04.04.14 Алы жетпеген акыретчил
"Өтүшкөн" коррупцияны кантип дарылайбыз?

Биз айтпасак деле калың элге белгилүү, күн санап өлкөдө оорулуулардын саны арбып, бирок ооруканалардын саны азайып баратат. Мамлекетте жети атасынын өчү калгансып жемкор чиновниктер баарын менчиктеп сатып алып, ээлеп алып, талкалап, таратып жок кылышууда. Аларың жадагалса саламаттык сактоочу, өмүргө өбөлгө болуучу ооруканалардан да колун тартышпайт экен. Тескерисинче, элдин келечекте сергек, сак жашоосуна делген жерлерди камчыга ченеп бөлүп, колдон колго өткөрүп, адалдаштыруу менен өз ишканаларын ачышууда. Айталы, соңку 20 жылдын аралыгында мамлекетте бир дагы оорукана курулган жок, имараттарды оңдоо үчүн бюджеттен үзүл-кесил каражаттар бөлүнүп, ал дагы толугу менен өз дарегин таппай келет. Бүгүн ооруканага барсаң кезерип кезек күткөн, палатага батпай шамал жүргөн суук коридордо жатып же ооруканадан орун таппай, үйүнө каттап, ысык-суукта келип кетип дарыланып жаткан мекендештерди көрөсүң. Айрыкча ошол 20 жыл мурдагыдан беш эселеп калкы көбөйгөн шаарларда саламаттык сактоо тармагынын тардыгы жанга батып келет. Статистикага караганда, 1990-жылы Кыргызстанда 307 оорукана бар болсо, 2013-жылы алардын 117си гана калган. Ал эми койкалардын саны 42000ден 27,6 миңге азайган. Ошондуктан жакында Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитети атайын комиссия түзүп, саламаттык сактоо тармагына караштуу объектилердин, жер тилкелеринин мыйзамсыз сатылып, менчиктештирилип кетиши боюнча иликтөө жүргүздү. Жыйынтыгын окуп, жылаандын уюгу ушул жакта жатканын көрдүк…


Төрөтканалардагы "бизнестин" төркүнү
2000-жылы "Кыргыз Суу" ЖЧКсы Бишкектеги №2 клиникалык төрөт үйүнүн аймагында соода-саламаттыкты чыңдоо борборун куруу шылтоосу менен 0,13 гектар аянттагы жер участогун бөлдүрүп алган. 2002-жылы төрөт үйүнүн башкы дарыгери А.А.Алымбаев аптека пунктун куруу үчүн бөлүнгөн 0,25 гектар жерди К.Ч.Мытыевге үч ай өткөндөн кийин эле сатып жиберген. Мында ижара мөөнөтү 49 жылга берилген. Ал эми 2006-жылы ал жер участкасы 0,39 гектар аянтта 49 жылга башка адамга өткөрүлүп берилген. Андан кийин 2008-жылы ал участка биротоло менчикке сатылган. Бул аракеттердин бардыгы Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен жасалган. Натыйжада аталган жер участкасында аптека пункту да медицина борбору да курулган эмес. Жер участкасы соода борбору катары колдонулууда. Бул жерде мамлекеттик жерлерди өз пайдасына кандай колдонуу боюнча аракеттердин так схемасы иштеген десек болот. Мында адегенде медицина борборун куруу шылтоосу менен төрөт үйүнүн аянтынын бир бөлүгү ижарага берилет, андан соң ал участка бир нече жолу колдон колго өтүп сатылып жүрүп отурат. Кыскасы, жооптуулар изин суутат.
2010-жылы муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан №1 төрөт үйүнүн аянтындагы жер участкасына чектеш турак жай эмес башпааналары (помещение) (189 чарчы метр жана 98 чарчы метр) В.Н.Кимге ижарага берилген. Ал эми 2011-жылы Бишкек шаардык кеңештин токтому менен ал башпааналар узак мөөнөттүү инвестициялык ижарага өткөрүлгөн.
В.Н.Ким ага берилген турак жай эмес башпааналарды эч бир мыйзамдуу негизи жок субижарага өткөрүп акча таап турган. Ал башпааналар максатсыз пайдаланылуу менен анын ичинде "Алтын-Дан-Инпекс" ЖЧКсынын 24 саат бою иштөөчү аптекасы жана "Фотмакс" билим берүү борбору (англис тили курсу) жайгашкан.

