04.04.14 Төрт жылдык
Тарыхты тапанча менен атууга болбойт
Апрель окуясы боюнча сот иши 2010-жылдын 17-ноябрында башталган. Өткөн жылы апрель окуясында жабыркагандардын жактоочулары эгер соттук териштирүү үзгүлтүккө учурабаса жакында аягына чыгарын кабарлаган. Бирок андан бери деле жыл айланды. Бул иш боюнча соттук териштирүү күбөлөрдүн толук келбей калышы жана башка себептер менен улам артка жылдырылып келди. Алдыда апрель окуясынын төрт жылдыгы белгиленгени турат. Ушуга байланыштуу жума башында өкүмдөр угузула баштаган.
Бирок айрым чечимдер жабыркагандарды нааразы кылды.

Кылым соту кыйшык баратабы?

Апрель соттун акыркы отурумунда прокуратура мурдагы президент Курманбек Бакиевди, анын иниси Жаныш Бакиевди, мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновду өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуудан баштап, айрымдарды 10 жылга чейин кесүүнү сунуштады. Бирок "Альфа" жана Мамлекеттик күзөт кызматынын аскерлерине жазаны жумшартып, актоону суранды. Прокуратуранын мындай чечимине апрель окуясында жабыркагандардын жакындары нааразы болуп, сотко катышуудан баш тартты.
Прокуратура Мурат Суталиновго, мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орунбасарлары Нурлан Темирбаев менен Данияр Дунгановду 25 жылга, мурдагы Башпрокурор Нурлан Турсункуловду, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Каныбек Жороевди, президенттик катчылыктын башчысы Оксана Малеванаяны 15 жылга, мурдагы президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиевди, президенттин уулу Марат Бакиевди жана "Альфа" атайынын бөлүгүнүн командири Алмаз Жолдошалиевди 10 жылдык мөөнөткө камакка отургузууну сурады.
Ал эми 2010-жылдын 7-апрелинде бийликке каршы чыккан элге каршы ок атты делген атайын даярдыктагы "Альфа" бөлүгүнүн жана мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын 7 офицерине "адам өлтүрүү" айыбы боюнча актоо, "ишенип берилген куралды жоготуу" айыбы боюнча эки жылга кесүү сунушталды. Бирок "Альфанын" офицерине байланыштуу прокуратуранын позициясы апрель окуясында каза болгондордун жакындарын нааразы кылды. Натыйжада алар сот залынан чыгып кетип, соттук отурумга бойкот жарыялашты. Мындан улам сот отуруму 8-апрелге жылдырылды.
7-апрель революциясы эмне үчүн керек болгон?
Чындыкты айтыш керек, азыркы социалдык абалыбызга, саясый оош-кыйыштарга байланыштуу кээде 7-апрель окуясынын кереги бар беле же жок беле деген суроолор козголо калат. Кийинчерээк журтчулук ар кандай себептерден улам апрель революциясынын баатырымын дегендерден иренжий баштаганы да чын. Ошол эле мезгилде Ата-Бейитке коюлгандардын баары эле баатыр болбогону, алардын арасында канынан спирт ичимдиги табылганы, атургай башка эле бир себептерден, Бишкек шаарынын башка эле бир аймагында каза болуп, же жарадар болуп, бирок учурда апрель баатыры катары ардакталып жатканы айтылып эле жүрөт. Бул боюнча атайын изилдөөлөр да жазылды.
Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дешет. Сөзүбүз куру болбош үчүн журналист Ырысбек Өмүрзаковдун 2013-жылы жарык көргөн "7-апрель жана түштүк коогалаңы-2010 журналисттин көзү менен" деген китебине көз жүгүртөлү. Аталган китептин 56-57-58-59-беттеринде журналист апрель окуясында каза болгондордун ар биринин аты-жөнүн, алар кандай жарааттан улам каза болгонун, оорулуунун медициналык баянын, жашыруун калган дарыгерлердин аныктамаларына, расмий документтерге таянып маалымат берген. Анда жогоруда биз сөз кылган жагдайлар да камтылган.
