04.04.14 Жантөрөсүз "жаңы" өкмөт
Тандаган Талиевага туш болот!

Ошентип башынан шору арылбаган, саясый оюндардан башы чыкпаган, саясатчылардын жеке кызыкчылыктарынын курмандыгына айланган, экономикасы эңшерилип турса дагы эгемендигине ыраазы болгон Кыргызстан дагы бир жолу өкмөттүү болду. "Жаңы" деп айтууга ооз барбай, "эски" дейли десек Жантөрө Сатыбалдиев жок, Токон Мамытов жок, Султан Раев жок. Калганы калыбында, эч нерсе болбогондой эле парламентте "пахмелдешип" жүрүшөт...

Ыйманга камчы чабуу
"Ата мекен" партиясы өздөрүнүн акыркы бет чүмбөтүн ушул коалицияны, өкмөттү куроодо байкабай сыйрып алды окшойт. Себеби алар коалицияны бузуп чыгып жатып, "Батукаевдин бошотулушу боюнча жооп бербеген өкмөттүн эмне кереги бар?!" деп корс этишкен. Бирок ошол опурталдуу окуяга түздөн-түз же кыйыр түрдө болсо да тиешеси бар делинип, депутаттык комиссиянын жыйынтыгында айтылып, ЖКнын токтому менен чара көрүү сунушунда аттары бакыйып жүргөн Абдылда Суранчиев менен Динара Сагынбаеванын бул жаңы куралган өкмөттүн курамына киргизүүгө макул болгонун кантип түшүнөбүз? Же эптеп эле Жантөрөнү кетирип, анын ордун өз фракциялашына тартып берсе баары чечилип калабы? Ушул өңүттөн алганда "Ата мекен" фракциясынын лидери өз ыйманына өзү камчы чаап, саясый кызыкчылыктын гана лидери экендигин тастыктап отурат. Эмнеси болсо дагы ал акыры максатына жетти. Эми ал өкмөт башчылыкка койгон өтө назик, жумшак, тил алчаак, элпек Жоомарт Оторбаевди "пульт" менен башкаргандай башкарып, каалаган боткосун чалууга мүмкүнчүлүк алды. Эми ал келерки шайлоого чейин бул өкмөттү эшектей иштетип, административдик күчтү өз колуна топтоп, каршылаштарына Башпрокурордун колу менен иш козготуп, дооранын сүрүүгө укук алды. Ошон үчүн Токон Мамытовдой болгон татыктуу генералдарды жанына жакын жолотпой, жалаң айдаган жакка баса берүүчү кадрларды өкмөттүн курамына киргизип отурат.

Кадыры да, кадры да калбаган Кулов
Ар бир өкмөт түзөөрдө эле уйдун бөйрөгүндөй бөлүнө берген "Ар-намыс" партиясында ардын, намыстын кыпындай да калбаганына бул жолу дагы бир жолу ынанып турабыз. Башкасын айтпай-ак коелу, Кулов жанына жалаң эле азган-тозгон, акылдуусунган, акчасы бар, амбициясы жокторду топтоп, тескерисинче, тажрыйбасы бар, татыктуу Акылбек Жапаров, Токон Мамытов сыяктууларды оюндан чыгарып келе жатат. Бул жолу да ошол эски адатын карматып, өкмөттөгү эң бир маанилүү, эң бир жоопкерчиликтүү, олуттуу кызматка - коргонуу, коопсуздук, чек ара маселелери боюнча өкмөттүн орунбасарлыгына бул тармакта иштебеген (Орусиядан алган орденин эске албаганда), жергиликтүү өзүн-өзүн башкаруу, транспорт жаатында иштеп келген Абдрахман Маматалиевди көрсөтүп, коомчулуктун кыжырын кайнатууда. Андан да жаманы, буга чейин бир жылча социалдык маселелер боюнча вице-премьерлик кызматты аркалап, кыял-жоругу менен атагы чыккан, жыл ичинде 12дей жардамчыны алмаштырып, дагы ошончо катчыны иштен айдаган Камила Талиеваны КР Маданият жана маалымат, туризм министри кылгысы келгени Куловдун акыл ресурсу деле эчак түгөнүп калганынын так далили эмеспи. Анысы болсо "мен ишти айылдык китепканалардан баштайм, маданий ишмерлердин ресурсун пайдаланам" деп, министрлик планына концертке даярдык көрчүдөй дөөрүп отурат. Муну угуп же ыйлаарыбызды же күлөөрүбүздү билбей калдык.
Кокус, ыраматылык чыныгы маданий ишмер Күлүйпа апа Кондучалова аман болгондо, кыргыздын маданиятын өнүктүрүүгө ушундай кадрлардын келип жатканын көрүп, кайран кишинин зээни кейип, амалы алты кетмек экен.
Буга кошумча, "Ар-намыс" партиясы бул өкмөткө Куловдун дагы бир досун, кыргызча эки ооз сөз сүйлөй албаган Валерий Диль деген немис улутундагы кадрды алып келип, инвестиция тартуу боюнча вицеликке жылдырды. Анысы болсо буга чейин Бакиевдер тарабынан ойдон чыгарылып, Куловдун эрмеги үчүн түзүлө калган аты бар, жыты жок "Чакан ГЭС" деген ишкананы жетектеп келе жатыптыр. Жок дегенде ошол ишкананын ишин илгерилетип, Кыргызстандын сууга бай кокту-колотторуна чакан электр энергиясын алуучу ГЭСтерди куруп койгон болсо, коомчулук деле колдоп кетет эле го?

