presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Украина - Россия согушу

Ушул тапта Украинада партизандык согуш жүрүштөрү күч алып, өлкө атуулдук согуштун астында турат. Украинанын Коргоо министрлигинен кабарлангандай, россиячыл активисттер Краматорск шаарында согуш техникаларын тартып алып Славянскиге айдап качышкан. Сепаратисттердин бир бөлүгү Донецк шаарынын мэриясын басып алышкан. Россияга ыктаган күчтөр өлкөнүн чыгышындагы 10 шаарда мамлекеттик имараттарды көзөмөлгө алышкан. Донецк шаарынын мэриясын басып алган куралчан адамдар Украинаны федерацияга айландырууну талап кылышууда. Учурда дүйнө эли кулак түрүп отурган Украина жаңылыктарына биз да көз жүгүрттүк.

Көрсө…
Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши кайрадан Украина маселесин талкуулашты. Бул жолугушууда БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун кызык маалымат менен бөлүштү. Көрсө, Украина СССР таркагандан кийин өзүнүн чек араларын демаркациялап, көз карандысыз мамлекет катары БУУдан каттоодон өтпөптүр. Демек ал дагы деле мурунку СССР же болбосо азыркы Россиянын бир бөлүгү катары каралат дегенди билдирет. Мындай учурда БУУ, НАТО жана башка кыйындар бирөөнүн тынчтыгын бузду деп Россияны айыптай алышпайт экен. Ушул нерсеге таянышып орус тарап эч кимден коркпостон Украинаны өзүнө каратып алуу үчүн болгон аракеттерин жумшап жаткандагы кербези тура.
Интернеттеги орус-украин элдеринин эки тараптык кайым айтышууларына көңүл бурсак, чын эле кээ бир тарыхчылардын айткандары чындыкка жакын. Мисалы, Украина деген сөздүн өзү орустун "окраина" чет жака, алыскы аймак деген маанисинен алыныптыр. "Киевская Русь" деп илгери орустардын тарыхы дал ушул Киев менен тыгыз байланышканы баарына белгилүү. Ошенткен күндө да Украина мамлекети шалаакылык кылбай өз учурунда чек араларын тактап, демаркация, делимитация иштерин чечип алганда мындай тагдыр башына түшмөк эмес дешет адистер. Чынында ар бир кетирген катачылык үчүн дайыма убакыттын өтүшү менен жооп берерибизди Украинанын мисалында көрсөк болот. Учурунда Украинанын бийлигинин шалаакылыгынан эл азыр көргүлүктү көрүп жатышат.

Атайын кызматтар ачык айтты
Украинанын коопсуздук кызматы учурдагы Украинадагы кагылышууларды Россиянын атайын кызматтары уюштуруп жаткандыгын айтып чыкты. Мындай иштерге алар былтыркы күздөн бери даярданып жатканын коопсуздук кызматы мурда эле бийликке жеткиргенде Януковичтин бийлиги Россияга ыктагандыктан унчукпай койгон экен. Украинанын СБУсунун контрчалгындоолук коргонуу кызматынын башчысы Виталий Найданын айтымында, учурда Россиянын Украинадагы агенттери кайраштыруу максатында 100-200 адамды атайын өлтүрүп өлкөгө армиясын толук киргизүү аракетин көрүп жатыптыр. Алар колго түшүргөн чагымчылардын жанынан ири суммадагы акчасы бар банктын карточкалары, жардыруучу заттар, курал-жарактын түрлөрү табылган. Найда бул теманы улай "Альфанын" офицерлерин өлтүрүү, Украинадагы бийликке каршы аракеттердин артында ГРУнун офицери Игорь Стрелков турарын айтты. Стрелков Россия куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын чалгындоо боюнча башкы башкармалыгында иштейт. Учурда Крымды өзүнө каратууга күчүн жумшашкан адамдардын баары Донецк менен Луганскка алып келинди. Алардын жанында ири суммадагы нак акча жана курал-жарак бар. Буларга дал биз айтып өткөн Стрелков башчылык кылат деп айтылды.

Обама менен Путин
АКШ президенти Барак Обама телефондон Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүп, азыр расмий Москва Украинадагы сепаратисттерди колдоп жатканына кабатырланып жатканын айтты. Путин болсо Украинадагы окуяларга Кремлдин такыр тиешеси жоктугун айткан. Обама эгер Россия Украинадагы аракеттерин токтотпосо, Москвага каршы дагы санкциялар киргизилерин билдирди.
Обама Путинден Украинанын чыгышында маанилүү башкаруу органдарынын имараттарын ээлеп алган орусиячыл топторду ал жактан чыгып кетүүгө көндүрүүгө үндөдү.
Мындан сырткары, азыркы украин жетекчилиги "өзгөчө сабырдуулук" менен чечим кабыл алып жатканын белгилеп, Путинди чек арага жакын жерге топтолгон орус аскерлерин алып кетүүгө да чакырды.
Украинанын чыгышындагы башаламандыктарга Россиянын атайын кызматтарынын агенттери аралашкан деген дооматтарды Путин такталбаган, маалыматка негизделген жоромол деп атады.
Азыр расмий Киев да, Батыш өлкөлөрү да Украинадагы сепаратисттик кыймылды Москва уюштуруп жатат жана Россия өткөн айда Украинанын курамындагы Крым автономиялык республикасын кантип басып алып, кийин өзүнө аннексиялаган болсо, ошол эле сценарийди чыгышта да колдонуп жаткандыгына ишенип турушат.

