнкү күндө мамлекет үчүн адабияттын, маданияттын канчалык деңгээлде кереги бар деген суроону кайра бир бергим келип жатат. Азыркыдай экономикалык шартта өкмөт бул тармактарга кандай мамиле кылыш керек?
- Кыргыздар бул сурооңо жоопту кылымдар мурда эле айтып койгон. Пейлиңди оңдо деп. Анан да пейли тар киши бай болбойт деп коюшат. Конфуцийге байлыгы ашып-ташкан бирөө барып "деги байый албай койдум, кантип каалаганымдай бай боло алам" десе, ал "напсиңди тый, ошол замат байлыктын туу чокусуна чыгасың" деген экен. Руханий жактан жарды адам эч убакта бай боло албайт. Байлыгы ашып-ташып миллион, миллиарддаган долларлары бар болсо деле көөдөнү бош бойдон ачкөздөнө берет. Акыры оорулуу болуп калат. Ал эми руханий байлыкка жеткизүүчү бир гана азык бул көркөм адабият, музыка, көркөм сүрөт. Мунун ичинен өзгөчө адабият адамга нан сыяктуу эле керек. Ойлоно билүүнү, тилиңди байытат. Ошондуктан мамлекет адабиятка мамлекеттик деңгээлде көңүл буруусу зарыл. Япондор бекер жеринен адабиятка өзгөчө аздек мамиле жасап, ал эми мамлекеттик кызматка болсо чыгармачылыктын бир түрүнө кызыккан жана алектенген адамдарды гана алып жаткан жок. Алар пейилди оңдоону биринчи орунга коюшкан.

Зайырбек АЖЫМАТОВ