04.04.14 Бузулган уя
Акыркы кезде Кыргызстанда ачык эле көчөгө чыгып интим кызмат көрсөткөн жаш кыздардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө. Дүйнөлүк эксперттердин иликтөөсүнө таянсак, проституция чөйрөсүндө эле жылыга 7-10 млрд. доллар айланып турат. Өлкөбүздөгү сойкулукту жөнгө салуу жана азайтуу максатында Бишкек ШИИББнде адамдарды соодалоо жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар менен күрөшүү боюнча атайын бөлүм ачылды. Бул бөлүмдүн башчысы, милициянын полковниги Саламат АДЫЛОВ Бишкектеги жаш кыздардын көйгөйү тууралуу кейиштүү фактыларды айтып берди.

- Бөлүмдүн ачылган максаты эмне, байыркы кесипти аркалагандарды биротоло жок кылуубу же кыздарды туура жолго салуубу?
- Чындыгында сойкулукту түп орду менен жок кылуу мүмкүн эмес. Тилекке каршы анын аркасынан кылмыштуулук көп катталып жатат. Бир эле жылда 14-26 жаштардагы кыргызстандык 641 кыз жоголгондуктан ата-энелери арыз менен кайрылган. Булардын көбү сойкулардын арасынан табылган. Алардын кээси Бишкекте, Түркияда, Эмиратта сойку болуп иштешкен. Жаш кыздардын дайынсыз жоголгондору тууралуу көп факт катталгандан кийин генерал М.Турганбаевдин демилгеси менен ушундай бөлүм ачылды. Негизи дүйнө жүзү боюнча биринчи орунда курал-жарак, экинчиси баңгизат, ал эми үчүнчүсү адамдарды кулчулукка сатуу турат. Булардын ичинен эң кирешелүүсү аялдарды сексуалдык кулчулукка сатуу болуп саналат.
- Сексуалдык кулчулукка сатылган кыздар кандай жол менен чет өлкөгө чыгышат?
- Негизи фирмалар аркылуу аз кетишет. Сойкулардын телефонун ачып карасак Түркия, Эмират, Орусия, Испания, Кытай, Индия, Кореяга кызмат сунуштайбыз деген СМСтер көп. Ал жакка кеткендердин 80%ы секс кызмат көрсөткөндөр. Алардын ата-энелери кыздары каякта экенин билбей ыйлап бизге келишет. Мисалы, жакында эле Түркияга кетип жаткан кыздарды кармадык. Арасында бир кыз ата-энесинен качып жүргөнүнө үч ай болуптур. Биздин кыздар чет өлкөгө барганда ал жактан анын документтерин алып коюшат, тыңыраак кыздар алып баргандардын 5-7 миң долларын таап берсе анын паспортун беришет, андан кийин өзүнө иштеп акча табат. Кээ бир жоошураагын баңгизатка отургузушат, акыры аны полицияга салып беришет да биротоло өздөрүнө иштетип калышат. Биздин кыргыз кыздар ал жактан быякка келе албай наркоман болуп суицидге барышат экен. Атүгүл кээ бир кыздарды өлтүрүп органдарын саткан учурлар тууралуу маалыматтарды алдык. Бирок далилдүү база жок. Себеби биз чет өлкөгө бара албайбыз.
Дагы бир көйгөй - Кыргызстан бүгүнкү күндө ВИЧ инфекциясы көбөйүп жаткан дүйнө жүзүндөгү жети өлкөнүн бири болуп саналат. Сойкуларды алып келип республикалык венерологиялык борборго текшерткенде 65-70% кыздардан ВИЧ инфекциясы чыккан. Алардын ичинен 20-30%ы сифилис, көбү өзүнүн оорусу бар экенин билишпейт. Көрсө алар кардар кошумча акча төлөп берсе эч кандай презервативсиз эле кызмат көрсөтүшчү экен. Сойкуларды жалдаган эркектерди да кармап текшергенде сифилис чыкты. Алардын үй-бүлөсү, бала-чакасы, атүгүл эмчектеги балдары да бар экен. Жашы жетелек 9-10-класста окуган 14-15 жаштагы кыздар кармалды. Алар мектептен чыккандан кийин эркектерди тейлеп акча табышат. Алардын ата-энеси эртеден-кечке жумушта, кыздары эмне менен алектенип жатышканын көзөмөлдөбөйт. Алардын жасаган кызматы өтө жийиркеничтүү, айтканга да ооз барбайт. Арасында байлардын, чиновниктердин, кедей үй-бүлөдөн чыккан кыздар бар. Секс кызмат көрсөткөн кафелер да бар. Сойкуларды кафенин ээси эркектерге ошол жерден жолуктурушат. Ал эми студент кыздар сессияга, жашаган батирге, кийингенге, кымбат соткага, жол киресине, тамак-ашына акча табуу үчүн бул жактан сойкулук кылсак көрүнүп калабыз деп чочулап, төртүнчү күндөн дем алышка чейин Алматыга кетишет да, ал жактан секс кызмат көрсөтүп кайра келишет экен.
