04.04.14 Кызыктын
баары кыргызда
Футбол менен мончодо гана адамдар бирдей

Өткөн жумада Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин спорт залында Кыргызстан кичифутбол федерациясынын тунгуч президенти, маркум Кадырбек Атагараевдин жаркын элесине арналган кичифутбол турнири болду. Турнирге ар тармактан, облус, райондордон маркумдун тааныштары, кызматташтары катышты. Турнирдин өзгөчөлүгү оюнчулар жалаң кырк жаштан жогоркулар болуп, 50-60 жаштагы генерал, профессор, мугалим, жетекчилердин кичифутболдо өз чеберчиликтерин көрсөткөндүгү болду.


Милан МЫРЗАГУЛОВ, доцент, Ж.Баласагын атындагы КУУнун басма сөз кафедрасынын жетекчиси:
- Улуттук университет бул турнирдин уюштуруучусу катары чыгып жатат. Башында эле турнирге жашы 40 жаштан жогоркулар гана катышсын деген талап койгонбуз. Мындай чек койгонубуздун себеби, кичифутбол федерациясынын биринчи президенти, маркум Кадыр Атагараевдин элесине арналган турнир майрамдык маанайда өтсүн дедик. Өзүңүздөр билгендей, 40-55 жаштагы адамдар менен 30-35теги адамдардын дене түзүлүшүндө чоң айырмачылык бар. Анүстүнө бул турнирге маркумдун жоро-жолдоштору, бир кезде футбол ойноп жүргөн футбол ардагерлери катышты. Улуттук университеттин өздүк командасында университетке караштуу 25тен ашык структуралардан жашы кырктан ашкан мугалимдер, профессорлор ойноп жатышат. Арабызда ишемби күндөрү бир аз ойноп жүргөндөрү, көп жылдардан бери ойнобой калгандары бар. Ойноп жаткандардын улуулары 60 жашка чамалап калган Болот Малабаев, Бейшен Раимбеков сыяктуу агайларыбыз. Эң жашы мен, кырктамын. ЖОЖдордун алды болгондуктан футболдук мелдештерде улуттук университеттен дайыма кырк жашка чейинки жана кырктан жогорку категорияларда командаларыбыз ойноп турат. ЖОЖдор ичинде БГУнун, И.Арабаев атындагы университеттин командалары күчтүү.
Осмон ДӨӨТАЛИЕВ, фермер, Кегети айылынын тургуну:
- Биз атайын байкебиздин досунун турнирине катышалы деп Кегетиден келдик. Оюн жакшы болуп жатат. Мен өзүм элүүдөмүн. Айылда мен курактуулар, менден улуулар дайыма чоң футбол ойноп турабыз. Турнирге катышып жаткан Кегети командасынын оюнчуларынын көбү элүүдөн өткөндөр. Бул жерде ойногондор жумасына бир жолу улуттук университетке келип ойноп кетип турабыз. Футбол деген жакшы нерсе экен. Төрт балалуу, бир неберелүү болгонума карабай минтип чуркап ойноп жүрөм. Футбол ойнобогондорго ойногула деп айтаар элем.
Медет БУКУЕВ, Кичифутбол ассоциациясынын негиздөөчүсү:
- Футбол менен мончодо гана адамдар кары-жашына, даражасына жараша айырмаланбайт деп айтылат. Анын сыңарындай, бул турнирде да карапайым кызматкерден тартып ар кайсы илимде, тармактарда жогорку даражага жеткендер бирге ойноп жатышат. Алсак, бул турнирде Кыргыз илимдер академиясынын машина куруу институтунун директору, академик Мурат Жуматаев, белгилүү чекист, генерал-майор Марат Иманкулов, Сагын Бозгунбаев, Темирбек Исаков сыяктуу биртоп таанымал инсандар ойноп жатышат. Мындай адамдардын турнирге катышып жатканы Кадырбек Атагараевдин жөн киши эмес экенин айгинелеп турат. Ал киши үй-бүлөдөгү жалгыз бала болсо да болгон аракети менен Кыргызстан кичифутболун дүйнөлүк аренага алып чыккан. Кадырдын көзү өткөнүнө алты жыл болсо да аны тааныгандар, жакын санаалаштары минтип турнирдин көркүн чыгарып жатышат. Бул жердеги командаларды биз өзүбүз чакырып, катышуучулар Кадырбек Атагараевдин таанышы, кызматташтары болсун деген эле талап койгонбуз. Турнирге Таластан, Ысык-Көлдөн, Чүйдөн, Бишкектен, республиканын түштүк аймактарынан адамдар келип ойноп, катышып жатышат. Кызыгы, оюнчулар арасында медицина, аскер, мугалимдик кесиптин ээлери, соодагерлер, журналисттер, профессорлор, генералдар бар. Турнир өткөрүүнү маркумдун жоро-жолдоштору демилге кылып көтөрүп чыктык. Мен пенсиялык куракка келгенимди унутуп жашмын деп жүрсөм, балдарым, неберелерим футболду катуу ойноп калышыптыр. Кадырбектин урматына Букуевдер командасы деп өзүнчө команда болуп чыктык. 59 жашта болсом да оюн талаасында өзүмдү жаш сезип жатам.
Султан ЖУМАГУЛОВ, ЭлТР коомдук телеканалынын башкы директору:
- Мен турнирди капысынан угуп калып келдим. Командамда мен тааныбаган ар кайсы телеканалдардан келген балдар бар экен. Өзүм алыскы Ат-Башыда чоңойдум. Бала кезде биз желим топтун желин бир аз чыгарып коюп ойночубуз. Эзели ата-энебиз ойнобогон топту укмуш ойногондугубузданбы, бизди ошол кезде аксакалдар "булар акыр замандын балдары" деп коюшчу. Негизинен футбол спорт оюндарынын төрөсү. Керек болсо азыр ал чоң саясатка айланып кетти. Ким гол киргизет, ким дүйнөлүк чемпионатта утат деген маселе президенттик деңгээлде сөз болуп, мафиялар буга кийлигише баштады. Футбол аркылуу миллион, миллиарддаган акчаларды жасап жатышат. Мисалы, футболчу Мессиге 250 млн. евро сунуштап жатышат. Бул эмне деген шумдук? Бул сумма бир кичинекей өлкөнүн жылдык бюджети. Азыр баланча генерал, профессор футбол ойноптур деп таң калабыз. Ойносо эмне экен? Андай стереотиптен кетишибиз керек. Биз эски көндүм көз караштар менен кырктан кийин токтолуш керек, элүүдөн өткөн соң сакал күтүп, курсак байлап, дасторкондун өйдө жагына отуруш керек деп жашайбыз. А өнүккөн өлкөлөрдө 70-80ге чыккан түгөйлөр сайрандап экинчи өмүрүн жашап жатышат. Карыдык дей берсек бат эле карыйбыз. Генералдардын, профессорлордун, мага окшогон жетекчилердин футбол ойногону бул замандын жакшы жагына өзгөргөнү. Бул жакшы көрүнүш. Керек болсо президенттер Путин, Лукашенколор хоккей ойноп жатышпайбы. Мен Лондондо жүргөндө шаардын мэри поездден түшүп өзүнүн офисине чейин эки чакырымдай жөө басып барган. Ошондо ушинтип деле жашаса болот турбайбы деп таң калгам. Биздин чоңдор, депутаттар деле футбол ойноп, ушинтип кыйкырып-өкүрүп желин чыгарып турушу керек. Ошондо алар элге да, жерге да жакын болот. Мен мурда эле ойноп жүрчүмүн, жетекчи болуп азыр ушундай ырахаттардан кур калып жатам. Колдон келсе элүүдөн өткөн соң эки-үч күндө бир футбол ойноп, күнүнө жок дегенде 500 метр чуркап койгон жакшы. Мактаныч эмес, Ошто мурда эле түптөлгөн ЭлТРдин волейбол, футбол командалары дайыма мелдештерде утуп жүрүшөт.