Жалпы коомчулук ошол каргашалуу 7-апрель күнү бийликти кулатабыз деп Бишкекти көздөй агылып келе жаткан жаштар Токмок шаарына жакын жайгашкан "Гавайи" кафесин өрттөп жок кылганын билет. Ырысбек Өмүрзаков аталган китебинде так ошо "Гавайи" кафесин талап-тонойбуз деп окко учкандарды дарыгердин иш кагаздарына таянып жараат алгандардын аты-жөндөрүн, даректерин, жараат алган жерин жана мезгилин диагнозу менен ачык, так жазган. Мындан сырткары журналист аталган китебинде дагы бир нече кишинин тизмесин, аларга ок жаңылган жерди келтирип, Ала-Тоо аянтына чейин Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлеринин аткан огунун үнү угула электе каза болгондордун өлүмү үчүн кимди күнөөлөйбүз деген суроо койгон. Ошол эле учурда дарыгерлердин расмий документтерине таянып арматура менен башка чабылып же бытыра октон каза тапкандар да болгонун көрсөтөт. Муну менен бирге акыйкаттык үчүн Ала-Тоо аянтында снайпердин огунан каза болгон балдардын тизмесин да көрсөткөн. Албетте, мында ар кандай себептерден каза болуп, же жараат алып апрель баатыры катары ардакталып жүргөндөргө караганда Ала-Тоо аянтында Бакиевдин огунан каза болгондордун саны бир нече эсе басымдуу.
Чү деген эле жерден айтарыбыз, чындык деген чындык, ал акыры айтылат. Бирок жеке биздин пикирибизде мындай фактылар тарых алдында апрель окуясынын чыныгы маани-маңызын, эрдик кылган нукура баатырларынын кадыр-баркын түшүрө албайт. Себеби 7-апрель окуясы болбосо кыргыз эли жүз жылдап Бакиевдин кулу болуп калары айдан ачык эле. Бул жөн салды сөз эмес, билесиздер, башкасын айтпаганда да Бакиев мезгилинде Башмыйзам үч жолу өзгөртүлүп, төртүнчүсүндө башкаруунун монархиялык түрү же болбосо президенттик орун президент Бакиевдин уулу Максимге түздөн-түз өтөрү долбоордо көрсөтүлүп, Башмыйзам өзгөртүлө электе эле де-факто Максим үчүн мамлекеттик институттар жаралып, ошол эле учурда Конституциядагы айрым бийлик органдары жоюлган. Өлкөнү Максим башкарып, премьер-министр, өкмөт, парламент Бакиевдердин менчигине айланып калган. Эгер Акаевдин учурунда анын үй-бүлөсү бийликке (аялы, балдыздары, балдары) көмүскөдө аралашса, Бакиевдин учурунда бул ачыкка чыкты. Атургай мыйзамдашып баратты. Тилекке каршы, ушунун баары Конституциянын бузулбастыгынын сакчысы болгон Конституциялык соттун макулдугу менен жүргүзүлдү. Бирок элдин эрки менен 7-апрелде монстрга айланган Бакиев өлкөдөн качты. Бул күтүлгөн да, күтүлбөгөн да окуя эле.
Куралдуу көтөрүлүшпү же...
Баса, 7-апрель окуясын куралдуу көтөрүлүш деп жүргөндөр да бар. Туура, бул жолу элдин колуна кандайдыр бир провокациялык жол менен куралдар өтүп кетти. Бирок эгер эл куралдуу көтөрүлүшкө даяр болсо, анда милиция кызматкерлери да каза болгон токсон баладай боо-боо болуп кырылып калбайт беле. Учурда жүрүп жаткан сот иши көрсөтүп жаткандай элдин колундагы курал менен бир дагы милиционер, бир дагы мамлекеттик коргоо кызматкерлери курман болушкан эмес. (Күч кызматкерлеринин ичинен бирөө тепкиден жана бирөө кокусунан жарылган гранатанын чачырандысынан курман болуп отурат.) Демек, эл курал менен милицияны атууга атайын даярданган эмес. Болбосо, чынында эле бир эмес, элдин колундагы куралдан жүздөгөн милиционерлер каза болмок. Ооба, интернет желелеринде бактарга жашынып Ак үйдү атып жаткан балдардын сүрөттөрү жүрөт. Бирок ошол жерде жүргөндөр жакшы билет, куралдуу балдар бакка, имаратка жашынып, милицияны эмес Ак үйдүн үстүндөгү снайперлерди атууга аракет кылышкан. Тилекке каршы, снайперлерди атып түшүрө алышкан эмес.