- Мындан 15-20 жыл мурун иштеген сойкулар менен азыркылардын айырмасы барбы?
- Айырмасы бар. Мурдагы сойкулар азыркыларга караганда маданияттуураак болгон. Агезде көрүнбөй иштешчү, азыр болсо ачык эле көчөгө чыгып калышты. Бизде сойкуларга каршы жаза жок. Азыр болгону уюштуруучуларды, сойкукана кармагандарды, "мамашаларын" гана кылмыш жоопкерчилигине тартууга укуктуубуз. Мисалы, акыркы жолу бир сойкукана кармасак ал жерде бир жашы жетелек кызды анын апасынын курбусу сойку кылып иштетип жатыптыр. Апасы курбусуна ишенип кызын берип койгон, аны энеси билбейт. Дагы бирөө баласынын аялын сойку кылып иштетип жүргөнүнө күбө болдук. Балам билбейт дейт. Бул эми жашоо, турмуш экен да деп кутулду. Кыздардын мындай кылыгы ата-энесине, туугандарына айтылбай калат. Себеби ал кыздар биздин абийирибизди ачсаңар асынып же машинеге тебеленип өлөбүз деп догурунушат. Биз акимияттан өкүлдөрдү чакырып ошолордун көзүнчө сурак жүргүзөбүз.
- Сойкуканалардын көпчүлүгүн милиция кызматкерлери "крышовать" этип, өздөрүнүн үлүшүн алып турушат деген маалыматтар бар...
- Андай фактылар деле болуп калат. Андай милиционерлер кармалып, кызматтан кеткен учурлар болгон. Кыздар алардын үстүнөн арыз жазгандан коркушат. Бул жолго түшкөн кыздар ушундай жеңил акчага көнүп алган, башка жумушка деле кетип жатышат, бир-эки ай иштеп кайра эле баягы сойкулукка кетишет. Акчадан кыйналган кыздарды бир-эки күн иштеп акча таап анан кетип каласың деп азгырышат. Алар бир-эки күн иштеп кетем дейт да, ошол боюнча калып калышат.
- Сойкулар күнүнө канча акча табышат?
- Орто эсеп менен 1000 сомдон өйдө, эң жогоркусу ар кандай кызматтары менен саатына 7000-8000 сомго чейин барат. Ал эми окуучу кыздар саатына 4000 сомдон алышчу экен. Аларды профилактикадан өткөрөбүз. Кээ бир кыздар үйүнөн чыгып кетип, ата-энеси менен байланышпай койгон. Аларга психологиялык, юридикалык, медициналык кызматтарды көргөзөбүз. Атүгүл аларга үч-беш айлык чач тарач, маникюр, педикюр курстарын окутуп, жумушка киргизип жардам беребиз.
- Бизде кыздардын эле эмес, эркектердин да секс кызматы бар экен...
- 18-25 жаштардагы жигиттер сексуалдык кызмат көрсөтүшөт. Көбүнчөсү студенттер. Бишкектеги массаж жасоочу салондогу жигит секс кызмат көрсөткөнү тууралуу маалымат алдык. Күйөөсү бар аялга массаж жасаган жигит аялды "тейлеп" андан кийин аны күйөөңө айтам деп шантаж кылыптыр. Эркектерди эркектер чакырган, атүгүл үй-бүлөлүк интим кызматына чакыргандар да бар. Ошондуктан бүгүнкү күндө биздин генофонд бузулуп баратат. Ушундай кызмат көрсөткөн аялдарды өлтүргөндөр бар. Өткөндө жашы жете элек сойкуну өлтүрүп мүчөсүн жиликтеп, таштандыга ыргытылган сөөгү табылган. Бул кыз ага чейин рейддерде милицияга түшкөн, анын аты-жөнү, кол тамгасы катталган. Биз кармалган кыздарды каттоого алып коебуз, себеби ата-энелери издегенде картотеканы ачып эле билебиз. Буларды түп тамырынан бери жок кылуу мүмкүн эмес. Бир чети сойкулук жоголсо зордуктоолор, андан башка оор кылмыштар да көбөйүп кетиши ыктымал. Жок дегенде сойкуларга профилактика өткөрүп, сактангыла, оору жуктуруп албагыла деген кеңеш айтабыз.