(Уландысы 11-бетте)




Оп, майда
Карызыбыз калыңдап баратат
Кыргызстандын тышкы карызы 3,3 млрд. доллардан ашканын экономика илиминин доктору айылчы Сарыбаев шаршембиде өткөн жыйында билдирди. Анын айтымында, акыркы үч-төрт жылда тышкы карыз байкаларлык көлөмдө өсүп кеткен. Мунун себебин профессор бийликтеги бир да партия, фракция эч кандай экономикалык программа сунуштай албаганы менен түшүндүрдү. Буга улай ал өлкөдө 340 фермердик чарба болсо, алардын отчету катталбаганын, өлкө экономикасынын 60%ы көмүскөдө экенин айтып агынан жарылды.

Электр энергиясын экспорттоо токтойт, токтобойт...
Жума ортосунда Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев Кыргызстан коңшу Казакстанга мурда экспорттоп жүргөн 2,5 млрд. кВт/саат электр энергиясын экспорттоону токтотоорун билдирди. Бирок "Электрстанциялары" ишканасынын адистери мындай билдирүү жасоого али эрте экенин айтышат. Алардын айтымында, гидрометеорология май айынын башында жаан-чачын, суу боюнча болжолдуу маалымат бергенден кийин гана экспорт тууралуу кеп козгоого болот. Буга удаа эле энергетика боюнча казак эксперти Геннадий Дорошин Кыргызстан экспортту токтотсо Казакстандын кылы кыйшайбай тургандыгын билдирди. Биздин энергетика адистерибиздин билдиришинче, электр энергиясын экспорттоону токтотуудан эле энергетика казынасында 110 млн. долларлык тартыштык пайда болот.

Жел болбосо гей кайдан
2-апрелде Ош шаарынын "Ош нуру" мейманканасында боло турган жыйын шаардык тургундар тарабынан токтотулду. Жыйынга каршы чыккан шаардык жаштардын айтымында, бул жыйында гей, лесбиянкалар укугу тууралуу талкуу болмок экен. Ал эми "Фридом хаустун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн долбоордук жетекчиси Аскат Дүкөнбаевдин билдиришинче, жыйын ЛГБТ өкүлдөрүнө арналган эмес. Болгону ал жерде адам укуктары боюнча жаңы долбоор башталмак экен. Кимисиники чын экенин укук коргоо органдары да тактап бере алышкан жок.

Бүгүн "Өлбөс баатырлар" сүрөт көргөзмөсү ачылат
4-апрелде Бишкек шаарындагы Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде апрель жана Аксы окуяларында курман болгон атуулдардын элесине арналган "Өлбөс баатырлар" аттуу көргөзмө ачылат. Бул көргөзмөгө сүрөтчү Асан Турсункулов тарткан 97 портрет коюлат. "Асан Турсункулов 2002-жылы Аксыда, 2010-жылы 7-апрелде жана июндагы Ош коогасында каза болгон 97 адамдын портретин тартып, мекен алардын элесин эч качан унутпай тургандыгын билдирүү максатын алдыга койгон. Бул жолку көргөзмө да ушундай максат менен 7-апрелдеги окуянын төртүнчү жылдыгына карата уюштурулууда.

Бала бакчалардын санын миңге жеткиребиз
Бир жарым жыл аралыгында Кыргызстанда бала бакчалардын санын миңге жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди. Анын айтымында, учурда бала бакчага барып жаткан балдар 15%ды түзөт. Бир жарым жыл аралыгында министрлик алардын пайыздык көрсөткүчүн 20%га жеткирүүнү пландап жатат. "Учурда өлкөдө 819 бала бакча бар, биз алардын санын 1000ге жеткирүүнү пландап жатабыз" деди ал.

Кытай жолун жабат
Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымдоосуна караганда, Кытайга каттоочу Торугарт жана Эркечтам өткөрмө бекеттери 5-апрелден 7-апрелге чейин жабылат. Бул чечим 5-апрелде Кытай мамлекетинде каза тапкандарды эскерүү күнүнө байланыштуу экен. Кытайга каттачу жол 8-апрелден тарта кайра ачылат.

Кыйынсынган милициялар соттолушту
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБнин милиционерлери жашы жетелек балдарды кыйнаганы үчүн он бир жылга эркинен ажырашты. Эске салсак, Ноокен районунун аймактык милиционерлери Асанбай уулу Нурбек менен Шекербек Эрмеков кызматтык абалын пайдаланып, айылдагы жаш балдарды кармап аеосуз кыйнашкан эле. Эки милиционер сот залынан колдоруна кишен салынып, темир торго жөнөтүлдү.

