п»ї
Агым
УОК укмуш кылабыз дейт

3- апрелде Улуттук оппозициялык кыймылы (УОК) дагы бир кызык маалымат таратты. УОКтун теңтөрагасы, ЖК депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, 10-апрелде Бишкектин М.Горький атындагы паркында тынчтык митинги болот. Эгер Биринчи май райондук соту тынчтык митингин аянтта өткөрүүгө тыюу салган чечимин жокко чыгарса, митинг Ала-Тоо аянтында өтмөкчү.
Буга улай депутат митингде "Кумтөр" маселеси көтөрүлүп, "Манас" аэропортунун сатылышына каршы пикирлер, Азиз Батукаевдин бошотулушуна катышы барларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу талаптары айтыларын кошумчалады. Ал эми митингдин коменданты Мамбетжунус Абыловго ишенсек, митингге 10 миңден ашык адам чыгат экен. Ал эми УОКтун теңтөрагасы Камчыбек Ташиев болсо митинг Бишкекте эле эмес бардык облустардын борборлорунда болорун айтып, митингге эмгек мигранттарын да чакырышарын ортого салды. Сөз аягында Ташиев бийликти басып алуу болбостугун айтты. Ай, ким билет...






а ­е¦Є.НҐй«