11.04.14 Кылым
курулушунун келечеги жокпу?
Апрель окуясынан кийин келген бийлик Орусия өкмөтүнүн жардамы менен Нарын дарыясын бойлой ГЭСтерди курууну шымалана баштаган болчу. Курулушу былтыркы жылы башталып, техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип бүткөн "Акбулуң", "Нарын - 1, - 2, - 3 ГЭСтерин" курууга Орусия тарап жалпысынан 727 млн. доллар өлчөмүндө каражат жумшап, ГЭСтерди 2016-жылы толук ишке киргизүүгө убада кылышууда. Жаңы ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 237,7 мВт. болуп, жылына 942,4 миллион кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгары божомолдонгон. Бирок айрым эксперттер 1 киловатт электр энергиясын иштеп чыгарууга 2 миң евро сарпталып жаткан бул курулуштун баасы Кыргызстан үчүн өтө эле кымбат болуп жатканын айтышууда. Атургай бул курулуштардын келечеги анчалык деле маанилүү эмес, бул жөн гана саясый кызыкчылык дегендер да бар. Андыктан бул боюнча "Чыгышэлектро" ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар АРГЫНБАЕВ менен бүйүр кызыткан маек курдук...


- Сапар ага, Нарын курулушунун келечеги жок, мамлекетке анчалык киреше алып келбей турган долбоор деген кептерге кандай карайсыз?
- Кепти төркүнүнөн баштайлы. Суу, гидроэнергетика деген бул чоң курал, күч болуп саналат. Бекеринен СССРдин колбашчылары Нарын дарыясынын жогорку алкымына ГЭС курбай, атайылап Токтогул районунун 35 миң гектар жерин сууга бастырып, жергиликтүүлөрдү тоого сүрүп чыгарбагандыр. Себеби сууну топтоп Өзбекстандагы пахтаны арбын айдоо, ошондой эле бул коңшу мамлекеттерди бирине-бирин чынжырлап коюу саясаты болгон. Ошол кезде эле бул ГЭСтердин долбоорлору жазылып, бирок кымбатка түшкөндүгүнө байланыштуу курулган эмес.
Ал эми азыркыга келсек, мурда электр энергиясынын 30-35 пайызы элдин керектөөсүнө, калган 65-70 пайызы өндүрүшкө жумшалса, азыр тескерисинен болуп калды. Азыр эл канчалык азап менен көмүрү ташылып келип, ТЭЦке жагылып, андан чыккан энергияга үйүн жылытып, тамагын жасап калды. Мындай туура эмес мамиледен улам азыр жыл сайын 5 пайыздан электр кубаттуулугунун дефицити көбөйүүдө. Мына, быйылкы кышта Кыргызстандын түндүк жагы боюнча 600 мегаватт электр энергиясы жетишпейт, жалпы Кыргызстан боюнча 1000 мегаватт дефицит болуп калат. Ушундай маалда "240 мегаватт кубаттуулуктагы Нарын ГЭСтерин куруп алып жыргайбыз" деген кантип болсун?
Азыр биз сыртка чыгып инвесторлорду чакырып, "бизге келгиле, инвестициялык климат түзүп беребиз, шарт түзүп беребиз" деп жатабыз. Бирок бүгүн алар келип өндүрүш куруп баштаса, эң эле керектүү делген электр энергиясы менен камсыздай турган шартыбыз жок. Алар талап кылган жерге жеткирип бере тургандай линиябыз жок, ашыкча запаста турган энергиябыз жок. Эгер эртең чындап эле кубаттуу инвестор келип, ири өндүрүш баштай турган болсо, кантип электр энергиясын беребиз? Же тиги Тажикстандын бийлигиндей өздөрүнүн менчиги болгон алюминий заводун иштетиш үчүн элдин жарыгын өчүрөбүзбү? Алды менен ушул маселелердин үстүндө иштеп, андан соң анан келечеги бар жагына басым кылсак болот эле. Тилекке каршы анткен жокпуз. "Ур барабан, тарт сурнай" ыргагы менен эле элге үмүт берели, элди алаксыталы деп Нарын ГЭСтерин кылым курулушу атап, Орусиянын президентинен бери эл алдында сүйлөтүп, саясый жагына көп басым жасап туруп алдык. Албетте, бул жакшы тилек, үмүт. Бирок ошол жакшы иш экономикалык негиздемеси, тастыктамасы менен так айтылбай, иликтенбей калганы үчүн бүгүн сен айткандай шекти жаратууда.
- Төрт ГЭСтин курулушу кымбат бааланып калды дегенге макулсузбу?
- Курулуштун кымбат баада курулуп жатканы чындык. Себеби курулуш долбоору башында 480 млн. доллардын тегерегинде курулат деп айтылган. Бирок акыркы маалыматтар боюнча бул Нарын ГЭСтеринин баасы 727 млн. долларга жетип отурат. Ошондо биздеги көз карандысыз эксперттердин эсептеп чыгышынча, 1 киловатт электр энергиясын иштеп чыгарууга 2 миң евро сарпталат экен. Бул бүгүнкү мүмкүнчүлүктөргө салыштырмалуу айтканда, чоң коррупция жатканын түшүндүрүп турат. Болбосо курулуштун долбоору башталганда башка баа, эми курулуш курулуп баштаганда башка баа болушу дегеле мүмкүн эмес. Балким дагы эки жылдын ичинде баалар өзгөрүп, мындан да кымбаттап кетсечи? Ушунун баары биздеги бийликтин энергетика тармагын жакшы билбегендигинен, ал тармакка энергетиктердин эмес башка кесиптегилердин башчы болгондугунан улам келип чыгууда.
