11.04.14 Козголбогон Койсун айым
эми козголот
Талас облусунда өткөн жумада чатак чыгып, Шыралжын алтын кенин иштетүүгө каршы чыккан элдер укук коргоочулар менен уруша кеткени маалым. Ойдо жок жерден Таластын бир РИИБсинин машинеси өрттөлүп, кызыл шапкечендер жөө да калышкан. Ушул окуяны терең изилдеген бийликтегилер азыр андагы чырга эл же милициялар эмес түздөн-түз облустагы өкмөттүн өкүлү Койсун Курманалиева күнөөлүү деп тааптыр. Себеби ага чейин эл алтын чатагы боюнча бир катар каттарды анын дарегине жолдошкон экен, "ата мекенчи" айым ордунан козголуп да койбоптур, "силер эмнени билесиңер..." таризинде. Ушундан улам жакын арада Талас облусунун жетекчилиги алмашат шекилдүү. Ордуна ошол эле партиядан келеби же КСДП тартып алабы, табышмак...


Бозулан АКШга "Кыргызстан" ачты
Кыргызстандагы олигархтардын бири, мейманкана, казино бизнестеринин акесин тааныткан Бозулан Мамазаировду кимдер тааныбайт. Убагында анын азыркы Президент Алмазбек Атамбаев менен өнөктөш экендиги тууралуу да далай жазылган. Ошол мырза бүгүн ишкерлик аймагын кеңейтип, океандын ары жагындагы АКШнын кайсы бир шаарына заманбап эс алуучу жай курганы тууралуу кулакдар болдук. Аталышы "Кыргызстан" экен. Албетте, кыргыз жигиттеринин мындай ийгилиги жакшы кабар, бирок мынча каражат кандай табылды деген суроого жакшы жооп таппай турабыз...

Садыр деген саясатчыны жоготтук, ким көрдү?
Саясатчы Садыр Жапаров интернеттен катуу күпүлдөп, кыргызстандыктардын баарын 10-апрелде боло турган оппозициялык күчтөрдүн биримдигине чакырып, оппозициялык күчтөрдүн лидерлери да салмагы сайдын ташындай оор болбосо деле "Садыр Жапаров бизге кошулмай болду, бирикмей болду" дешип чуулдатып атышкан. Бирок кечээки митингде Садыр Жапаровдун карааны да көрүнгөн жок. Демек, ал караламан калкты каратып туруп калп айтып, өзүнүн Кыргызстанда эмес экендигин тастыктап койду.
Эми эмне дейбиз, элдик лидер, намыскөй, чынчыл, адилеттүү адамдар антип өлкөнүн сыртына туруп алып элдин атын жамынбайт да. Антип жүрүп тигине, доктур Апас деген жердешибиз деле аброй тапкан жок. Азилдин каарманына эле айланбаса...

Абдуллаев Токмоктун ажосубу?
Сүт, жер-жемиш азыктарын чыгаруучу Токмок шаарына жакын жайгашкан "Үмүт и К" ишканасынын жетекчилиги тууралуу бизге ар кандай кат-кабарлар келип түшүүдө. Анткени "ишкананын ээси Журат Абдуллаев кол алдындагы кызматкерлерди басмырлап, сегиз сааттык жумуш күнүнөн ашыкча иштетип, иштегендердин паспортторун чогултуп алып, ыдык көрсөтөт" деп айтылат каттын негизги мазмунунда. Ушундан улам бул боюнча иликтөө жүргүзүп көрөлү, чындап эле Абдуллаев өзүн Чүйдүн ажосу сезип алганбы деп чечип жатабыз.
Эгер унутпасак, 2010-жылы да Абдуллаевдерге нааразы болгон эл анын "Гавайи" эс алуу жайын өрттөп кеткен эле. Ошол деле сабак болбосо, анда чын эле бул жерде мандем бар...

Камчыке, ЖОЖду неге жөөлөдүңүз?
Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, "Ата журт" партиясынын лидери, экс-депутат, экс-министр, КР президенттигине талапкер Камчыбек Ташиев кара жини кармаганда Ак үйдү эле эмес, башка имараттарды деле камоого алат экен. Тагыраагы, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинде окутуучу болуп эмгектенген, профессор Тамара Кочкарова саясатчынын кызынын билим китепчесине (зачеткага) "3" деген бааны койгон экен, Камчыкебиз жансакчылары менен жетип барып, окуу жайды омуроолоп кайтыптыр. "Менин кызым кызыл диплом алышы керек!" деп буркулдап. Бирок саясаты менен иши жок, өз ишине тың, тажрыйбалуу окутуучу Тамара Чугуровна студенттин атасын ордуна коюп, окуу жайдан сыртка чыгарып коюптур. Эл башкарам деген эрендерибиздин кылыгы бул болсо, бүткөн экенбиз да, ыя?!

Камаздай эле күрүлдөйт экен...
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясында Акылбек Султанов деген бакыйган депутат бар. Ачуусу мурдунун учунда. Качан болбосун калчылдап, колуна эмне тийсе ошону менен атаандашын уруп калмайы бар. Кезегинде суу куюлган бөтөлкө менен жаш депутат Жоомарт Сапарбаевди башка урган ал өткөн жумада Тайырбек Сарпашев үчүн төшүн окко тосуп, депутат айымдарды ышкырта сөккөнүн азыркыга чейин бышактап айтып жүрүшөт. Убагында Оштун күркүлү Жалил Атамбаевдин жүк ташуучу машинелерин айдап жүрүп, "Камаз" каймана атка ээ болгон Акылбек мырза КСДПга депутат болуу үчүн бир нече миң жашылбайды жанбаштыгына салып келген дешет. Сыягы, аны колдогондор да, колдонгондор да көп окшобойбу?!

Кимдин кимдин
заманы...
Өткөн сандарыбызда КР Салык кызматынын башчысы, кызылдай коммунист Исхак Масалиевдин өлкө башчысы менен масилет курганын жазганбыз. Биз болжогондой эле жаңы өкмөт куралары менен Исхак Апсаматович шайлоого даярданам деп шаабайы суз ордун бошотту. Кызыгы, анын милдетин аткаруучу болуп ажонун жакыны Икрам Илмияновдун шилекей алышкан досу, мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев ишин катуу сынга алган Салык кызматынын стат-катчысы Замир Осмонов дайындалды. Буга азыр аталган тармактагы адистер нааразы болуп жатканын эшиттик. Эгер башчылыкка колу, жолу таза, "серый кардиналдарды" ээрчибеген бирөө келбесе, бул жакта да митинг башталат окшойт...

"Жаңы Агым" - пресс