04.04.14 Калина Үсөнова
"Журналист болуу оңой эмес экен"

Өткөн жылы тартылган Темир Бирназаровдун "Кумар" аттуу тасмасында эл аралык фестивалдарга ылайык роль жараткан жаш актриса Калипа Үсөнова быйылкы жылдын мыкты комедияларынын көч башында турган Күмөндөр Абыловдун "Сүйүү жазы" тасмасында башкы каармандын образын жаратты. Эл арасынан чыккан таланттуу ырчы кыз менен окурмандарды тааныштыруу максатында маектештик.

- Ушундай таланттуу кыз кандай үй-бүлөдө төрөлдү экен?
- Мен кыргыздын жөнөкөй үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам өмүр бою темир жолдо узатуучу болуп эмгектенди. Апам 6 баланы тарбиялап үйдө эле отурган. Үч уул, үч кызбыз. Мен кыздардын эң кичүүсүмүн, менден кийин бир иним бар. Агаларым, иним машина бизнеси менен алектенишет. Башка бир туугандарым нотариус, ашпозчу, жеке фирмаларда иштешет. Биздин үй-бүлө чыгармачыл үй-бүлөлөргө деле кирбейт. Бир гана мен бул тармакка кокустан келип калдым окшойт.
- Бала чак кандай өттү эле?
- Мен Кызыл-Аскердеги №50 мектепте окугам. Көбүнчө кыргыз тил, адабият сабактарына кызыкчумун. Мектептеги спектакль, маданий иш-чараларга дайыма активдүү катышчумун. Андан сырткары дил баян жазуу боюнча конкурс болуп, Президент Акаевдин сыйлыгын алгам. Ушул ийгиликтеримди байкаган мугалимдерим журналистика факультетине тапшыр деп кеңеш беришти. Үйдөгүлөр да кыз бала үчүн журналисттик оңой эле жумуш, кабинетинде отуруп алып эле жаза берет деп ойлошуп макул болушкан. Кийин жогорку курста окуп жүргөндө бизге митингдерден макала жазып келгиле деген тапшырма беришкен. Элдин тепсендисинде кала жаздап, милициянын колуна түшкөнүбүздөн кийин баарыбыз журналист болуу оңой эмес экенин түшүндүк.
- Ошол бойдон журналистикадан көңүл калдыбы?
- 4-курста практика өтүү үчүн КТРдин "Жаңылыктар" бөлүмүнө бардык. Ал жакта бизге эч нерсе үйрөтпөй эле КТРдин алтын фондуна киргизип чаң баскан жерлердин чаңын сүрүп жүрдүк. Ошол учурда жыландардын уюгунда жүргөндөй болдук. Себеби интригасы аябай күчтүү жер экен. Ошондон улам телевидениеге болгон кызыгуубуз калып калды. Кийин бизге бир киши команда түзгүлө, гезит ачып беребиз деп калды. Банктан эсеп ачып, бизди учредитель кылып бийликке каршы саясат жүргүзгөн гезит чыгарабыз дегенде агаларым болбой, тынч эле жүрчү деп коюшту. Анан саясат, мамлекеттик кызматка кызыгып "Ак жол" партиясынын жаштар канатында иштеп калдык. Ал жакка жакшы эле долбоорлорду жазчубуз. Бир жолу Ысык-Көлдө өткөн иш-чарадан кийин жаштар канатынын лидери Максат Кунакунов сыяктуу жаштардан каражат ашпасын түшүнүп, ар ким өз кызыкчылыгы үчүн жүргөнүн көрүп, бул иштен да көңүл калган. Ошондон кийин эл катары эле тирилик өткөрөлү деп түрктөр менен соода-сатык тармагында иштеп жүрдүм. Саркеч буюмдарды саткан кийим дүкөнүн иштеттик. Бир күнү эле мага кардар катары Темир Бирназаров келип, "мен көптөн бери бир тасмама башкы каарман болгонго кыз таппай жүрөм. Сиздин келбетиңиз дал сценарийде сүрөттөлгөндөй экен" деп киного тартылууну сунуштап калды. Мен бул тармакка анча кызыкпагандан баш тартып койгом. Бир айча мени макул кылганга аракет кылып, акыры көндүрдү. Ошентип фестиваль үчүн тартылган "Кумар" аттуу тасмада жетим кыздын ролун аткардым. Бул тасма кызын таштап кеткен улуу муундагы кишинин жаш кызга болгон кызыгуусу, кийин ошол мамиле куруп жүргөн кызы өзүнүн таштап кеткен кызы экени белгилүү болгон тасма эле. Ошондон кийин мени тасмаларга чакыра башташты. Кичинемде башка кыздардай болуп киного тартылсам деп деле кыялданган эмес элем. Кино тармагына кокусунан эле аралашып калдым десем болот.