Ажону алсыраткан КСДП
Жоомарт Оторбаев жетектеп бараткан бул өкмөттү курууда Президент Алмазбек Атамбаевдин ишенген партиясы КСДП да өздөрүнүн капка каткан шибегесин ачыкка чыгарып алышты. Жашырганда эмне, бул фракция буга чейин ич ара ыйкы-тыйкы болуп, комитет талашып, кызмат талашып, топ-топ болуп "караларга мууздатып коем" деп коркутушуп келген болчу. Кечээ фракция 1-вице-премьерликке бирдиктүү талапкер алып чыга албай, акырында Тайырбек Сарпашев менен Осмонбек Артыкбаевди добушка салышып, жыйынтыгында 9-11 айырмасында Артыкбаевдин алдыга жылышы менен КСДП кырылышып калышты. Биздин угушубузча, айрым кошоматчы депутаттар "Шоопур" каймана аты бар Президенттин аппарат башчысынын орунбасары Икрамжан Илмияновго чейин чалып арызданышып, Артыкбаевди колдогон тарапка кол көтөргөнгө чейин барды. Акылбек Султанов дегени айымдарды ашата сөгүп, "спецназ" Төрөбай Зулпукаров Замир Алымбековду бет талаштыра бир коюп, абийирлери айрандай төгүлдү.
Ушундай команда менен өлкөнү башкарып жаткан Алмазбек Шаршеновичке бир чети бооруң ооруйт...

Тынчтык Алтымышев





Медиктерди уккан жан барбы?
Сагынбаева министр болууга татыксыз!
Редакцияга медиктерден төмөнкүдөй кайрылуу түштү. Алардын үнүн депутаттар угаар деп берип жатабыз.

Урматтуу депутаттар!

