presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Катыгүү-үн!
700 доллардын ордуна
7 миң доллар карматып...

Бишкектеги коммерциялык банктардын биринде иштеген кассир 25-мартта бирөөгө 700 доллардын ордуна 7 миң доллар берип салган. Кечээ банктын кассири К.Асанова 7 миң "жашылбайлуу" болгон 40-50лөр чамасындагы адамга ММКлар аркылуу акчаны кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылды.
Кассирдин айтымында, ал күнү кардар ага 15 миң 720 сом жана 15 миң рубль берип, 700 долларга айырбаштап берүүнү суранган. Кассир байкабай ага 7 миң долларды санап берип, кардар акчаны санабастан дароо сыртка чыгып кеткен. Банктын видеокөзөмөлүнө кардардын акчаны сырттан бир сыйра санап, банкка кайра кирип экинчи жолу санап көрүп кайра чыгып кеткени түшүп калган. Кардардын кайра киргенине караганда, анын ашыкча сумманы кайтарып бергиси келген көрүнөт. Бирок шайтаны кытыгылап, кайра банктан чыгып кеткен. Ыйманы болсо байкуш кассирди ыйлатпай акчасын кайтарар деп туралы.








??.??