Агым
"Кыргызгаз" сатылды

Оппозиция митинг өткөргөн 10-апрелде "Кыргызгаз" ишканасын Россиянын "Газпрому" сатып алгандыгы тууралуу келишимге кол койду.
Өзүбүз ээлик кыла албай, өзгөлөр башкарса жыргап кетебиз деген саясат кечээ ишке ашты. Газ тармагында монополист болуп келген ишкана эми чындап орустардын колуна өттү. Ушу тапта бир куб метр газ 16 сомдон ашык турат. "Газпром" жетекчиси Алексей Миллер Кыргызстандагы газ тарифи эми мындан да төмөн болот деп жатат. Аны көрө жатарбыз.
Кыскача айтарыбыз, заман оңолуп, бийликке чыныгы мекенчилдер келсе, "Кыргызгазды" кайра сатып ала турган да күн келээр.