Андыктан эмне болгон күндө да 7-апрель окуясын кыргызды Бакиевдердин кулчулугунан сактап калган күн деп айтсак туура болот. Албетте бул ийгилик чыныгы мекенчил уулдардын каны менен бааланды. Туура, ошол күнү революцияга чыккан чыныгы мекенчил уулдардын арасында Ырысбек Өмүрзаков айтып жаткан кылмышкери да, ичкичи да, жөн гана кызыкчылык үчүн аянтка келгени да болушу мүмкүн. Чынында эле Апрель баатыры деп ардакталгандардын баары эле мекенчил болгон, бакиевдин системасы элди кулчулукка алып баратканын түшүнүп анан өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн күрөшөм деп аянтка келген деп айтыш кыйын. Бирок жанында адамдардын мээсин чачырата атып жатса да качпай кайра "кыргыздар, качпагыла, канга кан! Бакиевдер Ак үйдөн чыгып кетмейинче эч кайда качпайбыз!" деп түшкү саат бирден түнкү саат 12ге чейин көгөрүп отурган элдин аракетин кандайча түшүндүрүүгө болот? Кайсы мамлекетте, кайсы мамлекеттик төңкөрүштө бийлик элди өлтүрө атып жатса да алты саат качпай көгөрүп отурган эл болду беле?
Демек, 7-апрель окуясындагы сүрмө топ тууралуу айтылып жаткан сөздөр монстрга айланып калган Бакиев бийлигинин туура эмес жолдо баратканын байкап, ага каршы чыгып октон коркпой Ала-Тоо аянтына барып окко учкан бир эле уулунун эрдигинин алдында кеп болбой калат. Ырас, бүгүнкү бийлик ал ишенимди актадыбы-актабадыбы ал башка кеп. Бирок жыл өткөн сайын 7-апрель окуясынын чаңы күбүлүп, кири кетип, керексиз сөздөр мезгил бүктөмүндө калып, чыныгы мекенчил уулдардын мөлтүрөгөн таза эрдиги муундан муунга даңазаланууга тийиш.
Азыр коом,
мамлекет кайсы бир окуяга баа бере турган абалда эмес
Байыркы грек тарыхчысы Геродот "тарыхты бурмалаган адам өлүмгө татыктуу" деп айткан экен. Андыктан ар бир тарыхый окуя бурмаланбай, бузулбай айтылууга тийиш. Бирок Кыргызстан эгемендик алгандан бери биздин саясый айдыңда болуп жаткан окуялар азырынча тарыхтан өзүнүн татыктуу ордун таба элек. Алар тууралуу коомчулуктун пикири да бир беткей эмес. Себеби Кыргызстанда эгемен жылдарда маалымат айдыңында, саясатта, айтор, туш тарапта калпычылык, жалаа, беттырмарлык басымдуулук кылып, өткөн окуяларга баа берүүдө өз таасирин тийгизип келүүдө. Коомчулук ошол маалыматтардын чыны кайсы, калпы кайсы иргей албай калды. Анан калса болуп өткөн окуялар өзүнүн саясый баасын ала да элек. Мындан улам жаңы тарых тууралуу агын ак, көгүн көк деп чачырата жазып берген даректүү материалдар, толук кандуу изилдөөлөр, атургай кашкайган көркөм чыгарма да жаралган жок. Менимче, мамлекеттин башынан өтүп жаткан бул окуялар тууралуу акыйкат баа коомдун катардагы өкүлүнөн баштап мамлекет жетекчилерине чейин сергек ой жүгүртүп калган кезде гана айтылат.
Эмне болгон күндө да демократиялык коомдун түптөлүшүнө салым кошкон Аксы окуясы, 24-март жана 7-апрель кыргыздар эч кимге баш ийбеген, кулчулукка каршы күрөшө билген, эркин, баатыр эл экенин билдиргенин бир да киши тана албайт. Туура, жогоруда болуп өткөн элдик кыймылдар тууралуу ММКда билгени да, билбегени да, көргөнү да, көрбөгөнү да жазып келген, мындан ары да жаза берери бышык. Өзгөчө кандуу окуя менен коштолгон апрель революциясы боюнча дүйнөлүк жана кыргыз коомчулугунда ар кандай илимий, социалдык, саясый изилдөөлөр жүрүп, ар кандай кайчы пикирлер айтылып келет. Жана айткандай, Кыргызстанда көчө соодасынан баштап саясатка чейин жалганчылык менен күн өткөрүп, ачуу чындыктар бурмаланып, нечендеген адамдар ак жеринен караланып жатканда апрель окуясындай саясый окуяларга азырынча адилет, таза баа берилиши кыйын. Жаңы тарыхты кээ бир кызыкдар адамдар укуп-чукуп пайдаланып, катыштыгы жок болсо да ошол окуянын баатыры болуп барктала берет. Анткен менен ал баары бир өз калыбына, иретине келип, акыры мезгилден өз баасын алат.

Зайырбек АЖЫМАТОВ