Колдоочулар
Кошмо Штаттар менен Евробиримдик Украинадагы жаңы өкмөткө колдоо көрсөтүүдөгү айрым аракеттерди баштаганын билдиришти.
АКШ Украинага 1 млрд. доллар карыз берүү боюнча үчүнчү тарап алдында кепилдик келишимге кол коюлганын, Евробиримдик Киевге берилчү 1 млрд. евро карызга кепил болорун жарыялашты. Мындан сырткары Евробиримдиктин Тышкы иштер министрлери виза берилбей турган жана мүлктөрү камакка алына турган россиялык чиновниктердин тизмесин дагы кеңейтүүнү макулдашты.

Турчинов жана Тимошенко
Украин бийликтери аларга койгон ультиматумдун мөөнөтү өтсө дагы имараттар бошотула электигин билдиришти. Украинанын утурумдук президенти Александр Турчинов бийликтегилер өздөрүнүн аскердик операциясынан баш тартпай тургандыгын айтты. Ошол эле маалда Турчинов өлкөдө "мамлекеттик түзүлүш" боюнча жалпы элдик референдум өткөрүүгө да каршы эместигин жарыялады. Ал өлкөнүн чыгышында оккупацияланган аймактарды, өзү айткандай, "террористтерден" тазалаш үчүн БУУдан бейпилдик күчтөрүн жиберүүнү да суранды. Россиянын Тышкы иштер министри ошондой эле Украина бийликтерин орус тилдүүлөр менен токтоосуз сүйлөшүүгө үндөдү.
"Биз кырдаалдын тынчышын камсыздоого аракет кылабыз. Киев өкмөтүнүн Украинанын түштүк чыгышында жашаган украин жарандарынын талаптарын сыйлап, кырдаалды жөнгө салуу үчүн алар менен кечиктирбестен сүйлөшүү башташына жетишебиз. Коопсуздук кызматтарын, айрыкча армияны пайдалануунун кереги жок, буга Украинанын мыйзамдары тыюу салат" деди Россия тараптан Сергей Лавров.
Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин "Украина жарандык согуштун босогосунда турат" деп эскерткен. Ал эми Украинада президенттикке талапкер жана мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенко Россия Украинаны басып алуу үчүн "согуш баштады" деп айтып, украиндерди өлкөнү коргоого, Россияга каршы турууга чакырды.

Визир өзүн хан сезгенде
Луганскта апелляциялык соттун экс-төрагасы Анатолий Визир жергиликтүү бийликти басып алып, орус бийлигинен жардам сурап жатат. Ал өзүн "Түштүк-чыгыш республикасынын" президентимин деп YouTube аркылуу тааныштырып, Россияга баш ийген мамлекет түзүп берүү үчүн Путинге кайрылган. Андан сырткары Визир учурда бул аймакта бир гана орус рубли колдонулуп, элдер орусчадан башка тилде сүйлөшпөй калышканын айтты.

Күрмөк
суусуз калам дейт
Евросоюздун Россияга каршы жарыяланган экономикалык санкцияларынын айынан Кипр мамлекети экономикалык кризиске кабыларын айтып, Россияга каршы мындай аракеттерди көрбөшүн суранган. Анткени Кипр экономикалык жактан Россияга аябай көз каранды болгондуктан, аларда жел жүрсө буларды шамал ургандай абалда калышат тура. Бул тууралуу Кипрдин Тышкы иштер министри Иоаннис Касулидис айтып чыкты. Касулидистин айтымында, Евросоюздун кандай гана санкциясы болбосун, ал Евросоюздун башка мүчөлөрүнө зыяны тийбеш керек экен.
ЕС Крымды өзүнө караткан Россияга каршы көрүүчү 3 санкцияны айтып чыккан. Алардын бири - РФ менен ЕСтин ортосундагы баштапкы келишимдин күчүн жокко чыгаруу, экинчиси - Россиянын расмий өкүлдөрүнүн Европадагы бизнестерин бууп, алардын эсеп-кысабын тоңдуруу, ошондой эле Сочиде болчу саммитти өткөрбөө. Үчүнчүсү - газ сатып албоо сыяктуу бир катар экономикалык чаралар.
Мындай кадам болсо Россия андан да күчтүү аракеттерди көрүп ЕСти бул кылганы үчүн арман кыла тургандай абалга алып келишибиз мүмкүн, Россияны минтип коркутуу туура эмес деп вице-премьер министр Игорь Шувалов айтып чыкты.

Жалпак
тил менен айтканда
Украинадагы кырдаалды курчутуу карапайым калктын колунан келбесин атайын кызматтар эмес акылы бар адамдын баары эле түшүнүп турат. Украина эли миң жолу Россияга кошулгусу келсе да өмүрүн тобокелге салып мындай согуштук акцияларга катышмак эмес. Эгер референдум болсо барып "ооба кошулабыз" деши мүмкүн, бирок колуна курал алып бирөөнү өлтүрүп, өзү жашаган жердеги имараттарды жардырып Россияга эч ким кошулбаса керек. Себеби карапайым калкта чабуул коюучу инстинкке караганда коргонуучу инстинкт гана жакшы өрчүгөн. Кандай болгон күндө да эки тарап тынчтык жолу менен сүйлөшүү аркылуу маселени чечпесе, АКШ да, Россия да эч кимден коркпойм дегендей сөз кыйытып, "кызыл кнопкасы" жакты бир карап алганы өкүнүчтүү. "Эки дөө кагышса ортодо чымын өлөт" болбой, Украина эли бул кыйынчылыкты эртерээк жеңип кетишине тилектешпиз.

Даярдаган
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ









??.??