Бүгүнкү күнү кыргыздын кырчындай болгон жигиттерин өлтүргөн, абакта жатып алып ондон ашык кыргыз жарандарын шылдың кылып кулактарын кескен, адамдык касиети жок, он алты жылга эркинен ажыраган башкесер Саламаттык сактоо министринин жардамы менен үч сааттын ичинде боштондукка чыгып кеткени жана Жогорку Кеңештин токтому Ш.Атаханов жана З.Рысалиев үчүн аткарылып, ал эми Саламаттык сактоо министри Д.Сагынбаевага залакасы да тийбей турганы, ал аз келгенсип "мени кетиргени жатышат, мени колдоп митингге чыккыла" деп ансыз деле качан кетет экен деп отурган ушул тармакта иштеп жаткан медиктердин кыжырын келтирип жаткан кези.
Эмне себептен медиктердин кыжырын келтирип жатат? Биринчиден, экономикабыздын убактылуу начар болуп жаткандыгынын себебинен медицина тармагы сазга белчесинен батты. Мындай жагдайга уюштуруучулук жөндөмү жок, амбициясы өтө чоң Динара Сагынбаева министр болгону түрткү болду десек жаңылышпайбыз.
Уюштуруу жөндөмү жок дегенибизге бир эле далил - эки жарым жылдын ичинде саламаттык сактоо тармагында бир да жүйөлүү оң өзгөрүү болгон жок, ал эми терс көрүнүштөрдү четинен санап айтып берсек болот: паракорлуктун күч алышы, төрөт үйлөрдө балдардын сатылышы, психиатрия ооруканалары баңгизат сактоочу борборлорго айланышы, негизги элге керектүү дары-дармектердин тендерден беш-он эсе кымбат өткөрүлүшү ж.б. толгон мисалдарды келтире берсе болот.
Ошондой эле атактуу бандитке жалган диагноз койдуруп абактан чыкканга түздөн-түз көмөктөш болушу. Айта кетсек, дүйнөлүк практикада, ошонун ичинде кыргыз медицинасында рак оорусунун төртүнчү стадиясы менен ооруган оорулууларга санавиация аркылуу консультант жиберилген эмес жана жиберүүгө кажет деле жок.
Ал эми парламенттик кеңешмеде министр Сагынбаева депутаттарды шылдыңдагандай, "Батукаев санавиация аркылуу жогорку деңгээлдеги консультантка муктаж эле" деп каратып туруп жалган айтып турат. Экинчиден, санавиацияга баруучу автомашина атайын жабдык менен жабдылып сутка бою күзөттө турат жана ал үчүн автоунаанын айдоочуларына айлык төлөнөт.
Бул окуяда Сагынбаева консультантты жана комиссиянын мүчөсүн бандиттин "Лексус" автоунаасына отургузуп, Батукаевдин бир тууган эжесине тапшырып, кандай сүйлөшсөңөр ошондой сүйлөшүп алгыла дегендей колуна салып берген.
Министр айымдын бул жоругу кайсы кыргыздын кыжырын келтирбейт? Эмне үчүн министрдин буйругу менен коюлган жасалма диагноздун негизинде Батукаевди аэропорттон учуруп жибергендер биринчиден болуп кызматтарынан ажырашат дагы, министрша эч нерсе билбегендей болуп кызматында калат? Бул жагдайда медиктердин жана элдин пикири боюнча эң биринчи күнөө Саламаттык сактоо министри Сагынбаевада жана министр мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек эле.
Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары, сиздерге кыргыз элинин өкүлү катары, кыргыз элинин чыгаан эр-азаматтары катары саламаттык сактоо жамаатынын атынан дагы бир жолу гезит аркылуу кайрылуу жасап жатабыз. Сагынбаева министр болуп келгенден бери саламаттык сактоо тармагы сазга белчесинен батып баратканын бир гана медиктер эмес коомчулук да телерадио жана гезит аркылуу айтып келе жатышат. Министр айымдын өзүнүн айтымында, эки жылдын ичинде жүзгө жакын медицина тармагындагы жетекчилерди кызматтан бошоттум, ушундай ыкма менен коррупция менен күрөшүп жатам дейт. Бирок ал бошогон орундарга мен болот элем деп акча издеп жүргөндөрдү кандайча түшүнсөк болот? Коррупциянын негизги тамыры ушул жерден башталып жүрбөсүн? Коррупция менен күрөшүү үчүн саламаттыкты сактоо тармагында реформа жүргүзүш керек эле, бирок тилекке каршы бул айым келгенден бери реформанын карааны да көрүнгөн жок. Ошондуктан бүгүнкү күнү өкмөттүн жаңы курамы түзүлүп жатканда Сагынбаеваны бул курамга кошпой койсоңуздар. Анын ордуна медицина тармагында көптөгөн профессионал жетекчилер бар, ошолордон тандап алсаңыздар эле дагы бир жолу жакшылык кылган болот элеңиздер. Айта кетсек, бүгүнкү күнү Сагынбаеваны колдомок турсун, кетириш үчүн митингге чыгабыз деп миңдеген медиктер даярдык көрүп жатышат.
Сагынбаеваны "крышовать" этип келгендерге кайрылаарыбыз, Батукаев өлтүргөн кыргыз жарандарынын арбагынын, алардын үй-бүлөсүнүн жана кыргыз элинин алдында жоопкерчиликти сезип, министр айым, болбой калды, кетип эле кал деп демилге көтөрүшсө, эл алдына жүздөрү жарык болор эле.
Сиздерди урматтоо менен
көптөгөн медиктердин атынан:
НАРБЕКОВ О.Н.,
академик
СУБАНБЕКОВ М.Ж.,
м.и.к., доцент
КАЗИЕВА И.К.,
м.и.к., врач-клиницист
КАДЫРБЕРДИЕВ Т.К.,
үй-бүлөлүк дарыгер
АЛЫМКУЛОВА А.А.,
врач-клиницист