Карыбайм
десең топ ойно
Беш күнгө созулган бул турнирде 8 команда катышып, 1-орунга "Достор", 2-орунга "Рустам", 3-орунга "Ынтымак", 4-орунга "Чүй-Кегети", 5-орунга улуттук университет, 6-орунга ММК курама командасы чыкты. Жарым финалда "Достор" командасы "Ынтымакты" 4:3 эсебинде утса, экинчи жарым финалда "Рустам" командасы "Чүй-Кегетини" 4:3 эсебинде утту. 3-4-орундар үчүн "Ынтымак" менен "Чүй-Кегети" ойноп "Ынтымак" атаандашын 3:2 эсебинде утуп алды. 1-2-орун үчүн "Достор" менен "Рустам" беттешип, "Достор" 5:3 эсебинде жеңишке жетишти. Оюн жыйынтыгында ар түрдүү 10 номинация менен ар бир командадан оюнчулар сыйланышты.
Ошондой эле маркум Кадырбек Атагараев чыккан берендер тукумунун атынан акын Надырбек Алымбеков 1-орунду алган командага 10 миң сом сыйлык тапшырды. Албетте, орун алуу, акчалай сыйлык алуу да сыймык. Бирок эң башкысы 50-60 жаштагы агаларыбыз 25-20 жаштагы жигиттердей чапчаң футбол ойноп, шайдоот жүргөнү бизди таң калтырды. Айрыкча 64 жаштагы профсоюздар федерациясынын мурдагы төрагасы Сагын Бозгунбаев, 59 жаштагы жеке ишкер Темирбек Исаков, 54 жаштагы техника илиминин доктору, академик Мурат Жуматаев сыяктуу агалардын топ ойногондору турнирге келгендерди кайдыгер калтырган жок. Көрсө адам өзүн өзү эле карытып салат тура.