- Сойкулар жалаң эле ушул кесипти аркалашабы же башка жакта да иштегендери бар бекен?
- Мектепте күндүз балдарга сабак берип, кечинде сойку болуп иштеген мугалим келиндер кармалды. Андан тышкары милицияда, прокуратурада иштеп кеткен келиндер да бар экен. Жалаң эле сойкулук менен жан баккандар көп. Ата-энелери абдан чоң кызматта иштеген байдын кыздары кармалышты. Силерге эмне жетпейт деп сурасак ата-энебиз биз каалаган сумманы бербейт, мен өзүм акча табалам дешет. Кийин кантип турмушка чыгасыңар десек, мен сулуумун, кимге кааласам ошого турмушка чыгып кете берем дейт. Кээ бирөөлөр конвейердей эле тынымсыз иштешет. Мисалы, Ош базарынын тегерегиндеги притондо бир сойку күнүнө аз дегенде 10, болбосо 30 эркекке кызмат көрсөтөт экен. Эртеңки күнү ушундай аялдардын ден соолугу, психологиясы кандай болот? Булардан кандай эне чыгат?
- Сойкулукту азайтуу үчүн кандай иштер жасалууда?
- Жакында сойкулукка каршы жакшы мыйзам чыкты. Сойкулукту уюштургандарды беш жылга чейин эркинен ажыратып, 500 миң сом административдик айып салынат. Сойку кыздарга административдик айып же сөзсүз түрдө медициналык кароодон өтүү боюнча мыйзам чыгарыш керек. Себеби быякка келген кыздарды медициналык кароодон өткөрөлү десек коомдук уюмдар адам укугун бузуп жатасыңар деп каршы чыгышат. Алар сойкуларга аялдын жана эркектердин презервативдерин бекер таратып, медициналык кароодон өткөрүшөт экен. Бул бөлүм ачылгандан бери Бишкектен он жети сойкукана кармалды. Анын ичинен 26 кишинин иши иликтөөдө, 12 кылмыш иши сотко өттү. Эми жаңы мыйзам боюнча алардын саны азаят болуш керек.
- Расмий эмес маалыматтарга караганда, жылына Кыргызстандан төрт миңден ашуун кыз сексуалдык кулчулукка чет өлкөгө кетет экен...
- Биз аэропортко барып күнүгө чет өлкөгө кеткен кыздарды көрдүк. Алар бизден коркуп айтпагыла дегендер бар. Жакында бирөөлөр Эмираттагы бир шейхтин гаремине башбакса сексенге жакын кыздар бар экен. Ошолордун арасынан 30дан ашыгы кыргызстандыктар дейт. Ал кыздар биз өлгөн жокпуз барбыз деп ата-энебизге айтып койгулачы деп ыйлашыптыр. Аяктагылардын башы он жыл, аягы эки-үч жылдан бери гаремден чыгалбай жатышыптыр. Биздин маалымат боюнча Бишкекте төрт миңге жакын сойку бар. Бул кыздардын көбүнүн жигиттери, күйөөлөрү бар. Күйөөсүн, жигитин алдап түнкүсүн же күндүз чыгып иштешет. Жайкысын Бишкектеги сойкулар Ысык-Көлгө барып иштешет. Сойкулардын арасында мурда хиджаб кийип жүрүп, кийин аны чечип салгандар да бар.
- Муну легалдаштыруу боюнча оюңуз кандай?
- Аны деле ойлонуп көрдүк. Атүгүл быякка келген кыздарга легалдаштыралы, патент алып иштейсиңби десек баары каршы. Алар эки-үч ай иштеп акча таап анан таштайбыз, патент алсак өмүр бою архивде калат, мен турмушка чыгышым керек дешет. Эгер аны легалдаштырсак бул жакта коррупция күч алат. Салык кызматы кана патентиң деп жең ичинен сүйлөшүүгө өтүшөт. Сойкулукту легалдаштырган мамлекеттер сырттан келгендерге уруксат беришет да, өз жарандарына уруксат берилбейт. Сойкулук десе көпчүлүгү үстүртөн эле билишет, ал эми ичинде терең, чоң коркунуч бар экенин билишпейт. Өнүккөн өлкөдө справка сурашат. А биздин кардарлар сойкудан справка сурашпайт.
Акырында бой жеткен кыздары бар ата-энелерге айтаарым, кызыңардын эмне менен алектенип жатканын көзөмөлдөп турсаңар экен...
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА