04.04.14 Бар нерсебизди барктабай
Улуттук төлөм системасы коопсуздук үчүн керек
Кыргызда "өсөр өзүн сыйлайт", "жамандын коногу билет" деген накыл кептер бар. Муну айтканым, кыргыз мамлекети эгемендүү өлкө болгону тышкы оюнчулар ачык да, тымызын да саясатыбызга, экономикабызга кийлигишип келатат. Ага албетте, башынан баарына көнүп берген биздин "жолбашчыларыбыз" күнөөлүү. Болуптур, эгемендүүлүктү алган алгачкы жылдарда "жаштык", билбестик кылыппыз. А азырчы? Учурда баарын көрүп-билип, түшүнүп туруп эле Батыштын камчысын элине үйрүгөндөр толтура. Кыргыз жараны болуп туруп, өзүнүн жана Батыштын кызыкчылыгы үчүн иштегендердин айынан 2006-жылы калыпка түшкөн Кыргызстандын бирдиктүү төлөм системасы толук кандуу иштей албай келет.

Төлөм системасы кантип өнүккөн?

СССР тараганы, 1992-93-жылдары КМШ өлкөлөрүндө төлөм системасы жагынан көп кыйынчылыктар болгон. Анын ичинде Кыргызстан үчүн да биртоп көйгөйлөр жаралган. 1992-жылы түптөлгөн Улуттук банк үчүн 6 облустагы төлөмдөрдү жүргүзүү өтө көп машакаттарды талап кылып, банк системасы өтө татаал акыбалга кептелген. Анткени кагаз жүзүндөгү толгон-токой төлөм документтерин кол менен иштеп чыгуу өтө көп кыйынчылыктарды жараткан. Айрым коммерциялык банктар төлөм документтерин иштетүүчү өздүк автоматташтырылган комплекстерди түзүүгө аракет кылып, андан да майнап чыккан эмес. Ошондо рыноктук экономикага ылайыкташкан төлөм системасы керек экени анык болгон. 1996-жылы мамлекет толугу менен жаңы клиринг төлөм системасына өтүп, бир жылдан соң жаңы автоматташтырылган клирингдик система киргизилген. 1999-жылы Жогорку Кеңештин "Электрондук төлөмдөр жөнүндө" мыйзамын кабыл алышы банк системасынын андан ары өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Ушул эле жылы эл аралык банк операцияларын ишенимдүү жүргүзүү үчүн ишенимдүү жана оперативдүү SWIFT (Дүйнөлүк банктар аралык финансылык телекоммуникациялар бирикмеси) банктык телекоммуникациялык түйүнгө кошулган. 2006-жылы өлкөдө Пакеттик клиринг системасы түзүлүп, буга улай "Бирдиктүү банктар аралык процессингдик борбор" аталышындагы аппараттык-программалык комплекс ишке киргизилген. Комплекс банктык төлөм картасын колдонуу менен
накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча "Элкарт" бирдиктүү улуттук банктар аралык системасынын негизги звеносу катары эсептелет. Ошентип Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын өнүгүшү башка өлкөлөргө салыштырмалуу тез өнүккөн.

"Элкарт" турса эмнеге башкаларга жалдырайбыз?
"Элкарт" бирдиктүү улуттук төлөм системабыз туруп көп жылдардан бери Кыргызстанда "Visa", "MasterCard" глобалдык төлөм системасы кеңири кулач жайган. Учурда "Visa" 200дөн ашык мамлекетте иштеп, төлөм карталары рыногунун 57 пайызын ээлеген дүйнөлүк лидер. "MasterCard" да 200дөн ашык мамлекетте кызмат көрсөтөт жана электрондук карта рыногунун 26 пайызы ага таандык. Албетте, 50-60 жылдык тарыхы бар эки америкалык оператордук компанияларга теңтайлашуу кыйын. Бирок улуттук, мамлекеттик коопсуздукка келгенде эки компанияга ишенүү да кыйын. Анткени учурда "Visa", "MasterCard" компанияларынын процессингдик борборлору АКШда, Англияда, Сингапурда жана Европа өлкөлөрүндө жайгашкан. Демек, "Visa", "MasterCard" төлөм карталарын колдонгон жарандардын, коммерциялык банктардын төлөм, эсептешүү маалыматтары башка өлкөлөрдө иштетилип турат. Бул Кыргызстан үчүн саясый, экономикалык жактан кооптуу. Бир эле мисал, быйыл АКШ Россияга санкция киргизгени "Visa" менен "MasterCard" эч эскертүүсүз Россиянын төрт ири банкынын кардарларынын карталарын тейлебей койгон. Россиянын Борбордук банкынын маалыматы боюнча дагы 7 банкка мындай чаралар көрүлүп бир нече жүз миңдеген төлөм карталарынын ээлери жабыр тартышкан. Мындан сырткары аталган эки эл аралык төлөм системалары Сириядагы төлөм карталарды жапканы да белгилүү. Экономика адистеринин айтымында, "Visa", "MasterCard" кайсы бир күнү Кыргызстанга да ушундай чара көрүп коюшу толук ыктымал. Анда УБга, коммерциялык банктарга жана банк кардарларына кыйын акыбал түзүлөт.
Россия учурда өзүнүн бирдиктүү төлөм системасын жана бирдиктүү төлөм картасын түзүүгө катуу киришти. Баса белгилеп кетсек, 2010-жылы Россияда улуттук бирдиктүү төлөм карталарын чыгаруу маселеси талкууланып, президент Дмитрий Медведевге чейин жеткен. Бирок "Visa" менен "MasterCard" Россиядагы бардык байланыштарын колдонуп, аталган долбоорду өткөрбөй коюшканы Wikileaks сайтына чыккан. Билдирүү чыгаары менен аталган төлөм системалары сайттын бардык төлөмдөрүн бууп салышкан. Кыргыз УБсы да улуттук төлөм системасын жандандырууну көтөрүп, "КРнын төлөм системасы жөнүндө" мыйзам долбоору парламентте каралып жатканда унчукпаган "Visa" мыйзам так президентке жеткенде шахматтык жүрүш жасады. Мунун өзү эле Батыштын кыргыз төлөм системасында канчалык кызыкчылыгы бар экенин көрсөтүп турат.

Президенттик аппарат АКШдан коркобу же...
Былтыр УБ "КРнын төлөм системасы жөнүндө" мыйзам долбоорун парламентке сунуштап, ал үч жолку окуудан соң жактырылган. Ал мыйзамда төлөм карталарын иштетүү (обработка) жана акыркы эсеп-кысапты жүргүзүү өлкө ичинде болушу керектиги көрсөтүлгөн. Бирок негедир президенттин аппараты макулдашуу тобунун мүчөлөрүнө төлөм маалыматтарын иштетүүнү чет өлкөлөрдө жүргүзүүгө уруксат бере турган өзгөртүлгөн статьяларды (20-статьянын 4-бөлүмү, 15-статьянын 6-бөлүмү) сунушташкан. Банк адистеринин айтымында, эгер бул сунуштар күчүнө кирсе "Visa" менен "MasterCard" каалаган убакта өлкөгө саясый, экономикалык кысым көрсөтө алат. Анткени финансылык рычаг алардын колунда болот. Албетте, Жогорку Кеңеш жактырган мыйзам долбоорунда кайсы бир эларалык төлөм системасынын карталарын колдонууга тыюу салынган эмес. Анда бир гана коммерциялык банктарга улуттук валютадагы процессинг(төлөм маалыматтарын иштетүү) менен өз ара эсептешүүлөрдү Кыргызстан территориясында гана жүргүзүү талабы көрсөтүлгөн. Эгер мындай болбосо, төлөм тууралуу бардык маалыматтар (анын ичинде бюджеттик төлөмдөр да бар) сыртка чыгып, кайра Кыргызстандын ички саясатына каршы колдонулушу мүмкүн. Тактап айтканда, бюджеттик төлөмдөр маалыматы (пенсия, пособие, бажы, салыктык төлөмдөр, маяна) башка өлкөдө иштетилип, чет өлкөлүк төлөм системасына көз каранды болбошу керек. Мамлекеттик ички сыр жана аларды иштетүү, сактоо Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлүшү кажет. Мунун баарын биле туруп президенттик аппараттын "бөйрөктөн шыйрак" чыгарып турганы бери болгондо чыккынчылык.



"Бир эле мисал, быйыл АКШ Россияга санкция киргизгени "Visa" менен "MasterCard" эч эскертүүсүз Россиянын төрт ири банкынын кардарларынын карталарын тейлебей койгон. Россиянын Борбордук банкынын маалыматы боюнча дагы 7 банкка мындай чаралар көрүлүп бир нече жүз миңдеген төлөм карталарынын ээлери жабыр тартышкан. Мындан сырткары аталган эки эл аралык төлөм системалары Сириядагы төлөм карталарды жапканы да белгилүү. Экономика адистеринин айтымында, "Visa", "MasterCard" кайсы бир күнү Кыргызстанга да ушундай чара көрүп коюшу толук ыктымал.