Экинчи жагынан алганда, ГЭСтердин Кыргызстанга толук пайда алып келе баштаары 15 жылдан кийин деп болжолдонуп, ага чейинки түшкөн кирешелер курулушка кеткен чыгымды жабууга жумшалат делет. Бул албетте, маанилүү стратегиялык объектибизди башкалар 15 жыл пайдаланып, өзүбүз өндүргөн продукцияны өзүбүзгө сатуу деген сөз. Бул жагынан башында айткандай, саясый барымтага батып бараткандай ойду калтырат.
Үчүнчүдөн, долбоордо көрсө-түлгөндөй, ГЭСтерден чыккан электр энергиясынын баасы 6,04 цент деп берилет. Бүгүнкү сом менен доллардын катышынан эле алганда бул 4 сомдон ашып түшөт. Демек, курулуш төрт жылдан кийин ишке кирсе, Кыргызстандагы электр энергиясынын баасы 4 сомго чыгабы?
Төртүнчүдөн, аталган ГЭСтен чыккан электр энергиясы экспортко чыгат дешет. Бүгүн биз өзүбүздүн ички суроо-талаптарды канааттандыра албай жатканда, кайсы энергиябызды сыртка сатабыз? Мына, учурда Казакстан биздин электр энергиябызды алуудан баш тартып жатканы маалым, анда бизден ким алат?
Ушундай чоң суроолордун башы ачык бойдон калып, биз курулушту кургак сөз менен даңазалап жатканыбыз өкүнүчтүү...
- Эми мынча башталган соң кымбат болсо да курулат да. Же токтоп калуу коркунучу барбы?
- Эки тараптуу келишим түзүлгөн соң курулуш аягына чыгууга милдеттүү. Ушу тапта Орусия тарап 38 млн. сомду жумшап, Нарындын Ак-Булуң аймагында курулушчуларга турак жай курууну баштап отурат. Албетте курулуштун болгону, жумушчу орундардын түзүлгөнү кубаттай турган иш. Бирок бизге жеткен маалыматтар боюнча ошол курулушту мойнуна алган Орусиянын "Русгидро" ишканасы Орусия өкмөтүнүн алдындагы биртоп милдеттемелерди аткара албай жатканы, каржылык иштери боюнча биртоп мыйзам бузууларга жол бергени чындык. Ошондой эле ушу тапта "Русгидро" ишканасы өзүнүн 15 пайыз акциясын "Роснефть" ишканасына сатып жаткандыгы тууралуу да маалыматтар чыкты. Ушундан улам Орусия тарап Нарын ГЭСтеринин курулуштарын аягына чыгарбай калышы мүмкүн деген пикирлер жаралууда. Эгер Орусиядагы коррупциянын биздикинен кем эмес экендигин эске алсак, курулуш токтоп калбаса да коррупция менен коштолуп жүрүп отурат.
- Менде бир сунуш бар, ушунча каражатка ГЭС салуунун ордуна 500 миллион тоннага жакын көмүрдүн запасы бар Кара-Кеченин көмүрүнөн энергия чыгаруучу ТЭЦ курсак кандай болмок?
- Сенин сунушуң абдан туура. Ооба, 1 млрд. долларга жетпеген каражатка эсептелген мындай долбоор бар, бирок аны өлкө жетекчилиги саясый эрктүүлүк менен ишке ашырыш керек. Азыр айрымдар айтып жатышпайбы, Кара-Кечеге темир жол тартып барыш керек, анан көмүрдү көлөмдүү казып, ташып келип Бишкек ТЭЦине жагыш керек, көмүрдү экспорт кылыш керек деп. Жок, бул бүгүнкү технологиянын жетишкен заманына жарашпай турган мамиле.
Ал эми Кара-Кечеге сунушталган долбоор боюнча анда биз жогорку технологияны колдонмокпуз. Кара-Кече көмүр кенинен 4-10 километр төмөнкү зонага заманбап ТЭЦ курулат. Карьерден "пульпа" деп коет, көмүрдү бирдей өлчөмдө майдалап туруп, суу менен төмөндү карай агызат. Ылдый жакта тосмодон көмүр сүзүлүп, түз эле ТЭЦтин мешине барып күйгүзүлөт. Мында төрт блоктон турган меш иштеп, ар бири 300 мегаваттан, жалпысы 1200 мегаватт электр энергиясын бөлүп чыкмак. Мына көрдүңбү, ошондо биз 1200 мегаватт кубаттуулуктагы энергияны 1 млрд. 200 млн. долларга курмакпыз, бирок ал үч жылда өзүн толук актап, киреше бере баштамак. Экологиялык жагынан дагы, коопсуздук жагынан дагы, чыгымдары жагынан дагы бул өтө пайдалуу долбоор эле. Тилекке каршы, муну өкмөт колдоого албай койду. Азыр биз 240 мегаватт кубаттуулуктагы энергияны алуу үчүн 700 миллиондон ашуун долларды жумшап, анан ал 15 жылдан кийин жемишин берет деп күтүп отурганы жатабыз. Айырмасы асман менен жердей бекен? Мына азыр ушундай рентабелдүү долбоорлор каралбай, саясый кызыкчылыктардан улам ушундай долбоорлор башталып жатат. Мунун баары Жогорку Кеңеште, өкмөттө бир дагы энергетик адистин жоктугунан, бул тармакка адис эмес бийликке тил алчаактардын келип жаткандыгынан болду десем жаңылышпайм.

Маектешкен
Тынчтык Алтымышев