- Атаңыздай болгон киши менен кучакташып бир тасмада тартылган ыңгайсыздык жаратпадыбы?
- Тасмада өбүшүү же андан ашкан кадрлар болбосо дагы, тиги киши мени кучактаганда өзүмдү аябай ыңгайсыз сезип жаттым. Мен акырын качкан сыяктуу болуп тартылып жатканда тиги актер байке режиссерлорго кайрылып, азыр мобу актрисаңар нормальный ойнобосо, мен тартылбайм деп чыккан.
- Күмөндөр Абыловдун "Сүйүү жазы" тасмасындагы казак актерун сүйүп калган жоксузбу?
- Бул тасмада да тиги актер жигит тартылбайм дегенге чейин барды. Анткени мен камера өчөрү менен өз алдымча кетип, кечинде өзүмдүн бөлмөмдөн чыкпай жаттым. Ал эми менин тасмадагы сүйгөнүм "эмнеге съемкадан сырткары мени менен сүйлөшпөйсүң?" деп таарынды. Мен болсо "мен үчүн бул жөн гана жумуш, мен камера иштей баштаганда гана сени сүйүшүм мүмкүн" деп жооп берип койгом.
- Киного тартылуудан кандайдыр бир сабак алдыңызбы?
- "Кумар" деген тасмада роль жаратканда мен убактылуу кызыкчылык үчүн жаш кыздын бай киши менен мамиле курганын аткардым. Мурда ушундай көрүнүштөрдү сын көз караш менен карачу элем. Көрсө, адамдын башына ар кандай тагдыр келип калышы мүмкүн экен. Ошол ролду аткаргандан кийин көпкө өзүмө келе албай жүрдүм. Башкы каармандын жашоосу менен жашап келгендей сезим көпкө кетпей жүрдү. Азыр көчөдөгү кайырчыны да, селсаякты да сындамак тургай ойлобой калдым. Ар бир адамдын өзүнө тиешелүү сыноо берилет тура.
- Көп эле "тамашоучулар" Кыргызстандагы эң криминалдуу район деп Кызыл-Аскерди айтып калышат. Ушундай шок жигиттери көп жерде сулуу кыздын жашашы кооптуу эмеспи?
- Башында айтып кеткендей, биз илгертен эле ушул райондо жашайбыз. Анан менин агаларым да бул жакта "местный". Аларды бардык балдар жакшы таанышкандыктан мага тийишкенден коркушчу. Жашаган аймагыбызда шок балдар көп болгондуктан мектепте окуп жүргөндө агаларым артымдан көзөмөл салышчу. Түн бир маалга чейин жүрүп дискотекага барган кыз эмесмин.
- Көп эле жигиттер таанышууга аракет кылышса керек. Көбүнчө кантип таанышышат?
- Мисалы, маршруткада баратканда балдар жаныма келип өзүнүн телефонуна "чоң кыз, таанышып албайлыбы" деп СМС жазып мага окутушат. Бир жолу бир жигит артымдан калбай эле ээрчип келе жатканын байкап калдым. Бул эмнеге мени аңдып жүрөт деп корко баштадым. Бат бассам бат басып коет. Анан чыдабай кетип сага эмне керек деп сурасам "таанышып албайлыбы" дейт. Анан ошентип эле айтпайсыңбы адамдын жүрөгүн түшүрбөй деп урушкам.
- Учурда эмне менен алексиз? Алдыга койгон кандай максаттар бар?
- Мен "Сүйүү жазына" тартылып жаткан учурда "Бишкек паркта" иштеп жаткам. Күндүзү 12 саат жумушта, түнкүсүн киного тартылып жүрүп аябай уйкудан калып кыйналып, арыктап кеттим. Кино бүтөрү менен жумуштан чыгып жакшылап эс алууну туура көрдүм. Азырынча эч кандай чоң максатым деле жок. Күзүндө психолог болуш үчүн окууга тапшырсамбы деген оюм бар.