Талант ӨМҮРАЛИЕВ, "Кыргыз инвестиция жана кредит банкынын" чекене ишмердүүлүк жетекчиси:
"Улуттук валюта болгон соң улуттук бирдиктүү төлөм системасы болушу керек"
- Улуттук банк жакында "КР бирдиктүү төлөм системасы тууралуу" мыйзам долбоорун парламентке сунуштап, ал үч окуудан соң кабыл алынган. Бирок негедир президенттик аппарат бул мыйзам долбоорун өткөргүсү келбей турат. Буга эмне себеп деп ойлойсуз?
- Менимче, Кыргызстанга бирдиктүү төлөм системасы керек. Анткени ар бир өлкөнүн өзүнүн улуттук валютасы болгондой эле биздин сомубуз бар. Улуттук банк мыйзам боюнча кыргыз сомунун жүгүртүлүшүнө жоопкер. Жоопкер болгон соң банк төлөм системасына толук көзөмөл кылыш керек. Учурда айрым банктар чет өлкөлүк төлөм системасынын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланып жатышат. Анын натыйжасында сомдук төлөмдөр чет өлкөлөрдө катталып жатат. УБ аларды текшере албайт. Текшерейин десе, ошол төлөм маалыматтары катталган өлкө ага жол бербейт. Демек, УБ сомго толук көзөмөл жүргүзө албай калып жатат. Экинчиден, учурда Америкадан Россияга санкция болду эле, Россия дароо улуттук төлөм системасын түзүү чечимин кабыл алды. Эмнеге? Себеби, "Visa" менен "MasterCard" бир нече банкка санкция киргизип, төлөм карталарын өчүрүп салды. Карапайым эл банк-тардан төлөм карталары менен мурдагыдай акчаларын ала албай, бир жактарга акча которуп же тескерисинче ала албай калышты. Бул жагынан алганда, Улуттук банктын төлөм системасы тууралуу мыйзам долбоорундагы өзгөртүүлөрү туура. Президенттик аппарат төлөм системасында эркиндик, атаандашуу болуш керек деп жатат. Албетте, рынок шартында атаандашуу да керек. Бирок атаандашуудан мамлекеттик коопсуздук жогору турушу зарыл. Бул жагынан мен Улуттук банктын позициясын колдойм.
Чындап келгенде банктар өлкөнүн кан тамырлары. Ошол кан тамырлардын жарымы башка өлкөлөрдө жайгашып калып, кокус ага "тез жардам" керек болуп калса Кыргызстан ага жардам бере албай калат. Анын үстүнө "Visa", "MasterCard" мамлекеттик эмес менчик компаниялар. Булар дайыма өз кызыкчылыгын көздөйт. Эгер биз өзүбүздүн улуттук төлөм системабызды жандандырсак буларга эч кандай кысым жасалбайт. Анткени бул компаниялар ар бир банк менен өзүнчө кызматташып жатышат. Дагы бир маселе, азыр бир адам "Кыргыз инвестиция жана кредит банкынын"(КISB) картасы менен "Демир" банктын банкоматынан акча алса 4 доллар төлөйт. Анткени эки банктын ортосунда түз байланыш жок, байланыш "Visa" аркылуу берилип жатат. Эгер улуттук төлөм системасы жанданса өлкө ичиндеги банктардын ортосунда байланыш түзүлүп, бир банктын кардары экинчи банктын банкоматынан төлөм картасы менен акча алса 4 доллар эмес 5 эле сом төлөп калат. Бул биринчиден карапайым калктын капчыгы үчүн жакшы. Кардарлар каалаган банкоматынан өзүн тейлеген банктын тарифи менен акчасын ала берет.
2005-жылы Тажикстанда да Россиянын жеке менчик төлөм системасы иштеп, кийин алар ишин токтоткондо тажик жарандары абдан кыйналышкан. Ошондо алар биздин төлөм системабызды көрүп туруп, өздөрүнүн улуттук төлөм системасын түзүп алышкан. Азыр биздин Улуттук төлөм системасы жакшы эле иштеп жатат. Бара бара "Элкарт" башка өлкөлөрдө да иштеп, чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандарына да кызмат көрсөтө баштайт деп айта алам.

Мелис СОВЕТ уулу