Кыргызстан ветврачсыз калмай болду
Учурда Кыргызстанда ветеринардык абал абдан төмөн. 1992-жылдан бери 8000 ветврач болсо, бүгүнкү күндө 1500 дарыгер иштеп жатат, анын 91%ы 54 жаштан жогорулар, 35 жашка чейинкилери болгону 9%. ЖК депутаты С.Нышанов беш жылдан кийин ветврачтар жетишпей кризиске кабылаарын кулак кагыш кылды. Андан тышкары ветеринардык чөйрөнү мамлекет 24% гана каржылайт, бул да кооптуу. Бирок Ош базарындагы ветврачты кызматтан алгандан көрө райондун акимин кызматтан кетирүү оңой дейт. Себеби бул жерде коррупция абдан тереңдеп кетиптир.

Нарында жалган революционерлер көп
Нарын шаарындагы апрель революциясынын катышуучулары Нарын облусу боюнча өкмөттүн өкүлдөрүнө, ИИБ жетекчилерине, УКМК башчыларына арызданышты. Алар акыркы күндөрү "жалган революционерлер" көбөйүп кетишти, "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин кээ бир мүчөлөрү жалган жол менен документ алышып өкмөттөн үй, акча алып жатышат дейт. Чындыгында Нарын облусу боюнча 9 гана адам апрель революциясында жаракат алган. Ал эми ал жерде 25 адам жабырлануучу болуп катталып жүрүптүр. Бул жалган документ жасап алгандар революцияга басып да барышкан эмес дейт. Эгер жалганчы "баатырларды" тыйбаса митингге чыгарын эскертишти.

"Жаңы Агым" пресс




Антаңдаткан апрель
Кадыр КОШАЛИЕВ, Элдик курултай кыймылынын төрагасы:
"Мыйзамды кабыл алышса 9-апрелде жыйын болбойт"

- Улуу курултайдын үчүнчү чакырылышында кандай маселелер каралмакчы?
- Эл-журт, коомчулук, аксакалдар менен акылдашып, негизинен үч маселени талкууга алалы деп жатабыз. Биринчиси - азаттык жылдарында Кыргызстанда түзүлгөн коомдук-саясый, социалдык-экономикалык абал жана "Өнүгүүнүн кыргыз жолу" концепциясы. Экинчиси - кыргыз элинин улуттук менталитетине ылайык иштелип чыккан Башмыйзамдын долбоору. Үчүнчү - эл ишениминдеги өкмөттү түзүүнүн зарылчылыгы.
- Деги эле курултай, митинг, акция көбөйүп кетти, сиздердин түпкү максат эмне?
- Биздин башка саясый күчтөрдөн, партиялардан айырмабыз - Элдик курултай кыймылы түздөн түз бийлик үчүн күрөшпөстөн коомдук-саясый түзүлүштү (системаны), идеологиялык багытты кыргыз элинин менталитетине ылайык жаңылоо, оңдоо үчүн күрөшүп келүүдө. Биздин иш-аракеттерибиз куру сөз эмес, үч жылдан бери илимий-чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрүнүн күчү менен "Өнүгүүнүн кыргыз жолу" программасы жана жаңы Башмыйзамдын долбоору даярдалды.
- Курултай институту киргизилсе Жогорку Кеңештин ишин кайталаган орган болуп калбайбы?
- Бүгүнкү күндө ЖК өкүлчү-лүк жана мыйзам чыгаруучу орган болуп эсептелет. Биз курултайды Кыргызстан элинен өкүлчүлүктүү бийлик органы катары көрөбүз. Ал эми ЖК мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн жүргүзсө деп жатабыз. Бул жерде эч кандай кайталоо жок. Курултай жана ЖКнын укук милдеттери конституциялык мыйзамдар аркылуу аныкталат. Жеке авторитардык, үй-бүлөлүк, коррупциялашкан кландык-партиялык бийликтен кутулуп, чыныгы элдик бийликти орнотобуз десек курултайдан башка жол жок. Аталышы боюнча мүмкүн Элдик жыйын, Улуу жыйын деп аларбыз, аны эл чечет.
- "Элдик курултай жөнүн-дөгү" мыйзамдын долбоору эбак эле биринчи окуудан өттү эле, андан кийинки тагдыры эмне болду?
- Туура, 2012-жылы 12-декабрда биринчи окуудан өткөн бойдон токтоп турат. Жакындан бери бул маселе кайрадан жандана баштады. ЖК Конституцияны жана өздөрүнүн регламентин сактабай, өздөрүн сыйлабай ушул күнгө чейин бул мыйзамды кабыл албай жылдырып келе жатышат. Биз 9-апрелге чейин мыйзам кабыл алынып калса, элдик демилге менен өткөрүлүп келе жаткан Улуу курултайдын 3-чакырылышын токтотуп, мыйзамдуу, легитимдүү курултайды өткөрүүгө барганыбыз оң. Азыр ЖК менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, кепке келип маселе оңунан чечилип калышы мүмкүн.

Зайырбек АЖЫМАТОВ